Актёр, режиссёр Азамат Арыков:
"Аят-2" киностамасы көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт..."

Кыргыз киносу соңку убактарда көрөрмандардын табитине ылайык кызыктуу кинотасмалар менен толукталып, көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбаган тасмалардын саны учурда арбып бараткандай. Булардын ичинде "Аят" кинотасмасы да коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Фильмдин баш каарманы Азамат Арыков актёрлук гана эмес, режиссёрлук да талантын сынап көрүүнү эл сынагына койду. Эмесе, "Аят-2" кинотасмасынын режиссёру Азамат Арыков менен маек назарыңыздарда.

- "Аят" кинотасмасында баш каармандын ролун аткарган элеңиз. Ал эми, фильмдин уландысын тартуу демилгеси кандайча пайда болду?
- Кино тартылып жаткан учурда мен да өз сунушумду айткым келген. Бирок, режиссёр актёрлук милдетиңди аткар, алаксыба деп талап койгон. Ошентип, оюм ичимде калган. Кино элге сиңип, көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынды, ушундан улам "Аят-2" фильмин тартуу идеясы келип чыкты. Мухтар Атаналиевке "сиз кайрадан продюсер болуп бериңиз" деп сунуштап, сценарий жазууда өз идеямды кошо тургандыгымды билдирдим. Мухтар байке кино тартууну мага ыйгарды. Сценарийди режиссёр Эрнест Абдыжапаровго каратып чыктым. Бул тасма патриоттук сезимди ойготуп, адамдардын жүрөгүнөн терең орун алат деп ишенем. Себеби, баарын жоктон баштадым, тасманы тартуу аяктап калганда колдогондор көбөйдү. Бул дагы жараткандын жардамы менен го деп ойлойм. Элдияр аттуу досумдум "кандай болсо да, баштай бер, кино ыйманга багытталгандыктан, баардыгы жакшы болот" деген сөзү дем-күч берди. Кино сүйүүчүлөр буюрса, фильмди сентябрь айында көрө алышат.

- Ата-энеңиз кино тарта турганыңызга кандай карады?
- Ата-энем, өзгөчө атам башында өтө эле каршы чыкты. "Кинону тартпай эле кой, мага угузба" деген сөздөрдү айтканга чейин барды. Ал эми, "Аят-1" кинотасмасын абдан жакшы кабыл алышты. Таенем, таежемдер менин кинодогу абалымды көрүп, ыйлагандары эсимде.
- Актёрлорду тандоо кыйынчылык туудурган жокпу?
- "Аят-2" кинотасмасында биринчи тасмадагы актёрлор ойнойт, андан тышкары кыргыз эстрадасына таанымал ырчы жигиттерибиз Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Добр жана башка ырчылар катышты. Алар өз ыктыярлары менен келип кошулду.

- "Аят-2" кинотасмасы сапаты жагынан кандай болду деп ойлойсуз?
- Менин оюмча, "Аят-2" биринчисине караганда техника, үн, актёрлордун ойноо ыкмалары, дегеле баардык тарабынан төп келишкен тасма болду. Улуттук идеялогияны козгой турган кино десем жаңылышпайм. Тасмада мушташуулар жасалма эмес, чыныгы спортсмендер ойноду, көп жаракаттарды алышты.

- Кинодо элге эмнени көрсөтө алдыңыз?
- Буга чейин кино жаатындагы адамдарга көп эле сын-пикирлер айтылып жүргөн. Мисалы, "эмне үчүн кыргыз киносунда биздин элдин терс жагын көрсөтөт, кыргыздарда сыймыктана турган жерлери жокпу?"-деген суроолорду көп уккам. Чындыгында, кээ бир кинолордо кыргыздын жакшынакай кыз-жигиттеринин ичкиликке берилип кеткендигин, же үй-бүлөсүнөн ажырап мусапыр болуп калгандыгын, мына ушул сыяктуу терс жактарын көп көрсөтүшөт. Кыргыздын кылым кечкен каада-салты, даанышман сөздөрү, кайталангыс улуттук кийими бар, мына ошолорду дүйнөгө жар салыш керек

- Эмне себептен "Аят" деп атадыңыздар?
- Алгач кинону "Али" деген ат менен тартабыз деген идеяга мен каршы чыккам. Себеби, буга чейин "Али" деген аталыштагы кино бар эле. Мага чейин Алинин ролуна башка бала тартылган экен, Эмне себептен билбейм, сьёмка токтоп, жаңы баш каарман издешкен. Менин аткаруу жөндөмүмдү көрүп, баш каармандын ролун аткарууну сунуш кылышкан. Кесиптешибиз Улан Султангазиевдин демилгеси менен "Аят" деп аталып калды. "Аят" бул курандын бөлүгү. Баарыбызга жаккан, анткени, кино ыймандын көп сапаттарын камтыйт. Буга чейин кыска метраждуу кинолорду тартып жүргөм, бул мен тартып жаткан толук метраждуу кинолордун төл башысы.

