Балам-бактым

Бойго бүтүүнүн экинчи жумасы

Кереметтүү жумуш, башкача айтканда жашоого болгон күрөш, жарыкчылыкка болгон умтулуу уланууда. Миңдеген жумуртка клеткаларынын ичинен азыр "лидерин" бөлүп алууга болот. Бул - баарынын ичинен өзгөчөлөнүп суу толгон кичинекей көбүкчөнүн ичине жайгашкан бирден-бир жумутрка клеткасы. Жуманын акырында көбүкчө (медицинанын тили менен граафо деп аташат) ушунчалык чоңойгондуктан, ал жумуртка клеткасынын үстүндө калкып, клетканы толук камтыйт. Мунун баары - овуляцияга болгон даярдык. (Бул процесс граафо көбүкчөсүнүн жарылышы жана жумуртка клеткасынын эненин курсак бөлүгүнө чыгышы деп аталат).

Мындай процесстен кийин жумуртка клеткасы адатта, сперматозоиддер менен жолугушууга толук мүмүкүнчүлүк болгон жатын түтүкчөсүнө түшөт. Ал эми, мурдагы көбүкчөнүн ордуна атайын саргыч тело пайда болот. Бул саргыч тело кош бойлуулукка гормондук жардам катары зарыл, ошондуктан анын орду абдан маанилүү жана ал талгак болууга түздөн-түз "күнөөлүү"
Сизде овуляция келээрки жумадан баштап жүрө баштоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Кээ бир аялдар бул процессти сезип, катуу ич ооруну баштан кечиришет. Мындай ич оору коркунучтуу эмес, бул организмдин өзгөрүүгө болгон даярдыгы
Мына ушуга байланыштуу кийинки жагдайларды тактайбыз.
Ушул учурда мүмкүн болушунча төшөк байланышын эки-үч эсеге кыскартууга туура келет.
Баарынан да сиз ушул учурда демейде кошулуу алдында колдонуучу ар кандай туалеттик колдонмолордон, (интим гель, крем ж.у.с) баш тартуунуз керек, алар влагалищедеги кычыкылдуулукту көбөйтүп жибериши мүмкүн. Сперматозоиддер химиялык заттарга абдан сезгич келишиет. Алар кадимки шилекейден деле жабыркап калуусу мүмкүн. Бул учурда сизге жөн гана жуунуп коюу жетиштүү.
Бизде бойго бүтүүнү палндаштыргандан баштап эле "кантип уулдуу, же кыздуу болуу керек?" деген көйгөй башталат. Биз канчалык баш оорутпайлы бул маселе менен табият гана каалагандай алектене алат. Андыктан, сиздин аракетиңиз менен кыз же уул болушу күмөн. Азыркы техниканын жетишкендиги менен Жаратылыш энени кантип алдоону ойлонуп жатышат. Алар ар кандай атайын диета, астрологиялык эсептер, магиялык азгырыктар ж.б. аракеттер. Кандай болгон күндө да баарынын табигый жол менен болгону жакшы. Тек гана кызыккан болсоңуз, анча-мынча зыян келтирбеген аракеттерди жасап көрсөңүз болот.
Сизге биринчи жумада берген кеңешибизди кайра кайталайбыз, эгерде өткөн жумада врачка кайрылбасаңыз, ушул жумада сөзсүз түрдө врачка көрүнүүнү унутпаңыз.




