Кыргыз гезиттери


п»ї
  Мурзапар Үсөн

БӨРҮЛӨР
Ошонун эртеси эле колхоздун конторун ревзия басып, көздөрү чакчайа төгөрөнө, майланышкан тултук бетинин кансөөлү кача алапайын таппай мал-жандыктын эсеп чотун толуктай албай жашырган үтүргөнүн ойдогусун ойдон, тоодогусун тоодон чогулта коюп ревизорго көрсөтмөкө чапкылап жүрдү. "Кызың алтын аяк уул тууп бере тургандай колхоздун абийрине чыча турган болдуң" деп, Ташкулу бечараны суудан алып отко, оттон алып сууга тыгып, "ушунун бары сенин кызыңдын айынан болду. Эгер колхоз мал-жандыктан растратыр тартса айтып коөюн, бүтүндөй мал-мүлкүмдөн ажырадым дей бер. Аямайым жок, кошо тартасын" деп өлгөндүн үстүнө көмгөн кыла мал санака келген ревизордун көзүнчө да жеп-жутуп ийчүдөй жекирип алды.
"Менин райистигимди көралбай бут тосчулар силерби?" деп, Эшназар-карыга да опурулуп, "кана, жанагы кысталак жер жутарың? Бирөөнүн кызын жолдон чыгарып бузукулук кылаарын билгенимде жылкынын тезегине да жолотмок эмесмин. Катынга айланабы, бөрүнүн канчыгынан алып берсең мындай каргаша болмок эмес" деп, мурда "сиз" деп ызаттачу эми кутурган иттей көздөрү канталак кызарып оозуна не келсе кайт кылбай жети омурун жерге киргизе сенсиреп кирди. Мындай бууракандаган аламат күндүн болоору ою-түшүндө жок, Октос менен Жапалактан азга көңүлү тына эми эле көчүгү жайлана отурду эле, кайдан-жайдан айылды дуу көтөргөн кара шамал көңүлдү гаш кыла ишенген уулунан андай жоосунду күтпөгөн кары болгон иштин кандай-андайлыгына түшүнбөй, райиске не деген жоопту айтышын билбей башы каты. Демек Турдалинин жеп-жутчудай ызырынганына караганда Ташкулунун кызын жанагы келип жүргөн ополномочунга аперем деп жүргөнү сөз кыруусунан дайын туя, "а, бала болбосоң, жыландын куйругун басып алган турбайсынбы. Мурдараак эле үйлөп койсом болмок экен, аттиң! Кеп-кеңеш салбай салтта жок ишке барганыңды. Эми Ташкулу экөөбүзгө күн жок. Болоор иш болуптур, боөюсу каныптыр дегендей кантмек элек, өлбөгөн пендеси башка салганын көрөт да" деп тим болгон.
Турдали райистин көчүгү жер искебей эртеси эле кайра жете келип олурая "келдиби балаң? Келбесе Мырзакулуңду атын мингизе жылкыларга жөнөт. Ошо жерде болсун, ревизор, бугалтыр эсептөөгө барышат. Жанагы эки айгырды бөрү жеди деп союлган аттардын куу башынан көрсөтүп койсун. Балаң келген күндө да эми жылкыга жолотпоймун. Ошо тоодогу бөрүлөрү менен жашай берсин. "Бөрү баласы ит болбойт" деген ак сөз экен. Мен акмак болбосом боорума тартып адам кылам деп жүрүпмүн. Көрсө силерди, "бөрүлөр" деп бекеринен айтышпайт экен" деп, ичкүптүсүн кимден чыгарышын билбей минген атын ала-сала башы-көзгө койгулап чапкылаганча кеткен. Райистин "көрсө силерди "бөрүлөр" деп бекеринен айтышпайт экен" деген сөзү Эшназар-карынын жүрөгүн барчалап кеткендей эле болду. Кулагы чып бүтүп, көздөрү ымыр-чымыр карарып, жер айланкөчөк ата аз жерден жыгыла жаздап өзүн ушарлыка ала араң кармады. Мынчалык көкүрөк көзөгөн көңүл калды ачуу сөздү эзели укпады эле. "Майли, бирөөнү табалаган жамандык өзүмдөн кетпеди, ушунусуга шүгүр! Баланын артынан укпаган сөздү угуп, көрбөгөндү көрөсүн" деп, ыраматылык атам айтып калар эле. Ошо эзелки сөз мааниси эми минтип өз башыма келип отурбайбы. "Бөрүнүн жесе да оозу кан, жебесе да оозу кан" дегендей колхоздун кайсы малына бөрү тийип, бөрү