Бегимай БЕКБОЕВА, жеке ырчы:
Продюсер болсо иштешет элем...
- Учурда чыгармачылы-гыңда кандай жетишкендиктер, өзгөрүүлөр болуп жатат?
- Мен чыгармачылыгымды жаңы ырларды кошуу менен өзгөртөйүн деген ойдун үстүндө иштеп жатам. Азыр Ташкент кызы Гүлгө таандык "Сагынам сени" жана Гүлжигит Сатыбековдун "Издеймин Шахзадамды" аттуу ырлардын үстүндө иштеп жатабыз, кудай буюрса, клип тарттырабыз деген пландарыбыз бар.
- Ырларыңды жаздырууда, клип тарттырууда дегеле сенин чыгармачылыгыңда демөөрчүң ким?
- Биздин топ түзүлгөндөн бери демөөрчүбүз жок, өз арабабызды өзүбүз тартып келе жатабыз. Менин эң башкы демөөрчүлөрүм - ата-энем.
- Бекбоевдердин үй бүлөсү кандайча сахна дүйнөсүнө аралашып калган?
- Атам Токтор, апам Жаңыл жыйырма беш жыл театрда иштешти. Ошол жерден таанышып, ошол жерден үйлөнүшкөн. Ал эми, өзүм жөнүндө айта кете турган болсом кичине кезимен бери эле Асель Турдалиева эжекебизди кумир тутчумун. Артист болуп сахнага элдин алдына чыгуу менин кыялымдагы эң башкы эңсөө тилегим эле. Эң биринчи жолу алтынчы классымда Каныкей Эралиева эжебиз сахнага чыгарган. Ата-энем менин ырдашыма каршы болушкан, мугалимдеримдин, тааныштардын "кызыңардын талантын колдогула"- деген сөздөрү аларга көнүмүш сөздөргө айлана баштаган. Качан гана сахнага чыга баштаганда, ата-энемдин сахнага болгон көз карашы өзгөрүп, мен тогузунчу класста окуп жүргөндө өзүбүздүн топ уюшулду. Топ жаңы ачылганда жалаң Бекбоевдердин курамынан түзүлгөн. Азыркы убакка чейин бул топ иштеп келет, азыр болсо жаңы ырчы жигитибиз Рамис Таалайбековду сахнага тарбиялап чыгарууга аракеттенип жатабыз.
- Асель Турдалиеваны кичине кезиңден кумир тукам дебедиңби, биринчи жолу кумириң менен жолугуп сүйлөшкөн күнүң эсиңдеби?
- Нарында концерт болгондо бир дагы концертти коё бербей бараар элем. Мен жеке эле Асель Турдалиеваны эмес, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Алина Жетигеноваларга окшогум келчү. Алардын сахнада өзүн-өзү алып жүргөндүгүн, кийген кийимдерин, сахнанын жасалгаланышын, айтор, мына ушулардын баардыгын туурагым, алардан үйрөнгүм келчү. Асель эженин жолдошу Сабыр байкеде мен бий боюнча машыгып жүргөм, ал кишиге Асель эжени кумир тутаарымды айтып, ырларын, пародия жаратып келип аткарып берсем анча көңүл бурбай койгон. Кайра эле ата-энемдин жардамы менен Асель эже мага көңүл буруп, ырдоомо устат катары жардам берген. Мына ошол учурдан азыркы мезгилге чейин Асель эже мага экинчи апамдай болуп калды. Бирок, негедир биз биринчи жолу чыгармачылык жол, менин тандоом, тилектерим тууралуу сүйлөшкөндө "чыгармачылык жолуңа жардам бербейм, ырчылыктан башка кесипти тандасаң чын жүрөгүмдөн колдойм, ырчы болбой эле кой" деп ырчылыкты тандап алганымды туура көргөн эмес.
- Ырчылыктан сырткары сунуштарга макул болот белең?
- Мага киного тартылуу көбүрөөк жагат. Кандай гана каармандын ролун бербесин мен алып кетет элем, себеби, мен өзүмдү кандай гана роль болбосун аткарып кете алаарыма көзүм жетет. Бирок, ушул убакка чейин ролду жаратуу сунушу боло элек. Андан сырткары, чыгармачыл досторум болобу, курбуларым болобу мен сүйлөп койсом боорун тырмап, сен куудулдардын кызысың да деп калышат. Балким, чын эле өзүмө билинбеген менен ырчылыктан сырткары куудулдук да шыгым болсо керек.
- Сени жакынкы арада авто кырсыгына учурады деген сөздөр чыкты, ушунун чындыгы барбы?
- Сырттан караган адамга артисттин жашоосу алда канча жеңил, кызыктуу сезилет. Чындыгында, сахнадагы жашоо башка, сахнанын артындагы жашоо башка. Өзгөчө, гастролдо жүргөн убакта кыйынчылыктар өтө көп болот. Элдин арасында "Азыр жумушум жок болуп жатат, артист болуп турсамбы"- деген сөздөр айтылат экен, мен ойлойм ал адамдар артисттин жашоосун көрбөгөн деп. Жакында өзүмдүн сахналаш досум Дайыр Исмадияровдун концерти менен Илияз Андаш мен болуп Россияга барып келдик. Ал жакта бизди абдан жакшы тосуп алышты. Анан кырсык каш менен кабактын ортосунда деп коёт экен, шаардан чыгып, башка шаарга кетип бара жатканда 16-июнь күнү, таңкы саат алтыда биз бараткан авто унаа алты жолу аласалып кетти. Кудай бизди чоң сактады, мен да жаракаттарга кабыл болуп, мурдум сынды. Ооруканага жатып баардыгыбыз жакшы болуп чыктык.
