кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 71
п»ї


  Жарашуунун чоо-жайы

Ташиев-Сулейманов чатагы эмне менен бүтөт?

Парламентте депутаттар К.Ташиев менен Б.Сулеймановдун ортосундагы чатакты иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму болуп, араздашкан тараптарга комиссиядан жаршып алуу сунушу түштү. Ал ортодо чиркейди чымын, чымынды көөгөн кылып көрсөткөн интернет басылмаларынын журналисттери: "Ташиев Сулеймановдон кечирим сурады", "Ташиев Сулеймановдун алдында кечирип коюуну өтүндү" сыяктуу ыкчам кабарлар тарап кетти. Ал тургай, Курманбек Осмоно ыйлап жиберчүдөй болуп, "Ташиев өкүнүү менен кечирим сурады эле, Б.Сулейманов кечирди" деген билдирүү жасап ийди.

Биздин жеке маалымат булактарыбыздан маалым болгондой, комиссиянын отурумунан алдың дунган диаспорасынын ардактуу адамдары Камчыбек Ташиевге кайрылышып, Б.Сулеймановду кечирүүсүн өтүнүүү менен бирге, Ташиевдин каршылаштары менен дунгандарды бириктирген эч нерсе жоктугун айтышкан. Дунган аксакалдарынын айтымдарында, алар Б.Сулейманов менен сүйлөшүшүп, депутат башкаларга курал болуп калгандыгына өкүнүп жаткандыгын айткан. Тынчтыкты сүйгөн элдин аксакалдарын сыйлап, "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Сулеймановду "келсин" деп гана жооп бериптир.




Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 112

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 112

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0630_1.htm on line 112


а ­е¦Є.НҐй«