кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 71
п»ї


  Саясат жана саясатчылар

Кудай менен түз сүйлөшкүсү келген Нариман
Тоң районунда "Манжылы-Ата" аталган ыйык жай бар экендиги маалым. 7 булактан оорусуна даба издегендер, балага зар адамдар, бу турмушта бактысын таппагандар, жолун ачкысы келгендер суу ичип, сакайып келишет.

Миңдеген адамдар ыйык жайга барышып, сыйынышат. Тоңдогу бу ыйык жай "Манаста" да айтылган. Мына ушул жерге өткөн жума Нариман Түлеев барыптыр. Жөн барбай, тишине чейин куралданган желдеттерин ээрчитип баргандыктан, алар сыйынуу үчүн келген жөнөкөй адамдардын жолун тороп, шефи кеткенче мазарларга, булактарга өткөзбөй турушуптур. Буга албетте, Түлеевдин Кудайга жалгыз сыйынуу каалоосу себеп болгон.
Ошо жерде Түлеевдин келип-кеткенине күбө болгондордун айтымында, жапалдаш бойлуу Нариман Кудайдан "мени президент кыла көр" деп сураныптыр. Катуу суранып ийген окшойт, көп өтпөй Бишкекке нарындык өкүлдөр келишип, "Нариман, биз сенден президенттикке чыгышыңды талап кылабыз" дешти.
Баса, Нариманчик "Манжылы-Атадан" чыгып баратканда ошо жерде сыйынууга келгендер "бу кылганың Кудайга да жакпайт, дал ушунуң үчүн бактың ачылбай, ишенген кожолоруң качып кетти, эми биз сени ошолордун артынан бара тургандай кылабыз. Анын үстүнө сенин мынча жансакчы менен келгениң осол иш, бу жерде өлө турган болсоң, түз бейишке чыкмаксың",- деп катуу сөз айтып, "мат" кылып кайтарышыптыр.


Таскагы катуу чыкты, талпагы чыкпас бекен...
Президенттикке талапкер болчу А.Мадумаров акыркы учурларда өзү тууралуу укмуш ушак таркатып, көнүп алды. Жакында, Путиндин өзүнөн брондолгон джиптерди, күзөтчүлөрдү алганы тууралуу сөз тараган.

Анысын айтпаса деле, Адахандын минип жүргөн 200 миң долларлык эки тулпарынын тегерегинде кеп арбын. Өзү темир тулпарлары тууралуу: "мага белек кылышкан" дегени бар. Ошондон бери коомчулук мынча кымбат балуу машинени Адаханга ким белек кылышы мүмкүн экендигин талкуулап жатат. Үч гана версия бар экен: биринчиси бул джиптерди экс-президент Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, экинчиси криминалдык чөйрө лидерлери Анапияев менен Көлбаев, үчүнчүсү Данияр Үсөнов белек кылышы ыктымал экендиги айтылууда. Эң кызыгы, бу үч версиянын тең чындыкка жакындыгы.
Андан тышкары, учурда Адахандын өтө көп каражат коротуп, үгүтчүлөрдүн өзүнө эле доллар менен жакшы айлык төлөй баштаганы айтылууда. Бу акчалар "элим семирбейин, мен эч семирбеймин" деп айтып жүргөн Адахандын чөнтөгүнө кайдан түштү? Жогоруда кеп кылган тараптардын бирөөсүнөн болбосо, кайдан болмок эле.
Төртүнчү дагы бир версия - Адахандын акыркы учурларда Атамбаев менен тымызын сүйлөшүп, биригип алгандыгы айтылууда. Түштүктүн тың уулдарынын биринин штабын ошондо Атамбаев каржылап жатабы? Эмнеси болсо да, Мадумаровдун штабынан так жооп аларбыз.


Өзүнө ишенбей, күчкө таянган Атамбайип...
Премьер-министр мурда кандай популист болсо, азыр да ошонусунан жазбай келатат. Куру сөз, кургак убада берүү жагынан баарын ашып түшкөнү небак.

Анын кезектеги жомогу - айлык акылар мындан ары квартал сайын жогорулап турат имиш. Буга эксперттер майыгынан жылмайып, күлүштү. Анткени, экономикалык кырдаал күн сайын оорлоп баратат. Бюджет дефицити коркунучтуу чекке жетти. Күзүндө дефолт менен коркуткандар көп. Ушундай болуп атса, кайдагы айлык акынын көтөрүлүшүн күтсө болот. Же Атамбаев сырттан келе турган карыз акчанын баарын ушуга жумшап убактылуу элдин башын айлантып тургусу келип жатабы?
Экинчи жагынан, Атамбаев да элдин кургак убадага ишенбестигин жакшы билет. Ошол максатта жер-жерлерде, министрлик, агенттиктерде административдин ресурсун бекемдөө ишин улантууда. Соңку жумада Ысык-Көл губернаторун алмаштырды, көп жерде министр орун басарлары, аким, мэрлер куулуп, ордуна СДПК мүчөлөрү коюлууда. Бу жол - Бакиевдин тагдырын кайталай турган жол экенин Атамбаевге канча айтсак да, укпай койду. Укпаса-койсо өз иши, ар адамдын убалы өзүндө эмеспи.




Шумдугуң курусун, шумдугуң!
Борборубуздагы коррупциясыз, зымырайган таптаза Кыргыз-Түрк "Манас" университети бар го! Ошонун Айни көчөсүнүн боюндагы бир имаратын соттошуп жүрүп бир жаран утуп алган имиш. Кечээ, 10-августта, таламандын так түшүндө университеттин эмеректерин сыртка серпип салыптыр деп уктук. Бул университеттин мындай зыянга учурашына президент эжебиздин эжеси көмөктөшүптүр деп уктук. "Куруп калсын бул чоңдор" дегенден башка арга калган жок окшойт ко. Улам кийинкиси мурдагысынан да алгыр, илгир болуп баратабы, капырай? Эмнеси болсо да, катылып жаткан былыктар эми сасып-ирип чыгат бейм. Баарынан да, Түркиянын Премьер-министри келгенде куйрук-башын шыйпаңдатып жатып тыйын өндүргөн, жалгыз акам сенсиң деп жалпактап-жулпаңдаган Атамбаев бечара эми түрктөрдүн бетин кантип карайт десең, пай, пай, пай!





Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 134

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 134

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0811_1.htm on line 134


а ­е¦Є.НҐй«