Чыгыш керемети ТАЙЦЗИ ЦИГУН
Ички кубатты башкаруу өнөрү
1.ЦИ кытай тилинен которгондо "аба, дем алуу, ички кубат" дегенди түшүндүрөт.
2.ГУН -белгилүү бир убакыттын сарпталышын талап кылган эмгекти, адамдын кыймыл -аракетин билдирет.

Демек, биз цигунду ички кубатты башкара билүү өнөрү деп түшүнсөк болот. Цигундун көптөгөн багыттары бар. Бирок, Кытай эр өнөрүнүн бардык көрүнүктүү устаттары цигунду ичине камтыбаган УШУ ( мушташ ыкмалары) ГУН ФУ (машыккандыктын жогорку чеги ) боло албасын жакшы билишет. Анткени үй куруудан мурда анын пайдубалын орнотуу керек да. Үй канчалык чоң боло турган болсо, анын пайдубалын ошончолук терең орнотуу керек. Тогуз кабаттуу үйдү жер кепенин пайдубалына тургузууну эч ким оюна да албайт.

ЦИГУН деген эмне? Цигун жөнүндө көп эле айтылат, бирок мен бул өнөр тууралуу өзүмдүн жеке түшүнүгүмдү билдиргим келет.

1. Цигунду спорт деген болобу?
Цигун жасоо спорттун бардык түрлөрү боюнча ийгиликке жетүүгө жардам берет, бирок андагы эрегишүүнүн же рекорд коюу кызыкчылыгынын жоктугу цигунду спорттон айырмалап турат.


2. Цигунду келечектин медицинасы деп аташууда.
Ооба, албетте, цигун бир топ оорулар үчүн абдан жакшы алдын алуучу жана сакайтуучу каражат болуп эсептелет. Ден-соолукту калыбына келтирүүдө да өтө эффективдүү. Цигундун таасиринин башкалардан өзгөчөлүгү, "ички дарыгерди", организмдин өз алдынча күрөшүүсүн ойготот.

3. Цигунду кээ бир учурда дем алуу көнүгүүлөрүнө киргизишет.
Анын тууралыгы бир жактуу гана. Дем алуу чындыгында цигунда колдонулган бирден бир өтө маанилүү физиологиялык механизм экенине карабастан, жалгыз гана ага басым коюу таптакыр жетишсиз болор эле. Цигундун негизги "кыймылдатуучу күчү" болуп аң -сезим эсептелет.

4. Цигунду дин катары кароого болобу?
Цигунду үйрөнүү үчүн рассалык, диний, же башка белгилер боюнча бөлүнүүнүн эч кажети жок. Улутуна карабай бардык диндеги, жыныстагы, курактагы адамдар бул байыркы өнөр менен машыга алышат, анткени бир дагы динде ден соолугун чыңдоого жана өркүндөтүүгө тыюу салынбайт.

5. Цигунду кээ бир учурда трюк жасоо деп түшүнүшөт.
Нукура цигун трюк көрсөтүүдөн өзүн узак кармайт. Ошентсе да кээ бир багыттарда, мисалы, катуу (бекем ) цигун (ИН ГУН ) менен машыгуу учурунда адамдын организминин мүмкүнчүлүктөрүн ачык көрсөтүү учурайт.

6. Цигунду эр өнөрү деп эсептөөгө болобу?
Цигун жөн гана эр өнөрү дегенди билдирбейт, ал өз ичине абдан көп нерсени камтыйт, анткени, анда адам турмушунун бардык тарабына таасир этүү жөндөмү бар. Бирок байланышы да бар - тажрыйба жүзүндө кытай эр өнөрүнүн бардык багыттарында денени бекемдөө, муштоо күчүн жана уруу ылдамдыгын жогорулатууда, алдын ала көрүп-сезүү кудуретине жетишүү үчүн цигунду колдонушат. Салыштырып айтканда, эр өнөрү -бул курал болсо, цигун -андагы "дүрмөт".

