Саясатчыларга Кудай бере салды - ары-бери түйшөлүп эмне кыларын билбей жаткан эргулдар шаңдана шайлоого аттанышты. Ар кимиси өзүнүн айылына, туугандарына, уруусуна жана башка критерийлер менен бириккен тобуна, жыйнаган дүйнөсүнө жана колдоор кожолоруна таянып, тим элеби Кыргызстанды оп тартып ала тургандай дымак менен турушат. Биздин өлкө үчүн кадыресе көрүнүш: президенттик тактыны алгысы келгендер адаттагыдан арбын. Эгерим мүмкүндүгү чыгып калса, кыргыздын тең жарымы такталашка түшмөк.

Кыргызстандагы "клоунада"
же президенттик шайлоонун арты эмне менен бүтөт?

Кадыржан Батыров өзбектерди "сатылгыч" жана "коркок" атады

Кыргызстандын №1-сепаратисти, улутчул жана бузуку Кадыржан Батыров кыргыз бийлиги уюштурган Кыргызстан калкынын ассамблеясынын курултайына карата интернет аркылуу кайрылуу жасап, анда "Кыргызстанда өзбектер калган жок, баары качып чыгып кетишти, эгер калган болсо, алар же коркоктор, же сатылгандар",- деп ачык эле тастыктады. Ошентип, Кадыржан Батыров каражанына коркунуч келгенде башка өзбектерге окшоп "коркуп" калбастан, өлкөдөн коркпой качып кетиптир. Эми мындан кийин корккондор кыргыздар менен кошо жашап, коркпогондор гана жанын сактап качып кетишет экен. Бузукунун логикасы да бузук, ошол бузулган логика менен жалпы кыргыз жана өзбек элинин убалына калып отурат.
Чет өлкөдөгү террористтерди даярдоочулар, радикалдуу дин тарбиясын тараткандар, кыргыз мамлекетин түп-тамырынан жок кылууну самагандар менен тыгыз байланышы бар серапатист азыр чет жакта ээн-эркин жүрөт. Ага сырттан туруп Кыргызстанга каршы ар кандай диверсияларды уюштуруу жана бузукулукту улантуу мүмкүндүгүн Убактылуу өкмөттүн тийиштүү жетекчилери бергенин бүгүн ар бир кыргыз билет. Ошентип, мамлекетке дайыма коркунуч келтирип туруучу субьектти бийлик өз колу менен жасап, эртеңки күнгө болгон элдин үмүтүнө балта чабышты. Кыргызстандын үстүнөн Домоклдын кылычы салаңдап туру.
Убактылуу өкмөттүн Кадыржан менен тыгыз байланышына мисалдар менен далилдер толтура. Эч болбогондо криминалдык чөйрөнүн таасирдүү адамы аталган "Черный" Айбектин (Мирсидиков) атайын буктурмадан атылган октон аёосуз өлтүрүлүшү жана анын өлүмү боюнча кийин бийликтен же башка массалык маалымат каражаттарынан бир бүркүм да маалымат берилбегени эле канча нерсени айтып турат. Кадыржан "Черныйдын" өлтүрүлүшүнө кимге буюртма берген? Аны ким аткарды? Кептин баары ушул жерде. Деген менен, "Черный" Айбек Кадыржандын өчөшкөн душманы эле.
Апрель окуяларына атайын даярдык болгону, ал пландарга Кадыржан түздөн-түз катышканы, этникалар аралык жаңжалды да ал атайын план боюнча баштаганы эми анык көрүнүп калууда. Чындык да кол менен тартылган сүрөт сыяктуу алыстаган сайын даана жана таасын көрүнө баштайт. Ушул нерседен улам азыр Кыргызстанда мамлекеттин тагдырын ойлогон киши барлыгына ишениш кыйын экенин айтып жатабыз. Ал эми бийликтин тагдырын ойда-а ойлоп жатышат. Кыргызстандын күнү кимдерге калды?

