Күнөө кимде?...

Күнөөлүүнү издесе эле саясатташып кетеби?..
Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынына келген президент айым Роза Отунбаева депутаттардын "суроо-тепкисинде" калды. Түштүк коогалаңын иликтеген бир эмес, үч комиссия "убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү түштүк коогалаңы үчүн күнөөлүү" деп жатышса да, ал өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлөрүн моюнга алгылары келбейт.
Ал эмес, президент айым "күнөөлүүлөрдү издебейли" деп да айтып алды. Буга дайым чыркыраган чындыкты издеп келген "Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев "эмне себептен күнөөлүүлөрдү издебешибиз керек?" деп суроо узатты эле, Р. Отунбаева "күнөөлүүлөрдү издөөнү саясатташтырбайлы" деген кызык жообун узатты. Кызык, күнөөлүүлөрдү издесе эле "саясатташып кетти" дей берсек, анда башыбызды кыя чапса деле унчукпай жүрө бербейлиби? Бейкүнөө адамдардын каны аккан бул каргашага эч ким жооп бергиси келбесе да, Алла-Таала өзү жазалап коёрун унутпасак. Ансыз деле андай жазалоо башталды окшойт. Ошол учурда бийлеп турган айрым партиялардан өөдүк-сөөдүк сөздөр айтыла баштады. Маселен, "Манасты бандит" деген сыяктуу...






  Тургула сот келатат!

Үч кыргызстандык Кытайда өлүм жазасына тартылып...
2007-жылы Кытай Эл Республикасынын жаранын жырткычтык менен өлтүргөн деп кармалышкан үч Кыргызстандын жаранына Кытай соту тарабынан өлүм жазасы өкүмү чыккан. Бул туурасында ТИМдин консулдук кызмат департаментинин директору Айдит Эркин маалымат жыйынында билдирди. Кыргыз Республикасынын ТИМи бул өкүмдү жарым жылга ишке ашырбай туруу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Кытайда азыркы күндө да кылмыштын 59 түрү боюнча өлүм жазасы өкүмү чыгып келет.





  Отургузуш керек го?..

Кыргызстанда туруп кыргыз укугун тебелебейли...
Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде "Бета-Сторес-3" соода борборунун технологу, Турция жараны Г. Йылмаз сатуучу болуп иштеген кыргыз жараны Ч. Орузбаеваны зордуктоого аракет кылган. Каршылык көрсөткөн кызга ачуусу келген Г. Йылмаз ага кол көтөрүп, ички органдарына жаракат келтирген. Окуя болуп өткөн соң Ч.Орузбаевага операция жасалган.
Жабырлануучунун арызы менен денеге жаракат келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, биринчи инстанциядагы сот кылмышка шектүү болгон Г. Йылмазга убактылуу кайтарууга алып туруу чечимин чыгарган. Андан соң Бишкек шаардык соту бул чечимди жокко чыгарып, Турция жаранын боштондукка чыгаруу чечимин кабыл алган. Мына эмесе, өз жериңде да өз укугуңду коргоо кандай кыйын? Эмне себептен Бишкек шаардык соту мындай чечимге барганын бир кудай, анан түрк жараны менен өздөрү гана билбесе, башка эч ким билбейт. Жабырлануучу Ч. Орузбаева кайрадан арыз менен кайрылган соң, 7-июнь күнү Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун токтомун жокко чыгарып, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бирок, Ч. Орузбаеванын айтымында ал күнкү сот отурумунда кылмышка шектүү Г. Йылмаздын карааны да көрүнгөн эмес. Биз дайыма колдо туруп качып кеткен адамдарды издегенди жакшы көрөт элек . Ай ким билет?..


  Ме сага!..

Астананын казынасы жалпы Кыргызстандын казынасынан жогору
Дал ушундай маалыматты Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 3-июнда борбор шаардын алдыдагы өнүгүүсү тууралуу өткөн жыйынынында билдирди. Казакстандын президентинин билдирүүсүндө Астана шаарынын казынасында 2 млрд. доллар каражат бар. Ал эми, жалпы Кыргызстандын казынасы 1,8 млрд. доллар менен чектелет. Мына сага, багыты бар мамлекеттер кантип өнүгө тургандыгынын бир мисалы. Мындай көрсөткүч менен мактанса болот. Бизчи, биз кантип мактана алаар экенбиз? 120 депутатыбыз, ар кимиси ар тоонун башын сүйлөгөн жүздөгөн лидерлерибиз бар деп эле мактанбасак.


