Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Демөөрчүгө ыраазычылык

Алп жазуучу Шабданбай Абдраманов жөнүндө журнал

Ушул жылдын башталышында Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде уюштурулганы республиканын массалык маалымат каражаттарында белгиленген. Чыгармалары ондогон чет тилдерге которулуп, окурмандардын купулуна толгон көрүнүктүү прозаик, акын, журналист, драматургдун мааракеси Бишкек Гуманитардык Университетинде жана Жалал Абад мамлекеттик Университетинде жазуучунун чыгармачылыгын талдаган илимий практикалык конференциялар менен коштолгон. Ал конференцияларда Кыргыздын белгилүү илимпоздору жана жаш окумуштуулары илимий докладдарды жасашты.

Отуздан ашуун илимий докладдар Шабданбай Абдырамановдун романдары менен аңгеме, повесттериндеги жана драмалык чыгармаларындагы адам турмушу, жер экологиясы, мезгилден алдыга кеткен ой жүгүртүүлөрү жөнүндө кеңири талдоо жүргүзгөн. "Шабданбай Абдырамановдун руханий көрөңгөсү жана мезгил бейнеси", "Шабданбай Абдыраманов жашаган доор жана анын руханий мурасы" темаларынын алдында жасалган ал илимий докладдар жазуучунун чыгармачылык мурастарына дагы бир жолу чабыт жасап, тирүүлүк жашоонун, турмуштук концептин улуулугун кеңири ачып берди.
Илимий практикалык конференцияга илимпоздор гана эмес, Ш. Абдырамановдун калемдештери, шакирттери катышып, анын инсандык сымбатын, пенделик карапайымдыгын эскерип, тоталитардык бийликтин куугунтугуна чыдаган көйкашкалыгы муундарга үлгү боло алаарлыгын баса белгилешкен.
Кечээ жакында ал илимий конференцияларда жасалган докладдар "Кыргыз Тили жана адабияты" аттуу журналга толугу менен басылды. Залкар жазуучунун мааракесине арналган журналдын бул санынын жарыкка чыгуусуна, Ш. Абдырамановдун жердеши, чыгаан саясатчы, "Ата-Журт" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев демөөрчүлүк кылган.
Илимий практикалык бул басылма конференцияга катышкан, илимий доклады жарыяланган илимпоздордун жана Ш. Абдырамановдун чыгармачыл өнөрканасын сыйлаган жана анын баалуулуктарын үлгүлөгөн жаш жазуучулардын колуна тийиши да өлкөнүн илимий, чыгармачыл айдыңындагы көрүнүктүү окуя болуп калды.

Абды САРИЕВ,
жазуучу жана коомдук ишмер




  Элдик толкун

К.Ташиевди коргоо комитети түзүлүүдө

Кыргызстандын ар кайсы аймактарында карапайым адамдар бийликтин К.Ташиевге каршы аракетине нааразычылыгын билдирип жаткандыктан, коомчулуктун талабы менен Жалал-Абад шаарында эл депутатын коргоо комитети түзүлдү.

Комитетти түзүү демилгечилеринин бири Жеңиш Токторбаевдин айтымында, комитетти түзүү муктаждыгы көптөгөн адамдардын суроо-талабынан улам жаралды: "Бир гана Жалал-Абад эмес, Ош, Баткен облустарынан кайрылуулар болуп жатат. Аликүнчө Ош окуясынын күнөөкөрлөрү жазасын албады. Убактылуу өкмөттүн күнөөсү далилденсе да, Отунбаева бир да саясий чечим чыгара албады. Ташиев ушундай нерселерди ачык айтып, Отунбаевага сын айткан. Дал ошондон кийин бийлик К.Ташиевдин кол тийбестигин алып, камап, президенттик шайлоого катыштырбоону көздөп жатат. Себеп дегенде, эгерде Ташиев президенттикке кое турган болсо, бүт эл колдоп кетет. Элдин талабы болсо Ош окуясын уюштургандарды таап, жазасын берүүдө болууда. Анын ордуна Отунбаева баш болуп ошол кыргынды токтоткон эл баатырын камагылары келгени элдин нааразычылыгын күчөттү".
Комитет эки негизги талап коюуда - түштүк коогалаңынын уюштуруучуларын, ага шыкак берген бийлик жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу жана К.Ташиевди куугунтуктоону токтотуу.
Sayasat.kg


  Бийлик үнүн угабы?

