Кыргыз гезиттери


п»ї
  Билип жүргөн оң

Бешиктеги баланын, бек болорун ким билет?

Ар кандай элдин бөбөктү багып өстүрүүгө, таза, кургак багууга, ыйлатпай сооротууга ыңгайлаштырган кандайдыр бир буюму болгондугунан шек санабай эле койсо болот. Анын эмнеден жасалгандыгы, кандай формада болушу, колдонулуу ыкмасы ошол элдин жашаган жерине, чарба жүргүзүү өзгөчөлүгүнө, эстетикалык табитине жараша болору түшүнүктүү.

Мындай буюм болуп бүгүн кыргыздарда бешик саналган менен ал жаралганга чейин баланы бөлөй турган эң жөнөкөй түрү - кундак колдонулган деп болжоого болот. Кундак - жаңы төрөлгөн бөбөктү бөлөй турган төшөк, ал койдун жүнүнөн же төөнүн чуудасынан кат-кат төшөлүп, баштык же оромо түрүндө жасалган. Сырты кездеме, таар, жаргак менен капталган. Бешикке салганга чейин бөбөк кундакка бөлөнгөн. Көчкөндө алып жүрүүгө, сууктан сактоого, боз үйдө кереге башына илип коюуга ыңгайлуу болгон. "Манас" эпосунда Манас төрөлгөндө Жакыптын: "Бешик боосу бек болсун, Кундагың боосу кут болсун!" деп Бакдөөлөткө кайрылыш кундактын бешик менен эле катарлаш колдонулгандыгын далилдейт. Бүгүнкү күндө кундак колдонуудан калып, аны бешик биротоло алмаштырып калган.
Кыргыздарда бала төрөлгөн соң жети күндөн ашырбай аны бешикке салышкан. Бул күнү нан, боорсок бышырылып, күн мурунтан атайылап карынга куюлуп, ушул жөрөлгө үчүн сакталып келген сары май томурулуп, мал союлуп, айыл-апага тамак берилген. Келгендер белек-бечкегин ала келишип, баланы алкашып, анын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмө чачышкан. Бешик - ыйык буюм. Себеби, анда жарык дүйнөгө келген наристе жатат. Бул - баланын тазалыгы үчүн, денеси менен акылынын ойдогудай өсүп-өнүгүшү үчүн тээ ата-бабалардан, касиеттүү Умай энебизден калган таберик. Көчүп-конууга да ойдогудай шартташкан. Көчкөн кезде бөбөктүн өз энеси өңөрөт. Жыгылып кетсе да баланын эти оорубайт. Анткени, аны бешик сактайт. Ал ошондой көчмөн турмуш үчүн оңтойлуу жасалган буюм. Ушул жерден мал багуу менен тиричилик кылган көчмөн элдерде өткөн мезгилдерде бешиктин бир аз өзгөчөлөнгөн түрү колдонулуп келгендигин көрсөтө кетүүнүн оңтою келип турат. Калмактардын илгерки бешиктеринде баланын тизелерин эки тарапка түртүп турган оюк түрүндөгү атайын деталы болгон. Буряттар да бөбөктүн тизелеринин ортосуна тоголоктолгон терини же жөн эле чүпүрөк-чапырактарды коюп бөлөшкөн. Бул чара баланын буту ийрейип, тайтайып өссүн үчүн жасалган. Анткени мындай бут аттын капталына чып жабышып, мингенге ыңгайлуу болгон. Көрүнүп тургандай, түптүз өскөн буттар бардык эле элдерде сулуулуктун бир белгиси катары каралган эмес.
Кыргыздарда бешиктин эки түрү колдонулган, баланын бөлөнүшү экөөндө тең бирдей. Бешикти баланын таята-таенеси алып келишкен. Баланы бешикке салаарда бир топ ырым-жырымдар жасалат. Адегенде жин-илдеттер жашынып калбасын дешип, бешиктин ичи-сыртын аласташкан. Жакшы тилектерин айтып, бешикти, шимекти майлашат. Бешикке баланы салардан мурда ага балта же чот, бир нече чүкө салынат, бешик жеңил терметилип "Оңбу? Оңбу?" деп суралат. Тегеректеп отургандар "Оң! Оң!" - деп жооп беришет. Бешиктен балта (чот), чүкөлөр түшүрүлүп, арча түтөтүп аласташат. Андан кийин баланы бөлөшөт. Баладан мурда балта (чот) салуу - жаны темирдей бекем болот деп ишенүү. Баланы бешикке салардан мурун ага бычак, кайчы сыяктуу темир буюмдарды салуу салты хакастарда да бар. Чүкө - Умай эненин символдорунун бири. Умай