Төр-маек

Акматбек Келдибеков,
Жогорку Кеңештин төрагасы:
"Ташиевдин, Келдибековдун, Жапаровдун кемчилиги - чыгаандыгы"
- Парламент ишин баштаган жарым жыл ичинде парламенттик башкаруу системасы толук кандуу иштеп жатат деп айта аласызбы?
- Биздин парламенттик башкаруу эфективдүү иштеп, өз натыйжасын бере баштады дегенден алысмын. Бул өтө татаал суроо, себеби, биз шайланаар алдында башкы негизги мыйзам болгон Конституция алмашты, жөн гана алмашпастан мамлекеттик башкаруу түзүмү, башкаруу системасы өзгөрдү. Мурун президенттик-парламенттик башкаруу болгон болсо, азыр парламенттик башкарууга өттү. Баардык мыйзамдарды ушул башкы мыйзамга - Конституцияга төп келе тургандай кылуу үчүн аябай көп убакыт, эбегейсиз эмгек талап кылынат. Ошонун негизинде иш алып барып, алты айдын ичинде биз мурунку паламенттин бир жылдык ишине караганда бир жарым эсе көп мыйзамдарды карап, талкуулап, кабыл алып жатабыз. Бул дагы биздин иштин эффективдүүлүгүнөн кабар берет десем болот. Андан сырткары, биздин алдыбызда күздө боло турган президенттик шайлоо келе жатат. Ага дагы мыйзамдын бардыгын Конституцияга шайкеш келтирип, жазып, толуктап чыгуу керек, бул өтө чоң милдет десем аша чапкандык болбос. Себеби, үч ай бою жумушчу топ, демилгечи топ, өкмөт баары чогулуп иштеп, ушул мыйзамдарды баарын жаратты. Сот системасын толук рефармалоо, түп тамырынан өзгөртүү боюнча бештен ашык чоң мыйзам кабыл алды. Эртең бүрсүгүнү кудайым буйруса, сотторду тандоону өткөрсөк, беш жүздөн ашуун сот ушул электен өтөт, бул системага чоң өзгөрүү кирет десем аша чапкандык болбос.
- Президенттин чет мамлекеттердин өлкө башчылары менен болгон жолугушууларына, иш сапарларына караганда мамлекетти парламент эмес, баягыдай эле президент башкарып жаткандай. Парламенттик башкарууну сезүү үчүн эмне кылуу керек?
- Парламенттик башкаруу деп башкы мыйзам кабыл алган менен, бүгүнкү күндө иштеп, биздин турмушта пайдаланып жаткан мыйзамдардын бардыгы мурунку президенттик башкаруу системасындагы мыйзамдар экени эч кимге жашыруун эмес. Мунун баарын бир күндө өзгөртүп жиберүү өтө татаал, бул процесс акырындык менен жүрүп, күндөн-күнгө өзгөрүп турушу керек. Мына буйруса акырындап өз нугуна түшө баштады. Мына эл арасында сиз айткан пикирдин пайда болуусу да ошол мыйзамдардын негизинде болуп жатат. Парламенттик башкаруу системасын биз канчалык тез калыпка салсак, ошончолук тез баары өз нугуна түшөт. Бул бир, же эки адамдын эле каалоосу менен эмес, бул ошол мыйзамдын иштөө шартынын негизинде ишке ашат. Отуз пайызга чейинки негизги мыйзамдарды карап бүттүк. Ушул жылдын аягына чейин биз мыйзамдарды толук кандуу өзгөртүп бүтөбүз.
- Карапайым элдин бийликке ишенбегени азыр эч кимге жашыруун эмес. Мунун түпкү тамыры эмнеде?
