Олуттуу ой

Ректор
Рысбек Нургазиев:
"Улуттук макамга ички уңгубуз дал келсе гана өзгөрүү болот"
Республиканын айыл чарба тармагы эзелтеден эле маанилүү тармак аталып, аталган тармакты үзгүлтүксүз жаңы адистер менен толуктап, камсыздандыруу учурунда Скрябин атындагы айыл-чарба институтуна жүктөлгөн. Ал мезгилден бери эчендеген жогорку билдирүү адистердин муунун даярдап чыгарган бул окуу жайдан кезинде дүйнө окурмандарынын жүрөгүнөн орун алган залкар жазуучу, улуу инсан Ч.Айтматов окуп, билим алганы жалпы журтка маалым.
Арийне, өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгон 20 жылдын ичинде институтта бир катар өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, жарым кылым убакыттан ашуун институт даражасы менен жашап, турмуш кечирип келген окуу жайы адеп академия наамын алып, кийин ал кайра түзүүгө дуушарланып, азыр Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети деген улуттук макамга ээ болуп келүүдө.
Анткен менен окуу жайдын атын өзгөртүп, же "улуттук" деген макам берип коюу менен эле өзгөрүү болуп кетпейт.Иштин баары анын ички мазмунунда сапаттык өзгөрүү жасоодо жатат. Ушул өңдүү дагы башка орчундуу маселелердин тегерегинде өзүнүн оюн бөлүшкөн окуу жайдын ректору, ветеринария илиминин доктору, профессор, улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Нургазиев Рысбек Зарылдыкович гезитибизге маек куруп берген.

-Рысбек Зарылдыкович, сиздин бул окуу жайына ректор болуп келгендеги алгачкы кадамды эмнеден баштадыңыз жана келечегинде кандай жетишкендиктерди көрө аласыз?
- Биздин окуу жай "Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети болуп түзүлсүн" деген 2009-жылдын 26-октябрындагы Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгына ылайык "улуттук" макамга ээ университет катары иш жүргүзүп келүүдө. А мен болсо 2010-жылдын 29-декабрында ректорлукка дайындалып келдим. Бирок президенттин жарлыгы чыккан 1жыл, 2айдан бери жаңы түзүм боюнча уставы жок жашап келиптир. Демек,ушул аралыкта уставы жок, түзүмдөр бекитилбей, мыйзамдаштырылбаган шартта иш жүргүзүлгөн. Ошондуктан биринчи кадамды өзүбүздүн ишибизди мыйзамдаштыруудан баштадым. Адегенде 12 министрликтин макулдугун алганбыз. Кийин өкмөттүн регламенти өзгөрүп кеткендигине байланыштуу кайрадан 16 министрликтин макулдугун алууга туура келди. Ошентип 4ай ичинде, 20-апрелде уставды өкмөттүн токтому менен бекиттирүүгө жетиштик. Натыйжада ушул кыргыз өкмөтүнүн токтому чыгып, устав бекиген күндөн тарта окуу жай расмий түрдө "улуттук" макамы бар агрардык университети аталышка ээ болуп, түзүм бекилди.
Экинчиден, мен ректор болгонго чейин окумуштуу адис катары дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөлөрүндө болуп, ал жерлердеги айыл-чарба адистерине каралган артыкчылыктуу жактарын, илимий жактан кандай өнүгүүлөр болуп жаткандыгын кылдат байкап, керектүү таасирлерди алгам. Ошондон улам, Жогорку Кеңештин агрардык комитетинен 6депутатты университетке чакырдым. Комитетти жетектеген депутат Сакебаев башында турган депутаттык топ биздеги окуу корпустарынын, илимий лабораториялардын абалын көрүп, таанышкан соң, ырасында эле мындагы абал өтө кейиштүү экенине ынанышты жана ушундан кийин ыйлагыдай аянычтуу шартта орчундуу тармактын адистерин даярдап жатканыбызга таң калышты.
