Белгилүү
ырчы жана режиссер
Рустам
Аташов:
"Мен болсо дайыма башкы каармандын ролун жаратчумун"
- Рустам байке, бала сиз үчүн…
- Биринчиден, бала мен үчүн бул-бир чоң байлык. Экинчиден, философиялык көз караш менен карай турган болсок, менин атымды өчүрбөй жашоомду улай турган өмүр мурасчым деп түшүнөм.

- Бала жытын эмнеге теңей аласыз?
- Наристенин бир өзгөчө эч нерсеге теңей алгыс жыты болот да. Аны сөз менен жеткире айтып бере албагандай эле бир нерсеге теңөө да мүмкүн эмес. Сыягы эне сүтү жыттанат го

- Чыгармачылыгыңыз балда-рыңызга өзүнчө убакыт бөлгөнгө тос-коол болбойбу?
- Албетте, балдарды караганга убакыт аябай эле аз. Алар менен кечки тамак учурунда гана бирге болом. Мен үстүртөн гана көңүл бурганым болбосо, негизинен балдарга тийешелүү маселелерди келинчегим мага айттырбай эле чечип коет.

- Балдарга баары бир атанын тарбиясы керек да. Тентектик кылса кантип жазалайсыз? Же, аны да келинчегиңизге түртүп коёсузбу?
- Албетте, атанын орду бөлөк. Бирок, алардын жүрүм-туруму, майда чүйдө күнүмдүк маселелери менен апасы алек болот. А мен болсо балдарымдын таланттарына карап, туура кесип тандоолоруна көңүл буруп, багыт бери ата катары колдоп мыкты инсан болууларына кам көрөм.

- Сиз өзүңүз бала чагыңызда шок белеңиз?
- Ой, аябай эле шок болгом. Табиятынан эркек балдардын 90пайызы акылы токтолгончо, кыргызча айтканда, эсине кирип токтолгончо шок болсо керек деп ойлойм. Адам бир калыпта болбойт экен да, мен деле ошол курактан өткөндөн кийин токтолгом десем жаңылышпайм.

- Бала кездеги эсиңизде калган тентек кыял-жоругуңуз?
Негизинен кичикей кезимен эле спортко жакын болгондуктан, классташ балдарымдын атаманы болгом. Анан өзүм эмне кылсам алардын да ошол нерселерди кайталашын талап кылчуумун. Эсимде, бир жолу ойноп жүрүп, жардан аарынын уясын көрүп калып, өзүм биринчи чукудум да жардын аркы бетине секирип өтүп кеттим. Аарылыр болсо ээрчип келе жаткан топ балдарды кубалап бети-башын жакшы эле кооздошкон. Ошондуктан классташ балдарым бул окуяны али да унутушпай айтып жүрүшөт.

- Белгилүү режиссер болуу бала кездеги тилегиңизби?
- Мен ал кезде режиссер болом демек тургай, режиссер ким экенин да түшүнчү эмесмин. Бирок, ойлоп көрсөм бул кесипке бала чагымдан эле кызыкчу экем. Анткени, чогуу ойногон балдардын оюнунун ценарийин дайыма мен түзчүмүн. Анан өзүнчө эле кино коюп ойночубуз. Бул эми менин чыгармачылык шыгым болсо керек.

- Ошол бала кезде койгон кинолорунуздун сценарийи эмне жөнүндө болчу?
- Ал убакта индия кинолору аябай белгилүү болчу. Анан ошол кинодогу каармандарды туурап ойночубуз. Мен болсо дайыма башкы каармандын ролун жаратчумун. Байкуш үндүктөрдүн эле шору болчу, анткени, тирүүлөй эле алардын канаттарын жулуп туруп башыбызга тагып алып, жардан ары-бери секирип ойночубуз.

- Бал тил кичинекейлерге болгон каалооңуз?
- Балдардын амангчылыгы болсун. Жараткан өмүрүн берсин. Кыргызымдын наристелери өсүп, өнүп ыймандуу жакшы уул-кыздардан болушсун демекчимин.






Таланттуу ырчы,
"Кеңеш" тобунун салисти
Мүзүр МАМБЕТОВ:
"БЕКАС" тобу түзүлдү
Концертим Алла ыраазычылыгы үчүн
1-2-июнда боло турган коцертим жан дүйнөм менен даярданган концерт десем жаңылышпайм. Бул концерт балдар күнүнө карата коюлгандыктан, кайрымдуулук катары, майып балдардан да чакырылды. Анткени, биздин ар бир кылган ишибиз Алла ыраазычылыгы үчүн болуш керек. Дагы бир өзгөчөлүгү биз аткара турган ырлардын баардыгы дуэт болот, айта кетчү нерсе "Кеңеш" тобу башка топтордон ушунусу менен айырмаланат.

"Кеңеш" тобу атамдын атынан
1998-жылы өзүмдүн атам кайтыш болуп кетти. Биз алты бир тууганбыз, атам баарыбыздын милдетибизден кутулду. Ошол жылдары менин ырга жакын экенимди байкап, эмне сатып берейин деп сурап калды. Дароо эле аппарат дедим. Мен айткан аппаратты эки жылкысын сатып алып берген эле раматылык. Мына ошондон жыйырма күн өткөндөн кийин көзү өтүп кеткен. Бул баарыбыз үчүн оор жоготуу, менин болсо акыркы атаман алган ыйык белегим болду. Мен атамдын аты өчпөсүн деп Кеңешбек деген атты кыскартып, "Кеңеш" тобун түздүм.

