Кыргыз гезиттери


п»ї
Бакма кыз

Олоң кара чачы далысына төгүлгөн, музоо кирпиктери ийилген, бели бир тутам, ак жуумал, он эки мүчөсүн кол менен жасап койгондой чырайлуу жаш кызды сыртынан караган адам эки баланын энеси деп эч убакта ойломок эмес. Анын ойноок кыялы, шыңгыр күлкүсү али он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек секелектигинен кабар берсе да, капкара каректеринин тереңине жашырылган ойлуу көз карашы алда кандайдыр сырдуулукту туюнтуп тургансыйт эле.

Кыздын үстүндөгү жеңдери кыска, жеңил ак көйнөгү, мойнуна салынган бир байлам жоолугу өзүнө куп жарашып, арыдан шайдоот басып келип, жаныма олтура кетти. Кичине сумкасынан телефонун алды да, ары чукулап, бери чукулап көрүп, мага кайрылып:
- Эже, телефонуңузду берип туруңузчу? Күйөөм менен сүйлөшүп алайын. Менин соткамдын батарейкасы өчүп калыптыр - деди жылуу жүз менен. "Азыркы кыздар жапжаш туруп эле күйөөгө шашышчу болду го" деген ой эрксизден кылт этип, унчукпастан телефонумду сундум. Анын сүйлөшкөн сөздөрүнөн балдары бар экенин баамдап, кызга эми чындап кызыгуум артып, сөзгө таркым келди. Бир аздан соң, ал мага телефонду сунуп:
- Рахмат - деди жадырай.
- Балдарың барбы? - деген суроомо:
- Ооба. Эки кызым бар - деп жооп кайтарды.
- Жашың канчада? Кичинекей эле кыз көрүнөсүң го.
Ал шыңк эте күлүп койду.
- Он сегиздемин.
- А турмушка канча жашыңда чыккансың?
- Он алты жашымда. Ала качып кеткен.
- Кайсы жакта жашайсың? Жерлигиң каяктан?
- Кочкордо жашайм. Сиз өзүңүз каяктансыз? Кайда жашайсыз? - деп мага кайра суроо узатып, жообумду деле күтпөстөн сөзүн улап кетти.
- Жашаган жерим Нарындын Кочкор районунда, түпкүлүгүм Чүйдөн экен. Мындайча айтканда, атам Чүйдөн, апам Оштон, баккан ата-энем Көлдөн. Кыскасы, жалпы Кыргызстанданмын. Балдарым чоңойгондо башка облустардан куда-сөөк күтүп алам. Менин аны таң кала караганымды байкадыбы же чындап эле ачылып-төгүлүп, сырын айткысы келдиби, өзү жөнүндө келин мындайча кеп салып берди.
- Үй-бүлөм: жолдошум, кыздарым менин жападан жалгыз байлыгым. Шаардагы ооруканага жатып дарыланганы келгениме үч күн болду. Кусаланып, сагынып кеттим. Саат сайын күйөөмө телефон чалып, сүйлөшүп, акыбалдарын билип турбасам, жүрөгүм сыгылып баштайт. Ал менден он үч жаш улуу. 9-класста окуп жүргөнүмдө биздин айылга барып калып, ала качып кеткен. Башында үй-бүлөлүк турмушка көнбөй жүрүп, жоолук башка түшкөн соң акыры тагдырдын жазганына моюн сунуп калгандаймын. Эми атам да, апам да ошол сыяктуу, бир гана күйөөмдүн акылын угуп, жакшы сөз айтса, эдиреңдеп жаш баладай кубанып, тилдесе, күнөөлүүдөй жер карап, кээде эркек тана экенин сездирип, колун көтөрсө да чыдап, аялдык түйшүктү кыңк этпей аткарып, энелик вазийпаны милдеттей сезип, жашап келаткансыйм. Аялдык бакытты кудайым бергенине шүгүр. Ошентсе да, көкүрөгүмдү өйүп, көкөйүмдү кескен бир көйгөй санаамды санга бөлөт.