Улуттук деген улуу макамыбыз болгону менен ички жагдайларыбыз кейиштүү абалда болгон соң, эч кандай натыйжалуу өзгөрүү болбойт. Андыктан кийинки чечкиндүү кадамым окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуу жана илимий лабораторияларды заманбап шартка ылайыктап жасоо багытында жасалмакчы. Өзгөчө инжнердик, агрономиялык, ветеринардык жана жаратылышты жайгаштыруу (мурдагы гидромелиорация) факультеттеринин лабораториялык корпустарын эл аралык деңгээлдеги шартка ылайыкташтырып, адистерди окутуп, даярдоо зарыл. Анткени азыркы учурда Бишкек жана Чүйдү эске албаганда, Кыргызстан боюнча ветеринардык кызматкерлердин тейлөөдөгү жетишкендиги 50% гана түзөт экен. Бул ветеринарлардын жетишпестигинин далили. Ал эми жаш бүтүрүүчүлөр айылдарга барып иштебейт. Өлкөдөгү калктын 70% айыл жеринде жашайт. Анын үстүнө республика агрардык өлкө болуп саналгандыктан университет өлкөдөгү жападан жалгыз агрардык жогорку окуу жайы эсептелинет. Андыктан биз эң алды өзүбүздүн негизибизди, сапаттык деңгээлибизди көтөрүү башкы маселе болуп турат. Ушуга байланыштуу дыйканчылык, ветеринардык, мал-чарба жана жайыт, гидромелиорация институттары биздин курамга кирди. Анткени дүйнөлүк тажрыйбада мындай чоң илимдер университеттерде ишмердүүлүк жүргүзөт. Ушул өңүттөн алып караганда бул туура кадам деп эсептейм. Эми биздин студенттер жогорудагы 4 илимий изилдөө институттарынын базасында, чарбаларында практикадан өтүшөт. А институттун кызматкерлери мында сабак өтүшүп, биздин окутуучулар ал жакта илимий иштерин жасашат. Мындай өз ара тыгыз кызматташуу аракеттери мындан да терең багыттарда жолго коюлуп, улантыла берет.
Кеп башында сөз болгондой мен дүйнө өлкөлөрүндө болгондо мүмкүнчүлүгүмө жараша ошол жерден заманбап лабораторияларды ала келгенге далалаттангам. Жакында эле университеттин окутуучуларын, декан, проректорлорун өзүм мурда иштеп кеткен ветеринария инстиутунун лабораторияларын көргөзүп келдим. Алар бул лабораториялардагы жетишкендиктерди көрүшүп, абдан таасирленип кайтышты. Анткени мында дүйнөдөгү жетишкен эң мыкты лабораториялар орнотулган. Айталы, геномдук негизде микропторду, бактерияларды изилдей турган лаборатория 150000 АКШ долларына алып келинген. Ошондой эле ар бири 25000 АКШ долларына барабар эки микроскоп орнотулган. Эми келечекте буюрса, ушундай жетишкен илимий лабораторияларды университетке да алып келип, студенттердин мыкты билимдерин калыптап, сапаттуу айыл чарба адистерин даярдап чыгаруу максаттарыбыз турат. Биздин өлкө агрардык өлкө болгон соң, заманбап агрардык билим берүүнү калыптамайынча мамлекеттин өнүгүшү кыйын болот.
Учурда президенттин, өкмөт жетекчилеринин бул багытта койгон талаптары да абдан туура болууда. Андыктан ушундай багыттуу өнүгүү шартында менин бул жерге жетекчиликке келгендеги бир гана максатым бар. Ал айыл жериндеги калктын турмуш-шартын жакшыртуу үчүн айыл чарбасына тиешелүү илимди көтөрүү жана элибиздин айыл чарбасын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошо ала турган мыкты алдыңкы адистерди даярдап чыгаруу милдети десем жаңылышпайм.
