Кыргыз гезиттери


п»ї
  Маек-төр

"Башымда чачым жок болгону менен, денемде түк көп"

Президентикке талапкерлердин катарын куудул Жамбыл Камчиев да толуктаганы эч кимге сенсация эмес. Чоң казатка ат салышып жаткан артист агабыз бизге келип өз дилиндегисин шайлоочулары менен бөлүшүп кетти. Анда ошол пикирлер сиздин таразаңызда, окурман.

- Президентикке талапкер болууга эмне түрткү болду? Өзүңүздү ыңгайсыз сезип жаткан жоксузбу? Же, кыргызча айтканда жөн эле юмор кылып талапкерлигиңизди коюп койдуңузбу?
- Мен Акаевдин, Бакиевдин убагында деле коеюн дегем, биринчиден акча болгон эмес, экинчиден отуз миңди кайдан таап, кантип кол топтойм деген ой пайда болгон. Күрөөгө каражат койдуруу - бул эл үчүн күйүп бышкан карапайым адамдарга жасалган жасалма тоскоолдук. Себеби, ушул мыйзамдарды ойлоп тапкандарды изилдеп көрсөңүз, алар бир жердин жегичи. Саясатчылар шайлоо компаниясына акчасы жок, бирок эл жактырган адамдар катышпасын деген максатта ушуну ойлоп табышкан. Азыр "81 адам коюптур, кошуна элдерге уят эле уят" деп намыстанымыш болуп жатабыз. Кошуна элдерге уят эмес эле, биз сыймыктанышыбыз керек. Өзбекстанда мындай нерсе эч качан болбойт, болушу мүмкүн эмес, Тажикстан андайга барбайт, казактар андан бетер. Иранда миңден ашык адам президентикке койгон, бирок акырында атом энергиясын пайдаланганды ойлоп тапкан киши бийликке келди. Ирандын эли акмак эмес, алар билишет кимди тандап алышты.
Ырас, эл арасында "артистер, куудулдар эмнеге коюп жатат, артистердин колунан эмне келмек эле, бул эмне кылып бермек эле?" деген сыяктуу сөздөр болуп жатат. Алыс барбайын менин кошунам, артист Ибрагим Жунусов вице-премьер-министр болуп иштеп атат. Мен ага атаандашкан жокмун деңизчи, айтайын дегеним ушундай жоопкерчиликтүү жүктү артист болсо да аркалап келе жатат. Убагында Дооронбек Садырбаев, Төлөмүш Океевдер депутат болушкан. Чет мамлекетте, мисалы Россияда Евдокимов, Кыргызстандан эки эсе чоң Алтай крайын, Америкада Щварцнегер өз мыйзамдары, Конституциясы бар абдан чоң штат Калифорнияны, ал эми, кино актер Рональд Рейган эки жолу мамлекетти башкарды. Акчага келсек, чечен, шайыр Билл Клинтондун акчасы болгон эмес. Аны акчалуулар "сен мамлекетти башкара аласың" деп ишеним көрсөтүшкөн. Ал президент болуп үч жыл иштегенден кийин гана жеке менчик үй сатып алган. Бизде буга чейин негизинен өздөрүн бай, кыйын сезген жегичтер талапкерлигин коюп аткан болчу. Мен талапкерлигимди койгондо, мени жакшы билгендер "сен элдин адамысың, койгонуң туура болду" деп айтышты. Артисттерден жалгыз эмесмин, Борончу да талапкерлердин катарында. Б. Кудайбергенов 30-31 августта "Мен президент болом" деген юмор менен жеке концертин коюп жаткан. Ал жигитке, "Сен өзүңдү эми эле реклама кылып жатасың" деп БШК тарабынан оозеки кысымга алып атышат. Мен бала чагымдан эле жетекчи, же президент болоюн деген оюм жок эле, бирок, элдин көйгөйүн оңдоо тууралуу ойлорум бар болчу.
- Кандай ойлор?