Мен бакма кыз элем. Андыктан, төркүнүмө деле барбайм. Барсам да, батпай, кайра кеткенче шашам. Ал жакта күткөн адам жок. Баккан апам былтыркы жылы кайтыш болуп кетти. Өгөйлүктөнбү атама бой сала албагансыйм, ал да мага алыс, чоочун мамиле кылгансыйт. Таенем мени булардын колуна 6 жашымда бериптир. Жөн гана берип койбой, 30 миң сомго саткан имиш. Таенемдин азыр көзү тирүүбү, же өтүп кеттиби, кабарым жок. Көлгө кеткени, кийин ал жакка бара албадым. Эгерде таенем тирүүлүктө аман-эсен болсо, азыр "ошол сиз алган отуз миң сом тагдырыңызды чечтиби? Дүйнөнүн тешиги бүтөлбөйт, сиздин бир кемтигиңиз толдубу? Эмнеге менин тагдырымды буюмдай акчага баалап, саттыңыз?" - деп көздөрүнө тике карап суроо узатаар элем. Ырас, багып алышкан атам менен апам мени эч нерседен кем кылбаганга далалат кылышып, кооз көйнөктөрдү, кооз оюнчуктарды сатып беришчү. Алар мени "ата", "апа" деп айтканга үйрөтүштү. Секелек болсом да, адамдын кабак-кашын илгиртпей байкап, кыйды өстүм. "Бакма баланы айылчы катын чыгарат" деген кеп бекер эмес. Эс тарта баштаганымда кошуналарыбыз мени карап, сыртымдан сөз кылып, "бакма кыз" дешчү. Бирок, эмне үчүн мени бакма дегендерине түшүнө албачумун...
Шаарга келгени өзүмдүн атам жөнүндө, ымыркайымда таенемдин колуна таштап, башка күйөөгө тийип кеткен карачечекей апам жөнүндө көбүрөөк ойлой баштадым. Атамды эч убакта көргөн эмесмин. Балким, мен ымыркай чагымда көрүшкөн чыгарбыз. Мүмкүн, чындап эле көрүшпөгөндүрбүз. Ким билсин, бирок, ал мени издегенин көкүрөгүмдө туям. Ал мени өмүр бою издеп жүргөндөй сезилет. Атам балким, ушул жол аркылуу өтүп бара жаткан адамдардын арасында кийинки турмушунан көргөн бала чакасын, кызын, уулун ээрчитип, бактыга карк боло кетип бара жаткандыр. Атам да, апам да мен үчүн бейтааныш. Апамдын ошол кездеги элес-булас карааны гана көз алдымда. Анда-санда келчү. Эже дечүмүн. Анын мени төрөгөн апам экенин кийин гана эс тартканы түшүндүм. Башындагы жоолугун кыйгач байлап, бир баласын жетелеп, бир баласын көтөрүп, күйөөсүн ээрчитип үйгө келишчү.
Апам студент кезинде атам жолукса керек. Эки жаш бири бирине арзып, көз ирмем сезим учкунуна мас боло, ашыктыктын азгырыгына, оттуу сүйүүгө кабылышкандыр. Бири бирине кайдыгер, турмушка нааразы болгондой кабактарын бүркөп, үтүрөйө караган, ачык жүз менен шилекейлерин чачырата сүйлөп, кубанып баратышкан атам курдуу, апам курдуу адамдарды карап, балким, ушулардын ичинде ушул жолдо биз ийин кагыша, жөөлөшө кетип бараткандырбыз деген ойго кетем. Турмушту башымдан кечирип, үй-бүлө күтпөгөн болсом, мен аларды эч убакта кечире алмак эмесмин. Антсе да, бир арман, бир көксөөм - тирүүлүккө келишиме түрткү болушкан адамдарга, өмүр тартуулаган адамым - апама кезигүү.

