Демарал жашоосунда

КММАдагы тазалануу процессине каршы чыккан айрымдардын жосунсуз жоруктары

Апрель окуясынан бери карай Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын (мындан ары КММА деп кыскартылып жазылат.) айланасында ушак-айыңдар күчөп, алар сот иштерине чейин жетти. Мындан улам, "Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" макалын эстейсиң. Себеби, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон айрым эргулдар өз башындагы төөнү көрбөй, аталган академиянын жетекчиси Аширали Зурдиновго катуу чабуул жасашып, арыз үстүнөн арыз жазып отурушуп, сот залына чейин жетелеп барышкан. Ал турсун, тоголок каттардын алды интернет булактарына чейин жарыяланып кеткен. Чамасы, арыз ээлери мындай ыкма аркылуу: "2010-жылдан тарта Бакиевди кубалагандан кийин, баарын кубаласа болот" деген максатты алдына коюшкандай. Арийне, "Ак ийилет, бирок, сынбайт" демекчи, ректордун дарегине айтылган дооматтардын бардыгы жалган жалаа экендиги жогорку жактан түзүлгөн комиссиялар, сот тарабынан аныкталып, арызчыл жазмакерлер эми өз алапайларын таппай туру. Дегенибиз, алардын бул окуу жайда иштеп тургандагы мыйзамга туура келбеген өздөрүнүн былыктары ачылып, учурда тергөө жүрүүдө. Буга Г.Үсөнкулова менен З.Айдаровдун легендарлуу ишмердүүлүгү далил. Анда сөз башынан болсун.

Дүйнө эли аял затын сыйлап, урматтоо менен мамиле жасаганды салтка айландырган. Биз да ошол жөрөлгөдөн тайбай, алгач макаланын башкаармандарынын бири Г.Үсөнкулова айым тууралуу кеп козгоону туура таптык.
Маалыматтарга караганда, Г.Үсөнкулова эмгек жолун КММАда жалпы химиялык кафедрасында катардагы лаборанттык милдетти аркалоо аркылуу баштаган. Бул 1989-жыл эле. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү жагдай, башкаарманыбыз арадан жети жыл өткөн соң сырттан окуу аркылуу жогорку билимге, тагырагы, биология адистигине ээ болуп отурат. Андан кийин, тактап айтканда, 2002-жылы биология илиминин кандидаттыгын жактаган. Болсун дейли. Бирок, маселе төркүнү башкада. Үсөнкүлова эжекебиз кандидаттык даражасын кантип жактаганын так айта албайбыз, кеп мааниси анда деле эмес. Маселенин баары анын кийинчерээк илимий даражага ээ болсом деген "халтурщик-илимпоздорго" көктөн издегени жерден табылгандай эле кубаныч жаратып, алардын заматта бакыйган илимдин кандидатына айланышына жол ачып бергендигинде болууда. Биздин колдогу документке таянсак, Бишкек шаардык прокуратурасы КММАнын илимий жана дарылоо иштери боюнча бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Г.Үсөнкуловага кылмыш ишин козгоптур. Анда Үсөнкулованын С.А.Ч., А.Б.И., Г.Ж., Б.А.А. сындуу атуулдарга кантип илимий даражаны коргоого жол ачып бергени кеңири баяндалат. Анда эмесе алардын ар бирине учкай токтолуп өтсөк.
Ушул жерден бир маанилүү окуяны мисал келтире кетсек. Балким, Г.Үсөнкулованын былгытма иштери ачыкка чыкпай калмак, Р.А. кандидаттык экзамендерди тапшырыш үчүн кезинде кассага акча төлөгөн экен. Бирок, экзамендерге катышуучулардын катарына кирип, экзамендерди тапшырбай эле алтын колдуу айымдын колунан күбөлүктү алган. Аягында келип, анын бети ачылып, март айына дайындалган кандидаттык диссертациясы каралбай калган. Бул боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзгөн.

