Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Маек-төр

Белгилүү журналист, коомдук ишмер Мелис ЭШИМКАНОВ:
"Шайтан акенин азгырыгынан
бошонуу кандай азап?!"
- Мелис мырза, өткөн жумада "Учур" гезитине курган маегиңизде "Адамды элестүү түрдө экиге бөлсөк, бир тарабында периште тыйып олтурса, экинчи тарабындагы шайтан: "Бул таттуу тамакты жеп ал, бул сулуу кыздын артынан ээрчи, бул арактан басып ал, бул акчадан уурдап ал" деп азгырат өңдөнөт. Ушул күрөштө ким жеңилип, ким жеңээри да түбөлүктүү суроо экен" деген кызык ой айттыныз. Жеке сиздин буга чейинки өмүр жолунузда ушул периште менен шайтандын кимиси көбүрөөк жетегине ала алды?
- Дагы бир жылдан соң, кудай буйруса, эл ортону 50 жашка толгону турам. Ушул куракка келгенге чейин, тилекке каршы, менин басып өткөн жолумдун 80 пайызын шайтан башкарып келди. Орто жолдо ички дүйнө тазалыкты, аруулукту самап, туткундан бошонгусу келген кулдай болуп, колумдагы кишендерди бычырата сындыргым келип, Тибетке кетип калган күндөр да болду. Бардыгына кол шилтеп эки-үч айлап Алайда да жүрдүм. Ызы-чуу турмуштун агымынан алыстап жалгыздык аралында да калып көрдүм. Жалган жашоонун азгырыктары көп экен, тилекке каршы, менин жашоомдо "шайтан аке" өз доорун сүрүп алды. Тамекини түтөткүң келет экен, сулуу кызга көз артат экенсиң, ар кайсы булактардан акча тапкың келет экен... Мансап деп чуркап депутаттык мандатты да алып көрдүм. Булардын баары напсиге байланышкан, бажырайып көз жоосун алган утурумдук нерсе экендигин адам баласы кечирээк аңдайт окшойбуз. Бийлик, мансап деп отуруп өзүмдүн кесибим журналистиканы Чолпон Жакупова кудачам айткандай "сатып" кетиптирмин. Ушул жасаган кадамым мени терең өкүнүчкө салып келет. Себеби, журналистика - башка кесиптерден айырмаланып, сөз кадыры, сөз касиетин талап кылат эмеспи? Сөз менен адамды өлтүрүп да койсо болот. Ошол сөз кадырына жетпей журналистиканы сатып, акчага, бийликке кызыгып кеткенимди кеч түшүндүм. Эми жашың өтүп калгандан кийин басып өткөн изиңди изилдеп, оош-кыйыш өткөн жолдоруңду түздөөнү самап калат экенсиң. Көбүрөөк периштенин көрсөткөн жолуна багыт алгың келет.
Периште жолу деген эмне? Мына колубузда Куран китеби турат, башка диндердин да китептери бар. Адамды бардык азап-тозогуна салып окуткан турмуш мектеби бар. Ошолордун бардыгына саресеп салып, жалган дүйнөнүн акыркы чекити кайсы жерге коюлары тууралуу башкатырма суроо пайда болот. Жашырбай айтканда, акыркы 10-15 жылдан бери ички дүйнөмдө "граждандык согуш" жүрүп келет. Бирок, дагы деле ал согуш аягына чыга элек. Илгери "Асаба" гезитине Ноокаттык Салан аке деген молдо кишинин макалалары көп басылчу. Ошол киши айткандай турмушта барына топук кылып, момундук кылып, оңолуу жолуна келатамбы деген үмүт менен жашап келем.
- Учурунда "Асаба", "Агым" гезитин кыргыз тилдүү басылмалардын арасынан эң алдыңкы орунга алып чыктыңыз эле. Кыргыз журналистикасындагы курч тилдүү журналисттердин көпчүлүгү сиздин гезитке чогулган, өзүнчө бир күчтүү уюткудай сезилчү. Ошол эле учурда мурда-кийин коомчулукка тааныш эмес "имиш" жанры жаралды. Аны менен катар эле "имиш" жанрынын анабашы Мелис Эшимканов дегендер да көп...
