Таанышуу бурчу

Эки жүрөк - бир сүйүү
Жан дүйнөңүздү кыйнаган жалгыздыктан арылгыңыз келеби? Эмесе, "жокту суроо табат". Турмушта Сизди таппай жүргөн же Сиз издеген жан шеригиңизге, өмүрлүк түгөйүңүзгө жолуккуңуз келсе, 1032 кыска номерине М тамгасынан соң боштук калтырып, СМС жөнөтүңүз...
Эң кызыгы "Эки жүрөк - бир сүйүү" таанышуу бурчу аркылуу таанышып, табышып, үй-бүлө кургандардын үйлөнүү үлпөтү биздин эсебибизден. Демөөрчүлөр дем берип, жакшылыкка күбө болуп, Бишкектин бир кафесинде сиз менен бирге чоң той берели. Чамдаңыз, түгөйүңүздү издеңиз!


Т-0043. Баткен шаарынын тургуну, 31 жаштагы айым туруктуу, зыяндуу адаттардан алыс, иштеген иши бар, турмушту түшүнгөн мырзалар менен үй-бүлө куруу максатында таанышат. Кесиби - мугалим. Бир кыз, бир уулдун энеси. Бою- 1,70, салмагы - 68 кг. Байланышуу үчүн редакциянын номерине кайрылыңыздар.

Т-0044. Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы бул айым учурда соода иштери менен алектенет. 43 жаштан 50 жашка чейинки мырзалар менен үй-бүлө күтүү максатындда таанышат. Дареги редакцияда.

Т-0045. 31 жаштагы Рустам аттуу жигит үй-бүлө куруу максатында 25 жаштан 31 жашка чейинки кыз-келиндер менен таанышууну каалайт. Учурда Жалал-Абад шаарында жашайт. Туруктуу иши бар. Зыяндуу адаттардан алыс.

Т-0046. Турмушту түшүнгөн, аялзатынын кадырына жете алган өмүрлүк жар издеген, учурда жеке бизнес менен алектенген 40 жаштагы айым Бишкек шаарынын тургуну. Мурдагы турмушунан бир кызы бар. Келечектеги жубайы колунан иш келген, арак ичип, тамеки тартпаган адам болушун каалайт. Дареги редакцияда.

Т-0047. Бишкек шаарында жашап, эмгектенген 32 жаштагы айым туруктуу, оор басырыктуу, иштеген иши бар мырзалар менен үй-бүлө күтүү максатында таанышат. Эки кыздуу. Мурдагы жолдошу менен пикир келишпестиктин айынан ажырашып кеткен. Типографияда эмгектенет.

Т-0048. 43 жаштагы коммуникабелдүү, маданияттуу, сылык айым 43 жаштан 50 жашка чейинки интеллегенция чөйрөсүндө эмгектенген, зыяндуу адаттардан алыс мырзалар менен таанышат. Жигиттердин турмушту түшүнө билгендигине, билимдүүлүгүнө, туруктуулугуна баа берет. Кошумча маалыматты редакциянын телефону аркылуу биле аласыз.

Т-0049. 40 жаштагы чүйлүк мырза. Бир уулу бар. Турмушка терең көз караш менен караган, токтоо, сабырдуу, туруктуу, уулуна энелик мээрим бере ала турган кыз-келиндер менен таанышып, бактысын сынап көргүсү келет. Таанышуу үчүн редакциянын номуруна байланышыңыз.

Т-0050. Учурда Бишкек шаарында жашаган 35 жаштагы көлдүк айым үй-бүлө күтүү максатында ыймандуу, туруктуу, турмушту терең түшүнгөн мырзалар менен таанышууну каалайт. Эки баласы бар.

Т-0051. 55 жаштагы түштүктүк мырза 34 жаштан 40 жашка чейинки токтоо, түшүнүктүү, ыймандуу кыз-келиндер менен таанышып, нике кайып буюрса үй-бүлө күткүсү келет. Учурда Майлы-Суу шаарчасында жашап, эмгектенет. Салмагы - 65 кг, бою - 1,60. Зыяндуу адаттардан алыс, токтоо адам.