эне баланын жанын сактайт деген ишенимден жасалат. Чүкөнү бешикке байлап да коюшат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп "бар бол", "оң бол" деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы узак жашаган, көп балдарды төрөп, өстүргөн нарктуу байбичелерге бөлөтөт. Бешикке саларда: "Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!" деп алып барып жаткырышып, "Бешик апа, бек карма, Умай эне, уйку бер" деп таңышат. Бөлөп жаткан убакта бөбөк ыйлаак болбосун деп оозуна боорсок тиштеп алган. Жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп тогуз нерсени бешикке жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй жүгүнөт. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Ошондой эле наристе чоңойгондо эмгекти сүйсүн деген тилек менен кетмен, балта, чот баштаган жети эмгек куралын бешикке койгондугу да белгилүү. Мындан башка бөлөгөндөн кийин жакшы, тынч уктасын деп, бешиктин үстүнө айылдагы тогуз уйкучу адамдын кийимин жаап койгон. Ногойлордо "мышыктай көп, тынч уктасын" деп ырымдап, бешикке бөлөнгөн баланын көкүрөгүнө мышыкты коюп койгон. Албетте, бала ыйлабастан узакка уктаса, энесинин да үй ичиндеги жумуштарды бүткөргөнгө, эс алганга убактысы көбүрөөк болгон, ошондон улам жогорудагы ырым жаралган деп ойлоого болот. Дал ошол эле себептүү бөбөктү бешикке бөлөп жаткан учурда үйгө келген киши чыгып кетпейт, антсе баланын уйкусун кошо алып кетет деп, бутун таңып алганча эшикке чыгарбаган. Анткен менен ыйлаак балдардын чыйрак болорун байкашкан, "Бала ыйламайынча эмчек кайда" деген макал жаралган. Бала көп ыйласа ата-энесинин өмүрүн тилейт деп жорулган.
Эл ичинде бешикке байланышкан айрым тыюулар жашайт. Мисалы, куру терметсе балалуу болбой калат деп, бош бешикти бала-чакага терметтирбейт. Мындай тыюу түркмөндөргө да тиешелүү. Аларда тукумсуздуктан коргоодон сырткары бешикти куру терметсе, баланын кулагы ооруйт деген түшүндүрмөсү да жашайт. Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт. Ошондон улам баланы бөлөөрдө бөбөктүн өзүн да бешиктин үстүнөн алып бербеген. Бешикти бир убакта эки адам эки башынан көтөрбөйт. Биздин божомолубузча, бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүп барганга окшоштурулуп, суук көрүнгөндөн улам пайда болгон. Экөөлөп бешикти терметкенге да уруксат берилбейт. Бешикке өбөктөбөйт, бала бөлөнгөн бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат. Бешик сатып алып жатып соодалашпайт, сураган акчасын берет. Сатуучу да баасын ашырбай, өз наркын айтуусу керек.
Сыягы, бир мезгилдерде бешиктин эмнеден жасалганына да көп көңүл бурулгандай. Санжыра боюнча Жылкыайдардын улуу баласы, айтылуу чечен, акылман Тилекмат жаңы төрөлгөндө Бирназар бий токойдон жаңы жыгач алдырып келип, бешик жасатып жатканда үйүнө бир дубана келип, бешик жасап жаткан кишинин жанына олтуруп, жыгачты кармалап көрүп: "Бирназар бий, мобу жыгачка булбул уя жасап, булбул тууган жыгач экен. Менин билген белгилериме караганда, бул бешикке жаткан уулуңуз дубанда жок чечен болот",- дейт. Анда Бирназар бий "айтканың келсин, дубана" деп алкаган экен. Ошол дубана айткандай, Тилекмат адамда жок чечен чыгып, көлдүн эки өйүзүндөгү элди баш коштуруп, көп жыл башкарып турган. Көл айланасындагы элге душманды кол салдырбай, керектүү маселелерди чыр-чатаксыз, акылмандык менен чечип келген. Ушул маалыматтын өзү бешиктин баланын тагдырындагы орду тууралуу элдин ишенимин