- Кыргызстанды түндүк-түштүк деп бөлбөш керек. Кыргызстанды башка нерсе менен - орус, кыргыз тилин бирдей билген жарандарды толук жаран катары таанып, паспортко "Кыргызстандын толук жараны" деп жазып, ал адам шайлоого-шайланууга укуктуу деп, ал эми, кыргыз тилин гана билген кыргыздар, өзбектер, орустар, дунгандар Кыргызстандын жөнөкөй жарандары деп аталып, алар райондук деңгээлде гана шайланууга укуктуу болушсун деп бөлсө болот. Кыргыз тилин билбегендерди чала жарандар деп аталып, булар шайлоонууга-шайлоого укугу жок болушу керек. Коомдогу адамдарды ушинтип бөлбөсөк, азыр билим алууга эч ким умтулбай калды. Айылдагы балдар орус тилин билбей, ошол бойдон Россияга барат дагы орусчаны билбей кор болуп жүрүшөт. Ал эми шаардагылар болсо, кыргыз тилин билишпейт, алар шаардан алыска чыга албайт.
Тил маселеси менен мамлекетти өнүктүрүү жолуна салыш керек. Прибалтикада мамлекетти өнүктүрүүнү ушуну менен башташкан. Биз биринчи кезекте тилибизди, мамлекетибизди, маданиятыбызды сактап калышыбыз керек. Азыр кыргыздар улут катары жоголуп бараткан, өзүнүн мамлекетин жогото турган жыйырма улуттун катарында. ООНдо, ЮНЕСКОдо биз каттоодо турабыз. Муну бийлик менен акчадан башканы көрбөгөн кээ бирлери тоготпой атышат
Мен жыйырма беш, отуз жылдан бери элди аралап жүрүп, элдин көйгөйүн билем. Россияга кеткен бир миллион эл кайтып келбейт. Салихад, Владивосток, Сахалин, Якутияга чейин барып келдим. Алар ооз учунан гана "биз Кыргызстанга барабыз" деп коюшат, бирок келбейт. Анткени, ал жакта иши, бизнеси бар, айлык акысы сексен миң, жүз миң рубль, эң эле азы отуз, кырк миң. Андай айлык акыны биз жакынкы жылдары бере албайбыз. Балдары ошол жерде мектептерде окуп атат, көпчүлүк жигиттерибиз орустарга үйлөнгөн, кыздар башка улуттагыларга турмушка чыккан.
- Сизди мындай көрүнүш таң калтырдыбы, же кейиттиби?
- Мен тамашалап "байыганда барасыңар да" десем ооба барабыз деп коюшкан. Качан алар менен жакындан таанышкандан кийин алардын келбесин түшүндүм да, абдан ичим ачышты. Алардын балдары орусча сүйлөп калышыптыр. Эгер ата энеси дагы 40-50-жылдан кийин өлсө, балдарынын дили, дини, тили да оруска айланып калат. Россияда жашап жаткан кыргызстандыктарды ушул нерсе күтүп атат.
Биз азыр аларга барып, Россиядагы кыргыздар көп жашаган шаарларга, мисалы Абакан, Красноярский, Москва, Екатеринбург, Петербургга окшогон шаарларга биздеги түрк-кыргыз лицейине окшогон орусча-кыргызча лицейлерди ачышыбыз керек.
- Сиз "президент болуп шайланып калсам ар бир айылга банк ачам, кредит берем" деп убада берип жатыптырсыз. Өзүңүз элден акча сурап жатсаңыз, анан кантип банк ачып, кантип элге кредит бересиз? Банкты эмненин негизинде, эмнеге таянып ачам деп жатасыз?
- Акча сураганым чын, анткени, перзидентикке талапкерлигин миллионер адамдар коюп, жүз, эки жүздөгөн штабтарды, точкаларды жайнатып ачышты. Ошолор менен күрөшүш үчүн мага акча керек да. Мага досторум жүз миң бергени атат, ал эми шайлоодо иштегендерди каржылаш үчүн да акча керек, ошол акчаны элден сурап атам. Мага акча бергендер менин коммандама киришет, кийин мен аларга жакшы кызмат орун берүүгө аракеттенем. Албетте, мага ишенген адамдар которсун, ишенбегендер которбой эле койсун. Жамбыл Камчиев президент болсо ар бир айыл өкмөткө, райондорго мыйзамга гана көз каранды чакан банктарды ачат, ошондо гана иш алга жылат. Себеби, ар бир райондо, айыл өкмөтүндө өз алдынча банк болсо, анда кредит маселеси да оңой чечилет. Бизде иштеп аткан банктардын баардыгы филиалдар, филиалдар менен иш алыска барбайт. Союздун убагында ар бир райондо, шаарда госбанк деген болоор эле. Ал Москвага гана баш ийчү, филиал эмес, "коммерциялык банк" деген түшүнүк болгон эмес.
