Күйгөндөн айтасың да...

"Курманжан датка" музейин эске алган жан барбы?

Кыргыздан чыккан чыгаан айым Курманжан Датка энебиздин быйылкы жылы 200 жылдыгы белгиленмекчи болууда. Бул мааракени жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн мамлекеттен 30 млн. сом каралганын эшиттик.

Ошол эле тушта Курманжан Датканын туулуп-өскөн жери - Алай районунун Гүлчө айылындагы музейи өтө начар акыбалда турат. Музейдин ичи-тышын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жалпысынан 4 млн. 500 миң сом керектелет. 16 жылдан бери ушул музейде эмгектенген, бүгүнкү күндө директорлук кызматты аркалап аткан Базаргүл Абдразакованын айтымында музейдин ички оңдоп-түзөөсүнө 1 млн. 800 миң сом, сырткы оңдоп-түзөөгө 2 млн. 700 миң сом сурап кат жүзүндө тийешелүү жетекчилерге кайрылышкан. Бул маалыматтар ЖКнын ушул жерден чыккан депутаттары Марат Султанов, Акматбек Келдибековдорго да белгилүү. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин маңдай жаркырата сүйүнтөөр эч кандай жаңылык угуша элек.
Учурда Базаргүл Абдразакова "Курманжан Датканын 200 жылдыгынын шарапаты менен музейди капиталдык оңдоодон өткөрүп албасак , андан соң музейдин оңдолушу кыйын болуп калат" деп чуркап жүргөн убагы. Андыктан атка минерлерге кулак кагыш кылгыбыз келет. Мааракеге каралган 30 млн. сомдун 4,5 млн. сомун музейди оңдоого жумшап койсок, Курманжан Датка энебиздин арбагы да, келечек муун да терең ыраазы болуп калар...





  Туна чөккөн идеябы?

Адегенде өз корооңду тазала!

Кечээ жакында эле "Ата-Мекен" фракциясынын депутаттары "Криминалдык ишмердүүлүккө жол жок" аттуу жамы-журтка арыз-сунушу менен кайрылышты. Эске сала кетсек, парламенттик шайлоо алдында да аталган партия "криминалдарды, смотрящийлерди парламентке келсек жок кылабыз. Алардын коен-жатагына чейин билебиз" деп радиодон тынбай сайрагандарын билебиз.
Ал эми жогорудагы арыз-сунушунда өлкөбүздүн бийлик бутактарына криминалдар да келип алгандыгы тууралуу азыраак гана жалпы ой айтылып, баягы эле асылып көнүп алышкан Бабанов темасына көбүрөөк кайрылышыптыр. Ошол эле учурда 25-май күнү парламентте "Коогалаң" аттуу документалдуу фильм көрсөтүлүп, анда Ө. Текебаевдин бир тууган иниси А. Текебаевдин К. Батыров менен мамилеси бар экендиги айтылган. Түштүк коогалаңынын башталышына себепчи болгон Жалал-Абаддагы экс-президент К.Бакиевдин үйүн өрттөөгө "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү да катышкандыгы айтылат. Андыктан Өмүрбек Чиркешович адегенде "өз короосун тазалап алып" анан башкаларга акыл айтса болчудай...




  Бюро-кратия күч алды

Депутаттардын бардыгы 5 жылга "кесилип кеткенби?"..

Шайлоо болордун алдында эле баштарына ак калпакты баса кийип алышып, депутат болгусу келгендердин бардыгы эл аралап калышат. Бирок, тилектери ишке ашкандан кийин же кабинетинде, же чет жерде гана жүрүп, баягы өздөрүн шайлаган карапайым эл унутта калат.

Андыктан алыскы райондордун аксакалдары өздөрү шайлаган депутаттардан үмүтүн үзүп коюшуптур. Иш сапар менен Чоң-Алай районуна барсак, бир аксакал "Депутаттарга жолугуу үчүн айылдан атайы шаарга барсаң, кабыл алышы өтө эле кыйын экен. Же Россияда, же Казакстанда жүрөт дешет. Айыл аралап келбеген депутаттарды биз 5 жылга кесилип кеткен деп коебуз" деп кейийт.




