Экөө

"Ыр кесе сизге сунулду..."

Ырдап кой бир жол куштармын,
Көзүңдөн жалын учканын..,
Ушул саптар бир кезде ар бир ыр кесе болгон айылдын гимнине айланып, бир айылдан бир айылга ыр канат болуп учуп жаңырган эле. Бул канатчан ыр али да эл арасында таасирин жогото элек. Ушул ырдын автору Маматибраим Бостонкулов жана анын өмүрлөшү Гүлмайрам эже менен жаздын жаркын күндөрүндө Оштон жолуккан элек. Жубайлар бар сырын, бирге өткөн өмүрүн ортого сөз дасторкон кылып төгүп, чер жазыша сыр чечип, ой бөлүшкөндөгү эки жубайдын сүйүү, сый-урмат, мээрим коштогон жүздөрү али эсимден кете элек.



- Ыр ааламга кайдан, кантип келип калдыңыз?
- Мен ыр ааламына келишиме Кара-Кулжанын Чалма деген айылынын ажайып жаратылышы, сөзмөр адамдары уютку, башат болуп берди көрүнөт. Бала кезимден эле музыкага, ырга жакын элем. Сегизинчи класстан баштап обон жарата баштадым. Онду бүтүп жаткан учурда көптөгөн кароо-сынактарга катышып, ошол кезде Рыспай Абдыкадыров менен бир топ сынактарда чогуу болуп калдык. Ушул да менин ырга суусап турган көөдөнүмө ыр булактай көрөңгө болду. Айрыкча Рыспай аганын "сенден бирдеме чыгат го, мен сени окуучу кылып алсам окшойт" деген сөзү мага чоң дем болгон. Насип экен, айткандай эле кийин бул залкар талант менен чыгармачылык чыйырда чогуу басып калдык. Ошол бала кезде мага айыл тар болуп жаткандай, кандайдыр бир чоң ааламды самап, ошол само мени өрөпкүтүп Ошко жетелеп келди. Ошол учурда мен үчүн Оштой чоң аалам жок болчу. Ал кезде ОшМУ пединститут болчу. Өтүү абдан кыйын эле. Мен төрт жыл катарынан өтпөй калдым, бирок, бул менин балалык баёо тилектериме тоскоол боло алган жок. Анткени, мен чыгармачылык дүйнөнүн азгырыгына арбалып калган элем, кандай болгон күндө да чыга алмак эмесмин.
- Алгачкы жараткан обонуңузду, айрыкча арзуу кайрыктарын унутпаган чыгаарсыз?
- Алгачкы обон тун баладй дилге жакын, көзгө ысык болот. Биринчи жолу Ата-Журтка арнап сөзү жок обон жазгам. Ошол обондун акырына али да чыга албай жүрөм. Эл алдына Барктабас Абакировдун сөзүнө жазылган "Апалар" деген ыр менен чыккам. Кийин ушул ырды кайрадан Эрмеков деген агайым хорго жазып чыкты. Ал эми, биринчи арзуу ырын 9-класста жаздым. Ал кезде колун кармап коюу биз үчүн чоң сүйүүдөй сезилип апкаарычубуз. Алгачкы арзуу ырын арнаган адамым менин классташым болчу. Ал киши азыр бир райондун кызмат сиңирген медицина кызматкери. Ошол кыз мен үчүн класстагы эмес ааламдагы эң сулуу, акылдуу, мыкты кыз болчу да. Мен ал кызга купуя "сен үчүн эч качан тамеки тартпайм, ичукилик ичпейм, жаман сөз сүйлөбөйм" деп ант берген элем. Ошол антымдан жетпей калган кезде да тайбадым, али да тая элекмин. Ушундай бийик, аялуу сезимдерден уламбы, ал кызга жүрөгүмдү кыйнаган арзуумду айта албай жүрүп көп өмүрүм өттү. Бала кезден эле асмандагы жетиген менин жүрөгүм, ал эми, көңүлүм аздектеген кыздын жүрөгү алтын казык деп кыялданчумун. Армиядан келсем башка жигит ала качып кеткен экен. Ошондо гана бул эки жылдыз эки жакты карап жайгашканын байкап жүрбөймүнбү.Классташ кыз менин ыр башатым болуп калды. Ырларымдын отуз пайызы ошол кызга арналган. Көкүрөктө аздектеп жүргөн адамыма кырк жылдан кийин, мурунку жылы кезиктим. Зарыктырган жолугушуудан дил толгонткон поема калды. Жолугаардан мурун телефонун таап алып байланыштым. Ошондо "сен мени тааныбайсын, мен картайып калдым" деди. Үнү ошол бойдон өзгөрбөгөндөй сезилди. "Мен деле картайдым, бирок сезимдерим картайбай койду" дедим. Өзү айткандай таанылгыстай болуп картайбаптыр. Баягы эле сүйкүмдүү, татынакай бойдон экен. Ал кыз тарабынан мага кандай сезим болгонун али да билбейм. Мен ага болгон сезим менен эле жашап келдим.
