Кат куржун


Күн сайын болбосо да, ар жумада экиден, үчтөн кат биздин гезиттин кат куржунуна келип түшөт. Түркүн пикирлер, түркүн ойлор. Бири жүрөгүнө батпаган арызын, эч ким укпаган адилеттигин кагаз бетине төгүп жолдосо, бири теледен көрүп, ошол берүүгө катышкан каарманга пикиритн айтып, бири гезит беттеринен окуган макалага, жазган авторго болгон ыраазычылыгын, нараазычылыгын кат аркылуу бизге жөнөтүп, өз оюн окурман журту менен бөлүшөт. Кат ээлеринин гана эмес, бүтүндөй окурман журтунун ар биринин пикири биз үчүн олуттуу, баалуу, эртеңге калтырылгыс маанилүү. Сиздердин ар бириңиздердин чындыгыңыздарды, жүрөк кыйкырыгын жазуу биздин ыйык парз. Башкаларга эле эмес, биздин гезиттин жамаатына болгон сын, кеңештерди жазып кайрылыңыз, урматтуу окурман! Биз дайым чын көңүлдөн сынды кабыл алууга, кеңешти пайдаланууга даярбыз.

Баламды кантип жайгаштырсам болот?
Саламатсыздарбы
"Майданчылар"!
Мен алыскы Ноокаттан салам жолдоп жатам. Биз сиздердин гезитти кызыгуу менен окуйбуз, бирок, тилекке каршы бизге бир саны жетсе, бир саны жетпейт. Ушул жагын жолго койсо жакшы болмок. Сиздердин №20 (020) санына жарыяланган Элистан балдар үйү жөнүндө жазылган макаланы окуп алып, ушул балдар үйү тууралуу маалымат алууга кызыкдар болдум. Менин беш балам бар. Жолдошум мындан төрт жыл мурун авто кырсыктан каза болгон. Балдарымдын улуусу быйыл онду бүтмөк, бирок турмуштун оордугунан 7-класста окуусун таштап, мага жардам берип, базарда колунан келген жумушту оор жеңил дебей аткарып жүрөт. Өзү абдан зирек бала болчу, жоктун, куу турмуштун азабынан, менин кыйналганымды көрүп окубай койду. Окуткан агай-эжейлери ушул күнгө чейин, "абдан мыкты математик бала окубай калды" деп кейишет. Мен жакшы эле оку дедим, өзү кийиминен кысындыбы, же мени аядыбы окубай иштеп кетти. Андан кийинкилери мектеп жашында, кенжем үч жарым жашта. Балдарын кандай эне жаман десин, бирок менин балдарым баары зирек, окууга ынтызар. Азыр үч балам окуйт, ошолордун бирини жок дегенде ошол балдар үйүнө окутсам жакшы болмок. Ал жерде интернатка окшоп эле окуп, үйүнө келип турса болобу, кандай документтер керек, дареги кандай, кандай шарттары бар билип берсеңиздер. Балдарым үчүн кандай кыйынчылык болсо да көтөргөнгө даярмын, бирок канчалык кара жанды карч урба, бул заманда жеткирүү кыйын экен. Сиздерден сураган жардамым ушул, убакыт бөлүп койсоңуздар. Эгер, сиздердин гезитте энелер, элдин көйгөйү тууралуу маселелер көтөрүлбөсө мен минтип жардам сурап жазмак эмесмин.

Урматым менен алыскы Ноокаттан
Шарапат Жумаева.
(Кат ээсинин өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү)