- Өткөндө Алым байке (Алым Токтомушев - Д. К.) мени гениалдуу уюштургуч деп апендинин кызындай аябай катуу мактаган экен. Ал мезгилдеги "Асаба" гезитинин аябай популярдуу болушунун сыры жөнөкөй эле болгон. Биринчиден, бүгүнкүгө салыштырмалуу гезит рыногунда конкуренция аз болчу. Экинчиден, эгемендикти жаңыдан алган соң биз советтик журналистиканын кесепеттеринен кутулуу жолун багыттаганбыз. Россияны, Американы, Европаны карап, аларды туурагыбыз келип, советтик журналистиканын стандарттарын сындыралы, элге жөнөкөй тил менен, жаңы багыт менен маалымат жеткирели дегенбиз. Гезит окуган адамдын кулагына кирип, жүрөгүнө жетиш үчүн жөтөлсө жөтөлгөндөй, кайыңдын шуулдаганындай, суунун шаркыраганындай асмандан жерге түшүп кадыресе тил менен жазганбыз. Калеми курч журналисттерди чогулта алгандыктан ал кездеги 4-5 эле гезиттин арасынан суурулуп чыгуу оңой эле болгон.
"Мурда өлүп көрүптүрмүнбү" демекчи, ага чейин гезиттин редактору болуп көрбөгөндүктөн, гезиттин окумдуу, сапаттуу болушу үчүн болгон аракетимди сарптап жүгүрдүм. Негизи эле бул кесип менин балалыгымдан бери келаткан кыялым болчу. Мектепте окуп жүргөн курагымда эле кечелердин алып баруучусу болуп, дикторлукту аркалап, кийин теле-радиодо, "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп азыраак тажрыйба топтоп калгам. Ошол мезгилден тутунган бир принцибим бар. Ал менин кол алдымда иштеген кабарчым болобу, шоопурум болобу, жан сакчым болобу, өзүмдүн тууганымдай мамиле кылам. Акча жагынан болобу, көңүлүн көтөрүү керек болобу, ден-соолугун караш керек болобу, айтор бардык жагынан мен алардын алдында АДАМ гана болушум керек экендигин билдирем.
Анан эми сурооңдун экинчи бөлүгү "имиш" тууралуу айтсам. Кыргызда "жандоочу кийик аттырат" деген сөз бар. Өзүңдү өзүң мактаганча, башка бирөөнү мактаган, же шыбаган өтө жеңил. Бул жанрдын пайда болушу да ошол мезгилдин талабы болду окшойт. Акаевдин бийлиги өз доорун сүрүп турганда Т.Сариев менен М.Султанов депутат эле. Бир күнү А.Акаев экөөнү чакырып алып: "Эшимканов менен мамилелеңер жакшы экен. Мен бул балага маалымат согушун уттуруп койдум. Имиш дегендин акесин окутат экен. Мындай бир сүйлөшүп, тилин тапсаңар болбойбу" деген экен, экөө мени "обработка" кылганы келишиптир, "катуурак тийишпей эле койчу" дешип. Ушул эле сөздү экинчи ирээт Бакиев кайталады. Бирок, ал киши башка бирөөлөр аркылуу эмес, жеке өзү айткан эле. "Пластилинден жасагансып эле Д.Үсөновду, А.Мадумаровду, М.Султановду, Т.Сариевди, И.Исаковду, дегеле баардык оппозиция лидерлерин баатыр кылып жасап койдуң. Деги өзүңдү качан ойлойсуң? Жакшы сүйлөйсүң билем, карапайым элге жагасың билем. Ушинтип эле көчөдө кыйкырып, "жер шыпырып" эле жүрө бересиңби?" дегени бар. Ушул сөз менин намысыма катуу тийген. Бирок, бул жасагандарым үчүн өкүнүчкө деле баткан жокмун. Себеби, ошол учурда А.Мадумаров, Д.Үсөнов, Б.Бешимов, Д.