Ата-Журт эл арасында

Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок!
Исфанада бензин жок.
Камаз-камаз бензиндер Тажикстанга кетип атат...

"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен 26-май күнү алыскы Лейлек районунун Исфана шаарынынын тургундарынын жолугушуусунда эң негизги көйгөй бензин, солярка маселеси болду. Биз барган күнү бензиндин баасы 60 сомго чыгып, ошол баада да бензин куюучу жайлардан бензиндин жытынан бөлөк эч нерсе сыйпалап таппайт экенсиң. Ошол эле учурда карапайым жергиликтүү калктын кыжырын кайнатып, бир күндө 40 тонналык бензин жүктөгөн 15-20 камаз коңшу Тажикстанга өтүп кетээрин айтышты. Бензин көйгөйү калктын көкөйүнө көк таштай тийгендиги элдин кыжырлануусунан улам көрүнүп турат. "Өзүбүзгө бензин жетпей атса, бензиндин Тажикстанга кетип атканы эмнени түшүндүрөт? Ушул маселеге олуттуу көңүл буруп берсеңиз", -деген элдин суроо-талабынан улам, К. Ташиев Лейлек району үчүн 500 тоннага чейинки көлөмдөгү солярканы арзан баада жеткирип берүүнү эл алдында убада кылды. Жергиликтүү калктын билдиргендерине караганда Тажикстанга өтүп кетип аткан бензиндерди көзөмөлдөө үчүн келген финполиция, МАИ жана экономикалык кылмыштарга каршы бөлүмдүн кызматкерлери өз жумуштарын кылбай эле, башка жеке ишкерлерди обу жок кыйноо менен алек болушууда. Бул маселеге Камчыбек Кыдыршаевич олуттуу көңүл буруп, эгерде айтылган сөздөр аныкталса, сөзсүз жоопкерчилиги болорун билдирди. Ал эми, Тажикстанга кетип жаткан бензиндердин чын-бышыгын тактоо үчүн Лейлек райондук администрациясынын аппарат башчысы Бабараим Тажибаевге кайрылганымда, бул маалыматтын чындык экендигин жашырган жок. Айласыздан жакаңды кармайсың да белгилүү обончу, ырчы Сагынбек Момбековдун "Сат, сат" деген ыры эске келет.
"Аныңды сат, мунуң сат,
Колтугуңда жүнүң сат..."
Аргасыздан дагы саптарды кошкуң келет:
"Сат десе эгер кошунаң,
Чайнай турган тишиң сат.
Камырга "дың" тойгун да,
"Тарс" коё берип жытын сат..."
Мындай башаламандыктардын да жетер чеги, токтоор убагы бар чыгар, мекендештерим. Азыркы учурдагы бирдиктүү башкаруу системасынын жоктугу, өлкөдөгү баш-аламандык, тартипсиздик жер-жерлерде мына ушундай көйгөйлөрдү жаратууда. Андыктан бардык аймактарда элдин күткөнү да, кызыкканы да ушул тартип маселесинде. Ал эми, тартипти бизге алып келчү адам бар. Ал заманабыздын эл үчүн күйгөн кыргыздын мыкты жигиттеринин бири - Камчыбек Ташиев. Бул айтканым жагынуу эмес, жакындан билүү экендигин гана айтып коюушум шарт.