- Андан кийин сүйүү келбедиби?
- Сүйүү жазга окшош, жүрөккө улам келип турбаса адам тукуму уланбай, ырлар жазылбай, керемет обондор, улуу чыгармалар жаралбай калбайбы. Андан кийин келинчегиме арнап "Кусалык", "Гүлмайрам" деген ырлар жаралды.
- Келинчегиңиз менен кантип таанышып калдыңыз?
- Музыкалык окуу жайда окуп жүргөм. Ошондо келинчегим соода окуу жайында окучу. Бир күнү мени ошол окуу жайдагы өздүк көркөм чыгармачылыгына жетекчи кылып чакырып калды. Келинчегимди ошол жерден көрдүм. Оболу жакшы курдаш, санаалаш, анан жүрөктөш болуп, буйрук экен кийин өмүрлөш болуп калдык.
Гүлмайрам
- Мен да агайыңды көргөндө эле жактырып, кара тору жумшак жигит дилиме жакын сезилди. Күлдүрүп сүйлөп, адамды өзүнө тарткан жылдызы бар жан экен. Кийин келбей калганда да курбу кыздардан, "баягы күлдүргүч жигит келеби?" деп сурап, ичимден күтүп, жолун карап жүрдүм.
- Агай сүйүүсүн кантип билдирди?
Гүлмайрам
- Кантип билдирдиң эле?
Маматибраим
- Жаңы жылдын алдында бийге барганбыз.
Гүлмайрам
- Жок 7-ноябрь болчу.
Маматибраим
- Ии, баса ноябрь болчу. 7-ноябрь келинчегимдин туулган күнү. Аты ошон үчүн Майрам да. 7-ноябрга карата бий болуп, мен да бийге баргам. Барсам жаштар баары бийлеп атыптыр. Майрам бурчта ууртунан кыялдуу жылмайып жалгыз туруптур. Ошондогу чачы узун, акжуумал, ууртунан баёо күлкү төгүлгөн Майрам дагы эле көз алдымда. Бийге чакырсам макул болуп бир топ бийледик, анан чыгып кеттик. Кирпич заводу жакта жашачу. Сыртта кеч күздүн желаргысы жүрүп суук, кар бир аз сампарлап жаап, күмүш бубактар жерди кыламык кылык агартып койгон экен.. Ошондо биринчи жолу Майрамды кучактап жытын туйдум, чачын мойнума ородум, айтор, айрыла албай таң атканча басып жүрдүк. Суукту, карды деле сезген жокмун. Таң атаарда "мага турмушка чык, мен сени жакшы көрөм" дедим. Сүйөм деп айта албадым. Майрам да жер карап "мен дагы" деди. Ошол болду мага берген макулдугу.
- Ушул бирге жашаган жылдар аралыгында нараазы болгон учурлар болдубу?
Гүлмайрам
- Ичпесе, чекпесе, урбаса эмнеге нараазы болом. Же, нараазы кылдыңбы?
Маматибраим
- Ушундай бир учурлар болот, жетишпей, турмуш түйшүгү башка түшкөн кезде адам баласы өзгөрөт экен. Кыйналган кезде нараазы болгондур
Гүлмайрам
- Ал нараазылык деп айтылбайт да. Ал күнүмдүк тиричилик, андай баардык эле адамда болот. Мен сага эркек, күйөө катары нараазы болгонум эсимде жок. Балким, сен нараазы болгондурсуң?
Маматибраим
- Сенден кантип нараазы болоюн. Беш кыз, бир уулдун ата-энеси, он неберенин чоң ата, чоң энеси болдук. Бул кишинин кыз кездеги адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү мезгил менен жоголуп кетпей кайра улам мени таң калтырып, улам баш ийдирип жашап келе жатабыз. Мени дагы бир таң калтырганы кызганчаак деген келинчегим, мени алгачкы арзуум болгон кызга өзү демилге көтөрүп жолуктуруп, мен башка эле бир көргөн жан менен колго түшкөндө, жердей көтөрүмдүүлүк менен сыр бербей чыдап койбодубу.