Энени даңктоо керек
Мен Энем жөнүндө жазуунун алдынан көп ойлондум. Жазуу керекпи, же керек эмеспи. Баарынын эле энеси бар, баары эле энесин мага окшоп сүйүшөт. Жеке турмуштагы нерсени көпчүлүктүн таразасына коюуунун канчалык зарылдыгы бар. Бирок, ар кандай улуу чыгармалар деле турмуштук окуялардан алынып, автордун жүрөгү аркылуу өтүп, анан окурмандардын сынына коюлат эмеспи.
Азыркы учурда акча табуу үчүн эле каяктагы болбогон окуяларды, окуганда бүйүрүңү кызыткан менен мээге жуга турган эч нерсеси жок чыгармаларды жазып жатышпайбы.
Дагы ойлонуп, айрым адамдардын кеп-кеңештерин угуп, айрыкча "Майдан kg" гезитинин №22 (022) санына чыккан "Ата-Эне барда балалык кошотошпойт" аттуу макаланы окуп алып катуу таасирлендим. Демек, энени даңктоо керек. Мен пикиримде колдоо тапкан соң, оюмда көптөн бери жашап жургөн, Энем жөнүндө, энемдин турмушка көз карашын, балдарына болгон мамилесин, жалпы эле турмуштук философиясын, ошол аркылуу айлана-чөйрөдөгулөрдүн таалим-тарбиясын, адамдардын турмушка, бири-бирине болгон мамилесин чагылдырайын деп ойлодум.
Мен бул оюмду сиздердин гезит аркылуу окурмандардын дасторконуна сунууну туура таптым. Чыгарманы окуп, ага баа берүү окурмандардын иши. А мен болсо, мени кайгырткан, сүйүнткөн. күйүнткөн турмуштук мамилелерди Энемдин, Атамдын, менин жакын адамдарымдын, менин айланамдагылардын мамилелери, образдары аркылуу бергим келди. Болгону ушул. Калган сөз сизде урматуу окурманым.

Абдыганы Алиев,
Ноокат району

Биз кат ээсиинин чыгармасын кийинки санга берүүнү туура
таптык.





Эл мугалими
наамы жөнүндө

"Майдан kg" газетасынын 2011-жылдын 19-майындагы 18(018)-ине жарыяланган Д. Керимбаевдин Аксы ОБББнун башчысы Анаркул Шырдаков менен болгон "Мугалимдерге акы төлөөнүн жаңы модели - билим берүүнүн сапатын көтөрөт" аттуу маегин кунт коюп окуп чыктык. Мугалимдердин эмгегин баалоону жаңы нукка салынганы жакшы жөрөлгө.


Биздин айтайын дегенибиз, мугалимдерге берилүүчү "Эл мугалими" наамы өтө аз берилгени - моралдык стимулга көңүл бурулбаганынан кабар берет. Өлкөбүздө жетимиш эки миңден ашуун мугалим болсо, анын ичинен ушул наамды алганы саналуу эле. Эң мээнеткеч калк мугалимдердин миңден бири ошол наамга татыктуу болбосун. Эгер бир пайыз эле мугалим ошол наамды алган болсо, 720 мугалим "Эл мугалими" наамын алмак. Кантип эле бир райондон ушул наамга татыктуу бир мугалим чыкпасын. Муну Президент, Өкмөт карап, көңүл бөлүүсү керек. Мугалимге ансыз деле кыйраткан наам, эмгек акы берилбей жаткан учурда, бул да болсо моралдык колдоо болмок. Мугалимдерден үн кошуу күтөбүз.

Аксуу аймагындагы, Ак-Суу айыл чөлкөмү
Жети киши кол койгон.





Ар бир кыргыз өзүңөр бузулбагын

Ар бир кыргыз өзүңөр бузулбагын
Көрбөйсүңбү замандын бузулганын,
Ушак менен жалганды учурганын.
Чындыктын чыйырына жүрө албадык,
Көрөбүзбү,

Кыргыздын тушоосу жок басалганын.

Көрбөйсүңбү замандын бузулганын,
Мыйзамдын сом жагына узарганын
Жамандыктын жарты өнөрү узарганбы?
Көрдүк чоңдор сабашып кутурганын.

Көрбөйсүңбү замандын бузулганын.
Кылмышкер элди карап жутунганын.
Бийликти биримдикте кармайм десең,
Эстегин Ошто адамдын кырылганын.

Көрбөйсүңбү замандын бузулганын,
Эл-журттун "заман ушу" деп кутулганын.
Заманды оңдой турган бизбиз элим,
Ар бир кыргыз өзүң - сен бузулбагын

Баялы Момунов.
"Кыргыз почтасы"
мамлекеттик
ишканасынын
Аксы райондук
филиалынын
Кызыл-Жардагы
почта бөлүмүнүн башчысы


Каттар бетин даярдаган
Айжаркын Эргешова