Орусия

Эмгек мигранттары үчүн квота көбөйөт
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Борбордук Азиянын эмгек мигранттары үчүн квотаны көбөйтүү зарыл экендигин айтты. Ал мындай жол менен мыйзамсыз миграция маселесин чечүүгө болот деп эсептейт. "Бүгүнкү күндө квоталардын саны жылына 200 миңди түзсө, мурда ал 500 миң адамга берилген. Мындай абал салык төлөбөгөнгө жана камсыздандыруунун жоктугуна себеп болууда. Биз мигранттарга квотаны кыскартпай, бардыгын каттоо тартибин күчөтүшүбүз керек",- деп белгилейт С.Собянин.
Россияга жыл сайын 10 миллионго жакын мигрант келсе, алардын 1 миллиону тажик жарандары. Тажикстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жарандарынын көбү Россиянын эмгек рыногунда адатта орустардын өздөрү иштегиси келбеген экономикалык деңгээли төмөн болгон иштерде эмгектенишет.
Ал эми Россия кыргызстандык жарандарды РФнын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн 200 орундан 600 орунга чейин квотаны көбөйттү. Бул тууралуу Россия президентинин Бишкек шаарындагы атайын өкүлү билдирген. Фарит Мухаметшин белгилегендей, Москва кыргыз жаштарын орто кесипке үйрөтүү менен да алектенет. Россия тарап бул багытта жумушчу кесиптерге үйрөткөн кесиптик окуу жайларына жана лицейлерге студенттерди кабыл алууга даяр.


  Сирия

Коопсуздук кызматынын аскерлери окко учту
Сирия бийлиги Түркия менен чек ара аймагындагы шаарчада коопсуздук кызматынын 120дан ашуун жоокери "куралдуу топ" менен кагылышууда кайтыш болгондугун билдирди. Бирок укук коргоочу активисттер, оппозиция жана көз карандысыз аналитиктер Дамаск өкмөтү элдик көтөрүлүштү басуунун дагы бир амалын издеп жатат деген ойдо.
Сирия өкмөтү айрым чөлкөмдөрдөгү көзөмөлдү колдон чыгарганын моюнга алып, Йиср ал-Шугхур шаарчасынын тургундары армиядан коопсуздукту калыбына келтирүүнү өтүнүшкөнүн билдирди. Анын алдында шаарда куралдуу күчтөрдүн жүздөн ашуун аскери окко учуп, өкмөттүк имараттарга өрт коюлганы маалымдалган.
Ички иштер министри Ибрахим Шаар чечкиндүү чаралар көрүлөөрүн айтты. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер болсо Асад эл аралык коомчулуктун көңүлүн өлкөнүн ички кризисинен башка көйгөйлөргө деген оюн ортого салды. Өткөн аптада Сирия менен Израилдин чек арасында Палестинанын таламын талашкан демонстранттар нааразылык акциясын өткөрүп, ортодо кагылышуулар чыгып кеткен.
Йиср ал-Шугхур 1980-жылдардын башында тыюу салынган "Мусулман агайындар" уюмунун таяныч шаары болуп келген. Өкмөт ошол жылдары суни мусулмандардын козголоңун басуу үчүн анын жанындагы Хама калаасын 3 апта бою бомбалап, 10-20 миңдей киши өлгөн.


  Йемен

Эл президенттин кайтып келишине каршы
Йемендин баш калаасы Санаада төрт миңдей демонстрант жума күндөн бери Сауд Аравияда дарыланып жаткан Али Абдулла Салехтин ошол жакта кала беришин талап кылышты. Америкалык булактарга ылайык, Салех мурда айтылгандан оор жаракат алган, денеси 40 пайызга күйүп, баш сөөгүнүн ичине кан куюлганы токтобой жатат.
Санаадагы демонстрация тынчтык мүнөздө болгону менен, өлкөнүн түштүгүндөгү исламчылар кармап турган шаарда армия 30 согушкер, 15 аскер окко учканын билдирүүдө. Зинжибарды исламчылар 10 күн мурда басып алышкан.


  Европа

"Жашылча эпидемиясына" ким жооп берет?
"Жашылча эпидемиясынан" чочулаган Европа биримдигиндеги 27 өлкөнүн айыл чарба министрлери шашылыш жыйын өткөрүштү. Ал эми Испаниянын жашылча өндүрүүчүлөрү Германиядан жашылча кризисине туш болгондугуна баланыштуу, ар бир апта үчүн 200 миллион евро өлчөмүндөгү компенсация төлөп берүү талабы менен чыкты.


  Ливия

Муаммар Каддафи бийликтен кетиши керек
АКШнын президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркел "Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бийликтен кетиши керек жана ага чейин Каддафиге кысымды күч алдыруу зарыл" деп макулдашты. Обама Меркел менен Вашингтондогу маалымат жыйынында сүйлөдү.
НАТОнун согуштук учактары баш калаа Триполидеги Каддафинин турагын кечээ күндүз бомбалады. Буга чейин мындай чабуулдар көбүнесе түн ичинде болчу. Бирок Каддафи мамлекеттик сыналгыдан берилген үн тасмасында "эч качан башын ийбей" тургандыгын, Триполиде өлөөр-өлгөнчө кала берээрин эскертти.


  Казахстан

Орусиялык кеме космос бекетине учуп кетти
"Союз" кемеси менен Казакстандын түштүгүндөгү Байконур космодромунан үч космонавт эл аралык космос бекетин көздөй жол тартты. Орусиялык космонавт Сергей Волков, америкалык астронавт Майкл Фоссум жана Жапониядан Сатоши Фурукава бекетке жеткенге чейин спутникте дээрлик эки күн болушат. Алар бекетте америкалык космос чөлмөгүнүн акыркы миссиясына күбө болушат. "Атлантис" чөлмөгү эл аралык космос бекетине 8-июлда учуп чыгат.


  Жапония

Өзөктүк даярдыгы начар болуп чыкты
Бириккен Улуттар уюмунун өзөктүк көзөмөл канаты болгон Эл аралык Атомдук энергетика агенттигине жөнөтүп жаткан отчетунда жапон өкмөтү жер титирөөдөн жана топон суудан жапа тарткан "Фукусима" өзөктүк станциясы мурда айтылгандан көбүрөөк бузулганын, радиация да токтобой жаткандыгын мойнуна алат. Үч айга чукулда калган кризисте "Фукусима- Дайичи" ишканасындагы нурлануу дагы деле токтой элек.
2011-жылдын 9-10-июнунда Вашингтондо кыргыз-америкалык жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешме болот. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган өкмөттүк делегация катышаарын, АКШ элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кеңешмеде АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча орун басары Роберт О. Блейк жетектеген эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Анын алкагында Мамлекеттик департаменттин жогорку өкүлдөрү менен жолугушуулар болот.
Бул сүйлөшүүлөр демократияны жана аймактык коопсуздукту колдоо, экономиканы өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо сыяктуу эки тараптуу жана аймактык маселелер боюнча кеңири багытта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралат.


WWW булактарынан даярдалды