Бойго бүтүүнүн үчүнчү жумасы

Бул жумадагы
эненин абалы
Эгерде сизде түшүндүрүп айта алгыс кыжырлануу, чарчоо, сүт бездеринин шишүүсү жана эмчектин үрпүндөгү чектен тыш сезимталдык пайда болсо - демек сиздин жумуртка безиңиздеги сары дене (желтое тело) бош турбай иштеп жатат. Бул сиздин кош бойлуулугуңуздун күбөсү. Антсе да, мындай сезимдер, организмдеги өзгөрүүлөр адаттагыдай эле айыз келээрде да кайталанышы мүмкүн экендигини белилей кетүү зарыл. Анда эмне сиз кош бойлуусузбу, же жокпу? Бакыга жараша так кесе сиз кош бойлуусуз деп айтууга толук акыбыз бар.

Бул жумада сиздин организмиңизде жаңы гормон пайда болот. Ал гормон - хориондук гонадотропин деп аталат. Бул гормонду заарадан табуу үчүн дарыканаларда дарыгердин рецебисиз эле жазылган атайын тест-система жардам берет. Мындай тесттен өзүңүздү үй шартында эле өткөрүп, андагы көрсөтүлгөн инструкция менен текшерип алсаңыз болот. Эгерде тест катар эки кызыл сызык көрсөтсө - анда сиздеги кош бойлуулуктан күмөн санабай эле койсоңуз болот. Ошентсе да тактык үчүн сиз мындай тести кийинки жумада , азыркыга караганда хориондук гонадотропин гормону жогору болгон учурда өткөрсөңүз ынанымдуу болоорун эскертип койгон ашыкча болбос
Ушул жумада да сизди атайын адиске көрүнүүгө сунушталган биздин биринчи жумадагы кеңешибиз актуаолдуу бойдон калат. Биринчи он эки жума - башка жумаларга караганда сиздин болочок балаңыздын өсүүсүнө абдан жоопгерчиликтүү, ар бир өзгөрүүгө сын көз менен карачу өткөөл учур экени эсиңизден чыкпасын. Ушул учурда адашууга, кайдыгерлик кылууга мүмкүн эмес, анткени бул адашуу, же кайдыгерлик абдан кымбатка түшүшү мүмкүн. Эгерде сиздин ден-соолугуңузда кандайдыр бир жагымсыз сезим, бирдемеден шек саноо пайда болсо дароо адиске кайрылыңыз.

Бул жумадагы
баланын абалы
Бул жумада эмне болуп өтсө, ошонун баары түйүлдүк үчүн өзгөчө зарыл деп саналат.
Ушул учурда түйүлдүктүн сыртындагы органдар активдүү өнүгөт. Түйүлдүктүн сыртындагы органдар - үч хорион, амнион жана жумуртка сарысынын кабыкчасы (желточный мешок). Сыягы, бул аталган органдар сизге маансиздей туюлушу мүмкүн. Бирок, адамдардын кенен катамарына белгисиз болгон бул "жөнөкөй" органдарсыз баланын мындан аркы өсүүсү мүмкүн эмес. Мына ушул үчүн жаратылыш түйүлдүктүн алгачкы клеткасынын өсүү темпин төмөндөтүп, бүтүндөй жуманы ушул үч органдын ыкчам "жыйындысын" жаратууга ыроолоду.
Эгерде түйүлдүктүн сыртындагы органдар аткара турган тапшырмалар боюнча кыска айтчу болсок - алар түйүлдүктү дем алуу, тамактануу, биохимиялык колдоо көрсөтүү жана баардык тараптан коргоо менен камсыздоо болуп эсептелет. Хорион акырында плацентке айланат, (сүрөттө көрсөтүлгөндөй), а амнион болсо биз кийинчерээк кенен сөз кыла турган түйүлдүк көбүкчөсүнө айланат.
Баарынан кызыгы, бул органдардын жаралуусунда энелик гендерге караганда, аталык гендер активдүү аракеттенет. Эркектин түпкү милдети - ким үчүн жоопгерчиликти мойнуна алса, ошол адамдын өмүрүн коргоо гендик даражада туруп да аталык гендерде күчтүү болуп саналат. (Образдуу айтканда, сперматозоид болгону бир гана эркектик клетканы камтыса да, өзүн "эркек катары" алып жүрөт)
Сиздин болосок балаңызга эң башкысы эмне тиешелүү? Ал азыр сыйда, бир нече катмардан турган дискти элестетет. Ар бир катмары ата-бабаларынын ар кандай органдарынан, ткандарынан жаралууга арналган. Мунун баары жакынкы келечекте болуучу жагдай.