- 2005-жылды алып көрөлү, анда да төңкөрүш болду. Эл жөн эле чыга бербейт, айрыкча биздин кыргыз эли чучукка жетмейинче көтөрүлбөгөн чыдамкай эл. Качан элдин пикирин эсепке албай, кыжырына тийгенде бийлик алмашуу болду. Эл 2005-жылды эске алуу менен, бийликти алмаштырып койсо эле баары өзгөрүп кетет экен деген ниет тилек менен төңкөрүш жасады эле, бирок тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок. Бул бийлик деген адамды сормо саздай тартып кеткен нерсе да, ошон үчүн экинчи жолку былтыркы бийлик алмашуудан кийин ошол эле саясатчылар, эл дагы системаны өзгөртүү керек экенин түшүндү Мына система өзгөрүп, бүгүнкү күндөгү өтө күчтүү көзөмөлгө алынган система түзүлдү десем болот. Парламент, эл, өкмөт, президент төрт тепкичтен турган тарап бирин-бири көзөмөлдөп турат. Баягыдай өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем деген жок, баары сын көз алдында. Басма сөздү эле карасаңыз, мурдагыдан айырмаланып, ар бир кичине кадам болсо кошумчалап токушат, кошушат. Жашыра турган, же бир адамды карап, "ушул не дейт экен?" деген система жок. Эгер ушул система калыптанып иштеп кетсе, өзүнүнү жыйынтыгын берет деп ишенем. Эң негизгиси бийлик бир адамдын колунда эмес.
- Азыр парламенттин, парламент шайлаган өкмөттүн, аты жөнү көрсөтүлбөй референдум менен шайланган президенттин ортосунда бирдиктүү саясат жок экендигин жашыра албайбыз. Ага президенттин аппаратынан жасап жаткан иштери, куру убадалары, парламент өзүнүн казанында өзү кайнаганы мисал. Биз ишенген жогору жактагылар ушинтип отурса мамлекет алдыга жылат, эртең дагы бир төңкөрүш кайталанбайт, элде жакшы жашоо болот деп ким кепилдик бере алат?
- Парламент менен өкмөт тыгыз байланышта иштеп жатат. Өкмөттөн келип түшкөн мыйзамдын баарын парламент колдоп, керек кезде өкмөттүн отчетун, тийиштүү маалыматын угуп дегендей иштешип жатат. Баардык ишти бир-эки айдын ичинде эле нукка салып жиберүү былтыркы жылкы окуялардан кийин фантастика. Анын үстүнө, президенттик шайлоо жакындап, ошонун негизинде, саясий тирешүүлөр, бири-бирин "бул чыгып кетпесин" деген бут тосуулар биздин системанын ишке ашуусуна тоскоол болуп жатат. Буга карбастан, президенттик шайлоо болуп, ал таза, ачык-айкын өтүп, мыйзамдын негизинде бийликти өткөрүп берүү болсо - чоң жетишкендикке жетишебиз. Азыркы кандай жол менен болбосун алдыга чыгуу үчүн, бирин-бири жаман атты кылганга аркеттенген балит оюндардын болуп жатканы, бул жакшылыктын жышааны эмес. Карапайым элдин бүгүнкү маалымат алган булагы эле гезит болуп жатат. Ошондуктан, гезиттер элге маалыматты туура жеткириш керек. Эл сабырдуулук даанышмандык менен эртеңкиге караса, баары жакшы болот.
- Түштүк коогалаңы боюнча бир нече комиссия корутунду чыгарды. Сиз кайсынысын колдойсуз?
- Парламенттик комиссия болобу, улуттук комиссия болобу, бул саясий чечимдерди чыгара турган комиссия. Булар сот системасы, же прокуратура эмес. Алардын адамды жазалап, муну атыш керек, муну даңкташ керек дегенге акысы жок. Ал эми, прокуратура үч айдын ичинде бул тополоңдун тамырын таап, бизге отчёт бериш керек. Үч айдан кийин биз жыйынтыгын сурайбыз. Депутаттык комиссия өзүнүн ишин татыктуу алып барды десем болот. Жакында мунун баары китепче болуп чыгат, миңге жакын буйрутма берилди. Ал китепчелер баардык элчиликтерге, биз менен шериктеш өлкөлөргө, элге таркатылат. Бул китепчеден сессияда бир гана бүркүмү берилген маалыматтардын толук топтомун тапса болот. Дагы бир айтаарым, кайсы улут болбосун өз эне тилин окусун, бирок ошол улуттун жыштыгына жараша мектепте ошол улуттун тилинен жумасына он, он беш саат коюлуп, ал эми, негизинен кыргыз тили окутулуш керек. Анткени, мамлекетти сүйүү, ардактоо тилден башталат. Тилди билген адам ошол мамлекеттин тарыхын окуйт, каада-салтын үйрөнөт, кыргыз менен кыргызча сүйлөшүп дилин билет. Биз кичинекей мамлекет болуп туруп, чоң саясатка аралашып кетебиз, тилибизден, же кылган ишибизден жаңылабыз. Анын кимге кереги бар? "Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык",- дегендей, кошуна мамлекеттер менен тыгыз, ынтымакта жашасак баары жакшы болот. 1 млн.дон ашык калк эмгек мигранты болуп канча пайда алып келип жатат. Биз ушуларга шарт түзүп бергенге милдеттүүбүз. Жаман дегенге көнбөй жакшы дейли. Биз баардык нерсенин жаман жагын издегенге көнүп калдык.