Ал эми, банкты ачса болот. "93-чү жылы Акаев Англиядан эки вагон акчаны алып келгенден кийин өзүнүн кландаштарына, калмактарга бөлүп берди" деген ушак бар. Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт эмеспи. Мына азыр ошол калмак кландаштарынын баарынын банктары Бишкекте жайгашкан. Ошто, Жалал-Абадда, Нарында, Баткенде, Таласта качан өз алдынча иштеген банк болот? Акаев эки вагон акча алып келген болсо, мен Ангилядан андан көбүрөөк акча жасатып алып келем, же өзүбүздө акча жасай турган басмакана ачабыз. Эгер мүмкүн болсо, пландуу экономикага өтүшүбүз керек. Мына Кытай, Өзбекстан пландуу экономика менен өнүгүп атпайбы.
Биз өзүбүздүн элибиздин ички потенциялын пайдаланышыбыз керек. Акча деген эмне, ал болгону жөн эле кагаз, элдин кызматынын, талантынын, жасаган товарынын экспоненти.
- Президент болооруңузга турмушка реалдуу караган адам катары ишенесизби?
- Менде күндөн-күнгө ишеним пайда болуп атат. Анткени, менин телефонумду билгендер Оштон, Жалал-Абаддан Таластан, Нарындан, Көлдөн "биз сизди колдойбуз, бул туура эле нерсе. Эгер сиз кайра алып койсоңуз, же акчага сатылып кетсеңиз биз сизди адам ордуна көрбөйбүз, сиз менен саламдашпайбыз, сиздин концертиңизге барбайбыз, сизди кинодон да көрбөйбүз" дегенге чейин барып күнүгө чалып атышат.
- Кээде биз кыялыбыз менен жомоктогудай кереметти жасап, анын келээрин күтүп, анан ал жомокко биротоло ишенип алабыз. Качан кыялдагы жомок орундалбай калганда стресске түшөбүз. Мындай көп эле болгон. Сиздин азыркы кыялдарыңыз орундалбай калса сизде элге таарыныч деген нерсе болбойбу?
- Жок болбойт. Себеби, мен дебатка чыга турган болсом, азыркы биздин саясатчылар, президентикке койгон талапкерлердин көпчүлүгү билбеген, ойлобогон нерсени айтып коём. Кийин ким президент болбосун аны эске алат деген ойдомун.
- Дагы кандай пландарыңыз бар?
- Мен президент болсом орозо айында, анан эртең мененки саат 8ден, кечки саат 6га чейин жумуш убактысында арак сатылбайт, муну алдын-ала айтып коёюн. Мен президентикке ошон үчүн кетип атам. Ким арак ичкенди жакшы көрсө мага добуш бербей эле койсун.
Качанга чейин эле Американы, Россияны ээрчип, туурай беребиз. Мен Элдик курултай институтун ачам. Ал жыл сайын декабрь айында өтүп, Президенттен, Жогорку кеңештен, Өкмөттөн, соттордон отчет алыш керек. Отчет бербеген президенттер эмне кылышты. Булар шайлангандан кийин эле элди, Кудайды унутуп коюшат тура.
Чек араны бойлото кыргыз улутундагы жаштарга жер берип, дон казактарындай системага киргизип, алардын ар биринин миңген аты, кылычы, беш атар мылтыгы, атаманы болуш керек. Кошуна мамлекеттер бизге кол сала турган болсо, биринчи тоскоолдукту ушулар көрсөтүп, ал жерде жашагандыгы үчүн жөлөк пул төлөнүшү зарыл. Анан дагы алфавитти 28 тамгага түшүрөйүн деген планым бар. 36 тамга кыркынчы жылдары орустарга кулдай көз каранды болуп тургандагы алфавит.