  Эне - жаратуучу, бала - улантуучу

Баланын абалы
Жашоонун сегизинчи күнүн улантып жаткан биздин кичинекей эмбрион болочок бала катары жашоого умтула баштады. Эми кандай болбосун бул түйүлдүк сиздин организмиңиз үчүн жат эмес, тескерисинче эненин организми зарыл болгон учурда озун курмандыкка чалып болсо да, түйүлдүктү сактап калууга жана анын жетилүүсү үчүн ага эң жакшы шарт түзүп берүүгө аракеттенет.
Эми, кайталайбыз, эмбрион жумуртка клеткасынын запас азыгы менен азыктанбайт, ал эми эненин жатыны балынын тону аркылуу берген азык менен "тамактанат". Болочок бөбөктөн кичинекей организмине мындан ары тамактануучу каражат жетишээрлик болот. Эми кичинекейге мурдагы жумадагыдай миллиондогон жумуртка клеткаларынын ичинен алдыга умтулуп, жашоо учун курошпой эле, толук кандуу өсүүгө аракет кыла турган мезгил жетти. Бул өсүү болсо түйүлдүктүн сыртындагы тондун өзүнөн башталган ичеги сыяктуу түтүкчө менен түздөн-түз байланыштуу. Анткени, түйүлдүк ошол аркылуу тамактанат, тамакты сиңирет, иштетилген калдыктарды эненин организми аркылуу сыртка чыгарат, дем алат, эненин абалын туят. Баланын тону - бул абдан уникаллдуу орган.
Бойго бүтүүнүн экинчи жумасында алгачкы ичеги узарат жана экиге бөлүнөт. Ал эми, экинчи жуманын жарымында баланын эң маанилүү органдары жүрөк жана анын чон кан тамырлары жаралууга даярдык жүрө баштайт.
Түйүлдүктүн айланасында али да бөлүнүп жаткан клеткалардан суу толгон көбүкчө пайда болуп, ал көбүкчө эмбрионду качан жарыкка келгенче коргойт, жана ал көбүкчө түйүлдүк айланасындагы суу деп аталган суюктук менен толот.




  Балдар - дүйнөнүн жандуу гүлдөрү

"Элистан" балдар үйү - балалыктын бешиги

Балдар үйү. Негедир, бул сөз көңүлдү сыдырып өтөт. Көз алдыңа эненин мээримин, атанын камкордугун сагынган муңайым, кусалуу наристе көздөр келет.

Шаардын четинде жайгашкан "Элистан" балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын эң кичинекейи он, эң улуусу он беш жашта. Баары эркек балдар. Кадимки балдардай бир үй-бүлө болуп жашашат, төрт маал даамдуу, мүмкүн болушунча түрлөп жасалган тамак ичишет, окшош болгону гана болбосо жарашыктуу кийим кийишет. мектепке барышат. Болгону мээрман эненин, камкор атанын ордунда мээримдүү тарбиячылар. Кадимки балдардай алдына максат коюшат, улуу тилектери бар. Балдардын көздөрү ойлуу, жүздөрү олуттуу.

Азамат
- Сен кайдан келдиң?
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылынын келгем. Апам бар, атам болсо тилекке каршы, каза болуп калган. Биз төрт бир тууганбыз, мен эң кичинекейимин.
- Бул жер жагабы?
- Азыр жагат, биринчи келгенде апамды, айылды, досторумду сагынып бир аз кыйналгам. Бул жерде баардык шарт түзүлгөн, жакшы окуп көп нерсеге жетишсең болот. Жаныбызда атайын аң-сезимди өстүрүү борбору бар, ал жерден англис, орус, немец, кытай ж.б. тилдер боюнча курстарга барабыз, футбол., баскетбол, волейбол ийримдерине катышабыз. Мен футболго барам. Биздин балдар үйүндө эки жыл катар окуунун эң мыктысы болсо ноутбук сыйлыкка алат. Мен көптөн бери ушул сыйлыкка жетүүнү көксөп жүрүп, быйыл алдым.
- Келечекте ким болгуң келет?
- Мен билим министри болом. Анткени, Кыргызстанда көп балдар азыр мектепке баарбай, билимсиз болуп калышты. Мына ушундай балдар дагы эле көбөйө берсе, биздин мамлекет өнүкпөй калат го деп ойлой берем. Эгер билим минстири болсом, билимсиз адамдар жашына карабай окуй турган атайын мекемелерди ачып, адамдарды окууга милдеттүү кылмакмын. Пара албаганга окуткан атайын мектеп ачмакмын. Кыргызстанды өнүктүрүп дүйнө жүзүнө тааныткым келет.

