(аңгеме)
Ичкичтин тагдыры
Улам жыгыла жаздап барып, кайра темтеңдей өзүн түздөп, ошол араң баскан абалында кош колун көккө көтөрө кимгедир кезене жапайы кыйкырган мас адам көчө бойлоп жалгыз келатты. Шишиктен көзү көрүнбөй, сакал баскан жүзү капкара болуп ичкиликке күйүп, кең маңдайына түшкөн чачтары кирден майланышып чыпташа кулагын жапкан ушул адам гана ааламда жалгыз калгандай айланада башка жан адам көрүнбөйт. Демейде ажылдаган иттер баш көтөрө карап, анан, үргөнгө да арзыбаган немени көргөнсүп, "аа, сен белең" дегендей кайра башын тумшугуна катат. Мас адам жарым-жартылай бүткөн, шыбактары жамгырдан сыйрылган чакан үйдүн айбанчасына келип, түркүктү кош колдой кучактап бир азга бой токтотуп турду да, дагы жапайы кыйкырды. Бул жолу жанагы көчөдөгүдөй ач айкырык салбай алсыз, аргасы куруп, алда кимден ичин жеген кандайдыр бир ызасынабы, өкүтүнөбү аралжы сурагандай жалбарыңкы кыйкырды. Үйдө эч ким жашабагандай жымжырт. Мас кишини кынжыйган арык иттен башка эч ким тосуп чыкпады. Ал булдуруктай бирдемелерди сөгүнүп, босогого чалына "күп" этип жыгылган бойдон уктадыбы, айтор, дым болуп калды.
Эртең менен аны какшанган аялынын үнү ойготту. Жарылып кетчүдөй ооруган башына аялынын ар бир сөзү балта болуп чабылып, ошол соккудан башы эле эмес аалам кошо зыңгырап жаткансып башын мыкчый онтоду.
- Каныңды ичкир, ичип бүтпөдүңбү дагы эле? Жарым өмүрүңдү ичип салдың го өлүгүңдү көрөйүн, алкаш. Өзүңкүн эле эмес менин өмүрүмдү, жаштыгымды кошо ичтиң,-аялы алкына сүйлөнүп, колуна эмне кирсе максатсыз эле ары-бери ыргытып, күлтүңдөй кирип-чыгып каргай берди.
- Жап оозуңду, энеңди, - Ысмайыл качан сөздүн уусуна чыдабай кеткенде ызырына колуна кирген нерсе менен аялын шилтеп калды. Аялы күчүгүнөн токмок жеп жалккан иттей жалтана арыраак качып, күйөөсү башын кучактап отуруп калганда кайра бери келип какшана берди. Ысмайыл ордунан очорула араң турду да, сенделе басып көчөгө чыгып кетти. Азыр ааламды сел алып кетсе да ага баары бир эле. Эптеп эле жүз грамм таап, ичсем дегенде эки көзү төрт болуп, тамагы кургап турду. Ичи курулдай ысып, курсагы ачканын туюп, акыркы жолу качан ысык тамак ичкенин эстей албай жатты. Азыр тамак жерге кирсин, кичине сеп этип алса эле баары жайына келмек. Ары-бери өткөн адамдар Ысмайылдын жанынан жылан көргөнсүп алыстан айланып өтүп, араң баш ийкей учурашкан болушат. Бир кезде ага баары дос эмес беле. Эски таанышы Дуулатты көрүп, Ысмайыл энесин көргөндөй кубанып кетти.
- Ассоолому алейкум,-деди жагалдана.
- Алейкум салам,-Дуулат башкаларчылап жийиркенбей колдон ала астейдил учурашты. Минтип адам катарында көрүп учурашуу Ысмайылдын адамдык абийирин ойготту белем, көзүнө жаш айлана жер карай кыңырылды.