Исфана шаарына И. Раззаковдун ысымын бериш керек...
Жолугушууда Лейлек районунун администрация башчысына жергиликтүү тургундардын бир топ нааразычылыктары бар экендиги белгилүү болду. Камчыбек мырзага кат жүзүндө берилген суроо-талаптарда бир нече жолу карапайым элдин райондун жетекчисине болгон терс пикирлери байкалды. Ал каттардын биринде төмөндөгүчө жазылган: "Өткөндө парламенттик шайлоо алдында сиз сүйлөп атканда камерага тарттырып алган да азыркы акимдин кишиси болчу. Бүгүнкү күндө Тажикстанга бензинди саттырып аткан да аким." Мындан сырткары, акимдин жергиликтүү калктын көйгөйлөрү менен башы да оорубастыгын айтып жатышты. Дагы бир адамдан келген катта "Парламенттик шайлоо алдында 1500 бюллетен "СДПК" партиясынын эсебине азыркы акимдин буйругу менен ташталыптыр" деп жазылган. Эми мунун чын-бышыгы албетте такталган эмес. Бирок, эл үчүн иштеген жетекчи болсо, ушул өңдүү суроолорго эл алдында туруп ачык жооп берүү үчүн, жолугушууларга келип, элден качпайт эле. Өзүнүн карамагындагы элге бир оозго алынаарлык иш кыла албаган жетекчи элден качып калаары аштан бышык эмеспи? Андыктан бул жолугушууга райондун акими келе алган эмес. Эл алдында жүзү жарык жетекчи ар кандай коомдук жайлардагы жолугушууларга сөзсүз катышып, эл көйгөйүн элдин ичинен туруп билүүгө аракет кылат эле. Антүүгө азыркы акимдин чамасы да жетпесе керек. Деги эле бүгүнкү күндөгү башаламан бийлик маалында ким кимдин үстүнөн көзөмөл жүргүзүп атканын билүүгө мүмкүн эмес. Дыйкандарга жеңилдетилген 9 пайыздык кредиттер, арзан баадагы солярка берилет деген өңдүү рекламалар КТРК аркылуу тынымсыз берилгени менен өлкөбүздүн түштүк регионунун 40тан ашуун жеринде болуп, бир да айылда аталган жеңилдиктерди алып, ыраазы болгон элди көрө алган жокпуз. Бир айылдан ашып кетсе 3-4 адам гана аталган жеңилдиктерди ала алган. Өкмөт башчысы да ММК аркылуу мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасын эки эсе көтөрүп койдук деп мактанганы менен күндөлүк жашоо-тиричиликке керектелчү азык-түлүктөрдүн баасы асманды чапчып барат. "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин айтканына таянсак, быйыл дыйкандарга мамлекет тарабынан 1 килограмм да жер семирткич арзан баада берилген эмес. Мындай көрүнүш Кыргызстандын тарыхында быйыл биринчи жолу болууда. Бардыгыбыз эле билгендей, биздин жерлерге жер семирткич берилбесе, мол түшүмдү бере албайт. Андыктан быйылкы жылдын түшүмү кандай болорун бир жараткан гана өзү билбесе, башка эч ким айта албайт...
Дал ушул Кыргызстандын алыскы району болгон Лейлектен чыккан чыгаан инсан Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" дегени көзү өтсө да жылдарды карытып жашап келет. Андыктан биздин өлкө үчүн, бүгүнкү күндө элдин мүдөөсүн өз кызыкчылыгынан өйдө койгон жетекчи керек. Камчыбек мырза айткандай "Президент болом деген адам, бийликте турган учурунда өзү кыйналып жашаса да, элдин турмушун оңдоого кара жанын карч уруп иштөөсү зарыл." Мындай инсандар бизде болуп келген. Алардын көч башында дал ушул И. Раззаков турар эле... Андыктан мындай инсандардын ысымын түбөлүккө сактап, кийинки муундарга үлгү катары айта жүрүү ар бирибиздин моюунубуздагы парз.

(Башталышы 7-бетте)

Ушул жаатта Исфана шаарына И. Раззаковдун атын берүү зарылчылыгы тургандыгын Камчыбек мырза жолугушуудагы сүйлөгөн сөзүндө баса белгилеп өттү.
Желпилдетип төө минип,
Сен да өтөөрсүң дүйнөдөн.
Энтеңдетип эшек минип,
Мен да өтөөрмүн дүйнөдөн - деп Барпы акын ырдагандай бул дүйнөгө устун болгон эч ким жок. Бул дүйнөгө устун бир гана элиңе кылган эмгегиң болуп калышы мүмкүн. Андыктан, карапайым адамдардын үстүнөн туруп, өзүнө бакыт кургусу келгендердин да тагдыры кандай болгондугун бардыгыбыз билебиз. Эки жолу жаңылдык. Эми жаңылууга мүмкүн эмес...