  Сөзүндө турган саясатчы аз...

Миң сөздөн бир иш артык!

Тили менен буудай кууруган саясатчыларыбыздан айырмаланып, "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев карапайым эл үчүн бир топ алгылыктуу жумуштарды жасап келген экен.

Түштүктү түрө кыдырып жүрүп, Камчыбек мырзанын эл арасында кадыр-баркы опол тоодой экендигин байкадык. Бүгүнкү күндө бийликтин бир бутагында отурганы менен карапайым элдин кандай кыйынчылыкта жашап жатканын жүрөгүнөн өткөрө, көңүлүнөн сызып байкап, колдон келген жардамын аянбай берип келет. Жашоо үчүн эң зарыл болгон таза суу маселесин, трансформаторлорду көпчүлүк айыл-кыштактарда өз чөнтөгүнөн чыгарып жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргызстанда спортчуларды да колдоо максатында спорт клубдарын курдуруу менен алек. Кечээ жакында Ош шаарында жашаган жаш спортчу, эрежесиз эр күрөш боюнча облустун чемпиону Абакир уулу Бекдөөлөткө үй куруп берүүнү убада кылып келди. Кудай буйруса келерки 2-3 күн ичинде бул курулуш башталып, августтун аягына чейин жаш спортчу өз үй өлөң төшөгүндө жашап калат. Айтайын дегенибиз, кабинетинен алысты көрө албаган, өз көмөчүнө эле күл тарткан башка саясатчыларыбыздын да таш жүрөктөрү жибип, кыйналып жашаган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтөөр деген эле үмүтүбүз...


  Алтын.. Алып тын!

Өз алтыныбыздан өзүбүзгө пайда барбы?

Чоң-Алай районунун Чак айылында жайгашкан алтын комбинаты Көк-Суу дарыясынын башында болуп жаткандыктан балыктар өлүп, суу булганып жатканын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Анан дагы бул жерде акыркы 3 жылдан бери алтын комбинатын иштеткендер менен жергиликтүү тургундардын ортосунда куралсыз согуш болуп жатыптыр. Алардын айтымында күнүнө 35 тонналык 16-20 камаз алтын кени райондон сыртка кетет. "Бирок, бизге эч кандай пайдасы жок",- дешет. Андан сырткары алтын кенин казып алууда радиация бөлүнүп чыгып, андан улам жергиликтүү тургундар ден-соолуктарынын да жабыр тартышынан чоочулап турушат.


  Ачык-суулуктардын арманы

Бир да чоңдун буту баса элек айылды билесиңерби?

Мына ушундай айыл бар экен. Кызыгып турсаңыздар айтып коеюун, ал кутмандуу жер Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ачык-суу айылы.

Деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте жайгашкан бул айылга чындыгында эле акыркы 20 жылдык тарыхында бир да депутат барып, элдин абалын сураган эмес экен. Депутаттарды көрсөм дегенде эки көзү төрт болгон айыл тургундары үчүн жакында эле чоң жаңылык болду. "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев мына ушул айылда болуп, жергиликтүү элдин сыртка чыкпай келген бугун жеринде угуп кайтты. Камчыбек мырзанын айтымында өмүрү бир да мамлекет жетекчиси келбеген бул айылдын элинин маданияттуулугу өтө жогору экен.


  Дагы эле миграция

Россия-Бишкек каттамындагы юристтер тоебу деги?..

Мына ушундай жоопсуз суроо көптөн бери Россияга барып эмгектенгендерди түпөйүл кылып келет.
Мурунку бийлик тушунда бул каттамда атайын юристтер иштеп, кыргыз жарандарынын укугун жолдогу чек ара кызматкерлеринен коргоочу эле. Бийлик алмашкан соң алардын дымы да чыкпай кеткен. Эми болсо кайрадан пайда болушканы менен жүргүнчүлөрдүн укугун коргобой эле поезддин ресторанынан чыгышпайт экен. Алар эмне Москвага барганча тамак жеп барышабы? Көзөмөл кылчу жан барбы, ыя?

Бетти даярдаган Д. Байаман