- Илимпоз адис катары айтсаңыз, тармактагы кандай өксүттөрдү байкадыңыз жана кандай жолдор аркылуу бул өксүттөрдү жоюуну сунуш кыласыз?
- Эгерде статистикага таянсак, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарынын жети гана пайызы кайра иштетилет. Калган 93 пайызы чийки боюнча сатылат. Бул эмнени түшүндүрөт? Албетте,биздин дыйкандар 6 ай бою сарптаган эмгегин тегинге берип жатат десек болот. Ошондуктан Кыргызстанда майда-майда чакан өндүрүш ишканаларын ачууну көбөйтүү зарыл. Бул азыр гана боло калган сөз эмес. Канча мезгилден бери сиз айткандай сөз жүзүндө айтылып, иш жүзүндө майнап болбой келүүдө. Жөнөкөй мисал: мал, кой өстүргөн фермер бодо малдын башын 30-40 миң, койдун башын 5-7 миң сомго сатып жатат. Эгерде ошол кой, мал союлуп, талаптагыдай таңгакталып, сатыла турган болсо, анда эки-үч эсе кымбат сатылмак. Ал эми бир үйдө 10 уй кармалып, күнүнө ар бири 5 литрден сүт берсе деле чыгаша боюнча кармаша берет. Анын ордуна ар бири отуз литрден сүт берген эки баш асыл тукум мал бакса, ал он уйга салыштырмалуу эки эсе көп пайда алып келет жана кеткен чыгым да натыйжалуу болот. Мен ветеринария институтунда иштеп жүргөн учурда 50 га жер бар болчу, анын 25 га аянтына күздүк эгин себилчү. Аягында гектарынан 47 центнерден түшүм алынат эле. Бул жерде окуу чарбасынын 160 га жери бар экен. Алар эгилген эгиндин түшүмүн 22 гана центнерден алышыптыр. Эми талап койдум, 5 га тажрыйба талаасына эгин сээп, түшүмүн сексенден алуу боюнча. Албетте, буга баардык шартты түзүп берем. Себеби, биз илимий негизде дыйкандарга айдап себүүнү, жана мол түшүм алуунун жогорку маданиятын үйрөтүүбүз абзел. Мындан сырткары ветеринария боюнча акыбалыбыз оор. Дагы эле мисалга токтолсом, бурцеллёз оорусу менен ооруган адамдардын, малдардын саны боюнча Кыргызстан адыңкы орунда турат. Жылына 4000 адам ушул ооруга чалдыгат. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө 4 адам бурцеллёз болуп ооруса, бул улуттук трагедия катары кабыл алынат. Коомубузда айтылган кеп бар: "Медицина адамды даарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт"- деген. Анын сыңары элдин, мал-жандыктын саламаттыгын сактоо боюнча зарыл болгон жумуштарды жүргүзүп жатабыз.
- Сиз айтып жаткандай маселенин илим жагы, адистерди даярдоо жагы өзүнчө бир маселе.Ал эми экинчи жагы - ошол даярдалып чыккан адистердин иш менен камсыз болуп, өз ордуларын табуу жагы кандай болот?

(Уландысы 14-бетте)

(Башталышы 10-бетте)

- Сиз туура маселе койдуңуз. Мурда союз учурунда бардыгы өз орду менен болуп, бүтүрүүчүлөр шыр эле ишке орношуп, өз ордуларын таап кеткен. Азыркы базар мамилелери шартында андай эмес. Мурдагыдай колхоз-совхоз деген жок. Баардыгы жеке менчикке өтүп алган. Антсе да бул бизге шылтоо болбоо керек. Мынакей, имаратыбыздын 1-кабатынан атайын кайра даярдоо курстарынан өткөрүү үчүн борбор түзүп ,окутууга 4-5 аудиторияны бошоттуруп жатам. Анда ветеринарлар үчүн айыл жеринде жашап туруп, кантип акча табууга, кантип мамлекет үчүн иштесе болот? -деген маселеде билимдерин жогорулатуу боюнча кайрадан окуудан өтүшөт. Натыйжада айыл шартында деле элдин мал чарба, дыйкан чарбаларына илимий жактан тейлөө көргөзүү аркылуу 15000ден кем эмес айлык акы табууга үйрөнүп чыгышат.
