Интрига

Сатам-сатпайм...
Бакиевдик мүлктөр кимге тиет?
Бу өкмөт Бакиевдин бийлигинен кийин улутташтырылган объектилерди тезирээк сатпады, же койбоду. Акасынан калган байлыктарды четинен чукуп чыккан Азимбек Бекназаров кезегинде Аксы окуясына күнөөлүү адамдарды табам деп баш прокурор болгонунда чоң сүйлөгөн болсо, бу жолу да маселени аягына чыгарбай кетти. Ал ортодо улутташтырылган айрым кыймылсыз мүлктөрдүн ээлери убакыттын өтүшү менен чала өлгөн жыландай болуп баш көтөрүшүп, кайтарып алуу боюнча сотко кайрылууну башташты. Эгер алдыдагы жарым жылда улутташтырылган объектилердин тагдыры чечилбесе, кайрадан мурдагы ээлерине өтүп кетет деп мүлк министри ыйлактап атат. Өкмөт башындагылар саясатка сайылбай, ушундай маселелерди парламентке коюп, кечеңдетпей чечип салса эмне. Бу жерде да дөө-шаалардын кызыкчылыктары бар деп угулуп калды. Байлыктарды чатак чыкпагандай кылып бөлүштүрүү боюнча агенттер иштеп атышат, анан да аукцион болду, сатылды демиш болушуп, кайра эле бакиевчилерге калтырып берүүнү каалап жатышат деген кептер көчө аралап кетти. Ушундай өлүмүш сөздөр чын чыгып калчу эле.


Тообо
Соттор соттолобу?
Азыркыны айтуу үчүн, мурдагыны козгоого туура келет. Соттор боюнча алганда, соттордун анабашы болуп келген Чолпон Баекова Бакиевге болуп көрбөгөндөй кызмат кылды го. Ак үйдүн тапшырмасы боюнча ошондо депутат болушкан Мэлис менен Кабай маселе көтөрүп, Бакиев үчүн ноябрь жана декабрь конституцияларын жокко чыгарып беришкен. Булардын баары мындай кызматы үчүн алаарын алышты, жээрин жешти, азыр айтып не кереги бар дегенибиз менен, соттордун соодалашмайы, каратып туруп жалган чечим чыгармайы токтой элек. Дегенибиз, жакында эле Жогорку соттун судьялары өлкөдөгү эң акчалуу ишканалардын бири болгон Мегакомду чет өлкөлүктөрдүн пайдасына чечип берип, элдин оозун ачырды. Биздин соттордун биздин мамлекетке каршы иштешкенине өкмөт өзү ишене албай турган чакта, Чүй облустук соту кылмыш топтун ана башчысы делген Камчы Көлбаевга карата актоо чечимин чыгарып, эсти оодарды. Соттор уюшма топтун мүчөлөрүнө каршы козголгон 50дөн ашуун кылмыш ишине байланыштуу жумшартылган, же таптакыр актаган чечим чыгарып салган. Мыйзамга эмес бийлик менен акчага кызмат кылып, ушуларга ант берген ушундай сатылма сотторду ким жазалайт. Сотторду, кимдер соттойт деги?


Жөөттүктөн кыргызчага карай
5-каналда эл өкүлдөрү сүйлөшөт
Апрель ыңклабына чейин 5- каналдын ээлери ким болбосун, телеканалдын иштөө принциби бирдей болду. Жогору жактын тапшырмасын аткарууга келгенде 5-канал деле КТРдан кем эмес иштеди, караны ак, акты кара кылып көрсөтүү боюнча. Чындыкты угуу кыйын, ачуу тиет дегендей, 5-каналдын иштөө саясаты, даана жөөттөрдүкүндөй. Телеканалдын жамаатынын техникалык тобунда кыргыздар жокко эсе. Ал эми журналисттер курамында кыргыздар бар, бирок алар да жөөттүк саясаттын күчү менен өзгөрүлүп калышкандай туюм калтырат. Эсиңерде болсо, 5-каналдын азыркы башчысын кызматтан алмай болушканда, жамааттын биригип чыга калганын карагыла. Жөөттөрдө гана ушундай өзгөчөлүк болот. Айтса айтпаса төгүнбү дегендей, 5-канал ушуга чейин бир адамдын сөзүн сүйлөп келди, эми элдин сөзүн сүйлөсүн. Жүздөн ашуун депутат бир жылда эки жолу эфирди ээлесе, каналдын берүүлөрү толуп калат. Элдик кызматка чыдагандар иштей беришет, каалабагандарга, жол ачык. Ансыз да кыргыз тилдүү тележурналисттерге тандоо аз болуп турат.