Калжигитов Темирлан күрөш боюнча өткөрүлгөн эл аралык турнирдин чемпиону
- Мен алтынчы класста окуймун. Баткен облусунун, Лейлек районунун Маргун айылынан келгем. Биз үч бир тууганмынбыз, жалгыз уулмун. Эжекем бар, анан биринчи класска барган карындашым бар. Ошону көп сагынам.
- Бул жер эмнеси менен жагат?
- Бул жерде окууга жакшы шарт түзүлгөн, айылда мындай шарт жок да. Кудай буйруса, эмки жылы ноутбук алганга аракет кылам.
- Күрөшкө түшкөндө жеңүүчү болом деп ишендиңби?
- Биринчи чыкканда утуп коёбу деп аябай коркосуң, анан бир-эки баланы уткандан кийин өзүңө ишенип каласың. Мен утам деп деле ойлогон эмесмин. Биринчи апамды, анан мага болушуп кыйкырып турган балдарды ойлоп намыстанып кеттим.
- Апаң келип турабы?
- Ооба келип турат, каникулда мен барам. Телефон менен бир жумада бир сүйлөшүп турам. Апама чоңойгондо эмне алып берсем, апам эмнени каалайт экен деп эле ойлой берем.
- Ким болосуң чойгондо?
- Депутат болоюн деп, кайра спортсмен эле болоюн деп чечтим. Анткени, спортсмен болсоң алсыздарга болушасың, Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытасың, туусун көтөрөсүң. Балдарды атайын машыктыра турган жерлерди ачмакмын.

Абдиев Кайырбек Талантбекович. 7-класстын окуучусу
- Бул жерге келгениңе канча болду?
- Үч жыл болду. Биринчи келгенде балдарга көнө албай айылды, апамды сагынгам, азыр бир туугандай болуп калдык.
- Ким болгуң келет?
- Милиционер болсом деген тилегим бар. Тергөө иштерин ачып, ак жерден күйүп адилеттик издеп жүргөн адамдардын тарабын талашмакмын. Эч качан пара алмак эмесмин. Ар ким өз жазасын алсын демекмин.
- Сени жакшы ырдайт дешти. Эмне үчүн ырчы болгуң келбейт?
- Ырга мындай эле кызыгам, конкурстарда, майрамдык концерттерде гана ырдайм.
- Биринчи айлыгыңа эмне белек аласың?
- Атамды эстей албай калдым, апам бизди жалгыз чоңойтуп атат, алгачкы айлык акымды апама арнайм. Эмне кааласа алып берем.

Бул жерде ар бир баланын өзүнүн күнү бар. Ар бир бала өзүнүн күнү деп эсептелген күнү президент болот. Кандай мүмкүнчүлүгү жөндөмү барын көрсөтөт. Биринчи жолу жетишпей калганын кийинки жолу ишке ашырат, катасын түзөйт, кемчилигин жоёт. Эрте менен күн таңкы намаз окуп, дене-тарбиясын жасоо менен башталат да, күн бою бош убакыт болбойт. Сабак, атайын ийримдер, тамактануу, эртеңки сабакка даярдануу, эс алганча телевизор көрүп, күнүмдүк жаңылыктарды бир үй-бүлөдөй бөлүшүү менен коштолуп, анан кайра тирүүлүктүн ыйктыгын, кайталангыстыгын, анын ар бир ирмемин күнөөдөн, ыплас иштен алыс татыктуу өткөрүүгө үндөгөн, бул жалгандын убактылуу экенин эскерткен куптан намазы окулуу менен бир күн бүтөт да, наристе балдар эртеңкиге жаңы тилек максат менен ойгонуу үчүн уйкуга баш коюшат. Түнүңөр бейпил болсун балдар! Майрамыңар менен! Ар бир күнүңөр майрам болсун, эч качан кечээги майрам болбосун, эртеңдер жалаң майрамдан турсун.

Даярдаган А.Эргешова