кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 71

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 71

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 71
п»ї



Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевди коргоо комитети мөөнөтсүз митингдерди өткөрүүнү жана кол топтоо акцияларын "2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп өткөн улуттар аралык жаңжалдан чыгуусуна күнөөлүү болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана сепаратисттер жазаланмайынча" жүргүзө берише тургандыгын аталган комитеттин төрагасынын орун басары Рашид Сулайманов "Саясат.kg" агенттигине билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, 21-22-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтында КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Ташиевди колдогон митинг болгон жок. Эскерте кетсек, 20-июнда Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында өткөн митингке 3 миңге жакын адам катышып, алар КР Президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына, КР Өкмөт башчысына өздөрүнүн 4 талабын коюшкан болчу.
20-июнь күнү К.Ташиев КР ИИМ тергөө органдарына суракка барган. Бирок, жабырлануучу Бахадыр Сулеймановдун келбегендигинен улам, көзмө-көз беттештирүү болбой калган. 21-июнда болсо тергөө органдары депутатты дагы суракка чакырып, алты саат бою чыгарбай, ар кандай суроолорду берип, психологиялык кысым көрсөтүшкөн.
"Биздин койгон төрт талаптын ичинен "Өткөн жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында болуп өткөн улуттар аралык жаңжалдан чыгуусуна күнөөлүү болгон убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана сепаратисттер жазалансын!", - деген талабыбыз аткарылмайынча, мөөнөтсүз нааразычылык акциясы токтобойт, элден кол топтоо иштери жүрө берет", - деди Р.Сулайманов.

sayasat.kg






Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 114

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 114

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/maidan_kg/11/0623_1.htm on line 114


а ­е¦Є.НҐй«