Бийликке нааразы болгондор арбыды

Эл ичинде Конституцияга нааразылык күч алды. Эгер ушул кырдаалда дагы бир аз жашап турсак, бир бүтүн Кыргызстандан тарам-тарам болуп бөлүнгөн аймактар гана калышы мүмкүн. Мурда урууларга, аймактарга, түндүк-түштүккө бөлүнгөн кыргыз эми саясий амбицияларды аркалаган саясий партияларга бөлүнүп, быт-чыты чыкканы калды. Эгер чын болсо, чет элдик масондордун кыргыз масондоруна берген буюртмасы чындап ишке ашты.
Кечээ эле "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын алдына чыгып, азыркы өкмөттүн кадр саясатына катуу нааразылык билдиришти. Уруу-кескилерди, артына калбыр байлагандарды, алдамчыларды жана оозун сурасаң мурдун көрсөткөн көкмээлерди көрүнгөн жакшы кызматка дайындай берүүнү токтотууну талап кылышууда. Мисалы, Жалал-Абад шаарынын жүз миңден ашуун эли татыктуу, таза жана бийик деңгээли бар патриот жетекчиге муктаж, ошондой жетекчи керек дешти. Азырынча өкмөттөн үн чыга элек.
Мунун баары коалициялык системадан келип чыккан кесепет. Парламенттик шайлоодо беш партия жеңүүчү аталып, үч партия коалиция түзгөндө Кыргызстанды устукандап бөлүү келишиминин жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаарына "ата-журчулардан" бирөө келиши керек болчу. Азыркы өкмөт болсо, коалициялык келишимди уруп койбой, баарын өзүнө добуш алып бере тургандардан тандап жаткансыйт. Кыргызда устукан жаңжалы илгертен эле болуп келатпайбы, эми да боло берет. Бирок, саясий устукан талаш саясий кесепеттерге алып келерин эске алуу керек да.
Президенттик шайлоонун шайтан оюндары капкачан эле башталган, деген менен анын практикалык көрүнүшү байкалган эмес эле. Ал мына ушул Жалал-Абаддан көрүндү: келерки бийликти талашуу ачык башталып, анын жыйынтыгы жалпы кыргыз журтчулугу үчүн оор нерсеге алып келиши ыктымал жагдай туулууда.
Өкмөттүн өзүнө берилген вассалдарын кызматтарга коюу аракеттери шайлоо убагында административдик ресурстарды пайдалануу кепилдигин да тастыктап тургансыйт. Эгер шайлоо убагында чындап эле аң менен дөңдү айырмалаганга акылы жетпеген вассалдар административдик ресурстарды кедейканчылык менен пайдаланылып киришсе, башка аймактарды айтпайлы, Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарындагы өткөн жылдан берки кордуктарга араң чыдап келаткан карапайым калк мүлдө көтөрүлүп кетет. Мүмкүн бетпактыктын, ыпластыктын, уятсыздыктын чеги жоктур, а бирок чыдамдын чеги бар. Бул жолкусунда элдин эсебинен саясий маселе чечүү кыйыныраак болот.
Ушунун баары президенттин, парламенттин жана өкмөттүн өз алдынча өтүгүн төргө илген статусунан, ага мүмкүндүк берген Конституциядан улам болууда. Баары бирдей, баары бири-биринен көз каранды эмес, баары бири-бирине догурунат. Чортон, ак куу жана чаян өз алдынча ар башка жакка араба тартып калышты. Эми мамлекет кайда барышы керек?
Эзели бириге албай келаткан кыргыз коомчулугун жүздөн ашуун саясий топторго чачыратып салган азыркы системадан арылмайынча коомдук консолидациянын кийинки кадамдарын жасоого дегеле мүмкүн эмес. Акчасы жана саясий амбициясы бар саясатчылар тобу, кандай да болбосун бийликти сактап калуу же бийликте сакталып калуу үчүн жандалбастаган өкмөт тынчтыкты, биримдикти жана бейпил жашоону эңсеген коомго тескери катышта туруп калганы кызык. Коом менен саясатчылардын кызыкчылыктары түп-тамырынан айырмаланып калды, ар кимдин өз мотиви бар. Коомдун мындайча жиктелиши эч качан жана эч жерде жакшылыкка алып келбегенин тарых далилдеп турат.