Кагазга түшүргөн
Айкен Байсары



Мен деле адам болуп жашагым келет
Ооба, жараткан баарыбызды адам бол деп жараткан. Жараткан соң аны менен кошо эле жакшыга да, жаманга да оор сыноону кошо берет турбайбы. Мына ошол тагдырдын оор сыноосуна чыдай албай, канчалаган адамзаты ар кандай жолго, ыплас иштерге, ал тургай бир келген өз өмүрлөрүн кыйганга чейин барып жатышпайбы. "Тагдырдыр?" деп алып, кайра тагдыр ар кимдин өз колунда дегибиз келет. Тагдыр жолундагы ар кандай бурулуштун оң же, сол жакка кетишине, албетте, адам баласы өзү гана күнөөлүү.
Мына ушундай жараткан берген тагдырдын сыноолоруна чыдай албай көчө кезип күн өткөргөн каарманыбызды сөзгө тарттык. Асия эже биз узаткан суроолорго көпкө үн катпастан оор үшкүрүнө, анан ичиндеги бугун чыгаргысы келди окшойт, оор үшкүрүп алып кеп баштады.

Бактылуу көз ирмем.
Мен бала кезде абдан чыйрак кыз болуп чонойдум. Мектепти да ийгиликтүү аяктадым. Окуумду бүткөн сон, эл катары жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, өттүм. Университетти бүткөн сон, экинчи бир окуу жайга тапшырдым.
Ошентип, убакыт учкан зымырык куш дегендей эки дипломдун ээси болдум.
Өзүм менен бирге окуган Турат деген бала экөөбүз бир жарым жыл нечендеген эң бир кызык күндөрдү өткөрүп баш коштук. Мен ал кездеги чоң бир ишкананын биринде жетекчи болуп көп жыл эмгектендим. Балким, ичкиликтин башаты ошондон башталдыбы деп да ойлоп калам кээде.

Талкаланган тагдыр
Турат экөөбүз эки балалуу болгон соң, очогубуз тутанбай, түшүнбөстүктүн айынан эки айрылыш жолго түштүк. Көптөгөн кыйынчылыктарды башыман кечирип, эки баламды чоңойттум. Балдарыма ата ордуна атанын, эне ордуна эненин тарбиясын берип, элден кем кылбай өстүрдүм. Кыз деген жакшы турбайбы, балким, эки уулум кыз болуп калганда мындай тагдырга туш болуп калбайт элем. Бул чексиз дүйнөдө өз ордумду таппай жашап жүргөнүмө өкүнүп, жанымды коёрго жер таппай буулугуп кетем. Айтып коюшат эмеспи, жараткан өзүнүн жакшы көргөн пендесине оор сыноолорду берет деп. Балким, бул жараткандандын сыноосудур, а мүмкүн, буйругудур.
Келиним мен күткөндөй болбой калды.
Улуу балам чет мамлекетке кетип, ошол жерден орун алып үй-бүлө күтүп жашап калган. Кичүүсү болсо бул жерде, чоң бир кызматта иштейт экен. Үй-бүлөлүү, эки неберем бар. "Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман" - дегендей өз канымдан жаралган балам келинчеги экөө батырбай, көрсөтпөгөн кордукту көрсөтүп, өз үйүмөн кубалап чыгышкан. Келиним тилекке каршы, мен күткөндөй болбой калды. Азыр неберемдин жытын жыттамак турсун, караанын көргөнгө зармын.

Өз балаңдан көрүп кал...
Каргашалуу күндөр мүнөзүңө изин калтырбай койбойт экен. Ачуулуу, ыйлаак болуп кеттим. Ошондой күндөрдүн биринде сейил бакта жалгыз, кызуу олтурсам, балам неберемди жетелеп өтүп бара жатыптыр. Алардын алдынан тосуп чыгып, "балам токто, мен сенин энеңмин" десем, ал мени карап туруп, таанымаксанга салып, унчукпастан неберемди жетелеп басып кетти. Албетте, өз балаңа жамандык каалагың келбейт экен, бирок, мага кылгандарын эстеп, "өз балаңдан көрүп кал" деп каргап, ыйлап кала бердим. Эртеси подземкада чогуу тамактанган аялдар "эмнеге өз балаңдан көрүп кал деп кыйкырдыңыз?" деп сурашканда, эч нерсе айта албай көз жашымды аарчып басып кеттим.

Барган сайын турмушум оорлоп келет...
Барган сайын жашым өйдөлөгөнгө турмушум оорлоп, оорукчан болуп, күндөн-күнгө начарлап баратканымды сезип жүрөм. Азыркы учурда өлбөстүн күнүн көрүп, кайыр сурап, жан сактайм. Мени көргөн адамдардын кээ бирлери жактырбаган, кемсинткен көз караш менен карашат. Мен деле адамдардай болуп жашагым келет. Эгер, кимдир бирөө мага көңүл буруп жардам кылса, турмушумду оңдомокмун.Бирок, өз балаңдан көрбөгөн жакшылыкты башкадан жаттан үмүт этүү жомок го. Бул чөйрөдөн чыгыш оңой, бирок мени менен кошо жүргөн чөйрөмдү таштап кете албайм. Алар менин бир тууган адамдарымдан да жакын болуп калышты. Меникиндей талкаланган тагдырды душманыма да каалабайт элем"
Жазып алган
Гулира Токтосунова
Насыйкат Бекмуратова







кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??