белгилеп турат. Кыргыздардын бешикти көбүнчө арчадан жасатканы да кокусунан эмес. Кээде баланын денесинде учу агарган майда-майда кызыл тактар пайда болуп калат, аны бешик курт чагыптыр деп коюшат. Андай учурда бешиктин олпогун күнгө жаят, бирок курту көбөйүп кетет деп бешиктин өзүн күнгө алып чыкпайт. Арчадан жасалган бешик курт түшпөйт деп бааланат. Бирок негизги себеп анда деле эмес. Элибиз арчанын таптуулугун, бекемдигин, чирибестигин, жайы-кышы көгөрүп турушун күндөлүк турмушунда байкап билген. Мүрөктүн суусун ичкендиктен, арчанын миң жыл жашап калышы тууралуу уламыш да бар. Ошондуктан бөлөнгөн балага бекемдигин, узун өмүрүн берсин үчүн арча бешикке бөлөшкөн. "Бешиктеги баланын, бек болоорун ким билет" деп наристенин келечегине үмүт артышкан. Бешикти таза тутуп, кир болсо албарсты уялап алат дешкен. Кээде бешикти күнгө жайганы сыртка алып чыккан болсо да караңгыга калтырбаган, айрыкча жылдыз көрсөтпөгөн. Караңгыга чейин сыртта калган бешикке шайтан жатып алып, баланы кыйнап, оорута берет деп ишенишкен.
Бешик бир баладан экинчисине өтө берген. Үй-бүлөдөгү тун бала чоңойгон соң бешикти булганбасын үчүн ороп-чулгап, кампага коюп койгон. Аны көбүнчө балдары турбаган аялга беришкен. Андай келин бала төрөп калган учурда балдарынын баары аман-эсен чоңойгон аялга барып сый көрсөтүп, анан бешигин сурап алган. Кээде мындай бешикти төрөбөс келиндер да сурап алып, балалуу болоюн деген тилек менен үйүндө сактаган. Тескерисинче, бөлөнгөн бала чарчап калган бешикти өрттөп салган же талкалап туруп бала коюлган көрдүн жанына сайылган шыргыйга илип койгон. Балдары турбаган адам бешикти мүрзөгө алып барып, таштап койгон ырым да бар. Сыягы, аны ажалды адаштыруу, "мына, мен сенсиз эле өзүм билип, ыктыярым менен бейитке баланы таштадым" деп, алдоо максатында аткарышкандай. Бирок эгер ал бешикти бала көрбөй жүргөн адам көрүстөндөн таап алып, үйүнө алып кетсе, ал балалуу болот деп коюшат.
Бала басып, эмчектен чыгып, элге аралашып кеткенче, анын такай жатуучу жайы бешик болот. Андан улам бөбөктү коргоочу күчкө ээ болгон заттар анын бешигине илинген. Ал заттарга карышкырдын чүкөсү, тиши, илбирстин тырмагы, териси, куйругунун учу, аюунун, бүркүттүн, үкүнүн тырмактары, жыландын баш сөөгү, көз мончок, суунун шарын укпаган жердин долоносунун бутагы, табылгынын уюлу, күмүш тыйындар, көк, сары, кызыл мончоктор, ичине сейдене, жыпар мончок салынып тигилген тумарлар, курманын сөөгү, Курандын сүрөөлөрүнөн үзүндү жазылган барактар салынып тигилген тумарлар, канташ ж.б. кирген. Кыргыздардын бешикке илген тумар-буюмдары өзүнчө эле бир кызыктуу коллекцияны түзөрү шексиз. Жогоруда аталгандардын дээрлик бардыгы тең бешиктен сырткары баланын кийимдерине да тигилип коюларын, моюнуна тагыларын кошумчалай кетүү керек. Бирок элдин ишеними боюнча алардын айрымдарынын, алсак, бүркүттүн тырмактарынын күчүн, касиетин бала көтөрө албайт деп чоңойгондо гана таккан.
Жыйынтыктап айтсак, бөлөп койсо жылуу, жумшак, кургак болуп бөбөккө ылайыктуу, түртүп койсо жеңил жорголоп, соороткон, терметкен адамга оңой, эңилип эмизсе энесине ыңгайлуу бешик элдик педагогика музейинин төрүнөн орун алчу буюм. Бирок ал экспонат катары көргөзмөдөн орун алып калбай, дале болсо турмушубузда колдонулуп келе жатат. Термеле бер, арча бешик!

Абдымиталип
Мурзакметов,
тарых илимдеринин
кандидаты, этнограф




кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??