Камчыбек Ташиев:
"Ата-Журт" мекенчил саясий партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин курултайда сүйлөгөн сөзү
"Адилеттүүлүк тебеленип жатканда, жөн гана карап тура берүү - менин принцибиме туура келбейт"...
Урматтуу
"Ата-Журт" партиясынын 7-курултайынын катышуучулары!
Урматтуу делегаттар!
Урматтуу коноктор!
Бүгүн биздин курултайга республиканын бардык аймактарынан шайланып келген миңге чукул делегаттар катышууда. Алар өз аймагынын татыктуу инсандары. Партиябыздын бул жылдагы эң негизги окуясы болгон кезектеги курултайына катышууну каалагандар мындан да арбын. Бирок, алардын баарын бул залга батыра албайт экенбиз. Ошондуктан, ушул шайланып келген делегаттар аркылуу "Ата-Журттун" жер-жерлердеги мүчөлөрүнө, биздин колдоочуларыбызга ыраазычылык билдирип, салам жолдогум келип турат. Биздин шайлоочуларга ушул трибунадан былтыркы парламенттик шайлоодо бизди колдоп, добуш берип, марага биринчи болуп келгенибиз үчүн таазим этем! "Ата-Журт" дегенде биз сиздерди түшүнөбүз! Сиздер болбосоңуздар биздин партия көрксүз, урматтуу партиябыздын мүчөлөрү!
Мен өз сөзүмдүн башында "Ата-Журт" парламенттик фракциясынын иштей баштагандан бери өткөн жарым жыл аралыгында жасаган иштерине токтолуп өткүм келет. Парламентте биздин фракциянын мүчөлөрү 4 комитетке жетекчи, дагы 4 комитетте төраганын орун басары болуп дайындалышты. Жалпы-жонунан биз фракциянын 29 жыйынын өткөзүп, 104 маселе карадык."Ата-Журттун" депутаттары тарабынан 63 мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин 8 токтому кабыл алынды. Фракцияда "өкмөттүк сааттар" өткөзүлүп, көйгөйлүу маселелер боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн жообун угуп жаттык. Биздин партиянын атынан, коалициялык макулдашууга ылайык, өкмөт курамына кирген жетекчилердин да иши дайыма көзөмөлгө алынууда. Башында эле бизди уят кылып, туура эмес иштерди жасашса, партиянын мүчөсү болушса да, аёсуз чара көрөрүбүздү айтканбыз. Учурда алардын бир нечесинин ишине нааразы болгон кайрылуулар түшүүдө. Булардын негизинде конкреттүү чечимдер чыгарылат. Андан жакында кабардар болосуздар.
Парламент ишин баштагандан бери, биз шайлоочулар менен өтө тыгыз иштедик десек жаңылышпайбыз. Май айында мен түштүктө 50дөн ашуун жолугушууларды өткөздүм. Жалпысынан ага 100 миңдей адам катышты. Бир чети шайлоочуларга ыраазычылык билдирүү менен, карапайым элди кайсы маселелер кыжаалат кылып жатканын жакындан билип кайттым. Бийликтегилердин буту баспаган Тогуз-Торо, Нура, Чоң-Алай, Дароот-Коргон, Ак-Талаа, Ала-Бука, Чаткал сыяктуу ондогон тоолуу, алыскы айылдарга чейин бардым. Бул жолугушуулар мага өзгөчө таасир берди. Эң негизгиси - эл өкмөттүн калп сөздөрүнөн тажаптыр. Арзан кредит, жазгы талаа иштерине карата күйүүчү май бөлүп берүүгө байланышкан маселелерден баштап, республикалык деңгээлдеги бийликтин иш-аракеттерине ичтери чыкпай жатышканын билдиришти. Эл менен жолугушуулардын негизинде мен фракциянын иш планын түзүп жатам. Шайлоочулардын койгон ар бир талабы жерде калбайт, жооптуу болгон жетекчилер маселени чече албаса, ордуна башкаларды алып келүү жагын катуу талап кылабыз. Шайлоочулар менен өз айылдарына барып жолугушуудан сырткары, биздин кабыл алуубузга келген адамдар да көп. Фракция депутаттары 6,5 миңдей миңдей адамды кабыл алган, 5 миңдей кат-кайрылуулар келип түшкөн.
