Кыргыз гезиттери


п»ї
  Уккан элек…

Ушак эмей эле, чын турбайбы?
Мындан эки жумача мурун иш сапар менен Баткен облусунун Лейлек районуна барганыбызда райондун тургундары үчүн бензин куюучу жайларда бир грамм да бензин жок болуп жаткандыгын билдиришкен. Ошол эле учурда "камаз-камаз бензиндер коңшулаш Тажикстанга өтүп кетип жатат" деген арыз-доолорун айтышкан болчу. "Жел жүрбөсө чөптүн башы бекер ыргалбайт" деген сөздүн мааниси дагы бир жолу аныкталып отурат. Кече жакында эле 11-июнда Баткен облусунун "Карабак" чек ара бөлүгүнөн Баткен облусунун ИИБ кызматкерлери менен чек ара кызматкерлери биргеликте контрабандалык жол менен өтүп бараткан "Хово" автомашинасынан 30 тоннанын тегерегиндеги бензинди колго түшүрүштү. Бензинди алып өтүп бараткан айдоочу Кыргызстандын жараны болгон. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин колго түшкөн кыргыз жараны алып бараткан бензини менен бирге Баткен облусунун ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Мына сага! Өзүбүзгө буюрбаган бензинди өзгөлөргө ташыгандарга кандай чара колдонушаар экен. Көрөбүз да?.. Жашылбайлар эле сол чөнтөккө солонуп кетип кутулбаса...


  Ур-рее дейлиби?

Бензин маселеси чечилдиби?
Кыргыз Республикасынын нефтрейдерлер Ассоциациясынын президенти Ж. Акенеевдин билдиргенине караганда россиялык нефтини кайра иштетүүчү завод менен Кыргызстанга бензин ташуу келишими түзүлдү. Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда Аи-95 жана Аи-98 маркасындагы бензин дефицит болуп калгандыктан, бензин куюучу жайлардан бир автоунаага 20 литрден ашык сатылбай жаткан. Эми андай маселе болбой тургандыгы күтүлүүдө. Себеби, июнь айында өлкөбүзгө 80 миң тонна күйүүчү май келет. Бул көрсөткүч өткөн айларга салыштырмалуу алда канча өйдө турат. Маселен, буга чейин 65-70 миң тонна келип турган.


  Ден-соолукту чыңдайлы...

Бүткүл дүйнөлүк банктан 24 млн доллар
Бүткүл дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши ден-соолук жана социалдык коргоо долбоору үчүн Кыргызстанга экинчи жолу кошумча каражат бөлүүнү чечишти. Суммасын тактап айтсак, 24 млн АКШ долларын түзөт. Бул каражаттын 13,2 млну жеңилдетилген кредит, калган 10,8 млну грант катары берилет. Бөлүнгөн каражат ден-соолукту чыңдоо секторлорунун эффективдүү иштешине, жөлөк пулдарга жана азык-түлүктөрдүн бааларынын асмандашынан жабыр тарткандарга колдонулушу шарт. Көбүнесе, былтыркы июнь коогалаңынан жабыркаган район, айылдарга жардам катары багытталышы керек. Негизи ушундай болушу керек. Бирок, бизге миллиондор келгени менен анын "м"сын гана карапайым эл көрүп, калганы "кумга сиңип" кетчү эле. Көрө жатарбыз...


  Жетишпейсиң!..

Бажы биримдигине баш бага албай калдыкпы?
Казакстандын экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин вице-министри Тимур Сулеймановдун билдиргенине караганда Кыргызстан быйылкы жылы бажы биримдигине кирүүгө жетишпейт. "Кыргызстан 2011-жылы бажы биримдигинин мүчөсү болууга техникалык себептерден улам жетишпейт. Бул союзга кирүү суроолору жетишээрлик чоң жана бул техникалык ишти талап кылат. Укуктук база кеңири - бул бүгүнкү күндө 90 макулдашуу келишиминен турат. Бардык макулдашуу келишими биригүү үчүн өтө дыкат жүргүзүлгөн анализ, экономикалык эсеп-чот, юридикалык экспертизилар керек " деп билдирген Т. Сулейманов.





кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??