Садырбаевдин үйлөрүнө чейин барып, жатып жүрүп, "ушул азаматтар оппозицияда бекер жүргөн жок, Кыргызстандын келечегин ушулар оңдойт" деген терең ишенич менен депутаттык шайлоолордо "ди-джей" болуп жүргөм. Ошол эле нерсени гезит беттеринде да чагылдырып жүрдүм. Муну ашынган гениалдуулук деп айтуудан алысмын. Себеби, кыргыздар илгертеден эле сөзгө өтө маани берген, сөз менен өлтүрүп, сөз менен жан киргизген калк болгон. Ошол эле төкмө акындарды, ошол эле манасчыларды мисалга тартсак болот. Мына ушулар сыяктуу эле Кудай таала өзү мага азыраак касиетин берсе керек. Мындай жөндөмүмдүн азыр деле бар экендиги менен мактана алам. Былтыркы жылы эле болуп өткөн парламенттик шайлоодо 4-5 партиядан сунуш түшкөн. Айрымдары "бизге мүчө бол, депутаттыкка ат салыш" деп да көрүштү. Бирок, мен өзүм депутаттыкка баруудан баш тарттым дагы, платформасы көңүлүмө туура келген "Ар-Намыс" партиясына 1,5 ай убакыт иштеп бердим. Мындайча алганда "Ар-Намыс" партиясынын имиджмейкери болдум го. Бул туурасында эч ким билген эмес. Болбосо, ошол учурдагы алдын-ала тактоо боюнча аталган партия 5 пайызды да алышы күмөн болчу. Бул эмгегим үчүн жакшы өлчөмдөгү акча каражатын тапканымды жашыргым келбейт. Партиянын платформасы жакканы менен бир кемчилиги бар экендигин айтып коеюн. Бул Феликс Шаршенбаевичтин партия тизмесин түзгөндөгү жаңылыштыгы. Колунан жакшы иш келбегендер да партия тизмесине илинип депутат болуп алышты. Анысын кечээ жакында эле 10 депутаты өзүнчө бөлүнүп, коалицияга киребиз дегенинде түшүндү болуш керек.
- Демек, "Ар-Намыс" партиясынын парламентке келип калышына сиздин эмгегиңиз маанилүү ролду ойногон турбайбы?
- Мен антип өзүмдү мактагандай болбоюун. Бирок, Темир досум (Т.Сариев - Д.К.) көп айткан бир касиетимди айтып коеюун. Мен кайсы ишти баштабайын, ошол ишке баш-отум менен кирип кетем. Бильярд ойносом, шар менен кошо лузага түшүп кетем, футбол ойносом да, кыз сүйсөм да ошондой. Шахмат ойносом да талашып, кыйкырышып, тебишип, болгон сырт дүйнөнү унутуп коюп ойнойм. Сөзүмдү кесе чаап сүйлөсөм, мен эч бир жумушту чала жасай албайм. Жарым-жартылай жасоо, колдун учу менен иштөө деген түшүнүк жок. "Ар-Намыс" партиясына иштеп бергенимдин дагы бир себеби, Ф.Куловго болгон жеке симпатиям десем болот. Саясый айдыңда көп эле дос күттүм.
Сатып кеткендер болду, качып кеткендер болду. Ошол эле тушта кыйынчылык күндөрү колун сунган саналуу адамдар болгон. Ошолордун бири Ф.Кулов эле. Ал киши түрмөдө 5 жыл жатканда тамекимди көтөрүп алып барып жүрдүм. Мындай мамилени акча менен ченей албайсың. Чыныгы адамдык-эркекче мамиле.
- КТРКны башкарып турганыңызда өзүңүзгө орун басарлык кызматка жаш, жаңыдан бийиктикке көтөрүлүп келаткан таланттуу журналист Эрнис Кыязовду алдыңыз эле. Анан эл арасында мындай пикир жаралды: "Эшимканов Кыязовду өтө бийиктикке көтөрүп чыкты да, "талп" эттире таштап жиберди" деген...