- Башың ооруп турабы?-деди Дуулат акырын. Ысмайыл Дуулат кетип калчудай жанталаша башын ийкегилеп жиберди. Ал унчукпай чөнтөгүнөн акча алып тигиге сунду. Ысмайыл акчаны шаша алып, бирөө тартып алчудай шымынын чөнтөгүнө салды эле, анысы кайра эле багалегинен жерге түшүп калды. Ысмайыл ыңгайсыздана акчаны жерден шашып алып кир жеңине катты. Дуулаттын анын азыркы абалына ыйлагысы келди. Эмне деген жакшы адам эле. Колунан көөрү төгүлүп, жыгачка, темирге жан киргизчү эмес беле. Бир кездеги чымыр денелүү, өткүр көздөрү от чача күлүңдөгөн, кара тору жүзүнөн күлкү кетпеген сулуу жигитти азыркы карыпка эч бир окшото албай турду. Арак эмне кылбайт. Ысмайылдын минтип ичип кетишине кандайдыр бир аял себепкер болгон деп да жүрүшөт. Экөө чогуу басып дүкөнгө кирди да, Дуулат жакшы закуска, эки стакан, бир бөтөлкө таза арак алды. Дүкөнчү Ысмайылдан келген жаман жытка мурдун тырыштыра, Дуулаттан тартынып гана унчукпады. Ысмайыл жүз граммдан кийин өзүнө келе үшкүрүп алып, анан акырын күңкүлдөдү.
- Мага боор оорубай эле койсоң болот…
- Сага боор ооругудай майып, же, кароосуз калган абышка белең Ысаке. Мен өзүм ичкенге шерик таппай бараткам. Көктөн тилегеним жерден табылып сен жолугуп калдың.
- Мени жаш баладай алдабай эле кой. Сендей кичине жакшылыкты унутпай жүргөн адамдар көп болсо, балким, аалам башкача жаралат беле ким билет, Дуулат. Ырас, көп ишиңди жасап бердим, бирок бекер жасаган жокмун, акымды алдым. Далай ишин карызга, жардам болсун деп кээде бекер жасаган адамдар, азыр мени көрсө жаа бою качат. Мен аларга таарынбайм, туура кылышат. Мен да бир кезде ошенткем. Мени жанын берип сүйгөн адамдарга чыккынчылык кылгам. Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ач калат деген сөз калетсиз экен, мына ач калдым. Азыр эч кимге керегим жок, мурда эле муздак, мерез аялым эчак менден биротоло муздаган, балдарга да мени жамандай берип жек көрүндү кылып бүткөн. Балдарым мени бир кезде акча таап келген керектүү адам катары көрүшсө, азыр аларга да ашыкчамын. Апам гана менден үмүтүн үзбөй жүрөт байкушум.
- Ысмайыл, мен бир гана нерсеге, сени "бир аял үчүн ичип кетти" деген катын ушакка ишене албай жүрөм. Анткени, сени өз билгенин бербеген өжөр, ак ниет, иштин майын чыгарган мээнеткеч, күчтүү адам катары сыйлачумун, азыр да сыйлайм. Анан сендей адам бир аял үчүн кантип эле ушинтип калсын.
Ысмайыл арык ийиндери титирей, башын жерге салып көпкө унчукпай отуруп калды да, анан сөз баштады.
- Ал катын ушак эмес Дуулат, карандай чындык. Ал аял шорум беле, бактым беле алиге билбейм. Кээде ушундай бир дилим сыздап сагынганда, анын ордун толтураар эч нерсе таппай жан-дүйнөм аңтарыла ээнсирегенде шорум беле деп кетем. Кайра анын мага кылган мамилесин эстесем бактым болгон экен деп көңүлүм толкуйт. Жүрөгүмдөн чыкпай койду ошол аял. Мен аны биринчи жолу студент кезинде көрдүм. Чачы согончогуна чабылган, башын бийик көтөрүп менсине баскан кызды аялым "группалашым" деп тааныштырганда, "кыйынсынган неме экен" деп жактырган эмесмин, бирок аялым ал тууралуу сөз кылган сайын кыздын мени баштан-аяк кайдыгер сыдыра карап, качан көздөрүмө келгенде саамга тиктеше түшүп, анан жер карап кеткенин эстей берчүмүн. Ошондо көздөрү армандуудай муңдуу кылгырып турган. Ошол бойдон арадан он жылдан ашуун убакыт өткөндө кайра жолуктук. Буга да аялым өзү себепкер болду. Шаарда дос балдар менен ичип жүсөм, аялым бир курбусуна жолугуп, андан бирдеме ала келүүнү суранды. Ал айткан аял мени аянтта күтүп туруптур. Ошол күнү бир аз кар борошолоп, күн суук тартып турган. Саргыч тери тону ичке боюна жарашкан келинди дароо эле тааныдым. Бою ылдый төгүлгөн олоң чачын кыскартып салганы болбосо, көздөрү дагы эле армандуу, бирок азыр муңдуу эмес, ишенимдүү, баягыдагыдай эле бир аз менсине тигилет.
