Прокурордук чабуул - бийликтин буйрутмасы

Кыргызстандын бардык аймактарында депутат Камчыбек Ташиевди коргоо комитети тарабынан "Биздин баатырдан колуңарды тарткыла,"- деген үндөөлөр менен мыйзам чегинде кол топтоо, митингдер өткөрүлө баштады.

Ички иштер министрлиги берген сунушунун негизинде башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү сунуш 14-июнь күнү Жогорку Кеңешке берилген. Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге алгач "бейбаштык кылган" деген негизде кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаевдин айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө бул берене өзгөрүп, тергөө амалдарын аткаруу учурунда жаңы жагдайлар аныкталгандыктан, эл депутатына тагылып жаткан айып Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесиндеги "саламаттыкка атайлап оор залал келтирди" деген квалификацияга которулган.
Жогорку Кеңешке кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча талап жөнөтүлгөндөн кийин эл арасында нааразычылыктар пайда болду. Эл кыжырланып, депутаттын жер-жерлердеги жактоочулары, жөнөкөй айылдардагы карапайым адамдар Камчыбек Ташиевди колдоо комитетин түзүшкөн. Башкы прокуратура аны суракка чакырып, ошо сурактын амалы менен камакка алып коё тургандыгы жөнүндө 20-июнда ар кандай айың кептер таркап кеткендиктен, райондордун борборлоруна, шаарларга кыжырланган эл чогула баштаган. К.Ташиев элдин аны коргоп нааразылык жыйындарды уюштурбоого чакырганына карабастан, карапайым эл карап тура алган жок.
Ошентип олтуруп бул элдик толкун Жалал-Абад облусунда 15 миңдин адамдын катышуусунда, Өзгөндө 2 миң, Ошто 3 миң, Чоң-Алайда 2 миң жана башка район, шаарларда миңдеген адамдардын катышуусунда түштүк жергесинде чоң митингдер болуп өттү. Эл бийликке биринчиден, Камчыбек Ташиевди куугунтуктоону токтотуу, экинчиден, апрель жана июнь окуяларына күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жазалоо талабын коюшкан. Митингге чыккан элдин башкы талабы эл депутатынын мыйзамсыз негизде суракка чакырылышы, эмне себептен кылмыш иши козголгондугу жана куугунтукка алынып жаткандыгы, бу боюнча бийликтин өкүлдөрү эл алдына келип отчёт бериши керектиги тууралуу болгон.
Митингде чыгып сүйлөгөндөр бир жыл мурдагы түштүктөгү кайгылуу окуяларда Камчыбек Ташиевдин өзгөчө эрдигин баса белгилешти. Бийликтин бир дагы өкүлү басып келбегендигине карабастан, ал Ош менен Жалал-Абадда өзүнүн өмүрүн тобокелдикке салып, эки элдин араздашуусуна алып келген согушту токтотууга чоң салым кошкондугун, миңдеген адамдар Сузакка кирип барып, ал жерде жашаган он миңдеген өзбектерге "кыргын салабыз" деген учурда Камчыбек Ташиевдин элдин алдына чыгып, эки элдин араздашуусун токтотуп калгандыгын, ошол эле учурда "Сампа" заводунун жанында өзбек улутундагы адамдардын кыргыздар кетип бараткан машиналарды токтотуп, аткылап, канчалаган адамдар өлүмгө учурап атканда бир дагы бийликтин адамы басып барбай койгондо, Ташиевдин аткан окко бетме бет келип, элди токтотуп, калыстык сөзүн айтып, мыйзамдан чыкпоого чакырган баатырдыктарын айтышты. Ошондой эле акыркы кездеги өлкөдөгү оор кырдаал тууралуу, бийликтин түндүк-түштүк "оюнун" көтөрүп, түштүктү түндүккө, түндүктү түштүккө кайраштырууну көздөп аткандыгы, азыркы бийлик келгени элдин жашоо турмушу ого бетер өтө начар акыбалга түшүп, жакырчылык күч алгандыгын, мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маяналарын көтөрөбүз дегени менен убадаларына турбагандыгын, бюджеттин кескин түрдө кыскарышы, элди оор кырдаалга кептеген бийликтин өз күнөөсүн билбей, учурунда өзбек сепаратисттери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн мойнуна албай туруп, чыныгы элдик баатырларга куугунтук салып жатышкандыгы тууралуу сөз жүрдү.
Ал эми Бишкекте 20-май күнү К.Ташиевди эки саат, андан кийинки күнү алты саат суракка алышканы менен ага тагылган айып боюнча бир дагы далил, тастыктаган документтер жок экендиги белгилүү. Жабырлануучу деп эсептешкен Бохадыр Сулайманов "уруп, канжалатып салды, мени жанчып салды" деп айтып чыкканы менен, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда мунун баары далилдеген эмес. Бирок, андан кийин парламентте К.Ташиев президент Р.Отунбаевага: "Силер апрелдеги, июндагы окуяларга жооп беришиңер керек" деп катуу талап койгондон кийин бийлик атайын буйрук берип, экспертизанын жыйынтыктарын толугу менен жасалмаланган. Ошондон улам Ташиевке "бирөөнүн денесине атайлап залал келтирген" деген айып тагылууда.
Башкы прокуратура эл депутатын суракка алууда. Бирок, Ташиев расмий түрдө кол тийбестигинен баш тарткандыгы боюнча билдирүү жасап, өз каалоосу менен сурак берип жаткандыгына карабастан, мыйзам жүзүндө Жогорку Кеңеш буга уруксат бермейинче Башкы прокуратуранын суракка алуусу мыйзамга туура келбейт. Ушундан улам ошол эле башкы прокуратура менен ИИМ, аларды түздөн-түз жетектеген өкмөт башчысы Атамбаев, президент Отунбаева эмне үчүн буга жол беришет деген суроо туулат. Мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн башкы прокурорлукка дайындалган Салянова, Ички иштер министри Рысалиев көз көрүнөө мыйзамдуулукту бузуп жатышат.
Айтмакчы, митинг учурунда НТС каналынын журналисттери барып, чагымчылдык аракеттерди жүргүзгүсү келген. "Ташиевдин жактоочулары журналисттерди уруп салды" деген доомат коюлган. Бирок, бул боюнча Ош шаарынын ИИБи расмий билдирүү жасап, эч кандай сабоо болбогондугун, НТС каналынын журналисттерине эч ким тийишпегендигин билдирди. Тынч митинг өтүп жаткан кезде алар өздөрү келип бүлгүн салганга аракет кылышкандыгы белгилүү болду.
Мындай аракеттер "бийликтин саясий буйрутмасы" экендиги куралданбаган көзгө да дароо көрүнөт. "Эр чекишпей, бекишпейт" демекчи, эки эр жигиттин ортосундагы чатак республикалык деңгээлдеги саясий оюнга айландырылбастан, чечилүүгө тийиш болчу. Бийликтин муну саясий маселеге айландырып жиберүүлөрүнүн башкы себеби К.Ташиевдин күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн чектөө болуп жаткандыгы айтылууда. "Ташиевге жасалган прокурордук чабуул өлкөдө президенттик жарыштын башталашы" дешет айрым серепчилер.
Парламентте Ташиевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси качан каралары азырынча тактала элек. Жогорку Кеңеш эми бир жумадан кийин жайкы эс алууга тарап кетет. Ошондуктан бул маселе күзгө калышы да ыктымал.

