Турмуштук баян

Басып кетээр күнүмдү эңсеп келем

Кан кашаткан, адамдын тагдырына капылет бурулуш жасаган кайдыгерликтин айынан дүйнөдө нелер гана болбойт. Кандай болгон күндө да бул жашоодо эртеңдерге азгырылып, үмүт артып бирде кубанып, бирде ыйлап, жашоо ошонусу менен кызык тура. Аргасыз жакшылыктан үмүт үзө албай өзүңдү-өзүң алдап, тирүү болгон соң жашоого умтуласын.
Кечээ эле басып жүрүп, бүгүн дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам тагдыр сыноосунабы, же каарынабы туш болгон адамдардын бири Жапан атаны сөзгө тарттык. Карыя ары-бери басып жүргөн адамдарга ушундай бир башкача суктанган, көз арткан көз караш менен көпкө карап туруп, анан ойлуу кеп баштады.

Доктурлардын кайдыгерлигиби, же тагдыр сыноосубу?

ен ушул тагдырга туш болом деп таптакыр ойлобогон экенмин. Баарынан да ушул күнгө чейин көнө албаганым - кадимкидей эле басып жүрүп, бат эле түш көргөнсүп майып болуп калганым болду. Балким, врачтар кош көңүлдүн кылбаганда мындай тагдырга туш болбойт белем, кудай билет. Мына ошондон бери арадан билинбей эле көз ачып жумганча үч жылдын жүзү болуптур.
Бирок ушул үч жыл мага, үч кылымдай сезилсе да, үзүлбөгөн үмүт менен басып кетээр күнүмдү эңсеп келем.
Ал кезде 2008- жыл октябр айы болчу. Нарындан Бишкек шаарына келип, ашказаным боюнча ооруканалардын бирине кайрылдым. Алар мага керекүү дары дармектерди жазып беришип, көп өтпөй эле кайра Нарынга кеттим.
Ал жактан жазып берген дарыларды ичсем дагы эч натыйжа чыкпай үч күн өттү, аябай ооруп кыйналдым. Үч күндөн соң, Нарындын невралогия бөлүмүнө бардым. Ал жерден ашказаныман суу тарттырышты, андан деле эч кандай пайда чыкпай, кайра ичим аябай чыдатпай ооруп баштады. Башым айланып дааратканага араң жеттим. Дааратканага кирип эшигин жаңыдан илгенде эле көзүм караңгылап, эки бутум кыймылсыз болуп жылбай калды. Сыртта мени күтүп турган балама "Нурбек" деп араң гана эки үч жолу кыйкырдым. Айланамды карап, кармап турганга дарманым келбеди. Бактыма жараша даараткананын үстү ачык болуп калгандыктан, уулум үстүнөн секирип кирип, ийнимен өйдө тартып тургузду. Ким билет даараткананын үстү бек болуп калганда эмне болмокмун. Мени араңдап сүйрөп палатага жеткиришти. Дароо эле капельница коюп, эс алдырышты. Эртеси күндөгүдөй эле өзүмдү жакшы сезип, суу жакка басып бара жаткам. Басып баратып, дагы көзүм караңгылап, башым айланды. Кайра жыгылып калбайын деп, дубалды сыйпалап суу алып жаткандарды көздөй бет алдым. Алар мага жардам берүүнүн ордуна, таңкала карап чачырап, корккон сыяктуу басып кетишти. Эптеп-септеп жай басып палатама жеттим. Ошондон кийин эле денемди шишик басып, бат эле баспай калдым. Догдурлар мага ар кайсы жыйынтыктарды чыгарып жатышты. Чындай келгенде так даана маалымат бере алышкан жок. Бир учурда эле колу- бутумду шишик баскандан кийин денем эч нерсе сезбей калды. Мен болсо күндөн күнгө начарлап бара жаттым. Ооруканага бутум менен басып кирип, кайра көтөртүп чыктым. Туура бир жума дегенде Бишкек шаарына жөнөтүштү. Нарындан Бишкекке келе жатып жолдо жаным кыйналып араң келдим. Бул жакка келсем дароо эле реанимацияга жаткырышыптыр. Он күн дегенде эсиме келип, палатага которулдум. Мени үчүнчү невралогия бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жерден күчтүү дарыларды сайып, колдон келген аракеттерин жасап жатышты. Ошол күндөн ушул күнгө чейин менин оорум тууралуу так маалымат бере алышпады. Мен болсо басам деген үзүлбөгөн үмүт менен жашап келе жатам. Азыр жардам болобу деп, ай сайын курстардан өтүп турам. Мен мурда коляскада отурган болсом, азыр балдак менен басканга аракет кылып калдым. Эки үч жылдан бери, үйдө отуруп, айлана чөйрөнү, адамдардай болуп басып жүргөндү сагындым. Мурунку басып жүргөн күндөрүмдү эстегенде, жүрөгүм уйгу- туйгу болуп, ошол күндөрдүн кайра кайрылышын чыдамсыздык менен күткөн үмүт менен эле жашап жүрөм.
Майып болуп калганым үчүн эч кимди күнөөлөгүм келбейт, бирок, дарыгерлердин кайдыгерлигинен ушундай болдубу, антпесе эл катары эч кимге жүк болбой, өз бутум менен эле басып жүрөт белем деп каңырыгым түтөйт. Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей, меникиндей тагдырды душманыма да каалабас элем.

Жазып алган
Бекмуратова Насыйкат
Токтосунова Гулира