  Тургула! Турусбек Мадылбай келатат!

Кыргыз жазуучусу АКШ элчилигинин сыйлыгын алды
Көркөм жана маданий баалуулуктарга кошкон салымы, америка адабиятын кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай АКШ элчилигинин ардак диплому менен сыйланды.
Эске сала кетсек, мурда -кийин анчейин баркталбай, эске алынбай келген Турусбек Мадылбай эл аралык бир нече сыйлыктардын ээси болгонго үлгүргөн. Атай кетсек, 1973-жылы Чили элинин жана Будапештте Эл аралык студенттер союзунун сыйлыгына ээ болгон. 2006-жылы Москва шаарында "Русская премия", 2008-жылы Санк-Петербургда "Добрая лира" сыйлыктарына татыктуу болгон. Мындан сырткары эң мыкты фантастикалык чыгармалары үчүн улуттук сыйлыктын ээси болгон. Үстүбүздөгү жылы "Арча" адабий конкурсунун эң биринчи жеңүүчүсү болуп калды. 2008-2010-жылдары эң мыкты жазуучу аталган Турусбек Мадылбайга дагы-да чыгармачылык ийгилик каалап, мындан да бийиктиктерди багындырышына тилектеш бололу. Анткени, Турусбек аганын көмүскөдө келген таланты эми ачылып бараткансыйт. Азыркы бийиктиктер Т. Мадылбай үчүн чек эмес. Анткени Турусбек агачалык көп тил билген жазуучу Кыргызстанда бирөө гана экендигин айта кетели.


  Саамалык

"Кичинекей" журналы Россиядагы кичинекей кыргызстандыктар үчүн
"Бирге" деп аталган социалдык долбоордун негизинде Россияда тиричилигин өткөзүп жүргөн кыргыз жарандары үчүн "Кичинекей" аттуу өспүрүмдөр журналы жарык көрө баштады. Бул журналда жомоктор, табышмактар, ырлар жана кыргызча-орусча сөздүк камтылган. Мындай саамалык Россияда жүргөн кыргыз жарандарынын өспүрүм балдарынын кругозорун кеңейтүүгө багытталып, жана дагы кыргыз, орус тилдерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул журналдын алгачкы саны жарык көргөн соң, 1-июнь балдарды коргоо күнүндө атайын журналдын бет ачар аземи болуп, ага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен өкүлдөр келип катышты. Ошондой эле Москва шаарындагы жана ага жакын региондордогу кыргыз диаспоралары- "Ала-Тоо", "Элдик чындык", "Фонд дружбы" ж.б. өкүлдөрү келишти.


  Манас! Манас!

Айкөл баатыр тууралуу жаңы китеп
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Манас" жана "Манастын уулу Семетей" аттуу китептердин бет ачар аземи болуп өттү. Китеп кара сөз түрүндө жазылып, кыскартылып берилген. Манаска арналган китеп 168 беттен, Семетейге арналган китеп 108 беттен турат. Китепти жазган Жапарали Осмонкулов коомчулукка балдар жазуучусу катары кеңири таанымал. Анын чыгармалары Кыргызстанда гана эмес, Россиядагы "Наш современник" журналына дагы жарыяланып келет.


  Үчилтик

ЕККУ, КР Омбудсмени жана бей өкмөт уюмдар адам укугун бирге коргойт...
Жогоруда аты аталган үч өкүлчүлүк тиешелүү меморандумга кол коюшту. Алардын мындай аракети өлкө ичинде адам укугун коргоону жакшыртууга негизделген. Акыркы учурлардагы өлкө ичиндеги адам укуктарынын тебеленгендиги, бири-бирине жасаган жырткычтык мамилеси, мыйзамды тебелеп-тепсөө жана сыйлабастык мына ушундай кадамга барууга себепкер болгон.


Даярдаган Д.БАЙАМАН