Бизге ёттошкон тамгалардын кереги жок. Биз компьютерге ыңгайлуу тамгаларды тандашыбыз керек "ө, ү" лөрдү табыш кыйын. Азыр "ң" дын ордуна "н, г" ны коюп, "н, г" катар келгенде "ң" болуп, керек жерде "н, г" болуп окула бериш керек. Алфавитке өзгөртүү киргизмейинче биз өзүбүзчө эгемен боло албайбыз. Мен өзбек алфавити менен кыргыз алфавитин бириктирип бир эле алфавит кылып, тамгалардагы айрымачылыктарды жоёюун деп атам. Ошондо Мамлекеттик тил маселеси чечилет да, өзбектер кааласа өзүбекче жазып, ал эми кыргыз тамганы түшүнүп окуй берет. Бирдей алфавитке, мисалы латын алфавитине өтүш керек. Ошондо кайсы бир деңгээлде кыргыздар өзбектешет, өзбектер кыргыздашат.
- Өзү өзбектешип бараткан кыргызды өзбектештирүүнүн эмне кереги бар? Сиз ушуну менен өзбек улутундагылардын добушун алам деп жатасызбы?
- Биздин башка айлабыз жок, анткени, алар 25 млн. Бул ачуу чындык. Биз баардык нерсени ачык көз менен карашыбыз керек. Белоруссиядагы белорустар аргасыз орусташып баратпайбы. Бул тынчыраак жашайлы деген эле ой. Биз оштуктар "автономия" деген кыйкырыкты 90-жылы, анан 2010-жылы уктук. эгерде ошол үндү жанында туруп уксаңар силер да башкача ойго келмексиңер. Же болбосо өзбектер ушундай эле автономия түзгүсү келсе Чоң-Алайдан, Алайкуудан автономия берели, түзүп көрүшсүн. Оштогу , Жалал- Абаддагы тополоңдо кыргыздардын кыргыз улутунда болгондугу үчүн гана өлгөн адамдарга кейийм. Эгерде өзүбекке автономия керек болсо, автономия алгысы келсе, өздөрүнүн аргументтерин айтып, эмне үчүн цивилизациялуу жолдорду пайдаланбайт, эмне үчүн кол топтоп референдумга барышпайт? Эмне үчүн алар митингкке чыкпайт, эмне үчүн алар өздөрүн-өздөрү өрттөбөйт?
- Кандай ой сизге тынчтык бербейт?
- Мен Оштукмун. Биз күн баткандан таң атканга чейин ар күнү коркуу сезими менен жашайбыз. Азыр Америкада Улукбек Кадыров деген өзбек жигит ЦРУнун колуна түшүптүр. Улукбек Барак Обамага кол салмак экен. Бул жигит эмне себептен бул кадамга барды дейм да. Көптөн бери "ал террорист, экстремист катары Америкадан жардам сураса бербей койгондугу үчүн Барак Обамага кол салдыбы, же өткөн жылы Барак Обаманын ЦРУсу Ош Жалал -Абадда тополоң кылып, кыргыз менен өзүбекти уруштуруп ийгендиги үчүн, ошонун айынан мекенине куулуп мусаапыр болгондугуна өч алыш үчүнбү?
- Сиз үчүн биринчи орунда амбиция турабы, же малекетпи?
- Өзү адам табиятында амбиция болот, менде ал акыркы орунда турат. Мен улутчулмун, мекенчилмин. Байлыкка, акчага дээримен умтулбайм, стрелецттер, Сталин, Айтматов акчага кызыккан эмеспиз. Менин башымда чачым жок болгон менен, денемде түк көп. Бул мекенчил дегенди түшүндүрөт. Мисс: грузиндер, армияндар эмне үчүн улутчул, мекенчил? Алардын денесинде түк көп үчүн.
- Сизге ким атаандаш болушу мүмкүн?
- Атамбаев мамлекеттик ресурстарды колдонуп атаандаш болот го деп турам. Түштүктөн Ташиев. Мен элге ишенем.
А.ЭРГЕШОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??