Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыскача маалымат:
Аты, жөнү: Сарыков Төлөгөн Таирович
Туулган жылы, күнү: 1986-жыл, 15-октябрь
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу району
Кызыгуусу: Эрежесиз күрөш, тайбокс
"Бутумдун сынганын билбей жүрө берген экенмин"
- Спорт тармагына кызыгуу менен келгенсиңби?
- Мен кичинекей кезимен эле спортко абдан кызыгам. Теледен спорт боюнча болгон көрсөтүүлөрдү кызыгуу менен көрүп, мен да спорт боюнча ийгиликтерди жаратсам деп кыялданып, тилек кылчумун. Мектепте жүргөндө теннис ойночу элем, азыр ойлоп көрсөм, ошол убакта күрөш, таеквандо сыяктуу ийримдер айылда болбоптур. 2004-жылы мектепти аяктап шаарга келдим. Шаар турмушун көрүп, ар кандай иштерде иштеп жүрдүм. 2005-жылы спорт комплексине барып, эркин күрөшкө катыштым. Машыгып жүрүп, анан тайбокса кызыгуум артты. Биринчи жолу Елена Шевченкого баргам.

- Ошол машыгуулардын жыйынтыгы, ийгилиги болдубу?
- 2007-жылы панкратион боюнча Бишкекте өткөрүлгөн Евразия биринчилигин утуп алдым. Ошол эле жылы Астана шаарында өткөрүлүгөн төртүнчү айлампада мекендешим менен таймашууга туура келди, бирок, анын тажрыйбасы мага караганда мыкты болгондуктан, жарышка түшпөй туруп, утулуп бердим. 2008-жылы кол күрөш боюнча спорт чеберине көтөрүлдүм. Ташкентте өткөрүлгөн дүйнөлүк чемпионатта утулуп калгам. Көп өтпөй Москвага барып, алдыңкы орундарга ээ болдум. 2009-жылы Азия биринчилигин ээледим. Ал эми Кыргызстандагы мелдештерде көп эле ийгиликтерди багынттым.

- Спорт менен эле жашоону тың өткөрүүгө боло бекен?
- Бизде, албетте болбойт, а башка мамлекеттерде спортчуларды барктуу адамдардын катарында көрүшөт. Азырынча андай шартты бизден көрө элекпиз. Менин билишиме караганда, бизде чыга албай жүргөн спортчулар абдан көп, баардыгы эле келип акча маселесине такалат. Мисалы, мен үй-бүлөмдү камсыздоо үчүн кошумча жумуш жасоого аргасызмын.

- Мелдешке чыгаар алдында кандай аракеттерди көрүү талап кылынат?
- Мелдеш башталаарга он, он беш күн калганда суюк тамак-ашты, суусундуктарды азайтууга аракет кылабыз. Себеп дегенде, суюктук денеде шишикти пайда кылышы мүмкүн. Кошумча витаминдерден алып турабыз. Өзүм туурасында айтсам, мен башынан эле диета кармабайм. Тамактын баардык түрүн жей берем. Мелдеш алдында сөзсүз түрдө дарыгерибизге кайрылып, уруксаат алабыз. Эгер дарыгерлер тарабынан ден соолукка байланыштуу эскертүүлөр берилсе, мелдештен четтеп калабыз. Негизинен дарыгерлердин текшерүүсүнөн спортчулар байма-бай өтүп турушат. А мен 2009-жылы КМШнын алкагында өтө турган турнирге катышуу максатында өз алдымча даярданып жүрүп, жөнөөр алдында дарыгерлердин текшерүүсүнөн өттүм. Жыйынтыгында дарыгерлер бутумдун сынганын аныкташып, турнирге катышуу укугунан ажыраганмын.

- Азыр машыгуу үчүн кайда барасыз?
- Мен көп жылдан бери эле "Стронг" машыгуу залына барып жүрөм. Элүүдөн ашык спортчулар машыгышат. Спорттун баардык түрүндө машыгууга шарттар бар. Ал жерди Эмил Токтогонов жетектейт. Биз кайсы жерге барбайлы бардыгын ушул киши уюштурат. Жол киреден тарта тамак ашыбызга чейин биз үчүн кам көрөт.

- Каржылоону кайдан табасыңар?
- Демөөрчү бар. Учурда "Замандаш" партиясы колдоп жатат.

