Кырдаал

"Мегаком" кимдики болгон, бүгүн кимдин колунда?

Бул тууралуу апрелдеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, прокуратура жана сот органдарын куратору катары "Мегакомдун" чоо-жайын иликтеп чыккан белгилүү саясатчы, учурда президенттин парламенттеги өкүлү Азимбек Бекназаров "сенсациялуу" ачылыштарды жасады.

- "Мегаком" чыры биздин байкашыбызча туу чокусуна, апогейине чыкты окшойт. Биз билгенден отуздан ашык киши мына бүгүн жоопко тартылып жатат, качканы качып, бекингени бекинип жүрөт. Кечээ жакында эже-сиңдилер: Раушан Рыкунова менен Айнура Сим камалды. Мунун аягы деги болобу? Жогорку Сот чечим чыгарып койсо, Өкмөт мамлекетке каршы чечим чыгарды" деп айыптоодо. Сиз ушул иш козголгондон баштап башында турдуңуз эле. Мына ушул тууралуу түшүнүк берсеңиз.
- Бул "Мегакомдун" чыры абдан баш айландырган, оңою менен түшүнө албай турган нерсе. Муну бир гана укканда, же мындай сыртынан бир карап эле түшүнүү мүмкүн эмес. Себеби, Максимдин айланасында жүргөн, Айдардын айланасында жүргөн шумдуктуудай эл аралык шылуундар иштеп чыккан схемалар менен байланышкан нерсе. Ушунчалык жасалма татаалдаштырып, көп фирмалар, жүздөгөн операциялар жүргүзүлгөн. Андыктан, түшүнүү кыйын. Ошондуктан, мен убактылуу өкмөттө "Мегаком" боюнча иш алып барган прокуратуранын куратору катары ошол убакта анын кайда, качан пайда болгонун, кантип колдон колго өткөнүн көрсөткөн тергөө органдары түзгөн схеманын көчүрмөсүн мына силердин гезит аркылуу берейин. Мына ошондо окурман өзү түшүнүп алат. (Схеманы да гезит бетине жайгаштырдык, карап чыксаңыздар болот - Ред.)
- Эмне үчүн өкмөт Жогорку соттун чечимине тикесинен-тике туруп, каршы чыгууда?
- Мен силерге азыркы биздин өкмөт тарабынан "Альфа-Телекомдун" и.о. генералдык директору болуп дайындалган А.Мурзалиев кол койгон, Жогорку Сотко жазылган доо арызды, ошондой эле "представитель ОФГД по доверенности" деп берилген Бостановдун, аныгында Максим Бакиевдин "Грета" фирмасынын берген доо арызын берейин. Мына биринчи жана акыркы бетин окуган кишиге дароо эле түшүнүктүү болот. Муну дагы окурмандар карап көрүшсүн. (Бул документтердин сүрөтүн да карап көрсөңүздөр болот -Ред.). Бул жерде доогер, жоопкер баягы эле адамдар, соттон сураганы деле бир эле товар. Анан кантип биз өкмөткө каршы, өкмөттүн кызыкчылыгына туура келбеген Жогорку Сот чечим чыгарды деп айта алабыз. Тескерисинче, мен ушул иштин куратору, ишти жакшы билген киши катары айтып коёюн, Жогорку Сот туура, мыйзамдуу чечим чыгарды. Даана турат, окшоштуктар. "Бимокомдун" дагы, акыркы "Альфа-Телекомдукун" дагы доо-арызы бир максатты көздөйт. Ошондуктан, Жогорку сот өз чечими менен биринчи ошол баягы "Бимокомду" Максим Бакиев, Алексей Елисеевдер жасалма банкрот кылып тартып алган 2008-жылга алып келип койду. Териштирүү ошол мезгилден тартып кылмыш ишинин алкагында болот, ал Биринчи май райондук сотунда карала баштады. Биз өз учурунда "Мегакомго" арест салып, 49 пайызын мамлекетке алып, калган 51 проценти да камакка түшкөн. "Альфа-телеком" жеке фирма болгондуктан, башкарып атат, а бирок, сатканга, же бкашка операция жасаганга бир да акысы жок. Аталган кылмыш иши 6 айдан бери токтоп калган экен, мына ошол Жогорку Соттун чечиминен кийин абал баштапкы акыбалга келгенден кийин, мындан ары бардык граждандык иштерди бийлик катуу көзөмөлгө алыш керек. Буга чейин эмне болгон? Кылмыш ишинин алкагында каралып аткан маселени булар граждандык тартипте