Мамлекеттик тилди билбегендер мамлекеттик кызматта иштегенге акысы жок...

Камчыбек Ташиевдин кезектеги эл менен жолугушуусу 27-май күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында болуп өттү. Жолугушууга 2000дин тегерегинде эл катышып, райондун акими Султанбек Байымбетов да келип, жергиликтүү тургундардын айрым суроолоруна жооп берди. Район элинин көкөйүнө көк таштай тийген паспорт маселеси бар экен. Райондо паспорт-виза бөлүмүн жетектеген Токсонбаевдин өз ишине жасаган кайдыгер мамилесин айтышып, үстөккө-босток суроо берип жатышты. Райондун айрым мекемелеринен тактама алыш үчүн өздүк баасы 150 сом турса, ага 500 сом сураган да жагдайлар бар экен. Андан сырткары "Райондун акимин тааныбайбыз, тааныштырып коесузбу?" деген да суроолор болду. Бул суроолордун бардыгына райондун акими өзү чыгып, кыскача жана так жооп бергенге аракет кылды. "Биринчиден райондо 87747 адам жашайт. Алардын ар бири менен жекече таанышып чыгууга албетте убакытым жетпейт. Бирок, өзүмдүн районума тиешелүү бардык айылдарга барып, элдин көйгөйүн эл ичинен билүүгө бардык аракетимди жасап жүрөм. Мен кызматка келгенден бери Биринчи Май районунун Булбул айылына 12 млн сомдук дамба курулду. Албетте муну өзүмдүн чөнтөгүмдөн курдум дебейм. Бирок, менин аракетим менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жетип, анан атайын акча каражаты бөлүнүп, бул иш жасалды. Кара-Кочкор айыл өкмөтүндө жүн иштетүүчү завод жакында ишке киргени турат. Ошондой эле райондун борборунда коюлтулган сүт, эттен жасалган консервадагы азыктар чыга баштады. Ал эми силер айтып аткан 150 сомдук тактаманын 500 сомго чыкканы, паспорт столдун жетекчисинин туура эмес иш-аракети тууралуу мага бир да адам арыз менен кайрылган эмес. Мен алардын мындай иш-аракеттери тууралуу мурда укпаптырмын. Эгерде бул айтылгандар тактала турган болсо, аларды бир күн да калтырбай кызматтан алып салууга кудуретим жетет."- деген оюн билдирди Султанбек Байымбетов.
Бул райондун тургундарынын 40 тан ашуун суроолоруна жооп берген Камчыбек Ташиев Биринчи Май айылындагы мечиттин үстүн жаап берүүгө убада кылды. Дээрлик бир айга чукул убакыттан бери түштүк жергебиздин 40тан ашуун аймагында болуп кайткан Камчыбек мырза барган жерлеринде бирден, экиден өтө көйгөйлүү маселелерди чечип берүүгө убада берип, айрымдарын ошол эле жерден аткарууга жетишти. Эгерде Ата-Журту үчүн күйгөн, мен кыйынмын деп жүргөн кыргыздын ар бир жигити сөздөн ишке өтүп, барган жерлеринде бирден гана көйгөйдү чечип берип отурса, Кыргызстан бүгүнкү абалынан бир топ өйдөлөп калат эле го?
Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эле мамлекеттик тилибиз тууралуу айгай салып кыйкырып келсек да, кыргыз тилинин абалы бүгүнкү күндө да өтө оор абалда. Бул маселе карапайым элди түйшөлткөнү менен бийликтин мунарасына чыгып алгандардын, оюна да илинбей келет. Андыктан кара-кулжалык туугандар Камчыбек мырзага мамлекеттик тилге байланыштуу суроолор менен да кайрылышты. Бул суроолорго К. Ташиев кыска жана нуска төмөндөгүдөй жообун узатты: "Мамлекеттик тилди билбегендерди мамлекеттик кызматка албаш керек. Кудай буйруса, ошондой болот..."