7. Цигунду кээде турмуш жолу катары карашат.
Мен бул аныктамага толук кошулам, анткени жаман адаттан жана аша чапкандыктан арылып, кандайдыр бир белгилүү эрежени карманып, туура турмуш жолуна түшүп гана цигун менен машыгууга болот.
Жогоруда айтылгандарды эске алып, биз цигунду адам табиятынын бардык деңгээлин: дене түзүлүшүн, ички кубатын, жан дүйнөсүн бир нукка салууга түрткү берген "универсалдык билим" деп атай алабыз.
Цигун кытай маданиятында өзгөчө орунда турат. Жеткиликтүү болсун үчүн кичинемде атамдан уккан уламышты айтып берейин.
Жалгыз аяк жол менен тоо аралап беш жолоочу бара жатат. Жол узак жана татаал болот. Тоо ичине түн кирип, бат эле караңгы кирип кетет. Алар түндү өткөрүү үчүн от жагып жай алышат, отту өчүрбөс үчүн аны кезектешип карайлы деп чечишет. Кечки тамагын ичип -жеп, жолоочулар уйкуга киришет. Бирөө отту карап калат. Тагдырдын буйругу менен ал жыгач уста экен. Отуруп, зеригип турганда отундун арасынан көзүнө бир чоң кертим жыгач урунат. Андан кыздын келбетин чегүүнү ойлойт. Баштыгынан чот-керкисин алып, жумуштун кызуусуна кирип кетет. Убакыттын кандай өткөнүн байкабай калат. Кыздын келишкен келбети даяр болот, аны оттун жанындагы шиберге калтырып коюп, өзү болсо уктап жаткандардын бирөөнү ойготуп, тонун жамынып уктоого кирет. Кезекти алган тигүүчү сулуу кыздын келбетин көрүп, колуна алып ары -бери суктанып карап, өз өнөрүн көрсөтүү үчүн аны кийинтүүнү ойлойт. Түрдүү маталарын, ийне-жиптерин камдап көнгөн адатына салып тигүүгө киришет. Ары-бери караганча анын күзөткөн убагы да бүтүп калыптыр, ал кезде кийим тигилип болуп калган. Кызды кийинтип суктана бир карап, ал да уктоого камынат. Кезек үчүнчү-өтүкчүгө келет. Жыгач кызды көрүп таң кала карайт, келбети келишкен, жакшынакай кийим кийген, бирок бутунда бут кийими жок. Өтүкчү өз өнөрүн көрсөтүп, убакытты текке кетирбей кызга өтүк тигип берүүнү чечет. Ал да өз өнөрүнүн устасы болгондуктан, ылайыктуу тери тандап, жарашыктуу бычып, конучун шуру менен кооздоп ажайып өтүк тигет. Төртүнчү жолоочу зергер болгондуктан, ал кызга келиштире күмүштөн чач учтук, сөйкө, билерик жасап тагып коёт. Ошентип акыркы жолоочунун кезеги да келип. Ал кызды көпкө карап отурат:дене-бою келишкен, жарашыктуу жасалгаланган "бул кыз куурчак гана болгону кейиштүү экен!" -деп ойлойт да, ал да өз өнөрүн көрсөтүүнү чечет. Анткени, бул улуу сыйкырчы-каалаганда кар жаадырган, бороон-чапкын чакырган, ылдый агып жаткан сууну тескери агызган жайчы экен. Ошентип бул жолоочу да көпкө ойлонбой, кызга дем салып жан кергизет...
Кыз терең деми алып ордунан козголгондо калган жолоочулар да ойгонушуп, кыз кимге таандык деп тартыша кетишет. Жыгач уста: "Аны мен жасагам!" -десе, бычмачы "А мен кийинткем!"-дейт. Ар кимиси өз кылгандарын маанилүү деп эсептешет.
Ошол сыңары Цигун кытай маданиятында чыгыш жомогундагы сыйкырчыга окшоп терең мааниге ээ. Бул жомок аркылуу менин айтайын дегеним, сыйкырчы-жайчыга окшоп, адамдын баардык ишмердигинде: эр өнөрүндө, табыпчылыкта, даанышмандыкта жана башка ишмердикте болсун жашоого дем берет.

Даярдаган А.ОРМОТОЕВА