Өчпөгөн жылдыздар


"Анын чыгармачылыктагы жеке өзүнө таандык башкы касиети - сыртынан кебелбей туруп тамашалай билгендиги эле" дешет жолдоштору. Кара костьюмуна жол-жол түстөгү кыска шымы менен чоң ботинкеси күлкүлүү контраст жаратып, ага шайкешкен ак көйнөгү, галстугу менен шляпасы жасалма элегенттуулукту көрсөтүп турган.

"Биз өлбөспүз. Биз тамашаны сүйөбүз..."
Киноактёр, цирк артисти, СССРдин эл артисти Юрий Никулин комикалык образдагы 20-кылымдагы орус маданиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал 1921-жылдын 18-декабрында туулган. 1925-жылы ата-энеси менен Москвага көчүп келишкен. Мектепти бүткөн соң 1939-жылы армияга чакырылып, Фин согушуна жана Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1946-жылы кайтып келет. Кинематографиянын бүткүл союздук мамлекеттик институту (ВГИК) менен мамлекеттик театралдык институтка тапшырат. Сынактан өтпөй калып, Москвалык цирктин алдындагы сүйлөө жанры студиясына кирет. 1940-жылдан баштап клоундардын тобу менен биргеликте мамлекеттик циркте, бар-бара өз алдынча эл алдына чыгып, өнөрүн тартуулай баштайт.
Ал клоунаданын оор жанрда - лирикалык-романтикалык образдарды жаратуу боюнча өмүр бою талыкпай иштеген. Анын сырткы маскасы - оройлук менен аңкоолугун акылмандык, назиктик жана аярлык коштоп, жараткан образдарын көрүүчүлөр чын жүрөктөн кабыл алып, маңдай жарыла күлүшкөн.
Келечектеги жубайы Татьяна менен Никулин сценада таанышкан. Ю.Никулиндин манеждеги бир эле иши анын ысымынын тарыхта калышына жетиштүү болмок. Антсе да, көп кырдуу талант ээси башка жанрларда өзүн сынап, өлбөс-өчпөс эмгек сиңирген. 40тан ашык комедиялык, драмалык, трагедиялык ролдорду аткарган.
Биринчи жолу 1958-жылы "Гитара кармаган кыз" аттуу киного тартылган. Ал эми кийинки жылы "Неподдающиеся" фильминде ичкич, бекерчинин ролун аткарган. Режиссёр Леонид Гайдайдын "Пёс Барбос и необычный кросс" новелласынын негизинде жаралган "Совершенно секретно" киноальманахында Георгий Вицин, Никулин жана Евгений Моргунов комедиялуу триосу жаралат. Ушул эле жылы Никулин режиссёр Л.Кулиджановдун "Бак-дарактар чоң кезде" деген киносуна тартылып, актёрдун драмалык сапаттары кеңири ачылат.
Никулин Леонид Гайдайдын "Операция "Ы" жана Шуриктин укмуштуу окуялары", "Кавказ туткуну", "Бриллиантовая рука", Эльдар Рязановдун "Старики-разбойники" фильмдеринде киноактёр катары өзүн мыкты көрсөтө алган. Чыныгы клоун - ал качан болсун трагик. Чын дилден күлүүгө мажбур кылуу канчалык кыйын болсо, чын дил менен ыйлоого мажбурлоо ошондой эле оор. Юрий Никулиндин колунан мунун экөө тең келген. Ал олуттуу картинадагы кейипкердин образын тамашага жуурулуштуруп, кайгыруу менен кусалыкты чеберчилик менен көз алдыга тарта алган. Аны комедиялык каармандардын ролун аткарууга гана чакырышкан эмес. Мисалы, "Ко мне, Мухтар!" фильминде кызматтык итти "тарбиялаган" ак ниет органдын кызматкеринин образын жеткилең ачууга жетишсе, режиссер Алексей Герман тарткан Константин Симоновдун романынын негизинде жазылган "Двадцать дней без войны" фильминде журналист Лопахиндин ролун ойноо менен кинокаармандын карама-каршылыктуу, оор образын ачып бере алган. Ал жалпысы 30дан ашык киного катышкан.
Аны ар убакта цирк тартып турган. Түстүү бульвардагы циркти жетектеп, манежде эркин жана жеңил дем алып ойногон. Жок, ал ойногон эмес. Ал өзү менен өзү болгон. Ал каармандын образын жон териси менен сезе билген. Анын каармандары менен бир эле убакта күлүү да, ыйлоо да, капалануу да, кубануу да мүмкүн болчу. 1981-жылы Москва циркинде ойноону токтотот. Бирок, эки жылдан кийин циркти жетектөөгө чакырышат.
Никулин өмүр бою анекдотторду чогултуп, шакаба, азилдерди айтканды жакшы көргөн. "Никулиндин анекдоттору" деген басылманы жарыкка чыгарып, 1990-жылдары ТВда юмористтик берүүнү алпарган.
Өмүрүнүн акырында жүрөк оорусуна чалдыгып, узак операцияга туш болуп, 16 күн бою өмүр үчүн күрөш жүрөт. Герман Гессенин романындагы: "Биз өлбөспүз, ар нерсеге олуттуу мамиле кыла бергенди жактырбайбыз. Биз тамашаны сүйөбүз" деген кеп дал ушул Никулинге таандык эле... Ал өлбөстүккө татыктуу.

Атактуулуктун үзүрү
Актёрлорду көрүүчүлөр көпчүлүк учурда кинодогу образына окшоштуруп коюшат. "Ишкер адамдар" тасмасында Юрий Никулин уурунун ролун аткарган. Фильм экранга чыккандан кийин ал мындай окуяга туш болгон.
Бир жолу бульварда кетип баратса, бет алдынан колуна эки бөтөлкө винону бекем кармап алып, шашылып бараткан бир адам чыгат. Артистти көрүп, каккан казыктай туруп калат да, ага кайрылат:
- Юра, сен баарын туура эмес кыласың. Сени үйрөтүш керек. Мисалы, мен үйрөтөм - дейт ал. Никулин таң калып:
- Эмнени үйрөнүшүм керек?
- Квартирага уурулукка киришти. Сен кинодо туура эмес кылып жатпайсыңбы.
- Сен уурусуңбу?
- Ооба. Мурда ууру болчумун. Тажрыйбам бар. Мен күзгү фабрикасындагы досторума чуркап баратам. Биз сага "Соняны" кантип алышты үйрөтөбүз.
- Кайдагы "Соняны"?
- Квартираны. Күндүз дел барсак болот. Сен артистсиң да. Эгер бирдеңке болсо, артистти үйрөтүп атам деп коём. Жүрбөйсүңбү... Бул окуяны ал көпкө эстеп жүргөн.

Айкен Байсары