- Кандай күйөө бала? Сени убара кылган жокмунбу?-деди ал жагымдуу жылмайып.
- Убарасы жок,-деген болдум үнүмдү бекем чыгарганга аракет кылып. Чыны сүрдөп кеттим. Ал мага келинчегим айткан китепти берди да, тез эле кетип калды. Ошондон көп өтпөй жазда кайра жолуктук. Үстүндөгү ичке белин ачык көрсөтүп боюна кыналган кыска ак көйнөгү, келинден келген жагымдуу жыт көкүрөгүмдү булкуп алды. Ал сыпайыгерчилик үчүн мени үйүнө чакырганын билип турсам да, дароо макул болдум. Үйгө кирээри менен заматта тамак-ашын даярдап жиберди. Экөөбүз бет маңдай отуруп тамак жедик.
- Тамак абдан даамдуу болуптур-дедим көздөрүнө тик карай албай. Тамак чыныда эле абдан даамдуу болчу. Ичиме кичине ичкилик киргенден кийин тартынганым жоголуп, жүзүнө тик карадым. Көздөрүбүз чагылыша саамга тиктешип калдык. Келиндин сыр каткан каректери кумарлуу кылгырып, боорума кыса кучактап өпкүм келди. Бул эч кандай сезим жок, чыныгы эркектик кызыгуу болчу. Канчалык кызыкпайын жанына өтүп кучактоодон тартына, "кантсе да аялымдын жакын курбусу, экөө мени сынап жаткан болсочу" деп сактандым. Качан ал өзү жаныма келгенде, андан келген жагымдуу жыттан денем дүүлүгө, кармана албай боорума кыса кучактадым. Эриндер кантип чапташып, кантип экөөбүз бир бүтүнгө айланып кеткенибизди туйбай калдым. Анын кумарлуу кыңкысы, оттой ысык ийилчээк денеси, сыпсыйда жумуру буттары баарын унуткарып койду. Экөөбүз эсибизге келгенде кеч кирип калган экен. Ал түнү дагы калып калдым. Биз аялым тууралуу эч нерсе сүйлөшкөн жокпуз. Анын жанынан кеткенде менде кандайдыр боштук пайда болду. Балыктай туйлаган ийилчээк денеси, ысык, жумшак, таттуу эриндери эсимен чыкпай койду. Отуруп алып дагы ичип, кечке маал кайра телефон чалдым.
- Кандайсың? Мен сени сагындым-дедим ички сезимимди башкара албай. Бир чети мен аны өз менчигимдей карап калгам. Ал мени суз угуп турду да анан;
- Кечирип кой, мен азыр бош эмесмин,-деп трубканы коюп койду. Ошол бойдон ал көпкө дайынын билдирбей кетти. Бир жолу гана телефондон бир жумушту дайындады. Мен аны убагында аткара албай калдым. Эртеси чалсам трубканы алды да;
- Экинчи чалба, сага окшогон өз сөзүнүн ээси боло албаган таанышым жок. Эмне бир-эки түн бирге болдум, эми меники деп калдыңбы? Кечиресиң, сен бир көрүп байланып калчу адамдардын катарына кирбейсиң.-деди да, трубканы коюп салды. Жан кыйнаган азап ошондон башталды. Мен аны канчалык унутайын десем да көз алдымда турганы турган. Башкалар менен да жүрүп көрдүм, болбоду, унута албадым. Качан чалбайын суз, үнү бир калыпта кургак. Бир күнү гүл алып, жумушуна бардым да көгөрүп күтүп отура бердим. Курбулары менен чыгып келаткан ал, мени көрүп саамга өзүн жогото буйдалып калды да, анан суз жылмайды. Жүзү кып-кызыл болуп албырып кеткенин көрүп, менде үмүт пайда болду. Ошол күндөн баштап экөөбүз жолуга баштадык. Жолугаарын жолугабыз да, анан үн-сөзсүз басып жүрө беребиз. Ортодо бирдеме жакындата койбой кыйнайт. Андайда бир кезде ушул жан менин кучагымда туйлаганына ишене албай кетем. Бир күнү досумдун туулган күнүнө алып бардым. Ошол түнү биз кайра чогуу болдук да, анан мен андан айрыла албай калдым.