- Эрнис Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин "КООРТ" деп аталган телеканалында иштеп жүргөнүндө эле, тыкылдап сүйлөгөнү жакчу. Ошол күндөрдүн биринде мага, "Агым" гезитине макала алып келип калды. "Жылт-жулт" эткен ойлору бар болгону менен, жазуунун композициясын билбейт экен. Калп айтпайын, үч макаласын оңдоп-түздөп, туздап, устукандап туруп гезитке жарыялагам. Менин оңдоп-түздөгөнүм ага жагып калды. Мага жакканы, мен көрсөткөн жолду энөө көрбөй, курулай намыстанбай ээрчип кеткени болду. Ага-инидей жакшы мамиле күтүп калдык. Анан мен КТРге келгенде эле катуу салгылаш башталды. Орун басарлык кызматта жүргөн Б.Бекешовду кызматтан кетирдим. Менин жаныма КТРде жүргөн тың, курч журналист керек болду. Менин авантюристтигимди ушундан көрбөйсүңбү, Дыйканбек... Мени КТРге жетекчи болуп келет деп атканда эле Молдокасымов, Бекешовдор мага каршы кат уюштурушуптур. Анда "Эшимканов КТРге келсе, эч ким колдобойт" деген маани жатат. Бул катка бир топ журналисттер кол койгон экен. Алардын арасында Эрнис да кол коюптур. Анткени, ага да кызмат керек болгон да. Ошол учурда "Ала-Тоо" маалымат программасынын продюсери болуп турган. Мен ал каттын бир үлгүсүн алдым да бекитип койдум. Кол койгондордун арасында мен жакшы көргөн кишилер да жүрөт. Алардын бирөөсүнө да кат тууралуу эч нерсе айткан жокмун. Жадагалса Эрнис бүгүнкү күнгө чейин билбейт. "Кол койсо кол коюптур да" дедим да, кабинетиме Эрнис менен Шайырды чакырдым (Э.Кыязов, Ш.Абдрахманов - Д. К.). Эрниске менин орун басарым болушун сунуштап, Шайырга бардык документтерди даярдоо иши жүктөлдү. Аз эле күндүн ичинде Шайыр Эрнистин резюмелерин даярдап, Бакиевдин бардык жардамчыларынын кабинеттерине жашыруун таратып чыкты. Ал кезде бардык маселени М.Бакиев чеччү. "Башка эч нерсенин кереги жок. Мага Эрнисти гана орун басар кылып бергилечи" деп жалдырап атып, кызматка алып келгем. Анан Эрнистин Ө.Текебаев менен ызы-чуусу болуп кетти. Эрнис орун басарым болгону үчүн мен дагы аны колдоп чыктым. Жакшылап саресеп салып карасак, ошол көрсөтүү болгонго чейин эле Эрнистин жеке демилгеси болгонбу, же Ак үйдөн бирөө-жарым тукурганбы, айтор КТРдин имаратынын сыртынан эле провокация башталып кеткен. Акыр аягы жанагындай жаман сөздөр менен сөгүшүү болуп бүткөн. Мен биринчиден, Эрнисти орун басарым катары коргодум, экинчиден "Текебаев богу менен тең балага теңелип, жаман сөз айтпай эле койбойбу?" деген ойдо телевизордон Текебаевге карата катуу сөздөрдү айтып алдым. Эрниске орун басарым катары толук эркиндикти бердим, чуркаттым, иштеттим. Көп катачылыктары бар экен. Жетекчи катары эч кандай тажрыйба топтой элек экен. Бирок, түпкүлүгүндө жонуп, пластилиндей кылып оңдоп-түзөсөң, алыска чуркай турган күчтүү жетекчи болмок. Тилекке каршы, ал мезгилде кимди кайсы кызматка коюуну Бакиевдер өздөрү билчү. Жалгыз эле Эрнисти кызматка коердо менин сунушумду угушкан. Андан кийинки орун басарларымды өздөрү билип эле кое башташкан. Эрнисти кызматтан аларда ыраматылык М.Садыркулов өзүнө чакырып алып: "Орун басарың саясатчы экен, жаш экен, "Багыттан" "левый" сөздөрдү сүйлөп ийип атат, тилин башкара албайт экен..." деген өңдүү сөздөрдү айтып, А.Сатаровду орун басарлыкка алып келишкен. А.Сатаров экөөбүздүн жеке мамилебиз жакшы болчу. Андыктан ага-ини катары жакшы иштеп кеттик. Мына ушундай окуялардан улам элдин көбү "Эрнисти бийиктикке көтөрүп, "талп" эткизе таштап ийди" деп ойлоп калды. Эрнис өзү да ушундай ойдун жетегинде жүрсө керек, ушул күнгө чейин ортобузда мурдагы ага-инилик мамиле уланбай келет. А чындыгында мен Эрнисти чын ниетимден колдогон болчумун.
- Жалгыз досум Кубатбек Жусубалиев дейсиз. Кубатбек аке тууралуу да бир ооз сөз айтып өтсөңүз.