каттаган, шамдагайлык кылып. Ак үйдүн ар кандай таасири менен, чет өлкөдөн келген адвокаттардын, доллардын күчү менен граждандык иш процесске коюлган. Мына ушунун баары эми жапырылып ылдый түштү, эми мындан ары мындай болбош керек, эмне үчүн дегенде кылмыш иштин алкагында чечилиш керек. Эгер кылмыш иштин алкагында каралып аткан маселе болсо, мындай граждандык тартипте каралбаш керек. Бул соттордун укугу эмес, бул соттордун милдети. Кылмыш иштин алкагында каралып аткан маселе чечилмейинче мынабуга окшогон доо арыздарды токтотуп коюш керек. Бирок, ушундай маселе сотто айтылса дагы, Ак үйдөгү көрүнгөн чиновниктердин таасири менен "Мегаком" талашы граждандык тартипте мыйзамсыз каралып кетти. Анткени, граждандык кодексте да, кылмыш-процессуалдык кодексте да бул соттордун милдетине кирет. Эгерде кылмыш иштин алкагында ушул эле маселе ошол эле доо арыздар каралбаса, граждандык тартипте каралбайт. Маселе чечилгенге чейин сот аны милдеттүү түрдө токтотуш керек. Граждандык иште бул маселе айтылса дагы, буга чейин мыйзамсыз түрдө каралып жүргөн. Президентке ушул маселени, ушул схеманы алып барып түшүндүрүп, мындан кийин ушундай иш өндүрүшүн токтотууга аракет кылам. Анткени, чет өлкөдө жатып алган жанагы бай адамдар, ушу мурдагы муну талашып жүргөн, же офшордук зонада жүргөн фирмалар шумдуктуудай адвокаттарды алып келип, сотторго акча берип, кылмыш иши катары каралганына карабай, токтотуп салып жатпайбы. Ал эми кылмыш ишин алты айдан бери жасалма түрдө ар кандай адамдар кийлигишип, токтотуп келген. Эми мына соттордон сурап жатам, "эртерээк аягына чыккыла",- деп. Анткени, бул кишилердин махинациясы боюнча 20га жакын адам жоопко тартылды. Эртең ошол эле "Бимокомдун" 51 процент үлүшүн, мисалы, баланча рейдерлик жол менен алып алган экен деп өкүм чыгып, аны соттоп туруп, "конфисковать" эткенде эмне болот. Аны капталдан дагы бирөө алып кетип калса, ал сатып ийсе, чыныгы ээси табылып калса, бул мунуку экен, баланча рейдерлик жол менен алып жүргөн экен, соттук териштирүүдө, мунуку деп таанылды деп бирөөгө ыйгарылып калса, анда кайдан камсыз кылабыз. Экинчиден, өкмөттүн ошол мүчөлөрү, премьер-министрдин айрым кеңешчилери кыйкырып чыгышты. "Альфа-Телекомдун" 49 пайызынын өкмөткө тийгенин "пустышка" деп. Мен куратор катары да айтып коёюн, бул "пустышка" эмес, биз 49 пайыз Елисеевдики экендигин билгенден кийин мамлекеттештирдик, андан кийин, 51 пайыз үлүшкө да арест салдык. Ошол 80 миллион долларга бааланган, талашка түшкөн жабдууларга да арест салдык. Бардык нерсесине арест салынып турат, ошонун маселеси Биринчи май райондук сотунда кылмыш иштин алкагында каралып жатат. Жанагы "пустой акция" дегендин баары калп, элдин башын айландырып жатат. Убактылуу өкмөт кезинде айрым фирмалар "бизге 49 процентин саткыла" деп келген. Биз кызыгып сураганбыз, "а канчага сатып аласыңар, эгер сатыла турган болсо" деп. "Үч жүз миллион доллар старттык сумма деп аукционго койсоңор, биз дальше карап көрөбүз" деген. Жогорку Кеңеш аркылуу улутташтырылган обьектилерди карап атканда, өткөндө госкомимуществонун мурдагы министринен мен кызыгып: "болжол менен канча болуп жатат 49 процент" деп кызыгып сурасам, "150 миллион" деп айтат. Көрдүңөрбү, кес-кин 50 пайыз түшүп атат. Эмне үчүн мындай болуп калды? Азыркы бийликтин, өкмөт мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы бар. Биз ошондо: "Биз сата албайбыз, эртең бийлик келгенде ошолор сатат" деп алып калганбыз.