Гүлзада Турдалиева




Кыргыз Республикасынын
президенти Р.И.Отунбаевага
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.К.Келдибековго

КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Акматбек Келдибекович!
Баарыбызга маалым болгондой 2010-жылы апрель, июнь айында болуп өткөн коогалаңдуу окуя өлкөбүздүн жарандары үчүн ар биринин жүрөгүндө айыкпас дарт, тарыхта кандуу из катары сабак болуп калгандыгы баарыбызга алаканга салгандай көрүнүп турат..
2010-жыл жаңы шайланган Жогорку Кеңештин Ата-Журт, КСДПК, Республика, Ата-Мекен партияларынын депутаттары фракция түзүшүп, демократиянын башаты болгон парламенттик башкарууга алып, жаңы кадам баштаганда "Бөйрөктөн шыйрак чыгарып" жаткан Таласттык жарандарыбызга жол болсун. Алар түндүк, түштүк, аркалык деген сөз менен өлкөбүздүн жарандарына бөлүп-жарууну таңуулап жатышкан жокпу?
Мындай бөлүп жаруудан өткөн апрель, июль айларындагы коогалаңдуу окуялары кайра болбойт деп ким кепилдик бере алат, ошол жактарын ойлонушту бекен?
Жогорку Кеңештин сессиясында депутаттардын талашып-тартышканынан акыйкаттык жаралат, сессиядагы талаш-тартыштар, кыйкырышып сөгүнүүлөр бир эле биздин парламентте болуп жатабы? Россия федерациясынын мамамлекеттик думасындагы талашып-тартышып урушкандары Таластык жарандарыбызга интермедия катарында көрүнөбү?
Аксы, апрель, июнь айындагы болуп өткөн окуяларды ким баштады? Кимдердин канчалык күнөөсү бар, күнөөлүүлөр эмне үчүн ушул күнгө чейин элге жооп беришпейт, күнөөлүүлөрү эмне үчүн өз жазасын алып, жоопкерчиликке тартылбайт? бул суроолорго ЖКнын депутаттары Жылдыз Жолдошева, Камчыбек Ташиев, Салима Камилова, Исмаил Исаков, Бахтияр Сулайманов, Токон Мамытов, Исхак Пирматов ж.б. демилгелүү депуттар өткөн коогалаңдуу окуяларга комиссиянын жыйынтыктарын аягына чыгаруу боюнча бааларын берип, суроо-талаптарын коюшуп, ой-пикирлерин айтып, тийиштүү чечим чыгарышын талап кылып жаткандыгы мыйзамдуу көрүнүш жана учурдун талабы экендигин көгүлтүр экрандан көрүп, үн алгыдан угуп жаткандыгыбызды танганыбыз туурабы? Муну көрмөксөн болуп койсок кийинки муун өмүрү өткөнчө кечирбей тургандыгы айкын.

Урматтуу Роза Исаковна! Урматтуу Акматбек Келдибекович! Урматтуу мамлекетибиздин жарандары! "Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле" дегендей, ЖКнын депутаттары Жылдыз Жолдошева, Камчыбек Ташиев комиссиянын чыгарган жыйынтыгынын аягына чыкпай калгандыгы тууралуу өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын айткандыгы чыккынчылыкпы, бузукулукпу?
Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2010-жылдагы талапкерлердин ачык-айрым, демократиялуу өткөндүгү, ошол депутаттарды баардыгыбыз шайлаганыбыз жалганбы? КРнын генералдык прокуратурасы эл тандаган ошол депутаттардын депутаттык мандаттарын, кол тийбестигин алууга, аларды негизсиз жоопкерчиликке тартууга кандай укугу бар? Камчыбек Ташиевдин жана Жылдыз Жолдошеванын жарандык, депутаттык укуктарына моралдык, материалдык жактан жалган жалааларды жаап, доо келтиришине эч кимдин укугу жок. Кээ бир жарандарыбызыдын сын-пикирди көтөрө албагандыгы, ичи тар, көрө албастыгы, кара өзгөйлүгү ушундай чыр-чатактардын болушуна алып келүүдө.
Урматтуу Президент, Урматтуу Төрага, өлкөбүздүн жарандары , Сиздерден өтүнөөрүбүз ачууга алдырып, жеңилдикке жеңдирип, ар кандай провокацияларды чыгарып жаткандарга жол бербейли! Мындан ары элибизде ынтымак, бакубат жашоо, тынчтык орноп, бири-бирибизге урмат-сый ыроолоп, элди ырашкерчилик жылоолосун, өткөн окуялар кайталанбасын! Кыргыз мамлекетибиздин, элибиздин, улутубуздун түпкүлүүлүгүнүн сакталышын Алла Тааладан, Теңирибизден тилейли. Баарыбыз бар бололу, бир бололу!

Сиздерди урматтоо менен
Чаткал районунун жашоочулары:
А.Төрөбеков, З.Козонов,
К.Абдылдаев ж.б.
Бардыгы 101адам кол койгон