Фамилияң бар, атың жок...
Атайын комиссия иликтөө жүргүзүп, натыйжада С.А.Ч. кантип мыйзамсыз "кандидаттык экзамендерди тапшырган" деген документти алганын далилдеди. Ал 2006-жылдын 12-июнунда "Информатиканын негиздери жана эсептөөчү техника" аталыштагы предметтен экзамен тапшырып, төрт деген баа алган. Эми муну тереңден изилдейли. №28 буйрукка (09.06.2006) ылайык, анын фамилиясы кандидаттыкка экзамен тапшыруучулардын арасында болгон. Ошол эле маалда сабакка катышкандардын тизмесин аныктоочу журналда С.А.Ч.тын карааны түгүл, анын баштамгасын кездештирбейсин. Демек, бул факт С.А.Ч. мырзанын аталган предметтен даярдыктан өтпөгөнүн жана экзамен тапшырганбагандыгын айгинелейт.
Ошол эле учурда ал 2004-жылдын 1-июнунда философия сабагынан экзаменди "жакшы" деген баага тапшырган. Ал эми иш жүзүндө 2006-жылы 22-июнда гана каттоодон өтүптүр. Мына сага комедия! Себеби, ал 2004-жылы философиядан кандидаттык экзамен тапшыргандардын арасында расмий катталган эмес.
Ушундай эле көрүнүш чет тили сабагында кайталанат. С.А.Ч. 2004-жылы 15-июнда англис тилинен "төрт" деген баага татыганы менен англис тили боюнча кандидаттык экзамен тапшыруучулардын арасында анын фамилиясы расмий катталган эмес. Жогорудагы келтирилген фактылар С.А.Ч.тын атайын даярдыктан өтпөй, тийиштүү предметтер боюнча экзамен тапшырбаганын далилдейт. Баарынан кызыгы "Укмуштуунун төөсү жорго" дегендей ошол жылдары "тапшырылды" деген күбөлүк арткы убакыт менен 2010-жылдын 18-февралында жазылганы болуп туру. Мунун баарына мурдагы илимий иштер боюнча проректор менен илимий жана дарылоо иштери боюнча бөлүмдүн мурдагы башчысы Г.Үсөнкулованын тиешеси бар экендиги айтпасак деле түшүнүктүү.
Кайран Г.Үсөнкулова айым ушундай эле ыкманы КММАнын нейрохирургия кафедрасынын илим үстүндө изденүүчү А.Б.И.ге колдонгон. Төмөндөгү таблицада баса көрсөтүлгөндөй, Үсөнкулова мыйзам бузуу аркылуу ысымы аталган илимпоздука талапкерге кандидаттык экзамен тапшырган деген күбөлүктү ыйгарганын комиссия тирүү фактылардын негизинде далилдеп отурат.

Уялбагандан
өзүң уял…
Жогорудагы накыл сөздү ата-бабаларыбыз тегин жерден айтпаса керек. Анын сыңары өзү кылган былыктары ачылып отурганына карабай бет тырмоочулукту экинчи бактысы катары карманган алтын айым уялып калгандын ордуна арыз артынан арыз жазып, соттошуп-оттошуп отуруп, кайра мурдагы ээлеген май-токочтуу ордуна келем деген ормон опуза аракетин кандай түшүнүүгө болот, анын артында дагы кандай "ойт" берген оюндар жатат болду экен?..
Арийне, КММАнын азыркы ректору тарабынан коррупциянын ичегисине кан куйган кызматкерлерден академиянын ичин тазалоо, реформа жүргүзүү, академиянын баркын көтөрүү аракетине айрым күчтөр тоскоол болуп, ал кишиге ачыктан ачык каршы күрөшүүдө. Албетте, андан Аширали Зурдиновичтин кылы кыйшайбайт деңизчи. Болгону окуу жайдын иш процессине кедергисин тийгизип, иш ыргагын жайлатат. Бүгүнкү күндө бир мүнөт алтынга тете болуп турган шартта убакытты текке кетирбеш керек. Ал үчүн жогоруда келтирген фактылардын негизинде укук коргоо органдары чара колдонуп, коомчулук ага көмөк көрсөтүшү керек. Ошондо гана билим жана илим тармагы алдыга жылары калетсиз...