- Кубатбек Жусубалиев дүйнөгө кылымдарда бир келчү киши. Кудай, пайгамбар, өзүн-өзү тазалоо жолуна түшкөн инсан. Биз чыгарма түрүндө - поэзия, проза түрүндө түшсөк, бул киши иш жүзүндө түшкөн. Эт, нан жебегени, тамеки тартпаганы, арак ичпегени, акча, секс менен иши болбогону чоң деле жаңылык болбосо керек. Мындай адамдар дүйнө жүзүндө миң адамдын тегерегинде болушу мүмкүн. Мунусу ал адамдын башкы касиети эмес. Ал денесин, бутун, тырмагын таза кармагандай эле, мээсин, жан дүйнөсүн таза кармап келет. Түбөлүк өлбөстүккө ишенген киши. Жаш кезинен дүйнөлүк адабиятты, философияны казып окуган. Бүгүнкү күндө тоолуу Алайда жашайт. Таң эрте саат беште сен мыкчыйып уктап атканда, ал киши туруп йога гимнастикасын дүйнөлүк классикалык музыканын жетегинде жасайт. Бахтын, Бетховендин музыкалары дайым жаңырып турат. Алайдын тоолору менин да көңүлүмө өтө жакын. Картаны карасак, Чоң Алай, Кичи Алайдын тоо кыркалары Гималайга келип такалат экен. Гималай деген Кең Алай болуп которулат. Бул Кең Алайдын адамдары да Кубат акедей болгон узун бойлуу, колдору шадылуу келет. Дүйнө аңтарылып атса да, тоотуп койбогон кызык эл.
Бул киши мага өтө эрте жолукту. Менин биринчи балам Чыңгыз бир жашында чарчап калып, күйүттөн улам Москвага кетип калган элем. Ал жактан арак ичип, көчөдө темселеп жүрүп, мушташып милициясына да түшүп, акыр аягы эмне кыларымды билбей элчиликке келип, башымды мыкчып отурсам эле, ал жерде "СССР кинометографиссттер союзу" деген бир чоң китеп бар экен. Барактап карасам, ичинде Кубат аке тууралуу да маалымат берилиптир. Толук дареги жана башкалары менен. Ошондо эле жүрөгүм "дүк" эте согуп алды. Себеби ага чейин бул кишинин "Күн автопортретин тартып бүтө элек" деген китебин окуган элем. Окуп алып, кыргызда да ушундай улуу жазуучу барбы деп таң калган болчумун. "Айтматовдон, Сыдыкбековдон да өйдө экен го" деген суктаныч пайда болгон. Университетте 1-курста окуп жүргөндө бизден жогорку курста окушкан К. Кулуев, Ж.Саалаев, С.Раевдин "Жаш толкун" адабий ийрими бар болчу. Анан алар менин бирин-экин аңгемелеримди окуп көрүшүп, "Сен К.Жусубалиевди туурап жазат экенсиң" деп урушканы эсимде. А чындыгында мен ал кезде Кубатбек акенин чыгармасын окумак турсун, өзүн да тааныбайт элем. Ошондон тартып мен бул кишини издеп баштагам. Көрсө, биз бири-бирибизди билбей эле окшош жазчу экенбиз. Бул кишинин жазуу стили союздун адабиятындай оң каарман, терс каарман болуп бөлүнбөйт. Меники да ошондой. Дүйнөдө миллион, миллиарддаган адам жашайт, дүйнө өтө татаал дегенди түшүнүктү бергибиз келет. Мына ушундай бирдиктүү ой 18 жаштагы Эшимканов менен 40тан өтүп калган Жусубалиевди табыштырып бүгүнкү күнгө чейин достукту бекем сактап келебиз. Кубат аке менин турмушумду 180 градуска бурду. Атадан эрте калган жетим болгондуктан мага бир караан керек эле. Ошол киши Кубат аке болуп, калп айтпаганга, арак ичпегенге, тамеки тартпаганга, деги эле түз жолдо жүрүүгө үндөй баштады. Албетте, анын дээрлик 70 пайызын мен аткарган жокмун. Менде 30 пайыз жакшы касиеттер бар болсо, ошонун баары Кубат акенин таасири деп билем. Акыркы бир жылдан бери бул киши мага таарынып жүрөт. Анткени апрель революциясынан соң жолукканда: "Мелис, болду эми жетет. Жакшы эле кутурдуң, жашың деле 50гө таяп калды. Бул дүйнөнүн акыйкаты, табышмагы неде экендигин билбесең бир жөн эле, мени менен дос болбосоң бир жөн эле, шайтандын жолунан чык, саясатты ташта, гезитиңди токтот. Оокатың жетиштүү, жаныңды тың багасың. Баш-отуң менен руханий дүйнөгө кир" деп айткан эле. "Мага бир аз убакыт бериңиз" дегем ага. Ошондон бери бул кишиден уялып жүрөм. Дагы бир айтып койчу нерсе, Кубат аке 42 жашында 40 күн, 40 түн тамак ичпей тазаланган. Ошондон азыркы күнгө чейин тазалыктын жолунда жүрөт. Мени да ошол жолго түшсө деп ойлойт Кубат аке. Бирок, мен биринчиден, андай тазаланууга даяр эмесмин. 40 күн тазаланып, 41-күн кайра эле көндүм жолго түшүп кетемби деп корком.
