Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

 "Майдан"-сурамжылоо

Карапайым калктын пикири кандай?

Мырзабай, 66 жашта, пенсионер:
- Менин оюмча К.Ташиевди жок жерден күнөөлүү кылышууда. Бийликтегилер өздөрү менен өздөрү урушуп жатышса, билбейм эл эмне болот. Бахадыр Сулейманов өзү тийишип, таяк жеп алып, анан өзү кайра Ташиевди күнөөлөп тийишкени туура эмес. Чынында, ал эркек эмес. Ташиев азамат адам, менин туура сөзүм ушул.

Тантабай, 72 жашта. пенсионер:
- "Ата-Журт" партиясынын лидери Ташиев жакшы адам. Өз жолун билген бул адам президенттик мандатты талашып жатат да. Эми бул талаш-тартыш, ынтымак, тынчтык биримдик менен эле аяктаса дегеним. Тынч жаткан элге зыяны тийбесе эле болду. Чоңдор урушса элдер карап тура беришеби, андан көрө ойлонуп туура мааниде иш алып барышса деп айтаар элем.

Елена, 42 жаш, бизнесмен:
- Баарыбыз эле аркы-беркини айткандан эч пайда чыкпайт. Бирок, Бахадыр Сулеймановдуку туура эмес. Себеби, ал Ташиевге өзү тийишти. Анан эл деле бир аз ойлонуп, өз пикирлерин айтат деген ойдомун. Негизи өзүм Ташиевге кайрылайын деп келгем, бирок тилекке каршы болбой калды. "Өзү тийишкен бала ыйлабайт"- демекчи, тийишпей эле, президенттик мандатты талашпай, андан көрө элдин бир көйгөйлүү маселесин чечсе дээр элем.

Сырхалим, 53 жашта, мугалим:

- Ташиев шар, тайманбас, кең пейил адам. Анын кылгандары элди канааттандырат деген ойдомун. Сулеймановдун кылгандары туура эмес. Эл ушундайбыз да ким баш көтөрүп келе жатса эле ошону көрө албай, үстүнөн басып турабыз. Ынтмакта болуп бирге иштесек, өлкөбүз оңолуп, алдыңкы мамлекеттерден болсок деген тилектемин.

Жибек, 22 жашта, студент:
- Эми бул бийликтегилер өздөрү ушинтип кырылып мушташып жатса, андан кийинкилерин айтпай эле коёлу да. Ташиев жакшы же жаман деген ойдон алысмын, бирок айтып коюшат эмеспи, "эки дөө кырылса ортосунда чымын өлөт" деп, ортодо жөнөкөй эл эле кыйналып жатпайбы.

Бурул, 51 жашта, сатуучу:

- Мен Ташиевди "Ата-Журт" партиясынын лидери катары жакшы билем, буга чейин эле билчү элек, бирок, бийликке келгенден баштап жакшы таанып баштадык. Сулейманов жөнүндө билбейт экенмин. Экөө эмне жөнүндө чырлашып жатканын түшүнгөн деле жокмун. Бирок мен Ташиевди жакшы адам, ал Кыргызстанды оңоп кете алат деген ойдомун. Анан эле ортодо тоскоол болуп, ар кандай чатактар жаралып жатпайбы.

Чынаркул, 20 жашта, студент:
- Мен эми Ташиев жөнүндө буга чейин жакшы деле билчү эмесмин. Качан гана "Ата-Журт" партиясынын лидери болгондон кийин эле биле баштадым. Андан башка эч нерсе айта албайм.

Сурамжылоо жүргүзгөндөр:
Гулира Токтосунова
Насыйкат Бекмуратова




  Атамбайчиктин оюнубу?

Долуланган Б.Сулейманов кимге курал болууда?
Жогорку Кеңештеги этика боюнча комиссиянын төрагасы Курмантай Абдиев мушташа кетишкен Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановду элдештирип, чепкен жаап, ак калпак кийгизди эле. Кучакташтырып. Камчы мырза ак көңүлдүүлүгүнө салып, догурунбай шар кеткен болчу.

Дагы бир жагдай, ошол эле К.Ташиев менен "Ата Журттун" дагы бир депутаты Б.Сулеймановдун ыркырашканы белгилүү. Күбөлөрдүн айтымында, Бахадыр анчалык деле муш жебеген, бирок, бу дунган долуланып, справка чогултуп, оор жаракат алгандай түр көрсөтүү менен ооруканага жатып алган. Көрсө, Б.Сулеймановду премьер-министр А.Атамбаев көкүтүп, К.Ташиевди кылмыш жообуна тартырууну көздөп, саясый кызыкчылыгына жетүү амалы менен шугулданганы байкалып калды. Дал ушул өңүттө оорлошуп турган жагдайдын айынан К.Абдиев да чайналып, элдештире албай атканы айкын болду. Бул боюнча Курмантай мырза ачык пикирин коомчулукка айта алабы? Же ал дагы Бахадырча Алмаздын каарынан коркуп калабы?.. Кыскасы, ушул өткөн окуя К.Ташиевдин рейтингин көтөрүп атканы байкалууда...

"Аламан" сайты









кыргыз тилиндеги гезит "Майдан.kg"









??.??