- Ысаке, аялдын аты ким эле? Бир да жолу атаган жоксуң-деди Дууларт акырын.
- Аты Айдың, - Ысмайыл ысык шыбырады. Ал тээ бир кездеги бактылуу күндөрүнө кеткендей көзүн жуумп алып көпкө үңкүйүп отурду да, анан шуу үшкүрө сөзүн улады, - Айдың жанымда жүргөн кезде мага аалам гүлүстан болчу. Мунун баары акыры аялыма жетти. Мурдагыдай артынан барат деди окшойт, адатынча кийимдерин жыйнап кетип калды. Артынан барган жокмун, анткени, мага анда Айдыңдын наздуу күлкүсү, ысык кучагы болсо, башканын кереги жок болуп калган. Айдыңга канчалык үйлөнгүм келсе да, мени бир күч үйлөнтпөй кармап, ичим сыйрыла кыйылып туруп алдым. Бул күч менин балдарым болчу. Биз үйлөнүүнү улам кийинкиге калтыра бердик. Бир күнү эрте мененки чайды ичип жатсак келинчегим телефон чалды. Үнү дүрбөлөң түшкөндөй. Ал мага жолугууну сунуш кылды. "Балдарга бирдеме болгон го" деп шашып бардым. Айдың мени менен чогуу чыгып, "ушул бойдон барсаң болбойт" деп жаңы шым алып кийгизди. Анан мени узатып, өзү жумушуна кетти. Анын ошондогу армандуу көз карашы жүрөгүмдү али да эстеген сайын тилет. Барсам көздөрү шишимик тартып, арыктап калган келинчегим күтүп туруптур.. Кантсе да он эки жыл бирге жашаган адам да, жүрөгүм ооруду. Биз токтоо учурашып, ээрчишип алып эжемкине бардык. Андан ары үйгө майда-чүйдө жөнөттүк. Ошол күнү Айдың телефон чалганда албай койдум. Анан ал келинчегиме чалды эле, "жок деп кой" деп ымдадым. Ошондо мен Айдыңды биринчи жолу саттым. Айдыңга "мен аялым мененмин" деп ачык айтсам адамгерчилик болмок, ал түшүнмөк. Антүүгө духум жетпеди. Мен ал түнү аялым менен болдум да, эртеси таң эрте Айдыңга бардым. Жамгыр көнөктөп төгүп турган. Айдыңдын ошондогу ый түнөгөн көздөрү. Боорума кыса кучактасам, "сен аны менен болуптурсуң" деди жүзүмдү тинте карап. Мен "балдар менен ичтим" дедим көзүмдү ала качып. Ал мени саамга ойлуу тиктеп турду да,
- Сен актанба, ал никелүү аялың. Ичкен адам сендей таза суу жыттанбайт. Кыймылың да баары башкача-деди муңайым. Мен мойнума ала албай койдум. Аялыма "мен азыр Айдыңда калган буюмдарымды алам да, андан биротоло кетем" деп, убада берсем да Айдыңды кыя албай кечке отура бердим. Айдың мага тамак жасап кирип-чыгып жүргөндө анын телефонундагы баардык менин тааныштарымдын номерлерин, Айдыңга жазган СМСтеримди өчүрүп салдым. Аялым келип жетелеп кетпесе ал түнү кете алат белем билбейм. Аялым экөөбүз жол ката сүйлөшкөн жокпуз. Ичим ушундай бир сыйрылды дейсиң, эч андай болгон эмес. Ошол күнү, эртеси да, Айдыңдын чалуусуна аялым каргап-шилеп жооп берип жатты. Ошондо мен эркек эмес тряпкага айландым. Аялым мени Айдың мурда жашаган жерге ээрчитип барды. Семиздигинен араң баскан орус кемпир Айдыңды аябай жамандады. Айдың мага бир кезде кызына бакмачы болгон бул кемпир тууралуу жакшы сөздөрдү айтчу, ага колунан келген жардамын берип, кемпирдин телефонуна өз акчасынан төлөп, жай сайын килемдерин жууп келчү. Биз адамдар кандай жаманбыз, коркунучтуубуз, эки жүздүүбүз.