кырды эле? Жанагы бөрү жеди деген эки айгырды эки буттуу өзүң десем жалынсыз быкшып турган кебетеңди өрт алдырганы турам. Уккан кулака да уят иш. Кана, кайсы малыңа бөрү тийип шайыңды оодарды десең жалганың чыгып жүрөгүң чарт жарылып өлмөксүн. Ошондо да жүрөгүңдүн тушун мыкчый кармап "адамдын бөрүсү ушулар" деп, ошондо да эч зыяны жок бөрүлөргө асылмаксын. Эгер чын эле "бөрүлөр тобуна" акараат айтканыңа ачынсак бу тынч жаткан малы-жаныңды ойрондоп салганга кудретибиз жетет. Өчөгүштүрүп, өч алганга мажбурлаган кылык-жоруктарыңды мага деле көрсөтүп, канымды кайнатып кылмышка мажбурлап жатпайсынбы. Бөрүлөр деле ушундай каска кас, доско дос. Алардын деле дарт бөлүшөр, көңүл улар тили бар. Ошонүчүн бөрүнүн кошунасына кастыгы жок. Биз билгенди билсеңер кана, тили жок маклуктар менен жанжолдош жашамакпыз. Жаштык, мастык дегендей жаштын да максат мүдөөсүн эске алган жакшы. Табити тартып турса кайт кылгандан жаманы жок. Көңүл кушлаганын татпаса дагы болбойт. Өмүр бою бемаза жашоого кырчыла куса жүрүп өткөндүн арманы күч. Ушу бөрүлөрдү да айбан башы менен деп таңданып калабыз го. Булардын жан дүйнөсүн билээр жан болсо кана. Эстүү деп аталган ит жаныбар да тең келалбас эле. Акылга сыйбаган иш кылыптыр Мустакул десем айбан башы менен табити тартпаганга баргысы келбеген Жапалактын Октоско болгон көңүл жакындыгын талашып-тартышкан ажан дөбөттөрдүн ортосундагы айыгышкан салгылашууларын өз көзүм менен көрбөдүмбү. Октоско жан тарта беркилердин ортосуна түшө калып "мен силерди каалабайым, зордосоңор да барбаймын" деп тиштерин ырсайта ыркырап асылган эки дөбөттүү кетенчиктете кубалап "жүр эми" дегендей Октосун эрчиткенче арчаларды аралап кеткенине таң калам. Өзүн талашкан дөбөттөрдүн ичинен жактырып жүргөн көкжалы менен ошо жупташкан күндөн бери ажырашпай сүйүктүү бөлтүрүктөрүн асырап келишет. А биз кантсе да тили бар адамбыз го. Салтта жок деп жүрүп көңүл тартабы, жокпу ага да карабай калдык. Болбосо Ташкулунун кызынын теңи ошо күлтүйө жаргылчактай болгон ополномочунбу? Табакташ боло алкымы чоң райистин жеген-ичкендерин билип алып торуна чалынта ушуну аткарасын, болбосо көргүлүктү көрсөтөм деген көрүнөт" деп азыткы ойлорго кырчыла дендароо тартып үйгө киришин да билбей, кантсе да ээсиз колхоздун жылкыларынан кабар алганы Мырзакулду жөнөтмөк болду. Анан кантсин, райистин айтканын кылбаса дагы болбойт. Минтип жеркөзү айыпка жыгып отурса замана зордуку да. Мустакулдун жоктугунан пайдаланып тоодогу жылкылардын теңин түндөп айдатып "мына балаңдын кылганы, төлөйсүн, болбосо камаласын" десе да ушу азырда аныкы эп болуп турат. Бала деген, катын ала тургандыгын айталбай жүргөн экен да, аттиң! Мындай жоосунсуз жоруктун болоорун билсем бирөөлөргө кудалашып өлбөйүмбү. Энесинин да табасы кана, "бөрү деп жүрүп баланы да тоо-ташка телчиктирип бүттүң. Эр жетти, үйлөп кой деп жүрүп тилим тешилди. Ал эми райистин каарына калып бир жакшылык күн болбойт эми" деп, кошулга ташыл ал бир жагынан жаагын жанып кирди. "Катын алган адам тоодо жашайбы? Какбаштыгың акыры жүрүп балаңдын башына жете турган болду. Ушундай да күн болобу? Ата-энеси, үйү-жайы турса того ала качып салтта жок жоорукту мына "бөрүлөр" баштадыңар, эми тоо-ташта бөрүчө улуп жүрө бергиле. Э кудая тообо, ушундайда да караан күн болобу?!"
