Иш сапардан жыйынтык жок

Атамбаев үчүн даярдалган "дүжүр чалдар"

Премьер-министрди "Кыргызнефтегазда" чыдамсыздык менен күтүшкөн. Атамбаев келсе эле сыйкыр таякчасы бардай баарын заматта өзгөртүп ийчүдөй.

Негизи, жергиликтүү калк премьер-министрдин чындап эл кызыкчылыгына күйөрүнө башынан ишенчү эмес. Ошентсе да, чыр-чатактан ушунчалык тажашкандыктан, Атамбаев эмне экен, шайтандан да үмүт эте башташкан. Бирок, премьер-министр "Кыргызнефтегаз" эмгек жамаатынын ишеничин актай албады. Облус губернатору Бектур Асанов менен
ишканага өкмөт башчы тарабынан тышкы башкаруучу болуп дайындалган Женишбек Жумашев өздөрүн борбордон келген "шефке" жакшы көрсөтүү максаты мененби, айтор, атайын "дүжүр чалдарды" даярдашып, Каныбек Масировдун тушунда кой үстүнө торгой жумурткалаган заман орногондой картинаны сүрөттөп беришти. Башка, чындыкты айткысы келгендерге сөз берилген жок. Атамбаевге эмне, баары бир да, келди-кетти болсо болду да. Ошентип, "Кыргызнефтегазда" кызыктуу кызматташуу пайда болду: Каныбек Масиров-Жумашев-Асанов-Атамбаев. Төртөөнө тең бир жагдайда жаккан жолугушуу болду. Океңдер айткандай, "и волки сыты, и овцы целы".
"Кыргызнефтегаздын" башкармалыгынын төрагасы Кеңешбек Масировун айтымында, "тёзкасы" Каныбектин тушунда нефть өндүрүү планы толук ойрон болгон. Бир метр да жаңы скважина казылган эмес. "Ошого карабастан, өкмөт жетекчисинин ушул адамдардын сөзүн угуп жаткандыгы өкүнүчтүү",- дейт ал.
Кеңешбек аке да кызык, ушуга таарынып. Качан эле кыргызда бийликке келген адамдын көзү ачылчу эле. "Дүжүр чалдарсыз", мактоолорсуз бири да жашай албайт. Бул кумар болуп калган. Атамбаевдин мындайды жакшы көрөрү башынан белгилүү болчу. "Кыргызнефтегаздагы" жолугушуусу муну болгону тастыктап гана койду.




  Кечээ, парламентте...

"Качанкыга чейин карапайым адамдарды алдайсынар?"

Парламенттеги "Ата-Журт" фракциясынын кезектеги олтурумунда өкмөттүн иш-аракети сынга алынды. Фракция лидери Камчыбек Ташиевдин айтымында, өкмөт түзүлгөн күндөн бери элди алдап келе жатат.
"Өкмөт жеңилдетилген кредиттер берилип жатканын 2 ай жарнамалады. Башында 1 милливрд сомду 9 пайыздык үстөк менен бөлүү каралган. А бүгүн бул сумма 800 миллион сомго азайтылды. А элге бүгүнкү күнгө чейин бөлүнгөнү 580 миллион сом. Эгерде бул каражатты 465 айыл өкмөтүнө бөлө турган болсок, ар бирине 1 миллион сомго жетпеген каражат болот экен. Ушул кантип болсун? Ошончо дыйкандын кайсынысына жетет? Толук бөлүнбөсө, жеңилдетилген кредитти "пиарлаштын" эмне кереги бар эле? Качанкыга чейин куру сөз менен элдин курсагын тойгузушат",- деди К.Ташиев.
Андан тышкары, фракция башчысы Атамбаевдин мамлекеттик бюджет толугу менен аткарылбаса, отставкага кетүү убадасын бергендигин эске салды: "5 айдын жыйынтыгын карасак, өкмөт бюджетти толук аткара албады. Бюджет таңкыстыгы 21 миллиард сомго жетти. Бул таңкыстык күн өткөн сайын өсүүдө. Жыл ортолоп калса да, "капиталдык салым" багытында бир тыйын бериле элек. Бул мектеп, жол, ирригациялык түйүндөрдү оңдоо, жаңыртуу иштери токтоп тургандыгын билдирет. Биз, депутаттар, бюджеттин күн сайын кандай аткарылып жатканын көзөмөлгө алып турабыз. 9 айдын жыйынтыгында азыркы көрүнүш өзгөрүлбөсө, Атамбаевди кетүүгө мажбурлайбыз".
Фракция жыйынында улутташтырылган объектилердин маселеси да каралды. "Ата-журтчулар" бул маселеге келгенде өкмөттү тактыкка, ар бирин "жети өлчөп, бир кесүүгө" чакырды. "Эгерде кайсы бир объект Бакиевге же анын жакындарына тийешелүү болсо, аны аукционго коюп сата берсе болот. Андан түшкөн каражат өлкөнү өнүктүрүүгө жумшалышы кажет. Ошол эле учурда, айрым объектилер Бакиевге тийешеси болбосо да, улутташтырылгандардын катарына кирип калганын эске алуу керек. Мындайда сак болуу зарыл. Мисалы, айрымдар жерди Максим Бакиевден сатып алганы менен, ал жерге имаратты өз акчасына курушкан. Ошондуктан да, ишкерлердин нааразычылыгы күчөөдө. Өкмөт ар бир объектинин тагдырын өз алдынча карашы керек",- деди бул маселе боюнча спикер Акматбек Келдибеков.