Мен Айдыңсыз үч күн араң жашадым. Акыры кармана албай түн жарымда чалган телефонума ал дароо жооп берип, сүйлөп да, ыйлап да жатты. Ошол эле түнү Айдың мага келди. Мен аны кайсы убакта, каерге чакырбайын баш тартчу эмес. Биз бири-бирибизсиз жашай албасыбызды түшүндүк. Менин эки жүздүү жашоом ошондон башталды. Аялыма келип анын көңүлү үчүн Айдыңдын сөздөрүн айтам, Айдыңга аялымдын сөзүн. Мен таптакыр багытымды жоготуп койдум. Багытымды гана эмес, адамдыгымды, эркектик касиетимди жоготуп бараттым. Аялым менен Айдың бири-бири менен сүйлөшөт да, менин айткан сөздөрүмдү бири-бирине айтып, биз Айдың экөөбүз ошондон урушабыз. Айдың менден дайым аялым тууралуу айтпоону суранат, а мен кайра эле айтып алам. Айдыңды карап туруп аны, аялымды карап туруп муну кыя албай кетем. Ар бир жолуккан сайын Айдыңга;
- Мен сени менен сүйүүм үчүн, өзүм үчүн жашайм, аялым менен балдар үчүн жашайм. Атаганат, мурун жолуксаң алаканыма салып өтмөкмүн,-деп өзөгүм өрттөнө жалбарам, бул сөзгө өзүм да ишенем. Анткени, мен бул сөздү чын дилимден айтчумун, болгону аткара алчу эмесмин. Бир күн Айдың чалганда адаттагыдай телефонумду аялым алып, мен албай койдум. Эки күндөн кийин кайра эле өзүм чалсам, Айдың ушундай бир токтоо сүйлөштү. Бул токтоолук мени коркутуп, жүрөгүмдү опкоолжута Айдың айткан жерге жетип бардым. Мени суз тосуп алган Айдың татынакай кийинип алыптыр, бирок, алыс, жат эле.
- Ысмайыл, мен сага ыраазымын. Колуңдан келгенин аянган жоксуң. Ал тургай атаңды, балдарыңды күттүрүп коюп мени менен жүрдүң. Эгер сен буюм болуп калганыңда канча адам колдонсо да ыраазы болмок, анткени, сен адам катарында эмес, буюм катарында жакшы кызмат кылмаксың. Мага да жакшы кызмат кылдың, ошол эле учурда аялыңа да, бирок адам катарында эмес. Атаганат, адам сүйүү жаатында адам катары эки адамга бирдей кызмат кыла албасын түшүнө албай койдуң. Эгер сен адам болсоң аялыңа, "мен Айдыңга барбай коё албайм. Барбайын десем ал сенин ким экениңди, өткөн жашооңду досторума айтам деп коркутуп жатат. Досторум аны билсе мен жашабай эле өлүп алганга туура келет" деп айтмак эмессиң. Ал сөзүңдү аялың менин жүрөгүмдү оорутуш үчүн кайра мага айтканда баарыбыз бечара экенибизди түшүндүм. Ал тургай биздин мамиле тууралуу кошуналарга айтып, мени жамандап актандың. Эмнеге анттиң? Эркек катары мен сени кошуналардын алдында колго чаап, аялыңдын көзүнчө бетиңди тытканыма ардандыңбы? Эгер андай эле намыскөй болсоң эмне үчүн мени күйөөсү жумушка кеткенде көңүлдөшүн үйгө чакырган аягы суюк аялдай, аялың жумушка кетээри менен куттуу үйүңө чакырдың? Мен аялыңдын "Айдың, сен тряпкасың, Ысмайыл сени карабайт" деген сөзүнө кекенип, ким тряпка болгонун далилдеш үчүн аялыңдын намысын