Шоу бизнестин абалын жакшыртышыбыз керек
Бизде азыр баарыбызга белгилүү болгондой эки, же үч ыр чыгарып алып эле, чачтарын жалтырата гелдеп жеке концерт берүү модага айлангансыды. Улуу муундардан үлгү алсак жакшы болмок. Азыркы чыгып жаткан жаңы ырчы муундар алды аркасын карап жүрсө деген ойду айткым келет, мисалы алсам тойго, же, бир жерге чогуу олтуруп кала турган болсок, белгилүү болуп жаткан кичүүлөрүбүз төргө олтуруп алып улууну өйдө өткөрүүнү билишпейт, мени ушундай көрүнүштөр өкүндүрөт. Бул эң жөнөкөй мисал. Эгерде шоу ушундай темп менен бара берсе, коркунучтуу абалга түшүшү мүмкүн.
Концертим менен кошо намаз окуп баштадым
Адам болгондон кийин биз өзүбүздүн динибизди да кошо алып жүрүшүбүз керек. Буга чейин беш маал намазга жыгылуу оюмда бар эле, башкача айтканда, ниет кылып жүргөм. Концертимди баштоо менен кошо намазга беш маал жыгылып жатам. Себеби, ар бир кылган ишибизди, жашап жаткан күнүбүздү кудайга намаз аркылуу 5 маал болсо дагы ыраазычылык кылып билдирип турушубуз керек.

Баштоочулар баштаса, мен да бармакмын
Көп убакыттан бери филармониянын чыры бүтпөй жаткандыгын баардыгыңыздар билсеңер керек. Анын аренда акысы кескин түрдө кобөйүп кетиши искусство адамдарынын жинин келтирет. Нааразычылардын арасында мен да бармын. Бирок, ушул ишти аягына чейин колго ала турган адам жок болуп жатат. Эгерде, баштоочулар баштаса, көпчүлүккө кошулуп, мен дагы соттошконго чейин барат элем.

Чыгармачылыктан сырткары ишим да бар
Ырчылыкты жактап, ошону кесип кылып алгандан кийин мен ырчылыкты таштабайм деп ойлойм. Бирок, азыркы учурда кошумча иш менен да алектенбесе болбойт го дейм. Учурда мен там салуу менен алп урушуп келем, ал эми, жубайым Гулмира болсо Алматада өзүнүн чакан дүкөнү бар, тез-тез каттап иштеп жатат.

Жубайыман эч бир кынтык таба албайм
Гүлмира экөөбүз сүйлөшүп, үйлөнө электе эле аял деген мен каалагандай болсо, үйгө келсең баары даяр болуп, сүйүктүү жар, мээримдүү апа болсо деп көп айтаар элем. Менин оюмча ошондон уламбы билбейм, ушул убакытка чейин менин айтканым айткандай, дегеним дегендей болуп жашап келебиз. Гүлмира үй жумушунан да, чыгармачылыкта да, жумушунда да баардык жагынан жетишкенге аракет кылат. Мен анын кылган ишинен эч бир кынтык таба албайм. Балалуу болгонго чейин кызганычтар болуп жүрдү, азыр кызганычты таштады, анткени, искусствого өзү аралашканы таасир берди окшойт.

Үй бүтсө, экинчи балалуу болуу оюмда...
Менин уулум Медер беш жашка толуп олтурат. Эгерде, балам ыр дүйнөсүнө аралашам десе менин каршылыгым болбойт. Кудай буюрса, баштап алган үйүм бүтсө, экинчи баланы пландайлы деген оюм бар.

"Жоролор" тобу менен бириксекпи...
Канча убакыттан бери "Жоролор" тобу менен чогуу иштешебиз. Биздин оюбузда "Жоролор- Кеңеш" тобу деп биригип, Роосия тарапка эки айлык концерт коюп келсекпи деген максаттар бар. Буга чейин чогуу иштөө бизге жакты.

"Сирень гүлү" көлдөн жаралды
Менин ырларым ар кайсы жерден пайда болот. Мен ырга обон гана жаратам. Обонду даараткана менен мончодон келбесе экен деп тилейм. Анткени, бир жолу мончодон ушундай бир жакшы ыр пайда болду, канчалык жакшы эстегенге аракет кылсам дагы суу менен кошо жуулуп кетти. Ал эми, азыр белгилүү болуп жаткан ырларымдын бири "Сирень гүлү" Ыссык-Көлдөн жаралды.

"Бекас" тобу түзүлдү
Улуу муундагылар кийинкилерге үлгү болуш керек дегендей, биз дагы азыр өзүбүздөн кийин "Бекас" деген жаңы топ ачтык. Алардын ырдоо стили дагы биздикине окшош, ырлары дуэт түрүндө. "Бекас" тобу деп аталып калышынын себеби, Бекен деген бала жана Астра аттуу кыз ырдайт, аларга биз кеңештерибизди айтып жардам беребиз.


Бетти даярдаган
Элиза БЕККОЖОЕВА