Түштүк коогалаңы үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү саясий жана юридикалык жактан жооп бериш зарыл...

Кыргызстандын экинчи борбору болгон кереметтүү Ош жергесинде 27-май күнү кечки саат 7де шаар тургундары менен К. Ташиевдин жолугушуусу болду. Борбордук стадиондо өткөн бул жолугушууга 8000дин тегерегинде эл катышып, К. Ташиевди өтө зарыгуу жана зор толкун менен кабыл алышты. Былтыркы жылдагы улуттар аралык кагылышта "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" демекчи алоолоп бараткан өрттү жеке өзү катышып жүрүп өчүрүүгө жетишкен Камчыбек мырзанын эмгегин азыркы бийликтегилер баалабаса да, эл терең урматтап, баалай тургандыгын билдик. Ош жергесинде да баягы эле көкөйдү кескен көр-тиричилик, саясаттагы олку-солку абал, чек ара маселеси козголду. Бардыгынан да эмне себептен улуттук кагылыштын күнөөкөрлөрү бүгүнкү күнгө чейин жазага тартылбай жаткандыгы тууралуу суроолор жамгырдай жаады. Бул суроолорго Камчыбек мырза түштүк коогалаңын изилдөө боюнча түзүлгөн 3 комиссиянын жыйынтыктарын мисалга тартты. Ал эми акыркылардан болуп жыйынтыгын чыгарып жаткан парламенттик комиссия убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсүнүн кайсы жерде, кандай күнөөсү бар экендигин далилдегендигин билдирди. "Аталган комиссия жыйынтыгын калың элге жарыя кылса, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү саясий жактан да, юридикалык жактан да эл алдында жооп берүүгө тийиш болот" деди Камчыбек мырза. Жолугушуудан соң кыргыз элине белгилүү эстрада ырчылары Динара Акулова, Расул Маматкулов, Айгерим Расул кызы, Жанетта Бобкова, Алтынай Нарбаева ж.б. катышкан чоң концерт болуп өттү.

Бизге кандай башчы керек?..

Кылымдарды карытып келген түбү бекем кыргыз эли бүгүнкү күндө жар кырында тургандай элес калтырат. К. Ташиев менен биргеликте түштүктү түрө кыдырып келип, көөдөндү мыжыккан эчен суроолордун үстүндө түйшөлүп калдым. Чек арасын тактай албаган мамлекетти кантип толук кандуу мамлекет деп айта аласың? Өзбекстан менен чектеш жерлерден өтүп баратып, жолдун бир жак бетин трактор менен оңурайта казып алып, "Чек арабыз ушул жерден башталат" деген өзбек туугандардын кылыгына зээниң кейийт. Кабинетинен алыс чыга албаган өлкө жетекчилери ошол чек араларды тактоо үчүн жан далбас кылбаганын көрүп, көңүлдө ишенимдин оту өчөт. Өз эли барктай албай өзгө элдин чегине өтүп кеткенине бушайман жегенсип, казылган жердин аркы бети муңайым томсорот. Айласыздан көкүрөктү тепкилеген бук сыртка сызылып чыгат. Качан бизге "Жүрөгүндө жалы бар, маңдайында шамы бар" башчы келет? Качан өз жерибизди бөтөн элге кездемедей кесип бере бергенибизди токтотобуз? Качан өз жерибизди бөтөн элге тебелетпей, уурдатпай жашай алабыз? Деги качан?..

Даярдаган
Дыйканбек Керимбаев