Чык бери, чыр бар!

Үсөнов баштаган ишти Атамбаев бүткөрөбү?
же Нарындын кен байлыктары Кытайга "устукан" болуп тартылабы?

Нарын облусундагы "Жетим-Тоо" темир, "Сандык" алюминий, "Терек-Сай" жана "Өткөөл" алтын кендеринин чуусу уланууда. Атамбаев башында турган өкмөт Бакиев режиминин жаңылыштыгын кайталаган таризде. Жаратылыш ресурстары министри З.Эсенамановдун аталган тоо кендери боюнча оболку билдирүүсү канчалык деңгээлде чындык экендигин билүүгө көпчүлүк куштар. Айтса-айтпаса төгүнбү, аталган тармакка адистешпей, адашып келип калган министрдин кебин өкмөт төгүнгө чыгарып, айтор, коомчулукта кайрадан ойку-кайкы пикирлер айтылууда. Билермандар чет элдик инвесторлорго убада берип алып, көпчүлүктүн көөнүн жайгарыш үчүн эми башка кепти айтып жаткан жокпу? Ортодо айрым адамдар өздөрүнүн тар мүдөөнү көздөгөн жеке кызыкчылыктары үчүн аракет кылып жатканын да байкабай коюуга болбойт. Анткени, канчалык кейиштүү болбосун, Кыргызстан коррупционерлердин өлкөсү экенин моюнга алышыбыз шарт. Кимиси жалган, кимиси чын, кыскасы, элеттик эл эрдиги бар, эси жок аткаминерлердин оюнчугуна айланып, башы маң.