тебелеп, болгондо да анын туулган күнүндө үйүңө бардым. Намысың болсо ошондо аялың ыйлап туруп "келбесин" дегенде, аялдык аруулугунан кеги жогору туруп калган мени үйүңө келтирбей катуу айтып тыйып коё албадың? Тыймак түгүл, бул бети жоктук сага жакканы эсиңдеби? Ошондо ак көңүл аялың байкушка "сен чыгып тур, Айдың жатуу үчүн келди. Аны менен азыр акыркы жолу болом да, анан биротоло коштошом" деп, сыртка чыгарып коюп, мага, "эгер мени менен ажырашкың келбесе сыртка чыгып тур. Мен Айдың менен сүйлөшүп алайын десем чыгып кетти" деп эки жүздүүлөнгөнүңдү унуткан жоксуңбу? Андан кийин да аялың менин үйүңөргө барганымды билсин үчүн мен эч качан колдонбой турган анын арзан косметикасына тийишип коюп жүргөнүмдү билип туруп мени үйүңө баргызбай, кыз кезинен басынып жүргөн аялыңа сөз тийгиздирбей коё албадың? Ошол аялды ал ким, кандай жан болбосун сүйбөсөң да балдарыңдын энеси, аялың катары коргоого милдеттүү болчусуң. Сен болсо ал шордууну коргомок тургай, менден бетер тебеледиң, анын өткөн жашоосун мен аркылуу чукуладың. Мындан кимге жакшы болду? -Айдың колумду кыса кармап, ыйлап жибербейин дегендей саамга унчукпай калып, анан сөзүн улады,
- Алгач сени тим гана пайдалангым келген. Ошентип жүрүп сүйүп калдым. Сенсиз жашоо жоктой сезилди. Көрсө, сенсиз эмес, сени менен бирге жашоо жок экенин кеч түшүндүм. Сени менен жашаган дүйнө жалаң жалгандан, алдоодон, арам төшөк оюнунан, эки жүздүүлүктөн турат экен. "Мен аялым менен үйдөгү конокту шылтоолоп төшөктө болбой койгон үчүн жиндеп, сага мени жамандап жатат. Ал тургай бир жолу жамгырда артыман, "үйдө күйөө баладан тартынсаң, эшикте жатабыз" деп ээрчип чыгып алыптыр. Ошондо да жатпай койдум" деп айтып келдиң. Бул жеткен эки жүздүүлүк эмей эмне? Сен мени эле эмес, жакшы көргөн балдарыңдын энесин, он эки жыл оор жеңилде чогуу болгон ак никелүү аялыңды, атаңды. энеңди, абийриңди саттың. Ал тургай биз бири-бирибизди саттык. Мен бар үчүн гана аялың азыр сага көңүл буруп жүргөн. Ал ошондой адам, башкача боло албайт. Мен болгону абдан өзүмчүл, кекчил, жаман адам экенимди түшүндүм. Эгер бирдеме туура эмес болсо, көңүлүңө катуу тийсем кечир. Өткөн өзү менен, ыраазы бол. Жаман жакшы ортодо болсун. Баса, айткан убадаларыңды орундай албаганыңа мен көнүп калгам, бирок балдарды алдабай жүр. Аларда эмне күнөө, деди да ордунан туруп кетти. Мен бир ооз бир нерсе дей албай кала бердим. Кантип бирдеме дейм? Ошол Айдыңды көргөн акыркы кеч болчу.
Дуулат бул коркунучту адамдын жанынан кеткенче шашты. Адам аласы ичинде деген ушул белем. Мына акыркы адам да кетти. Ошол күнү эрбейип жалгыз калган Ысмайылдын жанына кынжыйган ачка, арык өз итинен башка тирүү жан басып келген жок.

А.ЭРГЕШОВА