- Бабановдун "Мегакомго" байланышы бар экендиги жөнүндө да көп сөз жүргөн. Анын буга кандай тийешеси бар?
- Өкмөт 2005-жылкы ыңкылаптан кийин да "Кател", "Бителдерге" арест салган. Билесиңер да, иш козголгон. Ушинтип соттор аркылуу ызы-чуу болуп, "шумдуктуудай акчалар кетти" деп гезитке жазылып чыккан. Ошентип, жок болуп кетти. "Бител" казактарга сатылып кетти. Бүгүнкү күндө мага жеткен маалыматтарга караганда, ошондой эле жол менен "Мегакомдун" 100 процент акциясын казакстандык бизнесмендер алганы жатат. Өткөндө бир группа келди го, алар Максимдин фирмасы дейбизби, иши кылып ар кандай фирмалар аркылуу өкмөт менен байланышып, жылчык издешүүдө. Жыйынтыгында кайра эле ошолордун колуна өтүп кетсе таң калуунун кереги жок. 2005-жылы деле "Бителдин" мисалы канчага сатылганы, бюджетке каражат түшкөнү же түшпөгөнү али күнчө белгисиз болуп келет. Ошондой максат менен бүгүнкү күндө да саткылары келип жатат. "Мегаком" гана эмес, мына "Кыргызтелеком" кетип атат. Назарбаевдин ортончу кызынын күйөөсү Кулибаев биздин Кант цемент-шифер комбинатынын кожоюну. "Жерүйгө" да ушул Евразиялык топ: Машкевич, Кулибаевдердин тийешеси бар. Мына ушул топтор биздин өкмөт менен жең ичинен сүйлөшүп алып, бардыгын алганы жатат. Балким, алардын арасында Айдар Акаев, же Максим Бакиев бар. БалкимМүмкүн, казактарга алар акча берип жаткандыр. Ушундай махинациялар болушу мүмкүн.
- Жеке өзүңүздүн кызык-чылыгыңыз жөнүндө да сөз жүрүп жатат. Жанагы Рыкунова-Качиева менен да байланыштырып, ар кандай сөздөрдү жазып атышпайбы?