  Кимге ишенериңди билбейсиң

Спикердин жеке саякатынан кынтык издеген Текебаев

Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз кызматы эмне иш менен алектенип жатканы белгисиз. Анткени, акыркы кезде спикерди ар тараптан сындаган, боктогон, сөздөрүн бурмалап жазган көрүнүштөр жайнап кетти.

Ошондой ушак кептерде чындык болбогон күндө да, ага маани бериш керек. Себеп дегенде, майда-чүйдө болгону менен, ушунун баары Келдибековдун аброюн төмөндөтөт. Жаңы мисал: эки күн мурун "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев
"мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев менен спикер Ахматбек Келдибеков экөө өткөн жумада чартердик рейсте жеке учак менен Москвадан келип, белгисиз тарапка кетип калганын" жар салды. "Эмнеге мамлекеттик кызматкер болуп, мамлекеттин акчасына учушат. Кээ бир чиновниктер тайраңдап, 25 миң еврого той беришип, сайраңдап жүрүшөт. Мен бул боюнча тиешелүү органдарда ким канча акча коротуп жаткандыгы жөнүндө маалымат сурайм", - деди ал.
Текебаев тажрыйбалуу саясатчы, эч качан оюнан чыгарган нерсени айтпайт. Болгону, жанылып калышы мүмкүн. Ошол себептүү, Акматбек Келдибековдун басма сөз кызматы бул маалыматтын туура же туура эместигин, же Текебаевдин атайылап спикерликке жетпей калгандагы бугун чыгарып, жаманатты кылгысы келгенин айтып чыгышы керек болчу. А булар тымпыйы-ып, унчукпай олтурушат. Нанды чайнап берсең да жута алышпайт го анда бу кадрларыңыз, Акматбек мырза?


  Ата-Журтта" ушундай депутат бар...

Арапбаевди азамат деп жүрсөк

Парламенттин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетин жетектеп келе жаткан жаш депутат Азамат Арапбаевдин шайлоодо кетирген чыгымдарын заматта калыбына келтирип алгандыгын узун сабак сөз кылып жүрүшөт.

Кантип дебейсизби? Жогорку Кеөеш коридорлорун аралаган ушактарга кулак салсак, Азамат Абдуллажанович комитет төрагалыгына таянып, сөлкөбай жасаганга көнүптүр, өзүнүн ушинткени аз келгенсип, башка депутаттарды да үндөгөнүн айтышууда. "Эй дос, биз бул жерге эмнеге келдик, давай мобул ишти бүтүрөлү",- деп жүргөнүн өзүнүн эле коллегалары айтып жүрүшөт экен. Анан да, өзүн түштүктүн кыраан жигити катары санап, өйдөсүнгөнү көпчүлүктүн кыжырын кайнатып бүтүптүр.
Азамат Арапбаев "Ак Жол" партиясынын, то есть, Курманбек Бакиевдин арыгын катыра чапкан жигиттердин бири. Өзүнүн эле жердештери Араван цемент заводунун ачылышына келген президент Бакиевди кантип тосуп алып, сый-урмат көрсөткөнүн унутпастыгын эскертишүүдө. Эске салсак, Арапбаев Араван цемент заводунун, юридикалык атылышын айтканда "Курулуш материалдарынын түштүк комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору болуп эсептелет. Ишкананын теө жарымы Кытайларга карайт. Бу завод курулуп жатканда Азамат Абдуллажанович цементтин баасы жергиликтүү калкка арзан болоорун, анда аравандыктар гана иштей турганын билдирген. Бирок, цемент базар баасында сатылып келет. Заводдо иштегендердин басымдуу бөлүгүн кытайлар түзөт.
Ушунун баарына жеткенге чейин Арапбаев Ошто арак чыгарып байыган. "Ош арагы", "Алтын суу" ишканалары ушул адамдын менчиги. "Ак жолдон" дагы, кийин "Ата-Журттан" да мандатын кадыр-баркы менен эмес, акчасына сатып алганы эл ичинде айтылат. "Эл оозунда элек жок",- дешет эмеспи, балким, бу кептердин чындыгы бардыр?

Sayasat.kg