Фракция тарабынан кат-кайрылуулар, жолугушууларда түшкөн арыздардын негизинде бир топ иштер жасалды. 2011-жылы аткарыла турган иштердин мамлекеттик титулдук тизмесине курулушу бүтпөгөн 5 мектеп киргизилди, ага бюджеттен 62 миллион сом каралды. 6 чакырымды түзгөн "Чапаев-Интернационал" автожолун капиталдык ремонттон өткөзүүгө 17,5 миллион сом бөлүнгөн. Айбек айылында жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп калган мектептин курулушуна 45 миллион сом бюджеттен бөлдүрүүгө жетиштик. 1-июнь, Балдарды коргоо күнүнө карата парламент төрагасынын фондунан жетим-жесирлерге жана Оштогу кыргындан кийин ата-энесиз калган балдарга 50 миң сом бөлдүрдүк. Ысык-Көл облусунун балдар үйүндө тарбияланып жаткан 161 балага белек-бечкектер тартууланды. Республиканын ар кайсы аймагындагы 5 мечиттин электр энергиясы үчүн жалпы 36 миң сомдук карызын төлөп бердик. 8 орто мектептин алдыңкы окуучуларына жалпы 50 миң сомдук депутаттык стипендия берилди. Эгерде мен бул тизмени окуй берсем, уланып кете берет. Убакыт жетишпей калышы мүмкүн. Жеке жардамдар тууралуу айтсам, отчеттук мезгил аралыгында биздин фракциянын депутаттары тарабынан жалпысы 1 миллион сомдук жардам берилиптир. Фракция лидери катары, жеке өзүм, элдин көйгөйлүү маселелерин чечүү багытында шайлоочуларга 20 миллион сомдун тегерегинде жардам бөлдүм.
Албетте, биздин фракция тарабынан парламент трибунасынан ар дайым көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп келе жатат. Ачуу чындык биздин депутаттар тарабынан көп айтылат. Биздин элдик позициябыз көпчүлүгүнө, айрыкча, президентке, өкмөт жетекчилерине жакпасы бышык. Дал ошол себептен да "Ата-Журтту" жаманатты кылып көрсөтүү аракетин күчөтүп жатышкандыгы бышык.

Урматтуу делегаттар жана коноктор!
2010-жылдын апрелинде кыргыз элинин жашоосунда жаңы барак ачылгандыгын буга чейин бийликте олтургандар тынбай кайталап, барган жеринде мактанып айтып жүрүшөт. Анда калыстык үчүн, ошол жаңы тарых бизге эмне тартуулаганын талдап көрбөйлүбү? Мен парламент трибунасынан бекеринен 7-апрелдеги окуялардын хронологиясын түзүү керектигин көтөрүп чыкаан жокмун. Бул элдин талабын президентке түздөн-түз угузганымдын кесепети кандай болгондугун бардыгыңыздар көрдүңүздөр. Чын кепке чычалаган бийлик болбогон жерден кылмыш ишин ачып, менин саясий карьерама бут тосууга аракет жасады.
Чынында 7-апрелде эмне болгон? Буга ошол күндөрдөгү хронологияны түзсөк гана жооп табылат. Кимдин кайсы саатта кай жерде болгонун биле турган болсок, көп нерсеге көзүбүз ачыла түшмөк. Ооба, эгерде бакиевдик режим чектен чыгып кетпегенде, төңкөрүш болмок эмес. Булардын үй-бүлөлүк туура эмес саясатынын жыйынтыгы ушуга алып келди. Албетте, бул режимдин башында тургандар жоопко тартылышы керек. Ошол эле учурда, элди ишендирип, көчөгө алып чыккан оппозиция мүчөлөрү да бейкүнөө адамдардын канынын төгүлүшүнө жоопкер. Ушундай болуп кетерин алдын-ала билип, өз жактоочуларын сактап калуунун чараларын көрүшү керек болчу. Аянтта кан төгүлүп жатканда булардын бири да басып келип, жамгырдай жааган октон оолак турууга чакырган эмес.