- Маалым болгондой, сиз Канада мамлекетинин Кыргызстанда биолаборатория куруу долбоорунун координаторусуз. Долбоордун Кыргызстанга кандай пайдасы бар. Ага каршы чыгып жаткандардын пикирине оюңуз кандай?
- Орчундуу суроо болуп жатат. Аталган долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Анткен себебим, 2008-жылы эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюлган. Ошол эле жылы декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Андан соң президенттин жарлыгы чыгып, ал өкмөт токтому менен бекитилген. Токтомго ылайык илимдер академиясы 4 га жер аянтын ботаникалык бактан ажыратып берген. Эмне үчүн ботаника багынан жер ажыратылып берилгендиги жөнүндө азыркы күндө маселе жаралууда. Учурдан пайдаланып, элге дагы бир ирет түшүнүктүү болсун үчүн "Эмне үчүн бул биолабораторияны Канада өзүнө курбайт?"- деген суроого ачык жооп бере кетейин. Канаданын өзүндө 110дон ашуун мындай лабораториялар бар. Ошол эле Америкада 200дөн ашуун лабораториялар жайгашкан. Бул жерде кандайдыр бир жашыруун сыр деле жок. Мен билгенден Японияда 37 ушундай лабораториялар бар, башка дагы көп болушу мүмкүн. Европа мамлекеттеринин ар биринде мындай лабораториялар курулган. Келишим кол коюлуп, ратификациялангандан бери 2 жыл аралыгында Канада мамлекети лабораторияны курууга жер сурап, күттү. Бирок, айыл чарба да, саламаттыкты сактоо министирлиги да жер таап бере албаган соң, долбоордун мөөнөтү аяктап бараткандыгына байланыштуу алар кете турган болгондо Улуттук илимдер академиясынын президенти Шарипа Жоробековнага чоң рахмат, ал киши илимди терең түшүнгөн, кыргыз элинин келечегин ойлогон патриот инсан катары маселеге баа берип, "албетте, эгерде министрликтер жер таап бере албаса, анда кыргыз элинин эртеңки жаркын келечеги үчүн акыбыз жок экендигине карабай 4 га жерди ботаника багынан ажыратып бергенге макулдугубузду беребиз," -деп өкмөткө кат жазышып, ошонун негизинде ботбактан жер берилип калды. Бул лабораториянын бир жакшы жери- бир лабораториянын ичинде 7000 кв.метр жалпы аянттын 3000 кв.метри айыл чарба министрлигине, 3000 кв.метри саламаттыкты сактооо министрлигине, калган 1000 кв.метри Улуттук илимдер академиясына берилмек. Негизинен мында диагностика кыла турган гана лаборатория болмок. Эч кандай бактериология иштеп чыга турган жана башка негизсиз пикирлерде айтылгандай нерсе жок. Мында эл негизги бир нерсени гана туура түшүнүүлөрү керек. Шаарда андай кырдаал болбосо да айылдарда мал жандыктар бурцеллёз, шарп ылаңы менен ооруп жатат. 2004-жылдан бери Кыргызстан "эндемикалык аймак" болуп калды. Анткени оору жыл сайын чыгып, күчөп жатат. Анын кесепетинде фермерлер миллиардаган зыянга кабылышууда. Буларды эч ким эсептеген жок. Жогорудагы ооруларды эл аралык деңгээлде текшерүү үчүн Москвага, Владимирге жөнөтүшүбүз керек. А өзүбүздөгү лабораториялардын эл аралык сертификаты жок. Ошол үчүн башка өлкөлөргө жөнөтүп, убаракерчилигин айтпаганда, чоң чыгымдарга дуушар болуудабыз. Ал эми жогорудагы биолабораторияны канадалыктар бизге куруп берип, ичине лабораторияга керектүү бардык заманбап жабдууларды орнотуп, эл аралык сертификатты колубузга тапшырып кете беришмек. Ошондой эле бул лаборатория 3-деңгээлдеги коопсуздугу корголгон лаборатория болмок. Демек, бул жерден эч нерсе, эч жакка чыкпайт. Тескерисинче, анын ичинен чыккан аба, сырттан кирген абадан таза болот. Дагы бир артыкчылыгы айыл-чарба азыктарын фермерлер ушул жерден эле сертификаттатып, каалаган жагына кең-кесири чыгара беришмек.