Өз "сукин сындар" сыдыргыга илешпейт

Массалык маалымат каражаттарынан "бакиевдик чөйрөнүн" колундагы мүлктөр, ишканалар мүлдө улутташтырылып, мамлекеттештирилип жатканы, аны баасын бычып сатуу зарылдыгы дембе-дем айтылып, жазылып, көрсөтүлүп жатат. Ырас, арам оокатты адалдаштырып коюу зарылдыгы дайыма болуп келди, ал улана бермекчи. Бирок, орустар "а судьи кто?" дегендей, адалдаштырчу атуулдарыбыздын өздөрү ким? Чөнтөк кесерлерби же чындап эле мамлекеттик ишмерлерби?
Ушул жерден да кечээки Убактылуу өкмөттүн, азыркы шору катып, эси кеткен өкмөттүн кедейкандары бакиевдик чөйрөнүн колундагы токочту кактап алып коёт да, кечээги өзүнүн өнөгү, №1-сепаратист, кыргыз менен өзбектин ыркын бузган жана көпчүлүктүн канына-жанына забын болгон Кадыржан Батыровдун мүлкү, ишканалары тууралуу үн катып койбойт. Өз "сукин сын" дилге жакынбы?
Деген менен, К.Батыров кыргыз бийлигинин шермендечилигинен кыйла пайдаланып, не бир ишканаларды ошол кездеги баланстык наркынан кыйла арзан тейде менчиктештирип алган. Ал ишканалар өз профили менен иштебей, коомго да, мамлекетке да пайдасы тийбей, бир гана Кадыржандын пайдасына иштеп калган. Мындай абалдын келип чыгышына ошол кездеги бийлик колдон келген жардамын берген, себеби Кадыржандын майлуу токочу жатып ичер чиновниктердин жемсөөсүн толтуруп турган. Буга прокуратура, улуттук копсуздук, ички иштер органдары да кыңк этпей макул болушкан: токочтун баалуулугу мамлекеттин, улуттун баалуулугунан да ашып түшкөн.
Анан апрель, май жана июнь айындагы каргашаларды чогуу жасашкан сепаратисттин арамдап тапкан ишканаларын, мүлкүн мамлекеттештирип алуу идеясы бүткүл мамлекеттин ишпалдасын чыгарып отурган өкмөткө канчалык кызык? Кызык эмес. Бийлик үчүн жана байлык үчүн жасалган үлкөн калптын капкагын ачып алуу коркунучу буга жол бербей калсын. Деген менен, дал ошол Кадыржан Батыровдо Кыргызстанда жүз берген улуттук трагедиянын келип чыгуу себептеринин учугу жатат. Ошондуктан да аны кармап келүү, соттоо иши азыркы жаңы бийликтер турган кезде ишке ашпайт жана калптын капкагы жабык бойдон тура берет.

Шайлоо шермендечилиги - реалити-шоу

Кыргызстан толугу менен эгемендигин жоготуп баратат. Россия бизди нефти менен зордуктайт, Кытай азык-түлүктөн баштап бардык башка продукциялары менен зордуктайт, АКШ наркомафия жана эктремизм коркунучтары менен зордуктайт, Өзбекстан чек араны жаап коюу менен зордуктап жатат. Бузулган формасында зордукталган өлкөнү башкарып отургандар бир гана нерсе - бийликти кармап калууну ойлоп отурушат.
Саясатчылар өлкөнү саясий жактан ич-ара зордуктап жатышат: президент болгусу келгендердин саны эсти кетирген коркунучтун дегээлинде көбөйүп жатат. Кызыгы - өзүн-өзү көрсөтүп чыккандар көбөйүүдө. Бир партиянын ичинен бир нече талапкерлер чыга баштады: көрсө партиялар жөн гана жасалма уюшкан топтор экен. Аларда идеялык биримдиктен саясий амбиция жана жеке кызыкчылык өйдө туруп калууда. Кала берсе ушул партия деген нерсени да түзүктөп уюштура албаптырбыз.
Шайлоо телевидение элди азгырган реалити-шоуга айланды. Мында олуттуу талапкерлер менен кошо анык маскарапоздор да саясий сахнага чыгып, азыркы өкмөттү шерменде кылуу максатын көздөштү. Мындай клоунада бизди тегеректеп турган жакынкы кошуналарда да, алыскы мамлекеттерде да болбой турган нерсе. Бирок, бизде боло берет, себеби бизде баары клоун, баары маскарапоз. Бир гана айырмачылыгы - ким бирөө казынадан акча жейт, башкаларын ким бирөө сырттан багат.
Спектакль башталды. Актерлор бизди сахнадан алаксытып турганда, алардын жөкөрлөрү кийим илгичтеги биздин акыркы жамынчыларыбызды уурдап кетшипесе болду. Же кызыкдар тараптар залда мушташ уюштуруп, эки жаат болуп кырылышып, Кыргызстан деген театрдын күлүн көккө сапырып албасак болду. Маймылга гранатаны карматса, ал аны ойноп отуруп, жардырып алышы турган кеп. Кудай сактасын.

Жалил САПАРОВ,
Жалал-Абад шаары.