Кара жаактын шакылыктаган үнүн укпайын дедиби Мырзакулду атын токуна жылкыга жөнөтүп, өзү да бир туруп жөө-жалаңдап того кеткиси келип, басканга ыкчам ташка чапчаң жабышкак чарыгын кармап туруп "бу атасы да, баласы да того чапкылайт, бир сыр бар" дешип этегибиз жаман жеринен жыртылып турганда куйкасы курушкан райисти дагы жиниктирип албайын. Эки үч күнчө күтө турайын, бир дареги болоор. Апасы айтмакчы үй-жөй, ата-эне турганда тоодо жашамак беле" деген ойдо кайра айныды.

***
Кабыл менен Шамыр жайлоо чала жылкы издеген болуп жүрүшүп Мустакулдун жаңы куралган турмушуна төшөнчү орундан, тамак-аштан кам көрө көз сала жүрүштү. Өзүн араң басып отурган досун айылдагылардын салтта жок жоосунсуз жоруктарына ызы-чуу түшө наалат айтып жаткандарын, ополномочундун колхозго ревзия жөнөтүп атка минер актиптерди дүрбөлөңгө сала Арзыкан кыздын аламин алмака кыр көрсөтүп жатканын айтып кыжалатка салгылары келишпедиби "кызуулук басылгыча жашап тургула, эт тырмактан ажырачу беле, Ташкулу акени да ийге келтирчү адамдар бар" деп көңүл көтөрө унчугушпайт. Минтип айтышпаса деле айылдагы өйдө-ылдыйды опкоолжуган жүрөк кургур сезип жалтактаган көздөрүнөн байкалып эле турат. Арзыкан өзүнө келгиче азаптуу жашын тыйалбай Мустакулдун айласын кетирип, мени ташта, менин айымдан жаманатты болбо. Өзүңө тең кыздардан таап үйлөнүп ал. Ташта, кет! Кет деп жатам! Мени жалгыз калтыр! Эч кимдин көзүнө көрүнбөй өлүшүм керек!" деп, акылынан адашкандай буркан-шаркан түшө аламине чыдабай доолулана тура калып качып жөнөгөндө кучактай калып буула, "Арзыкан, антпечи?! Мени түшүнчү?! Мен сени сүйөм! Билдиңби, мен сенсиз жашай албаймын! Укчу мени?! Өлсөң кошо өлөм!" деп, коюп жибербей көкүрөгүнө кучактай чачтарынан сылап, талаалаган жаштуу бетинен сүйүп, өзүн басалбай буула тиштерин кычырата, "өч албасам жигит эмесмин. Бутуңа чөгөлөтпөсөм элеби… Уктуңбу?! Өзүңдү каралаба, мен үчүн аксын!" деп өзүн басалбай солкулдаган байкушун соорото чачтарынан жыттап жоошута жалынып-жалбарып көпкө турат.










кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??