- Үй-бүлө күтсөң керек?
- Мен үйүбүздө улуусумун. Ушул жылдын май айында баш кошуп, учурда келинчегим экөөбүз жакшы мамиледебиз.

- Спортчу болуп калышыңа ата-энең сыймыктанат да?
- Жок, мен үйдүн улуусумун дебедимби. Атам менен апам азыркы убакка чейин менин спорт менен машыгып жүргөнүмө каршы, өзгөчө жаракат алып, бети-башым көк-ала болуп келгенимде жүрөктөрү сыздап кетет. Ишенесиңерби билбейм, атам ушул убакка чейин менин бир да мелдешиме катыша элек, анын айтуусуна караганда мен үчүн жаны күйүп чыдап олтура албайт экен.

- Келечектин спортчуларына кандай кеңештер бар?
- Мен, Кыргызстан ичиндеги белгисиз таланттууларга кайрылсам, "аракет кылсаң берекет" дегендей, аракеттенели. Спорт менен машыккыла, бул ден-соолук үчүн пайдалуу. Спортту сүйгүлө!





Эгемендүүлүк майрамына карата

Өспүрүмдөр арасында теннис боюнча эл аралык турнир өтөт

25-30-августта Бишкекте Кыргызстандын эгемендик майрамына карата "Жакшылыктын баары - балдар үчүн" ураан астында өспүрүмдөр арасында теннис боюнча эл аралык чемпионат өтөт. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Айгүл Садыбаева билдирди.
Анын айтымында, турнир майрамдык салтанат менен коштолуп, ага түштүктөгү июнь окуясында жабыркаган, ага күбө болгон балдар чакырылган.


Шахматтык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргызстандын шахмат федерациясы өлкөбүздүн эгемендигинин 20 жылдыгына карата уюштурган шахматтык мелдешти жыйынтыктады.
Чоңдор арасында 9 жолку беттешүүдөн эң жогорку (7,5) упай топтогон Азиз Умарбеков биринчиликтин ээси болду. Андан соң Асыл Абдыжапаров 2-орунга, Алгис Шүкүралиев 3-орунга, Нургазы Жээнбеков 4-орунга, Натан Зилберман 5-орунга илинди.
Өспүрүмдөр арасында 12 жаштан 16 жашка чейинкилердин ичинен Жакшылык Нурланов 1-орунга, Максат Акунов менен Чынгыз Исаев 2-3-орунга; кыздар арасындагы 1-орунга Шахнази Мусаева, 2-орунга Алиса Олжобай, 3-орунга Элина Самудин ээ болду.
Ал эми 10 жашка чейинкилердин таймашында балдардан Самат Сагындыков, Руслан Байгазиев, Адил Атаканов 1-2-3-орунга; кыздардан Алиман Үсөнова 1-байгенин ээси болуп, 8 жашка чейинкилерден Алмаз Байгазиев менен Амир Ли 1-2-сыйлыкка; кыздардан Дария Ли 1-сыйлыкка, Акылай Атаканова менен Надира Даутова 2-3-сыйлыктын ээси болуп, жеңүүчүлөр акчалай байге менен атайы дипломдорго ээ болушту.


Биздин спортчулар Венгриядагы эл аралык чемпионатта финалга чыгышты

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтүп жаткан кайыкта сүзүү боюнча эл аралык чемпионатта финалдык жарышка чыгышты.
500 метрлик аралыкта Илья Альгин менен Максим Бондар жети команданын ичинен бешинчи болуп сүзүп келишкен, ал эми жарым финалдык оюнда тогуз команданын ичинен кайрадан бешинчи орунга чыгышып финалга жолдомо алышкан.
2007-жылдан бери спорттун бул түрүндө биздин спортсмендер жакшы жыйынтыктарды көрсөтө элек болчу.


Кыргызстанда президенттин кубогу үчүн көк-бөрү боюнча республикалык турнир өтөт

26-31-август күндөрү "Ак-Кула" ат майданында президенттин кубогу үчүн көк-бөрү боюнча республикалык турнир өтөт.
Турнир Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата жыл сайын уюштурулат.
Бул ирет президенттин кубогу үчүн 12 команда ат салышат, алардын ичинде кубоктун бир нече жолку ээси Бишкектин "Бөрүлү", 2010-жылдын чемпиону "Кабылан" командалары да бар.



Бетти даярдаган
Элиза БЕККОЖОЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??