Жогоруда айтылган 4000 оору расмий катталганы гана. Андан сырткары 2000ден ашуун дарыгерлерге кайрылбаган адамдар ооруп жатышат. Ушундай темпте бара бере турган болсок, 10 жыл аралыгында 50 000 адам, анын ичинде 80 пайызы 18 жашка чейинки балдар жана кыздар өмүр бою оорулуу болуп калуу коркунучунда. Ал эми биолабораторияны курууга каршы болуп жаткандар кыргыз элинин эртеңки бакубат, дени сак келечегине каршы болуп жатышат. Анан дагы бул жерде бактериологиялык курал жасалат экен, оорулар таркатылат экен деген дооматтар суу кечпейт. Илимпоз катары айтканда, эч бир мамлекет бекерге бактерияны бербейт, же жеке адам мамлекеттин уруксатысыз сыртка ошол штампты берип жибере турган болсо, анын бул иши мамлекеттик чыккынчылык деп эсептелинет. Дагы бир "эмне учун канадалыктар 60 млн. доллар коротуп, Кыргызстанга биолаборатория куруп бергилери келип жатат?"- деген суроо болууда. Бул дүйнө жүзүндө тараган тажрыйба болуп жатат. Тажикстанда сентябрда курулуш иштери башталат. Азербайжанда дизайны бүткөрүлүп, алдыда иштери улантылууда. Алматы шаарында бир эмес, экинчи лабораторияны кура баштады. Андыктан бул лабораториянын курулушу эң ириде кыргыз элинин келечеги үчүн аба менен суудай эле зарыл экенин бүтүндөй элибиз түшүнүүлөрү абзел. Жаза басып, бул долбоорду колдон чыгарсак, эртең беш жылдан кийин өзүбүз муну курууга муктаж болобуз. Бирок, анда кеч болуп калат. Ошон үчүн биолабораторяны ботбакка куруу боюнча даярдалган долбоорду өз ордунда калтырып, ошонун негизинде эртерээк курулуш иштерин баштасак туура болот.
- Заманыбыздын залкар жазуучусу, улуу инсан Чынгыз Айтматов эң алгач ушул окуу жайдан окуп, жогорку билим алып чыккан. Анын ысмын түбөлүк калтырууда сиздерде кандай аракеттер болууда?
- Бизде буга чейин тилдер жана тарых кафедралары бириктирилип, башында институт болуп түзүлүп, кийинчерээк Чынгыз Айтматов атындагы гуманитардык факультет кайра негизделиптир. Бирок анын негизделишин тастыктаган бир да документ жок экен. Ушундай залкар улуу инсанга карата болгон мындай мамиле уят эле иш болгон. Көзү тирүүсүндө Чынгыз Айтматов бул жерге келип, "ушундай сиздин наамыңызды факультетке берип жатабыз"- дешип, оозеки түрдө ыйгарып, алдап коюшкан шекилдүү. Мындай калпыстыктарды жоюп, өзү окуп билим алып кеткен зоо-инженерия фкультетине Айтматовдун ысмын мыйзамдуу түрдө ыйгаруу максатында билим берүү жана илим министрине атайын кат жолдогом. Мындан сырткары Бишкек шаардык кеңешине, шаар мэрине расмий кайрылуу бергем. Муну айрымдар "улуу инсандын ысмын алып жүргөн факультетти Нургазиев келип жоюп жатат" - ж.б. деген негизсиз дооматтарды айтышууда. Бул албетте, туура эмес. Тескеринче, Чынгыз Айтматов атындагы факультетти мыйзамдуу түрдө негиздөө идеясын көтөрүп чыктым. Ал эми Жогорку Кеңеште да Чынгыз Айтматовдун ысмын окуу жайдын өзүнө ыйгаруу тууралуу чечим болгон экен. Эми андай кылуу мамлекеттик деңгээлдеги иш, аны жогору жактан кандай чечишет, ошого баглык.
