кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"

п»ї


  Башбакандын багы ачылбай койду го...

Көлдүктөр Атамбаевди таш бараңга алыштыбы?

Кыргызстан социал-демократтар партиясы тарабынан президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлөрү менен "административдик ресурсту эч качан колдонбоймун" таризинде сөз берген Атамбайчик анын эртеси эле Ысык-Көл облусуна өкмөт башчы катары сапар тартып, анысын кеңири чагылдыртты. Эки күн бою экрандан түшпөгөнүнө мейли, а бирок, премьер-министрдин сапарын чагылдыргандар башбаканды көлдүктөр кантип тосуп алганын эмнеге толук айткан жок?

Атамбаев бийликке келгени Көлдүн тың уулдарынын четке сүрүлө баштаганы же жалганбы? Апрель ыңкылабына чейин эле Бакиев бийлигине айбат көрсөтүп, нааразы калктын агымын координациялап, ушу күнү "атамбаевчилердин" жыргал-куунал жашашына салымын кошкон Кубанычбек Кадыровдун бир колдонулчу буюмдай ыргытылганын көлдүктөр унутуша элек. Кыргыз үчүн күйгөн көлдүн патриот уулу Урмат Барыктабасовду болсо, тынч митингге чыккан жеринен чагым уюштуруп, торго тыккан да ушул бийлик. Дагы санай берсе, көлдүн азаматтарынын бу бийликтен запкы тарткан мисалдары көп.
Мына ушунун баарына Ысык-Көл эли нааразы болуп, ызасын ичке катып жүрүшкөн. Бир күн болбосо, бир күн жарылмак. Атамбаев келгенде көлдүктөр бул маселени кабыргасынан коймокчу болушкан. Балыкчыда эл мүнөт сайын көбөйүп, чогула баштаган. Ал учурда Атамбаев дагы бир көлдүк саясатчы Султан Урманаевдин үйүндө чай ичип олтурган экен. Түшкү тамактан кийин кыдыра турган бир нече объектилери бар болчу. Бирок, дуулдаган көлдүктөрдү көргөндө жүрөгү түшүп, Таласта таш бараңга кабылып, араң аман калганы көз алдына элестей түшкөндөн, машинесине отуруп, сапарын орто жолдон бүтүрүп, Бишкекти көздөй качыптыр.
А бул жакка келгендеги жоругу ушул - өзүн теледен тынбай, Телибай тентектин уулунан бетер мактатып жатат. Буга Көл эли нааразы. Эми Атамбайчикке президенттик жарышта кыйын эле болот го: нарындыктар кен байлыктарын кытайлыктарга карматкысы келгенине, таластыктар Айтматовду "колхозчуга" теңеп, эстелигин айыл чарба министрлигинин жанына койгону жатканына капа (көлдүктөрдү айттык). Түштүк болсо эзели ага добуш бербейт. Ошону эске алганда, Атамбайчикке Арашан айылы гана добуш берип ит болот го. А айтмакчы, калдайган чиновниктер армиясын унутуптурбуз го. Административдик ресурсу бар, бир ишенгени ошол.














??.??