Профессорлуктун баркын түшүргөн берен
Эми макаланын негизги каармандарынын бири Зиябидин Айдаровдун таржымалына өтөлү. Колдогу документке ылайык, Улуттук аттестациялоо комиссиясы (УАК) тарабынан 2004-жылы Зиябидин Абдирайимовичке профессорлук даража ыйгарылган. Бирок, анын мындай мартабалуу наам алышына педагогикалык тажрыйбасы жетишсиз эле. Анысы аз келгенсип, жана айтылгандай педагогикалык иш тажрыйбасы жетишпеген шартта доценттик наамды албай туруп, профессорлукка секирик жасаган. Мындай чуулгандуу окуя укук коргоо органдарына жеткен. Мисалы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Э.Аширхожаев бул маселеге байланыштуу атайын иликтөө жүргүзгөн.
Иликтөө маалында З.Айдаров 1993-жылдан бери КММАда эмгектенерин, 2002-жылы медицина илиминин докторлугун жактаганын айткан. Эң табышмактуусу жана таңгалычтуусу, ал ишке алуу тууралуу айрым буйруктар кадрлар бөлүмүндөгү фактылар менен неге дал келбестигин билбестигин жашырган эмес.
Ошол эле учурда медициналык академиянын ошол учурдагы кадрлар бөлүмүнүн кызматкери Б.Ю.ну суракка алышканда, ал З.Айдаровду аталган мекеменин кызматкери катары гана таанырын маалымдаган. Бирок, иш жүзүндө анын З.Айдаровдун педагогикалык тажрыйбасы тууралуу жалган маалыматтарды УАКга жөнөткөнү ачыкка чыкты. Демек, З.Айдаров жасалма документти колдонгону үчүн мыйзам чегинде жооп бериши талапка ылайык эле. Тилекке каршы, андан бери жети жыл өткөндүктөн, ага тиешелүү жаза колдонулбайт көрүнөт. Себеби, кылмыш кодексинин 67-беренеси боюнча кылмыштын жеңил түрү болгон күндөн бир жыл өткөнгө чейин чара колдонулбаса, андан кийин жазага тартылбайт. Атап айтканда, кылмыш жоопкерчилигинен толук кутулат экен.
Бирок, Айдаров мырзага чара колдонуунун бир жолу бар. УАК 2000-жылы токтом кабыл алган. Ага ылайык, эгер, кайсы бир адамга наам негизсиз берилгени билинсе, анда УАК окуу жайдын илимий кеңешинин чечиминин негизинде аны жокко чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар. Ушул эрежеге ылайык 2011-жылдын 6-майында өткөн КММАнын илимий кеңешинде жашыруун добуш берүү аркылуу З. Айдаровдун профессордук даражасын чакыртып алуу жөнүндө чечим кабыл алынып, ал УАКка жөнөтүлгөн. Мындай шартта Зиябидин Абдриайимовичтин профессорлук даражасы алынышы керек эмеспи? Дал ушундай болот окшоп калды. Себеби, УАКтын башкы илимий катчысы Т.Бекболотовдун КММА жетекчилигине жолдогон катында З.Айдаровду профессорлук наамдан ажыратуу маселеси каралып жаткандыгы, ал алты айдын аралыгында чечилери так жазылган.
Чындыгында эле УАК З.Айдаровдун маселесин ачык айкын чечиши зарыл. Антпесе, аны көргөн жаш илимпоздор: "Профессорлуктун баркы деле жок тура. Аны жасатып алса деле болот турбайбы..." деген ойго жетелениши ыктымал. Бул бүткүл коомчулуктун илимий чөйрөгө болгон иренжитүүсүн жаратат. Бүткүл элдин мындай ойго келишинин алдын алыш үчүн дагы бир ирет кайталайлы, бул эргулга тийиштүү чара колдонулушу керек.
Жанатан бери КММАдагы эки кейиштүү көрүнүштү гана баяндадык. Мындай "көзбоемочулук" дагы канчага чейин уланары белгисиз эле. Дагы жакшы, тарыхый инсаныбыз Иса Ахунбаевдин атын алып жүргөн ыйык окуу жайдын башына Аширали Зурдинов мырза келип, тазалоо иштерин баштады. Тазалануу процесси Г.Үсөнкулова, З.Айдаров сындуу кызматкерлерге жакпай, алар өзүн өзү сактоо максатында ректорго каршы чабуулга өтүштү. Алардын мындай аракетинен майнап чыкпашы аштан бышык. Себеби, Зурдинов мырзанын мыйзам чегинде иш жүргүзгөнүн тиешелүү органдар эчак аныкташкан. Анын негизинде КММАнын учурдагы жетекчиси өз реформасын ийгиликтүү улантып, З.Айдаров менен Г.Үсөнкуловага мыйзам чегинде жазаланышы талапка ылайык. Болбосо, мындай "беспредел" көрүнүштөр улана бериши ыктымал. Анда билим тармагы аксагандан аксай берет. Бизге мындай кейиштүү көрүнүштүн кереги барбы? Андыктан, А.Зурдиновго окшогон жетекчилердин ишин колдоп, алардын тазалануу, билим чөйрөсүн реформалоо саясатын улантышына шарт түзүп беришибиз керек...

Даярдагандар
Абдурахим Нарбаев,
Дыйканбек КЕРИМБАЕВ