Экинчиден, менин организмим мындай тазаланууну көтөрө албай калышы мүмкүн. Себеби, мен тамекини өкүртө чегем, аракты ичем. Жанымда бир тамырчы карап турбаса, тазаланып атып, биротоло "уктап" кетишим да мүмкүн. Андай сыноону көтөрө албасам да, Кубат акеге болгон достугумду чекеме мылтык такап да эч ким ала албастыгын айткым келет. Бул кишини бүгүн эч ким баалабай жатса да, келечекте бүтүндөй дүйнө барктап тураарына ишенем.
- Тазалануу алдында турам дедиңиз. Тазалангандан кийинки Мелис Эшимкановду кандай элестетсек болот?
- 1994-95-жылдары саясаттан, гезиттен аябай чарчап "Асабага" "Чарчадым" деген макала жазгам. Гезитти Эрнис иниме өткөзүп, аялыма "мен Кубат акенин жолуна түштүм" деп түшүндүрүп Алайга кетип калгам. Үч ай жашадым. Кыйналам го деп ойлогом, бирок бейишке чыккандай болдум. Кубат аке эмне кылса ошону кылам. Өңүмө кызыл жүгүрүп, жашарып, кыңылдап ырдап, айтор бул дүйнөнүн көр-тиричилигин унутта калтырдым. Жалаң ботко (каша), күрүч, гречка жеп жүрүп, улуу сөздө уят жок дейт, ишенесиңби заңымдын да жыты кетип калды. Баягы жаңы төрөлгөн баланын заңындай болуп калат экен. Арадан үч ай өткөн соң шайтан мени кайрадан өзүнүн капканына түшүрдү. Бишкектен Эрнис чала баштады: "Гезит кыйнала баштады, тигил ичип кетти, салыгы минтип кетти" деген өңдүү. Үйдөн улуу байбичем, карындашым чала башташты: "Ачка калдык, балдар куса болду" дешип. Кубат акеге айта албай 10 чакты күн жүрдүм. Ал киши баары бир кыраакы киши да, бир күнү "кыйналып атасыңбы?" деп сурады. "Ооба" дедим. "Бар, бир-эки айга уруксат берейин. Барып, жумуштарыңды бүткөрүп, кайра кел" деди. Ошентип кайрадан Бишкекке келдим да, баягы сазга кайрадан батып кеттим. Чындыгында эле гезит да, үй-бүлөм да кыйналып атышыптыр. Бул эми, жалган жашоонун азгырыгы да. Кайрадан сазга катуу батып, арадан 20 жылга чукул убакыт өтүп кетиптир. Эми болсо, убакыт келди деп ойлойм. Жашым да 50гө таяп калды. Түшүнөм, бул жолго өтүш мага оңойго турбайт. Бир күн же, бир айда ишке ашып калуучу нерсе эмес. Болжолум менен бир жыл убакыт мага жетиштүү деп турам. Балким, уккан бирөөлөр шылдыңдап күлүшөөр, Эшимканов асмандын башын сүйлөйт дешип. Ошентсе да оңолуу жолуна түшсөм, Дэн Сяопиндин жолун тандайын деп турам. Дэн Сяопин бир да мамлекеттик кызматты башкарган эмес. Ал киши бүгүнкү Кытай Эл Республикасынын башкаруу системасын түзүп, улуу Конфуцийдин терең философиялык көрөңгөсү менен жалпы идеологиясын көзөмөлдөп турган. Дэн Сяопин болбосом да, элдин ишенимине кайрадан кирип, эч кандай кызматта иштебей эле, кыргыз эли үчүн руханий улуу сөздөрдү айтууга кудуреттүү болуп турсам да жетиштүү болот. Буга жетиш үчүн дагы 5-10 жыл убакыт ташбакадай кыбырайм да...

Маектешкен
Дыйканбек КЕРИМБАЕВ












кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??