Кытайды Кыргызстан - Өзбекстан- Тажикстан - Афганистан - Иран менен байланыштырган (жалпы узундугу 1,972 миң км) темир жолду куруу планына ылайык кытайлыктар 2010-жылы Кыргызстанга 268 км жолду куруп берип, акысына аталган кендерди иштетүү лицензиясын алмакчы эле. Данияр Үсөнов башында турган өкмөттүн бул демилгесине Теңир-Тоо эли толкуп чыккан. Көп узабай бийлик ураган. Темир тоо чуусуна тиешеси бар деп саналган экс-губернатор Чекиев набыт болгон. Облустун губернаторлору элге ээлик кыла албай, кол жоолуктай алмашкан.
"Инвестиция ордуна кен байлыктар" схемасы тууралуу мамлекет башчылары дайыма айтып келишкен. Эми кийинки келген өкмөт дагы кыргыз элине даанышмандыгын эмес, душмандыгын көрсөтүп олтурат. Нарындыктар канчалык нааразыланбасын, кайрадан "инвесторлорго аталган кендерди берүү жөнүндөгү токтомго кол коюлду" деген расмий маалымат тарады. Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов кендерди иштетүү үчүн россиялык жана кытай ишкерлери аракет кылып жатышкандыгын кабарлаган. Ал гана эмес алардын кимиси көбүрөөк пайдалуу сунуш кылса, ошолор кожоюндук кыла тургандыгын да айткан.
Эсенамановдун билдирүүсүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев четке кагып, мындай маалыматты таркаткан министрге сөгүш берди. Ал кен аймактарын чет өлкөлүк инвесторлорго берүү боюнча өкмөт токтом кабыл албаганын билдирди.
Арийне, "жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын?". Тек жерден министр бүтүндөй республикага мындай маалыматты таратпаган чыгар. "Мен андай токтомго кол койгон эмесмин жана эч качан кол койбойм. Бизге, албетте, темир жол керек, бирок, мындай схема, мындай жол менен эмес", - дейт Атамбаев. Жамы журттун кызыкчылыгы менен эсептешпей, эл энчисин жең ичинен соодалашкан эрендер "айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле" деп байкабай жарыя кылып алышып, эми элдин реакциясынан чочулаган үчүн артын тазалап, өкмөт башчысынын жаратылыш ресурстары министрин опузалаган билдирүүсүн тараткан шекилдүү. Ошентип, жаратылыш ресурстары министри З.Эсенаманов кирген өкмөт мындай кадамы менен Бакиев режиминде ойлоп табылган схеманы колдонуп, жеңил акча табуу жолуна түшкөндүгүн даана көрсөтүп койду. Убагында Данияр Үсөновдун өкмөтү жалпы элге залака келтирип, ушул демилгени көтөрүп чыккандыгы көпчүлүктүн эсинде. "Албетте, кенди иштетүүгө мамлекеттин баары бир акчасы жок. Анын ордуна темир жолду кытайлар бекер салып беришет" деп ойлошкон алар. Бирок, эксперттердин эсебинде кендердин куну триллиарддаган долларлар менен өлчөнөт. Бул тууралуу чет элдик инвесторлор кабардар. Маалыматтарды керек болсо өзүбүздүн чиновниктер жайылтып, инвесторлорду кендерди иштетүүгө дамамат чакырып келишкендиги айтпаса да түшүнүктүү. Айтмакчы, аталган аймакта темир, алюминий жана алтын гана эмес, бир катар баалуу табигый ресурстар толуп атат. Ал эми Кыргызстандын аймагындагы 268 километр темир жолду курууга 2 миллиард доллар сарптала тургандыгы эсептелинип чыккан.
Ошентип, бул бийлик да эл кызыкчылыгын унутуп, мурдатан көнүмүш адатка айлангандай, өлкөнүн жаратылыш ресурстарын оңду-солду чачууну туура көргөндөй. Табигаттын кусурунан, качкын президенттердин тагдырын кайталап калгандан да тартынышкан, чочулашкан жок. Болбосо, ата-мекендик ишкерлердин арасынан инвестор болуучу бир адам кантип чыкпасын. Түбү нарындык деле бай адамдар көп, алар эмнеге унчугушпайт?
"Ата-Журт" партиясынын лидери К.Ташиев айткандай, "Жетим-Тоо" жана "Сандык" кендерин сабаттуу түрдө иштетүү аркылуу Кыргызстан өз алдынча темир жолду кура алат жана ал гана эмес тышкы карызды да төлөөгө жөндөмдүү. Арийне, биздин өкмөт от менен ойнобосо, өз эли менен таймашмак эмес. Чындыгында, чыдамдын да чеги бар. Жетим-Тоо темир кени чет өлкөлүк инвесторлорго берилет деген маалыматты уккан Нарын шаарынын айрым тургундары дароо эле нааразылык акциясына чыгышты. Жеке эле нарындыктар эмес, бүтүндөй кыргызстандыктар ата-журтунда катылган алтыны да, темири да, башка кен байлыктары үчүн да чечкиндүү кадамга барууга даяр. Өлкө жетекчилигинин кулагына күмүш сырга...




Камчыбек Ташиев, "Ата-Журт" партиясынын лидери:
"Биздин экология чет элдиктерди кызыктырбайт..."
"Ата-Журт" парламенттик фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевдин пикиринде, баалуу кен байлыктардын тагдыры элдин кызыкчылыгы үчүн чечилиши керек: "Бул маселе боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алуудан мурда өкмөт жергиликтүү элдин талаптарын тыкыр иликтеп чыгышы зарыл. Карапайым элдин талаптары менен эсептешпөө бийлик үчүн кандай кейиштүү бүтө тургандыгына бир эле жолу күбө болгон жокпуз. Элдин талабы эмнеде? Экологиялык нормаларды сактоону жана бул кендерди өздөштүрүүгө Кыргызстандын компанияларына ишеним артуу керектигин айтышууда. Эгерде тоо кендери башка өлкөлөргө таратылса, Кыргызстан чоң таштанды сактоочу жайлардын (хвостохранилище) бирине айланат. Чет өлкөлүктөрдү биздин экологиябыз кызыктырбайт. Алар баарынан мурда өздөрүнүн мүмкүн болгон кирешелери жөнүндө гана ойлонушат".