- Киного тартылууга кыздарга кастинг жарыялаганда кайсы өзгөчөлүктөрүнө карап тандайсыздар?
- Негизинен, ар бир режиссёр сценарий жаратканда образды элестетип алат, ал эми, кастинг учурунда өзү туура көргөн образга жакыныраагын тандайт. Албетте, жоопкерчилигин, сырткы келбетин, аткаруу жөндөмүнө карайт.

- "Аят-2" кинотасмасын тартып жаткандагы эсиңизде калган учур.
- Баш каарман Алинин уулунун ролун өзүмдүн уулум Азман аткарды. Эртең менен төшөктөн тургузуп, "Бол, эрте тур бала бакчага барабыз"- деген сюжетти кечки маалда тарттык. Мүмкүн болушунча жарык кылдык, бир убакта мен келип: "Жүрү, уулум, тур, бала бакчага кеттик, бол эми"- десем, уулум көзүн ачып: "Келесоо болуп калдыңарбы, кечинде да бакчага барайынбы" - деп жооп бергенин баарыбыз көпкө чейин эстеп күлүп жүрдүк. Албетте, кино тартуу учурунда мындай көрүнүштөр өтө көп кездешет.

- Кино тартууга ким демөөрчүлүк кылды?
- Кино ашар түрүндө тартылды. Досторум абдан чоң жардам көрсөтүштү. Ошол себептен улам мага кыйынчылык көп сезилбеди. Ал эми, финансы жагынан көтөрмөлөгөн жеке ишкер Улан Үсөнбеков. Кийим жагынан көптөгөн фирмалар, тигүү цехтери көмөк көрсөтүштү. Биз алардын баарын эске алып жатабыз. Кино негизинен Бишкектин айланасында, айрым эпизоддору Ысык-Көл аймагынан тартылды.

- "Иссык-Кульский беш бармак" киносуна тартылган мезгилде Россиянын актёрлорунун көз карашы кандай болду?
- Башында алар башкача көз карашта эле, кийинчерээк кино тартылып баштаганда кыргыз актёрлорунун чыдамкайлыгына, ойногондоруна баа берип, мактап, ыраазычылыгын билдирип жөнөтүшкөн. Азыр да алар менен мамилебиз жакшы. Азыркы мезгилде биздин режиссёрлорубуз Казакстандын көп мыкты кинолорун тартып келип жатышат.

- Өзүңүздүн жеке турмушуңузга токтоло кетсек...
- Ата-энем менен турам. Мындан алты жыл мурун үйлөнгөм, уулум Азман беш жашта, "Аят-2" кинотасмасындагы башкы каармандардын бири. Жубайым Салтанат экөөбүздүн үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктен улам чогуу жашабай калганыбызга үч жылга аяк басты.

- Ажырашканыңыздарга эмне таасир этти?
- Салтанат менин актёрлук кесибимди түшүнө алган жок. Экөөбүз келишпестигибизди түшүнүп, дароо эле эки башка жолду тандап алдык. Достук мамиледебиз. Жакшылыктарыма чакырып турам. Эгер мен кинону тандабаганда, өмүр бою өзүм бактысыз болуп, аны да бактылуу кыла алмак эмесмин деп ойлойм. Анткени, кино менин бактым.

- Учурда чыгармачылыгыңды туура түшүнүп, бар-жогуна чыдап, чогуу болом деген кызга үйлөнүүгө даярсыңбы?
- Чынын айтсам, үйлөнүү жөнүндө таптакыр ойлонбойм. Азырынча алдыда мындан дагы жакшы кинолорду жаратсам деген улуу максаттар бар. Кудайга шүгүр, жалгыз эмесмин уулум бар. Жалгыз болсом да үйлөнүүгө шашат белем, ким билет. Балким, кичине убакыт өтсө, көрөбүз.

Бетти даярдаган
Элиза БЕККОЖОЕВА