Ошо кандуу окуядан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн иш-аракетине бааны эл берди. Лидерлери бийликте олтурган партиялар парламенттик шайлоону уттуруп жибергенине күбөбүз. "Бизди эл колдогон",- деген ооз көптүрмө сөз экени билинди. Эл апрелде колдосо, жарым жылдан кийин да колдомок. Убактылуу өкмөттүн тушунда экономика ылдыйлап кеткени жашыруун эмес. Ушу кезге чейин бакнтардын кутучаларынан алынган миллиондогон каражаттар үчүн эч ким жооп бербеди. Эң негизгиси - Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өзбек сеператисттери менен достошуп, аларды саясий аренага бош коё бергендигинин кесепетинен Түштүк коогалаңы чыгып олтурат.
Бир эмес, бир нече комиссия өз корутундусунда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн күнөөсүн далилдеди. Бирок, булардын бири да, эч болбосо саясий жоопкерчиликке тартылган жок. Түштүктө шайлоочулар менен жолугушуу учурунда элдин койгон конкреттүү талабы - былтыркы июнь коогалаңынын күнөөкөрлөрүн таап, жазалоо болууда. Бийлик каргашанын бир жылдыгында да, ага чейин да бул тууралуу бир ооз да сөз айтпады. Эмнеге? Жеке мен жакшы билем - бул тема козголгон сайын бийликтегилер өздөрүн ыңгайсыз сезишип, аны көтөрүп чыккан адамдарды жек көрө башташат. Парламентте президент Отунбаевага да муну ачык айтып, эл талабын билдирдим эле. Жооптун ордуна колунда бар күчтөр менен куугунтук уюштуруп жаткандарына караганда, бийлик чындыктын чыгып кетишинен коркуп турат. Менден журналисттер көп сурашат, "эгерде президент болуп калсаңыз, биринчи кайсы ишти бүткөрөсүз?" маанисинде. Президенттик Кудай маңдайына жазган адамга гана буюрат. А мен, ким болбоюн, ушул маселени аягына чыгарам! Бул жолумдан мени эч ким артка кайтара албайт. Себеби мен ошо каргашанын чок ортосунда жүргөм. Атасын, энесин, эже-сиңдисин, ага-инисин, жакынын жоготуп зар какшаган адамдардын ыйын көргөм. Көпчүлүгү менен жакындан таанышып, арыз-муңун уккам. Ошондо бийликтеги аткаминерлердин бири да басып келбей койгондо, эки элди арачылап, өз өмүрүмдү тобокелге салган учурларым болду. Мына ушунун баарын баштан өткөзгөн адам катары, бу жерде адилеттүүлүк тебеленип жатканда, жөн гана карап тура берүү менин принцибиме такыр туура келбейт!
Эсиңиздерде болсо, урматтуу "Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү, биз парламенттик шайлоо алдында апрель жана июнь окуяларын толугу менен иликтеп чыгууну убада кылганбыз. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи олтурумунда биздин партиянын демилгеси менен депутаттык комиссия түзгөнбүз. Түштүктөгү коогалаңды бир нече комиссия иликтөөгө алган. Анын ичинде улуттук комиссия жана Эл аралык көз карандысыз комиссия бар. Бирок, түштүктөгү коогалаң боюнча чындыкты бир гана биздин демилге менен түзүлгөн парламенттик комиссия алып чыккандыгын баса белгилеп коюушубуз керек. Башка комиссиялар тыянагын чыгарганда эл ичинде канча уу-дуу кеп жүргөн. Ачык эле, эл ичинде бүлүк салган тыянактар чыгарылган болчу. Мына ошолордун арасынан, "Ата-Журттун" талабы боюнча иш алып барган депутаттык комиссиянын бүтүмү алда канча жогору турат. Чындыкты көзгө сайып көргөзүп бердик. Дагы кайталайм, биз өз убадабызды жерге таштаган партия эмеспиз. Июнь окуяларын элге убада бергендей, калыс изилдеп чыктык. Депутаттык комиссиянын бүтүмү кандайдыр бир деңгээлде, июнь окуяларында жакындарын жоготуп, сай-сөөгү сыздап олтурган адамдардын көкшүнүн суутту десек болот.