- Эгер менин жеке кызыкчылыгым болсо, ушул убакка чейин 100 процент арест салып, талашууга чейин жеткирбейт элек. Мына жүз процент арест салынып турат, эгер менин жеке кызыкчылыгым болсо чыгып калат эле да, "мынча проценти каякка кетип калды" деп. Же болбосо бир фирма таап, азыркы өкмөткө окшоп жүрөт элек да. Иш соттук тартипте каралып атат. Андан кийин биз кеткен (Убактылуу өкмөт ишин өткөзүп бергенден кийин - Ред.) 7 айдан бери талашка түшүп жатат да. Эгер менин жеке кызыкчылыгым болсо бир жеринен чыгат эле да. Айтат эле да, "мына момунча сомдук жабдуу же үлүшү Бекназаровго кетип калыптыр" деп. Түгөлү менен буларда турбайбы. Ошентип түгөлү менен турган нерсени кантип сатыштын айласын булар таба албай жатат. Эмне үчүн дегенде былтыр түгөлү менен кылмыш иштин алкагында баары, кимдердин күнөөлүү экендигине чейин такталып коюлган. Ошондуктан, алар коркуп жатат. Анан аргасы кеткенде жалаа жаап киришти. Рыкунованы камап койгону да ошондой эле саясат. Анын эмне тийешеси бар. Мен аны коргогондой болбоюн, бирок, акыйкаттык үчүн айтып коёюн, анын каржы, акча маселесине тиешеси жок болгон. Биринчи жолу 49 пайыз үлүштун Елисеевдики экенин айтып, аны мамлекетке алып турууну айтканда көргөм Рыкунованы. Убактылуу өкмөт тарабынан "Мегакомго" былтыр, 20-май күнү эле тышкы башкаруучуну дайындаганбыз. Мүлктү, акча каражаттарын көзөмөлдөө ошонун милдети болгон. Демек, бир нерсе уурдалган болсо, биринчи ошол кишини жоопко тартышыбыз керек.
- Прокуратура тармагын, ушул ишти сиз көзөмөлдөп тургансыз. Рыкунова кайсы бир фирманын өкүлү болгон. Ошого 51 процентти оперативдүү башкарууга бергенсиз. Андан кийин Рыкунова кайсы бир себептер менен "Бириккен элдик кыймылы" партиясынын тизмесине кирген. Ошондон улам ушундай сөз жүрүп жатат.
- Ага эч ким, эч кандай башкаруун берген эмес. 51% "Альфа-Телеком" иштетип жатат. Биз жеке компаниянын ишине кийлигише албайбыз. Иштете бер, бирок, сата албайсың. Кылмыш ишинин алкагында мунун тагдыры чечилет. Ага чейин 51% сактоодо тура берет. А 49% Маммүлк министрлигин башкаруучу кылып, ошого берип жатабыз.
- Азыр Жогорку Соттун чечими менен "Мегаком" чуусуна чекит коюлду десек болобу?
- Баары 2008-жылдагы абалга кайтарылды. Эми талаш Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында чечилет. Күнөөлүү адамдар соттолот, соттолуп кеткенден кийин кимдики экендиги аныкталат, азыр Елисеев, Максимдер жоопко тартылып жатат да. Муну токтото коюп, граждандык ишти эч нерсесин калтырбай бүтүрүп коёлу деп жатат да булар.
- Демек, өкмөттүн кыйкырып чыкканына караганда ошол эле Елисеев, Максимдердин кызыкчылыгын коргоп жатат деп айтсак болобу?
- Алардын берген доо арызын мен элге чыгардым. Ошого окшош болуп калып жатпайбы. Алардын "сатат элек" дегени да ошол. Кимге сатат, түшүнүктүү да, ошол эле Максимге сатат, ошол эле Айдарга сатат, экөөнүн бирөөнө сатат. Башка жок. Болбосо, өкмөт күтө турбайбы, кылмыш иши турат. Елисеев соттолуп атат. Максим соттолуп атат. Аларга жардам берген сот аткаруучулардын баардыгынын иши каралып жатат. Кылмыш ишти кандайдыр бир тараптан таасир этип токтотуп коюп жатпайбы булар. Мен кайрадан президентке кеңешчи болуп келгенден кийин соттор мага ыйлап чыкпадыбы, "кылмыш ишти токтотуп койду, эмне кылабыз" деп. Анан мен президентке кирдим, "эмне үчүн токтоп атат, соттолуш керек да бул адамдар, булар ишти граждандык тартипте бир жаңсыл кылгылары келип жатат",- деп. Чынында биздин күчүбүз жетпей калаарынан чочулайбыз. Калганын убакыт көрсөтөт.

Маектешкен
Гүлзада Турдалиева