Жалал-Абад тургундары К.Ташиевди куугунтуктоону токтотууну талап кылууда

Жалал-Абад шаарындагы "7-каналдын" алдына Сузак, Базар-Коргон райондорунан бир нече адамдар келип, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин кол тийбестигин алуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерге нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Чогулгандар азыркы бийлик бир учурда Ө.Текебаевди куугунтуктап, Жалал-Абад шаарындагы "Сентябрь" телеканалын жаптырган саясатты улантып К.Ташиевди куугунтуктап, "7-каналды" жаптыруу аракетин көрүп жаткандыгын билдиришип, бул - саясий буйрутма экенин айтышты.
Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынан келген эмгек ардагери Таштемир Давлетовдун айтымында, бийлик бул кадамдары менен К.Ташиевге бут тосуп жатат. "Былтыркы июнь окуясында алдын албагандыгы үчүн бийлик өзү жоопкер жана башкарууга укугу жок", - деди ардагер.
Ардагердин пикиринде, "бийлик К.Ташиевди чындыкты айткандыгы үчүн, ага каршы Б.Сулайманов жана башкаларды тукуруп жатат".
Мындай пикирлер менен күн сайын областтын тургундары кайрылып жатканын "7-каналдын" кызматкерлери да маалымдашты.

"Баракелде"




  Чоң муштум

Экс депутат неге мушташты?
13-июнь күнү кечинде Ош базарында "Беш-Сары" соода комплексинин ээси, экс депутат К. Жолдошбаев менен сатуучулардын ортосунда мушташ болуп кетти. К. Жолдошбаев окуяга күбө болгондордун айтымында Бейшеналиева көчөсүндө майда-чүйдө саткандарды кууп жатып, боюнда бар аялды буту менен тээп жиберген. Мына ушул кылыгы үчүн сатуучулардын жанында тургандардын колунан таяк жеп калган. Ленин райондук ИИБнын окуя болгон жерден алгачкы материалдарды чогултканына караганда бир нече атуулдардан "бизди К. Жолдошбаев урду" деген арыз келип түшкөн. Окуя болгон соң К. Жолдошбаевди наркодиспансерге алып барышканда, ал жерден экс депутаттын артериалдык давлениеси көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө милиция бардык документтерди прокуратурага өткөзүп берди. Эми кылмыш иши козголобу, же жокпу прокуратуранын гана колунда.


  Кыргыздар кыйын...

Кыргызстандын 4 жараны орус жарандыгынан айрылышты.
Россиянын Вологод облусунда Кыргызстандын 4 жаранынан орус жарандыгын алып салышты. Алар 2007-жылы Россиянын паспортун алышып, Соколь районунун администрациясына каттоого тургузуу үчүн арыз менен кайрылышкан. Тиешелүү документтердин бардыгын көрсөтүшкөндүктөн, Панютино кыштагындагы үйлөрдүн бирине каттоого алынышкан. Аңгыча райондук сот бул адамдардын документтери жасалма экендигин тактаган жана орус жарандыгын берүү иши токтотулган. Жакын арада аларды жашаган жерлеринен каттоодон чыгарышат.


  Ачуу чындык

Күзүндө канттын жетишпестиги күтүлөт
Быйылкы жылдын күз айларында кант азыгынын дефицит болушу күтүлөөрүн "Кайыңды-Кант" ААКсынын директору Дүйшөнкул Матеев билдирди. Анын айтымында дефициттин болушу Кыргызстанга Белоруссия, Россия, Украинадан келүүчү кант азыктарынын көлөмүнүн азайышы жана өздүк запастын жетишпестиги себеп болот. Жалпы Кыргызстанды камсыз кылуу үчүн 650 миң тонна кант кызылчасы керектелет. Быйылкы жылы 250 миң тонна кант кызылчасы өстүрүлүшү пландалууда. 2010-жылы 140 миң тонна өстүрүлгөн. Былтыркы жылы кант кызылчасынын бир тоннасы 2380 сом болсо, быйылкы жылы 3000 сомду чапчыган. Демек, быйыл күзүндө кумшекердин баасы кымбат болушу мүмкүн.




кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??