Рамазан Дырылдаев, "Жаңы-Багыт" саясий партиясынын лидери:
"Өкмөттүн коррупциясынан эл эле жабыр тартат..."
- Өкмөттүн мындай кадамы Кыргызстанды келечегинен ажыратат жана мамлекеттүүлүктүн жоголушуна алып келет. Өкмөт бул чечимди кабыл алуу менен көп жылдардан бери "Жетим-Тоо", "Сандык" кендерин берүү жана башка темир жолду курууга байланыштуу көптөгөн долбоорлорго каршы туруп келген коомчулуктун пикирин эске алган эмес. Долбоордун сынаксыз өткөрүлүшү тар чөйрөдөгү адамдардын кызыкчылыгын көрсөтүп турат. Кыргызстан өз тарыхында өкмөттүн коррупциялашкандыгынан бир канча жолу жабыр тарткан. Мисалга "Кумтөрдү" жана башка кен байлыктарды келтирсек жетиштүү. Бул чет элдик компаниялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында кыргыз эли эмес, тар чөйрөдөгү адамдар гана байыйт. Биз, Кыргызстан эли Бакиев өкмөтүнөн дагы начар өкмөттү баштан кечирип жатыппыз. Эң башкысы аталган долбоор Кытайдын Кыргызстанга, андан кийин бүтүндөй Борбордук Азияга үстөмдүк кылуу деген тымызын ниетин жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мындай долбоорлор Кытайга жашыруун ассимиляция процессин жүргүзүүгө жана аймактын аянтына басып киришине түрткү болот. Биз коомчулукту мындай кадамдарга чечкиндүү каршылык көрсөтүүгө чакырабыз.

Алмазбек Акматалиев, Нарын облусунун экс-губернатору, президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору:
"Жетим-Тоо чуусуна чекит коюуга убакыт жетти..."
- Жетим-Тоону темир жолду куруу үчүн эле кытайларга берип жиберген абдан туура эмес кадам. Кенди иштетүүнүн башка жолдорун деле издесек болот. Эгемендүүлүктүн башында биз "Кумтөрдү" алдатып ийдик. Ал кезде тажрыйбабыз жок болчу. Азыр Кудайга шүгүр, тажрыйбабыз бар да. Эми алдатпашыбыз керек. Ар кандай пикирлер айтылып жатат. Жетим-Тоонун тегерегиндеги чуру-чууга акыры чекит коюуга убакыт жетти деп ойлойм. Келечек урпактарга нормалдуу тоо кендерин өткөрүп беришибиз керек.
Адистердин айтымында, Жетим-Тоо уникалдуу. Бул жерде аябай чоң темир кени бар. Бүгүнкү күндө кенди иштетүү керекпи же иштетпөө керекпи, кандай пайда, кандай зыян келе тургандыгы жөнүндө менин билишимче илимий көз карашта изилдөө деле жок. Мен бүгүнкү күндө экономикалык жана экологиялык көз караш менен зыянын, пайдасын эсептеп чыккан кандайдыр бир официалдуу документти көргөн жокмун. Менин жеке пикиримде, албетте, кандайдыр бир экологиялык стандарттарды сактамайынча Жетим-Тоону иштетүүнүн кажети жок. Бул биринчиден. Экинчиден, жергиликтүү эл сөзсүз түрдө кенди иштеткенден кандайдыр бир пайда алыш керек. Мунун ар кандай жолдору бар. Мисалы, акционердик коом түзүп же Жетим-Тоо жайгашкан элдүү пункттун тургундарына анын кандайдыр бир пайызы жергиликтүү элге түшүшү керек. Үчүнчүдөн, геологдор, окумуштуулар, жергиликтүү активисттер реалдуу шарттардын негизинде ачыкка чыгып, чогуу талкуулап, кен канчалык деңгээлде пайдалуу жана зыяндуу экендигин эл толук билиши зарыл.

Г.Турдалиева