Өнөрлүү бала
(кыргыз эл жомогу)
Илгери өткөн заманда бир хан болуптур. Ал хандын жалгыз сулуу кызы бар экен. Күндөрдүн биринде хандын тулпарларын багып жүргөн абышканын жалгыз баласы хандын кызына ашык болуп калат да, атасына барып;
- Ата, сен хандын кызын мага алып бер - дейт.
Атасы баласына ачууланып;
- Иттин гана баласы, менин кейпим бул болсо, сенин кейпиң алдагы болсо, хан кантип бизге кызын берет? - дейт. Бирок, бала ага болбой жатып алат.
Бир күнү хан эшигинде ары-бери басып жүрүп, абышканын баласына ачууланганын угуп коёт да, абышканы чакырып алып, "Сен балаңа эмнеге ачууландың?"-деп сурайт, абышка коркуп айтпайт. Хан сурап отуруп абышканын эмнеге ачууланганын айттырып алат да, абышкага; "Андай болсо, сенин балаң мага күнү-түнү күйүп тура турган алтын чырак таап келип берсин, андан кийин гана мен кызымды уулуңа беремин" деген шарт коёт. Абышка үйүнө келип, баласына хандын тапшырмасын айтат. Бала макул көрүп, алтын чыракты таап келүүгө сапарга аттанат. Бала чыракты издеп бир нече ай жол жүрөт. Бир күнү түштө бир ээн талаада чарчап уктап калат. Бир убакта чоочуп ойгонуп кетип, ылдый жагын карайт да, кумдан кичинекей булактын оргуп чыгып жатканын көрөт. Бала тура калып калпагы менен булактын суусун башка жакка төгүп жатып сууну соолтот. Андан кийин булактын түбүн караса, түбүндө алтын чырак күйүп турган болот. Бала түшүп барып алтын чыракты алат да, кайра айлап жол жүрүп үйүнө келип, атасынан ханга чыракты берип жиберет. Хан алтын чырактын күнү-түнү дебей күйүп турганын көрөт да, абышканы кайра чакыртып, "Балаң менин элимде, жеримде жок өнөр үйрөнүп келсин" деп тапшырма берет. Абышка хандын айтканын уулуна айтып келээри менен, бала кайрадан өнөр издеп жолго чыгат. Бала нечен шаарларды кыдырып, өзүнүн элинде жок өнөр таппайт. Ошентип, бала өнөр издеп бир топ жылды өткөрдү. Чарчап-чаалыгып, арып-ачып да бүттү. Кайра үйүнө келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бир жарды кемпирдикинде оокат ашына каралашып жүрө берди.
Бир күнү элин сагынган бала уктай албай, түн ортосунда сыртка чыкса, бир жаман тамдын жанында жылтылдап от күйүп турат дейт. Бала жүгүргөн бойдон отко жетет да, "кандай шумдук болду экен?" деп өзү көрүнбөй аңдып карап турат. Бир киши бутун отко салып күйгүзүп күл кылып, кайра бут жасап, колун отко салып күйгүзүп күл кылып, кайра кол жасап жатканын көрөт да, "мен да ушул өнөрдү үйрөнүп, ушундай өнөрлүү болсом" деп ойго батып тура берет. Бир убакта эшикти шарак эттирип ачып, үйдөн бир кыз чыгып келет да, баланы кармап алып, "Сен кайдан жүргөн баласың? Бул шаарда сендей баланы көргөн эмесмин, чыныңды айт" деп кыйнай баштайт Бала айласы кеткенде башынан өткөргөнүн бүт айтып берет. Кыз; "Андай болсо сен биздикине тургун, тигил менин атам, анын мындан да артык өнөрлөрү бар. Атам кээде ат болот, кээде канаттуу куш болот, кээде төө болот, күндө адам жей турган тамак болот. Мен сага ошол өнөрдүн баарын үйрөтөм. Сен ошондон кийин үйүңө кетесиң" деп баланы үйгө ээрчитип кирет. Кыз балага атасынын баардык өнөрүн үйрөтөт. Бала кызга алкышын айтып, баягы өзү жашап жүргөн кемпирдин үйүнө келет да,
- Эне, мен чоң кара аргымак боломун, сен мени базарга алып барып сат да, ошол акчага оокат кыл, бир гана менин башымдагы ноктомду сатпа, эгер сатсаң анда мен кайрыла албай калам - дейт. Кемпир макул болуп баланы базарга сатат, тез эле абдан байыйт. Бала бир күнү чоң нар болот да кайра кемпир менен базарга барат, адаттагыдай эле ноктосун сатпоону кемпирге эскертет. Ушул күнү базарга бала үйрөнгөн өнөрдүн ээси да келип калат. Ал дароо баланы билип, "буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен, кой муну ноктосу менен сатып алайын да, үйгө алып барып балталап өлтүрөйүн" деп ичи тарыйт. Ал кемпирге көп акча убада кылып, алтын теңгеге азгырылган кемпир баланын сөзүн унутуп, төөнү ноктосу менен сатып жиберет. Өнөр ээси төөнү жетелеп келип үйгө байлап, кеч киришин күтүп калганда кыз төөнү көрүп калып, "бул да бирөөнүн жалгызы, бошотуп жиберейин, өз күнүн көрсүн" деп агытып жиберет. Муну сезип калган абышка дароо куш болуп учуп кеткен баланын артынан, бүркүт болуп кууп жөнөйт. Бала айылына зымырап учуп келип, ошол учурда дөбөдө отурган хандын жанына конот. Абышка баланын артынан келет да, бирде кыргый, бирде каз, бирде өрдөк болуп кубулуп турат. Бала бир кезде таруу болуп кубулуп, бир даны хандын чөнтөгүнө куюлуп кетет. Абышка чоң кызыл короз болуп кубулуп, хандын бут алдындагы тарууну чокуп жеп жатканда, хандын чөнтөгүнө түшкөн таруу, куш боло калып, короз кейпиндеги абышканы жеп коёт. Анан адам кейпине айланып үйүнө келсе, ата-энеси картайып калган экен. Хан болсо кечинде көргөн ишине таң калып, бул өнөрдүн ээсин издетет. Ошондо бала ханга барып, болгон өнөрүн көрсөтөт да, "бир кезде сиз элимде, жеримде жок өнөр үйрөнүп кел дедиңиз эле, үйрөнүп келдим" деп бирде аргымак, бирде бүркүт, бирде куш болуп кубулат. Көргөн эл абдан ыраазы болот. Хан убадасына туруп кызын берип, эл баланын өнөрү аркылуу байып жыргап жашап калышкан экен. Эл баланы кадырлап, атынан айтпай, ушул күнгө чейин "Өнөрлүү бала" деп аташат дейт.