Урматтуу курултайдын делегаттары!
Урматтуу коноктор!
Бийлик элдин ишеничин актаган жок. Коомдун кайсы тармагы болбосун, сезилердик жылыштар болбой жаткандыгын моюнга алышыбыз керек. Парламенттик башкарууну киргизүү боюнча эксперимент өз жемишин бербегендигин бул жерде баса белгилеп коюуга милдеттүүбүз. Мунун натыйжасында бийлик институттары толугу менен талкаланды. Бийликтин таасири жоголду. Борбордун буйругу жер-жерлерде аткарылбай жатат. Ошонун баары жалпы экономикалык абалга таасирин тийгизип, инвесторлорду чочуткан негизги фактор болуп калды. Бүгүн бакиевдик диктатураны бетке тутуп, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ката жолун сунушташканы белгилүү болуп калды. Мындай башаламандыкта тартипти талап кылууга да болбой калды. Элдин турмушу болсо начарлагандан начарлап бараткандыгы тангыс факт болуп калууда. Өкмөттүн бюджет, инвестицияларды тартуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, өндүрүштүү жандандыруу багытындагы бир да убадасы аткарылган жок.
Жакындагы эле Бостери айылында болуп өткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургандардын ортосундагы жаңжал - бийликтин дагы бир кеңири рекламалаган кримчөйрөгө каршы күрөшү кандай өңүттө кетип жатканын далилдеди. Криминалдык лидерлер бүгүнкү күндө өсүп келаткан муундун идеалына айланып калгандыгы жашыруун эмес. Алар жаңы маркадагы машинелерди минишет, кийген кийимдери, жүргөн кымбат ресторандары жаштарды ушулардай болууга түртүүдө. Криминал менен күрөш - социалдык маселелерди чечпесек, эч качан жемишин бербейт. Жумушсуздук, жакырчылыкты биринчи жеңиш керек. Ансыз бир да бийлик бул маселени чече албайт. Ошондуктан, бийликтин бул аракетин жөн гана пиар деп айтып койгонубуз дурус.
"Ата-Журт" партиясы өлкөдөгү стабилдүүлүктү баарынан жогору койгондугу үчүн парламенттик башкаруу коалициясына кирген. Биз өкмөттү түзүүгө жардам бердик. А бирок, булар биздин, демек, шайлоочуларыбыздын алдындагы милдеттенмелерин унутушту. Анын ордуна өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына туура келген маселелерди чечүү менен убара болушууда. Мындай темп менен кете беришсе, буларды да Акаев менен Бакиевдин тагдыры күтүп турарын ачык айткым келет.

Урматтуу делегаттар!
Урматтуу коноктор!

Мен өз сөзүмдө өлкөдөгү кырдаалды сүрөттөп өттүм. Албетте, дагы көп нерсени айтсам болмок. Бирок, канча айтпайлы, анын баары өлкө ичиндеги кризиске келип такалат. Мындан улам, эл да чындыгында күчтүү мамлекетти курууга жөндөмдүү күчтөрдүн, болгондо да жаш лидерлердин бийликке келишин күтүүдө. Көпчүлүгү ошондуктан, эртеңки күнүн биздин партия менен байланыштырып жатышат. Ошондой оор кырдаалда, биз сөзсүз, алдыда келе жаткан президенттик шайлоого катышуубуз керек. Биздин андан жеңүүчү болуп чыгарыбызга ишенем!