- Сенин жашооңдо легендарлуу Раймалыдай бирөө колун сунса, эмне деп жооп берээр элең?
- Чындыгында, менин чоң апам "Махабат дастаны" кинотасмасындагы Бегимайдын атынан койгон экен. Кичине кезимде кинодогу Бегимайга да окшоштуруп коюшчу, өзүм дагы мен кинодогу Бегимаймын деп чогуу ойногон балдарга сыймыктанат элем. Балким, атына жараша заты дегендей болсо керек, мага негедир өзүм теңдүүлөр эмес жашы улуу адамдар жолугат. Негедир өзүм теңдүүлөр менен, эки-үч жаш улуу балдар менен сүйлөшө албайм.
- Колуңду сурап келгендер деле көп болсо керек?
- Албетте, кандидаттар көп (күлүп). Колумду сурап келгендердин көбү токтолуп калган жаш эмес балдар. Бирок, бирөөнө дагы макулдугумду берген жокмун. Курбу кыздарымдын түтүн булатып, балалуу болгондорун көрүп мен дагы турмушка чыккым келет. Бирок, мен азыр чыгырмачылыкка гана көңүл бурууну туура көрдүм. Менимче, 25 жашымда турмушка чыксам деле туура болсо керек, менде дагы убакыт бар.
- Силердин топтон жаңы чыгып жаткан Рамис жөнүндө сөз кылып берсең?
- Рамис өзү абдан таланттуу бала. Биз галстролдоп жүргөн убакта эле, окуусун таштап биз менен чогуу жүруп, ырчы болууну суранат эле. Атамдар болсо окуусун бүткөндөн кийин деп жоошутушчу. Рамистин мүнөзү жөнүндө айта турган болсом, өтө жароокер, тың, эмгекчил, жоопкерчиликтүү бала. Биз топко ала электе кыялданган мүнөздөр Рамистен табылды десем жаңылышпайм. Бир жылдын ичинде Рамис өзүнүн мыкты экендигин көрсөтө алды. Ырдан сырткары сатираларга да катышып, атамдын колуна кол болуп жүрөт. Рамис өзү, карындашы жана атасы болуп турушат. Тилекке каршы, апасы дүйнөдөн өтүп кеткен. Азыр ага жөлөк болуп жүргөн атасы. Ал эми, биздин үйдө эки кызбыз да эркек бир тууганым жок, ошол себептен ал бизге бир тууган болуп калды.
- Рамистин ырдап чыгып жаткан ырларын ким тандап берет?
- Негизинен Рамистикин гана эмес, менин ырларымды дагы баардыгыбыз чогуу тандайбыз, бири-бирибиздин пикирибиз баардыгыбызга тиешелүү.
- Сенин гастролдоп кетишиңе ата-энең кандай көз карашта?
- Атам, апам эч качан каршы болбойт, көбүнчө атам мага Бегимай бул сенин жашооң, сен аны кандай кылсаң өзүң билесиң, биз сага колубуздан келген жардамыбызды кылып ушул эрезеге жеткирдик, эгерде кааласаң, бизден бөлүнөм десең да биз капа болбойбуз деп айтышат. Анткени, апам, атам мага чын жүрөгүнөн ишенишет.
- Кийген кийимдериңди ким көзөмөлдөйт?
- Менин продюссерим жок болгондуктан ырды, концертти атам уюштурса кийимди мен өзүм тандайм, ал эми менин сынчым өзүмдүн сиңдим Айнура. Эми биз үй-бүлөлүк топ болгондуктан, ал жерде бир гана менин күйөрмандарым эмес, ата-энемдин күйөрмандары бар. Ошол себептен мен өтө ачык, кыска кийинүүдөн алысмын. Акыркы күндөрү эгерде атам Рамиске продюссер болуп кетсе, мага да бир жакшы продюссер болсо чогуу иштешүүгө макулдугумду берсем деп ойлоп жүрөм.
- Кыргыздын ала качуу салтына кандай көз караштасың?
- Албетте, мен кыргызымдын каада-салтын сыйлайм, бирок ала качууга каршымын. Эгерде мени бирөө ала качып кете турган болсо мен олтурбайм. Кыз олтурбай кетем десе, алдына нан коюп, улуу апалар жатып алып мени аттап кет деген учурларды угуп калам. Эмне үчүн ошол эшиктин алдында жаткан апа үчүн мен өзүмдүн бактымды байлашым керек. Албетте, улууларды сыйлаш керек, бирок, эмнеге улуулар ушундай ишке барышаары мени өкүндүрөт. Тааныштарыбыздын арасында кыргыздын ушундай түркөй, өз кызыкчылыгын гана ойлогон салтын аттап кете албаган кыздардын турмушу бузулуп калганын көрүп-билип жүрөм, кудай сактасын мен андай болгум келбейт.

Суроо салган
Элиза БЕККОЖОЕВА