Спорт!

Улан Молдодосов
Дүйнөлүк чемпион болгусу келген...
Кыскача маалымат:
85 килограммдык салмактагы эмгек сиңирген спорт чебери Улан Молдодосов оор атлетика боюнча машыктыруучу.
Арсен жана Арслан аттуу эки уулдун сүйүктүү атасы.
Жылдыз белгиси - "Эгиздер".

Бала чагы:
Болочок спортчу борбор шаарыбыз Бишкекте төрөлгөн. Бала чагы Токтогул жергесинде өткөн. Кичине кезинен футболго өтө кызыккан. "Бир окуя эсимден кетпейт. Мелдеште машыктыруучубуздун айтуусу боюнча коргоо бурчунда турган элем, кызуу таймаш башталган. Бир дагы команда упай алган жок, оюн аяктайын деп калган. Акыркы топту тебиш керек учурда капысынан топ башыма тийип, күтүүсүздөн дарбазага кирип кетти. Ушундан кийин машыктыруучубуз менин ордумду алмаштырган"- дейт Улан Молдодосов.
80-жылдары өзү курдуу балдарга кошулуп, күрөш боюнча эки жарым жыл машыккан. Ал өзү менен тең балдардан бою алда канча кичирээк жана чыйрак эле. Машыгуу саат тогузда башталыш керек болсо, Улан бир саат, жарым саатка эртерээк келип, машыкчу. Анын тренери Үсөн Майназаров Уланды оор атлетика боюнча машыгууга сунуш кылганда Улан дароо макул болду. Себеби, анын атасы дагы, улуу агасы дагы оор атлетика менен машыгып жүргөндүктөн спорттун бул түрү ал үчүн жакыныраактай сезилген. Бир жылдан ашпай эле Улан Молдодосов оор атлетика боюнча СССРдин курама командасына кирген.

Максаты:
"Кичине кезимде андай деле көксөгөн максатым болгон эмес. Качан гана оор атлетика менен машыга баштаганымда "Сен ким болгуң келет? -деген суроого" мен дүйнөлүк чемпион болгум келет деп жооп берген элем. Менин эң негизги максатым дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстандын желегин бийик көтөрүү.

Биринчи таймашы:
"1989-жыл. Тренерибиз Үсөн Майназаровдун жетекчилигинде Бишкек шаарында боло турган мелдешке даярданып жатканбыз, качан гана борбор шаарга сапар тартыш керек болгондо, бизге өткөөлдүн жабык экендигин айтышты. Биз тренерибизге барбай калабызбы, ушуга чейин машыкканыбызды көрсөтө албайбызбы, деген суроолор менен кайрыла бердик, ошондо Үсөн Майназаров ишке ашпай турган нерсени жүзөгө ашырды. Коңшу айылга барып, ал жерде кичинекей аэропорт бар эле, сүйлөшүп, акчасын биз үчүн төлөп, өспүрүмдөрдүн таймашына учак менен келген элек. Анда алдыңкы орундарга ээ боло албасак дагы мелдеш, шаар деген кандай экенин биринчи жолу билип келгенбиз".

Учурда:
Улан жаңыдан машыгып жүргөн учурунда эле, өспүрүмдөргө колунан келген жардамдарын аячу эмес. Азыр ушул спорттун түрүн өркүндөтүү максатында жаш муундарды тарбиялап келет. Учурда спорт мектебинин директору. Оор атлетиканы өнүктүрүү өз салымын кошуп келет. Ал өсүп келе жаткан балдарга ордун бошотуп берүүнү туура көрөт.

Жетишкендиктери:
Улан Мэриленде 152,5 кг көтөрүп, 187,5 киллограмды түртүп, алтын медалдын ээси болгон. Мына ушундай жетишкендиктер менен Түркия, Казакстан спортчуларын жеңип келген. Ал эми, Кытайда болгон олимпиадада Кыргызстандын атынын барган Улан Молдодосов 85 кг чейинки салмактагы таймашта 11-орунга ээ болду. Улан 346 кг чейинки сумманы жыйнай алган. Андан сырткары, Певия шаарында өткөн мелдеште коло медалдын ээси болгон. Эмгеги сиңген спорт чебери Азия оюндарынын чемпионатынын алдыңкы орундарынан бир нече жолу орун алып келген.


  Белгисиз белгилүүлөр

Улакчы да, актёр да, балбан да...

Улак тартыш оюну боюнча белгилүү чебер Жапаров Артур Мурадинович Чүй областынын Көк-Жар айылында 1985-жылы туулган. 1-класстан баштап Бишкектеги №69-мектеп гимназиясында окуган. Кичине кезинен эле спортко өтө кызыккан. 7-класста окугандан тартып "Эмгек резерви" спорт комплексинде эркин күрөш боюнча машыга баштаган. 3 жылдан кийин "Динамо" командасына которулган. Машыктыруучу - Сапаров Минислам. 2003-жылы күрөш убагында катуу жаракат алып, спорттон кетүүгө аргасыз болгон.
Артур он алты жашынан баштап, улак тартууга катыша баштаган. Ал "Дордой" командасынын атынан Казакстанда улак тартышка катышып, жеңил автоунаасын сыйлыкка алган. Бирок, анын тобокелдикке салган мындай мелдештерге катышуусуна Аят-2 кинотасмасынан күрөш учурунда катуу жаракат алгандыгына байланыштуу дарыгерлер каршы турган.
Учурда машыктыруучу. Жаш өспүрүмдөрдү эркин күрөш боюнча машыктырууга салымын кошууда. Ошондой эле актерлук жөндөмүн сынап, "Аят-2" кинотасмасында терс каармандын образын жаратты. Артур эки уулдун атасы. Ал "менин ишке ашпай калган ой-максатымды уулдарым аткарат" деген ишенимде. Бош убактысынын көбүн балдарын машыктыруу менен алектенет.


Бетти даярдаган
Э.БЕККОЖОЕВА