Мен билген Исаев

Деги биздин касиеттүү Ысык-Көл аймагына кимдер гана үлкөн жетекчи болуп кетпеген? Көлдүктөр, тээ Совет мезгилин эске салуу менен бирге, көлдө жетекчи болуп эмгектенип кетишкен: айтылуу Арыстанбек Дүйшеевдин ишкердүүлүгүн, Абсамат Масалиевдин кристалдай тазалыгын, Апас Жумагуловдун элди уга билгендигин, Жумгалбек Аманбаевдин чукугандай сөз тапкыч чечкиндүүлүгүн, Хрестенковдун жооштугун, Темти Орузбаевдин бар-жогу билинбей калгандыгын саймедиреп, санжырасын айтып келишсе, андан кийин элибиз эгемендүүлүкө жеткен соң губернаторлук такка конгон айтылуу Жумагул Сааданбековдун карышкыр ичиги менен "охлакратия" өңдүү философиялык терминдерин, Тойчубек Касымовдун трашманке жүрбөс жолдору менен "ханайымды" тоскондогу кызыктарын, Жусупбек Шариповдун көлдүн элин сыйлаган айкөлдүгү менен Кегенге кура албай кеткен базарын, Э.Анапияевдин улуу тоодо улар аткан аңчылыгы менен акваланг болуп көлдүн түбүнө түшүп ойногон "пионердигин", Токон Шайлиеванын "пилоттук проектиси" менен "кадровый чехардасын", И. Молдоташевдин эмчилигин, Эсенгул Өмүралиевдин тоо бузган токтоолугу менен адамкерчилигин мындан ары деле элибиз узун чежире кылып айта беришмекчи. Мына ушул сапта акыркы мезгилдерде массалык басма сөз беттеринен түшпөй келе жаткан Ысык-Көл облустунун кийинки губернатору Шайдин аксакалдын уулу Кыдыкбек Исаевдин орду кандай…? Сөз оболу ушул инсан жөнүндө уланмакчы…