- "Ата-Журт" партиясынын, анын ичинде Ташиевдин, Жапаровдун, Келдибековдун бири-бирине болгон мамилеси кандай?
- "Ата-Журт" партиясы күчтүү партиялардын бири. Биз - партиялаштар шайлоого кетип баратканда шартташканбыз, талапкерлер менен да макулдашканбыз. Бирок, кээ бир талапкерлердин айтылган шартты аткарбаганы келишпөөчүлүктөрдү жаратты. Бул партиянын ысык-суугун биз үч адам Камчыбек Кыдыршаевич, Садыр Нургожоевич, мен чогуу баштан кечирдик, кыйын кезде кармап, алдыга алып чыктык. Ошол мезгилдеги биримдигибиз, ошол мезгилдеги ар бирибиз үчүн күн-түн дебей иштегенибиз эч качан эстен чыкпайт. Саясатта ошол бирдиктүү, күчтүү адамдарды ажыратыш үчүн ар кандай ушак кептер, балит иш чаралар көрүлөт экен. Алардын тилеги таш кабаарына ишенем, себеби "Ата-Журтту", анын түзүүчүлөрүн бөлүп-жаруу бул ишке ашпай турган нерсе. Гезиттерге канча жолу жазышты, мен көңүл да бурган жокмун. Биздин ар бирибизди, Ташиевди, Жапаровду, мени жалгыз караса болмок, ошондо гана "Ата-Журтту" бөлүп жара алышмак. "Жалгыз дарак бак болбойт",- дегендей, жалгыздап шыбап, сасык оюнду ишке ашыруу оңой болмок. Биздин мамилебиз мурун кандай болсо, азыр да ошондой, ал тургай андан да бекем десем болот. Төрага болгондон кийин ар кандай иш-шарттарына байланыштуу көп учурда жолугуша албай алыстап калат экенсиң. Жадагалса, кээде "баланча гезитти окудуңбу, телевизор көрдүңбү?" деп сураса, ошол адамдар кандай бактылуу деп суктанам. Үйгө эң эрте келсем түнкү саат он экиде келем. Балким, кимдир бирөөлөр төраганы "укмуш дачада жашайт, МАИ, жансакчы менен жүрөт, кандай жакшы" деп ойлошсо керек. Мунун баары жеке адамдык жашоого салыштырып караганда оор жүк. Мурдагыдай досторуң менен каалагандай басып, тойлорго барып чер жаза албай, чогуу тамак ичип, кеңири басып сүйлөшө албай калат экенсиң. Ушуну карап туруп эле кээ бирөөлөр "булар жолугушпай калды, демек мамилеси бузулду",- деп ойлошсо керек. Мунун баары ич күйдүлүк кылган душмандардын жеке көз карашы, ишке ашпай турган тилеги. Биздин - Жапаровдун, Ташиевдин, Келдибековдун, Сулаймановдун, Абдылдаевдин бир гана кемчилиги - чыгаандыгы. Биз кыргыздын башка чыгаан жигиттериндей эле, элдин мыкты уулдарыбыз. Биз саясаттан ордубузду таптык. Ошондон улам кыргыздын канына сиңген, алдыга чыкканды бутка чаап жыгыткан адатынча эле бизди да эптеп бутка чапсак, аксатсак деп аракет кылып жатышат.
- "Ата-Журт" партиясынан ким президенттикке барат?
- Аны партиянын жыйынында чечебиз. Азырынча мезгилден алдыга чуркабай туралы.

Даярдаган
Айжаркын Эргешова