- Ички дүйнөңүздү тынчсызданткан ойлоруңузга да орун берсек.
- Албетте, ар бир адамдын түпкүрүндө жан-дүйнөсүнө бүлүк салган ойлору болот. Ошол сыяктуу мени да көптөн бери айыл жериндеги адамдардын жашоосу ойго салат. Уюткулуу кыргыз элинин өзөгү айылда. Биз, шаардыктар жаралганда эле шаардык болуп жаралган жокпуз да. Баарыбыздын учкан уябыз айыл болгон. Андыктан эң биринчи айылдагы элдердин турмушун бүгүнкү заманга ылайык көтөрүү керек. Ансыз мамлекетти өнүктүрүү тууралуу айтуу кыйын. Бир учурлар болгон айылдан келгендер шаардыктарды айылга чакырып, конок кылышчу. Алардагы өзүнчө бир жашоонун суктанаарлык, дем, күч ала турган касиети болоор эле. Азырчы, азыр айыл турмушунун ошол өңү өчкөндөй. Куту кеткендей. Себеби, айылдын турмушун көтөрүүгө көңүл бурулбай калган. Андыктан эң ириде айыл элинин билим алуусун, жашоо маданиятын, социалдык абалын көтөрүү учурдун кечиктирилгис маселеси. Канча жылдан бери какшанып айтып келе жаткан улуттук идеологиянын түпкү мазмуну да дал ошол элетти көтөрүүдө жатат. Айылды көтөрсөк, ошондо гана мамлекет өнүгүп, күч алат. Алдыбызда чоң саясий өнөктүк келе жатат. 30-октябрда президенттик шайлоо болот. Ушул өнөктүктө эл добушуна ээ болуп, президент болчу адам жогорудагы орчундуу маселени биринчилерден болуп колго алуусу керек деген ойдомун.
- Эмне каалоо-тилегиңиз бар?
- Алдыда эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы турат. Ушул эркиндик күнү чын эле элибизге майрамдык маанай тартуулап, тынчтык, бейпилдик, жалпы журтка байлык алып келсе экен деп тилейм. Ошондой эле күз айында боло турган президенттик шайлоодо элибиз мурдагыдай бөлүнмөй, жарылмай жаман адаттардан арылып, өлкөбүздүн жаркын келечегин көрө алган, балдарыбыздын бакубат эртеңин түзө алган татыктуу инсанды "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" бекем ынтымак-ырашкерчиликте тандап, шайлап алууларын каалайм.
Кеп кезегинен пайдаланып, жаштарыбызга кайрыларым, урматтуу болочок кесип ээлери, Кыргызстандын айыл-чарба тармагы учурдагы кыйчалыштарга карабай өтө орчундуу мааниге ээ тармак боюнча кала берет жана келечеги кең. Ал эми бул тармакка адистерди даярдоочу жалгыз окуу жай-бул Кыргыз улуттук агрардык университет. Азыркы мезгилде университет заманбап окутуу технологияларына шартташкан мыкты сапаттарга ээ. Окутуунун төлөмдөрү да арзан. Андыктан, агрардык өлкөнүн эртеңи үчүн салым кошом десеңер, университет сиздерди кучак жая тосуп алууга дайым даяр.

Суроо узаткан: А.Нарбаев