"Жакшы болуш аста, аста, жаман болуш бир паста" дегендей, азыр эч кандай мыйзам чегиндеги чечимдерисиз эле жакшыны "жаман", "мокочо" кылып көрсөтүшкө көп деле күчтүн кереги жок болуп калбадыбы! Мезгилдин башаламандыгынын натыйжасы ушул, жогорудагы биз санап өткөн мурунку губернаторлордун бирөө дагы өз мезгилинде азыр К.Исаевдей болуп басма сөздөрдүн "сүйүктүү" каарманына айланбаса керек. Жада калса, баштаган ишинин өтөсүнө чыкпай көл өрөөнүнүн эле эмес жалпы мамлекетибиздин көптөгөн каражаттарын самандай сапырып кеткен "чот, керкисин көтөргөн, чоку эле көрсө жол салган" айтылуу Жолчу акебиз дагы мынчалык мезгил сотуна кабылбагандыгына барыбыз күбөөбүз…
Чынын айтсак Кыдыкбек Исаев кимдир бирөөнүн анын коргоп чыгышына муктаж эмес, элибизде "ак ийилет, сынбайт", же "мезгил, тарых тактайт" дегендей, кимдин ким экендигин ансыз деле мезгил өз өз ордуна коеру бышык. Ошондой болсо дагы "сөздү убагында айтпаса атасы өлөт" дегендей, калысттык ирээтинде оз оюмду айтып коюну чечтим.
"Адамдын түсүн айтпай, ишин айт" дегендей, Кыдыкбек Шайдинович губернатор болуп барганы алгылыктуу оозго алаарлык көп иштерди жасагандыгын эч ким жоко чыгара албайт. Баштаганда эле мектептерди компьютердик техникалар менен жабдуудан баштагандыгы билим берүү системасында иштеген бизди чоң кубанычка бөлөсө, жыл айланбай мектеп курулуштары ар кайсыл райондордо жүрө баштады, жыйынтыгында ушул кыска убакыттын ичинде 40тан ашык мектеп курулду. Калп айткан менен болобу, адегенде бул курулуштардын бардыгына каражаттарды кайдан таап жаткандыгына таң калуучубуз. "Мектеп", деп суранганына мектеп салып, "ФАП" дегенине аны салдырып, жекече жардам сурагандарга 3-5 миңден сомдорду жан чөнтөгүнөн ошол замат эле сууруп берип жүргөндүгүнө калың эл күбөө. Кыргызда тынчы жок адамды "көчүгү жер жыттабайт", деп койот. Бул сөз, жакшы маанисинде так ушул Исаевке тиешелүү деп айтсам жаңылбайм. Эртең менен иш бөлмөсүндө отурса, түшкө жакын Жети-Өгүздүн Липенкасында, түш оой Тоңдун Тогуз-Булагында, ак шамда Ананьевада болуп калгандыгычы. Мына ушундай жан үрөп күндөп түндөп чуркап жүргөндүктүн натыйжасында Көл өрөөнүнүн социалдык инфраструктурасы чоң өзгөрүүлөргө жетише алган.
Калп айткан менен болобу, жетекчилерге талапты катуу койгон учурлары көп болгон. Керек болсо, иштин кызыкчылыгы үчүн керектүү сааттарда анча мынча "мурчтуу", "чыктуу" сөздөрдү айткандан деле тартынчуу эмес. Натыйжада көл өрөөнүнүн акимдери, айыл өкмөт башчылары бир команда болуп, бири-бирине атаандашышып, үзүрлүү эмгектенишкендерине райондордун эли күбө. Менин бул сөзүмдү ошол учурдагы бир дагы аким, жетекчилер четке кага албасына толук ишенемин. Жок андай эмес болчу десше, айтышсын.
Мектептер демекчи, мен дагы 1991-жылдан баштап Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келгендиктен, эгемендүүлүктүн алгачкы 15 жылында биз, мектеп салмак турсун, мугалимдердин айлыгын оңдуу бере албагандыктан, жетекчи катары өзүмдү күнөөлүдөй сезип, агартуучулардан көзүмдү ала качып жүргөн жаным акыркы 2-3 жылда биздин гана райондо, жаңы типтеги көп кабаттуу 11 мектеп, анын ичинен райондун борборунан 400 чакырым алыстыктагы Сырт өрөөнүндө жайгашкан Ак-Шыйрак айылына жаңы типтеги жаркырагын жатак мектеп салынып жатса, анан ага мен кубанбаганда ким кубанат эле? Андыктан ал учурда мен президентке, губернаторго, акимге, депутаттарга элдин, окуучулардын атынан ыраазычылыктарымды айтып келгендигимди танбайм. Же чын эле жылыш жок беле?.. Эң өкүнгөнүм, ал кезде көпчүлүгү "азамат, эң туура айттыңыз, чын эле оңолуп калдык"-, дешип колумда кыса кармап келишкендер бат эле 7-апрелден кийин "ак-жолчу" деп акшырая карап калгандарына "жол болсун", дегенден башка айтарым жок.
Албетте ар-бир жетекчинин милдети элге кызмат кылыш, Исаевке чейинки эмгектенип кетишкен губернаторлордун аткарган алгылыктуу эмгектери деле элдин эсинде. Бирок, Исаевдин жолунанбы же мезгилдин оңунанбы, кандай айтсак дагы анын учурунда Көлдө эмгек майданы шакардай кайнап, курулуштар күн артынан күндө көктөмдөй көктөгөндүгүн, ал мезгилдеги курулган имараттар тили болбосо да өзүлөрүнүн турушу менен айгинелеп турбайбы. Эмне себептен ал эмгектерди көргүбүз келбей көзүбүз карайлап жаткандыгын билбейм.
Сөз чынынан бузулбайт, 2010-жылдын сентябрь айында областагы К.Исаев, райондун акимдери куруп бүткөргөн мектептерди, маданият үйлөрүн, ФАПтарды барып ачканга областтын кийинки губернатору М.Асанакунов жалгыз өзү жетишпей калгандыгын деле тана албайт болуш керек. Арданбаска айлан жок, бирок ошол ачылыш аземдеринде жок дегенде мурунку жетекчилерди эл душманындай көрбөй, калыстык үчүн деле аларга калп болсо да ыраазычылык ирээтинде бир ооз жылуу сөз айтпагандарына жол болсун. Кыргызда "калемпир ачуу болсо дагы, туз болбойт",- дегендей, Кыдыкбек инимдин "жер сатты" деген жалааларга өзү басма сөз беттеринде далилдүү жооп бергендиктен, аны кайталоонун кажети жок. Ал чечимдердеин биринде премьер-министрлер Ф.Куловдун, А.Атамбаевдин колдору койулуп тургандыгы эле аргысыздан "эки дөө кармашса…" дегендей азыркы "титандардын" тирешүүсүнүн эпкини Исаевке дагы тийип жаткандагы айдан ачык.
Бир гана кошумча айтарым - областагы ар бир жыйындарда кайсыл жер кандай аукциондун негизинде, канчага сатылгандыгы, жергиликтүү бюджетке канча каражат түшкөндүгүн отчет катары дайыма ачык айтып келгендиги анык. Калганын окурмандар өзүлөрү талдап алышсын. Бир өкүнүчүм - К.Исаев элине келип актыгын далилдесе деген гана ой, бирок "ар ким өз камында, кара кыз эр камында" дегендей, азыр мамлекетибизде ар-ким өз көмөчүнө күл тартып, мыйзамдуулуктун карааны алыстап турганда мекенине келиш деле коопсуз эместигин моюнга алуу дагы абзел.

Жыйынтыгында айтарыбыз, акактай таза адам деле болбосо керек, бирок, кандай айтсак дагы Шайдиновичтин кетирген катасынан дагы эл үчүн жасаган адал кызматынын ташы тараза салмагын оң жагына оодара басып тургандыгы турган.

Мурат Жетимишбаев,
Ысык-Көл облусу