- Колго да түшүп калдыңызбы?
- Ооба, бул тууралуу Гүлмайрам өзү айтып берсинчи.
Гүлмайрам
- Чыгармачыл кишини кызгануунун кереги жок, анткени, кызгансаң музыка да, ыр да жаза албай калат. Сулууга суктанып, кыялы менен сүйүп турбаса көкүрөгү жардыланып кетет болуу керек. Бир жолу шаардык оорукана тараптан келе жатсам, бир келин менен аябай жакын туруп алып сүйлөшүп атыптыр. Жанымда бирге иштеген келин бар болчу, ошол көрүп калып, өзүнчө эле мени көрүп калбаса экен деп бушайман болуптур. Бир оокумда көрүп калсам, менден мурун тиги келин жаман болуп, "көрбөсөңүз болот эле көрүп калдыңызбы?" деп кейип мени жубатып жүрөт. Күлүп "Ой мындай абал толтура эле болот. Минтип турбаса ыр жаза албай калат" десем таң калып калган. Анын үстүнө кетип калбайт, кайра эле мага келет. Бул кишинин ишенчээктиги, куулук-шумдугу жок боорукерлиги калп айтууга, алдоого жол бербейт, ошондон улам ишенем. Ал эми, эсимде калган кызганыч албетте, болду. Өзү айткандай колго түшүп калганда. Бир Көлдүк райкомдо иштеген зыңгыраган узун бойлуу келин Ысык-Атада биз менен бирге дем алып калды. Алар үчүнчү кабатта, биз экничи кабаттабыз. Бир күнү Маматтын досунун бөлмөсүндө райком кыз, досу болуп үчөө чогуу отурган экен. Чыгып "Ии отурасыңарбы" деп кайра кеткем. Түн бир оокукм болуп кетти, Мамат жок, тынчсызданып кайра чыксам ырдап отурушуптур. "Кеч болуп калды Мамат эс ал" десем "азыр, азыр" деп калды эле, түшүп келе бердим. Күтүп жатып уктап кетиптирмин, ойгонсом дагы эле жок. Кыжаалат болуп чыксам эшик бекилип калыптыр.
Маматибраим
- Жарык да өчүрүлгөн.
Гүлмайрам
- Оюмда дагы эле жаман ой жок, акырын тыкылдатып, "Мамат, Мамат" деп атсам эле курорттогу абалды караган күзөтчү аял жетип келди. Мамат "ким, азыр" деп эле буйдалып ачканча тиги аял жетип келди да, эшикти ачып жиберди. Ошол учурда тиги кыз керебеттен чуркап келип, эшик пардага жашынды эле мен пардага кошо эле артыма жашырып, "Апей, Мамат жалгыз эле уктап калыпсың да. Мен күтүп атпаймынбы" дедим да, тиги аялга, "эч ким деле жок экен, өзү эле отурган турбайбы. Бас кеттик" деп алдыда түшүп кеттим.
Маматибраим
- Бул түшүп кеткенден кийин тиги аял, "капырай мындайың болсо бөлмө сурабайт белең, аялыңа билдирбей берет элем" деп атпайбы.
Гүлмайрам
- Ошондо аябай ичимден ызаланып, "эмне иштер болуп кетти экен" деп кирдеп буулуктум, бирок, тиги кызды сактап калдым. Ал кезде идеология катуу болчу. Райком болуп атса, анан моралдык жактан минтип жүрсө жаман эле болмок. Бир чети Маматтын да абийри төгүлмөк, ушул байкушумду аядым. Эртеси тиги кыз карай албайт, мен болсо сыр алдырбай эле жаркырап-жайнап учураштым. Райком кыз уятынан көпкө жүрө албады. Беш күндөн кийин мени тааныган аялдарга ыразылыгын айттырып, кечирим сурап кетиптир. Кызганыч, аны ачыкка чыгарып ажылдоо ажырашкандан башка жакшылыкка алып келбейт, сезимди өлтүрөт. Менин азыркы жаштарга айтаарым ушул.
- Агай сиз кандай абалда калдыңыз?
Маматибраим
- Мен ит болдум да. Негизи, али эч нерсе боло элек болчу, бирок Майрам барбаса баары болмок. Ырдап отуруп эле тиги досум, "ээ, экөөң кыйналдың" деп жарыкты өчүрүп кетип калып атпайбы. Келинчегим келгенде жер катуулук кылды, болбосо кирип кетмекмин. Андан да жаманы Майрам бир ооз бирдеме дебей койду. Ошондо урушуп койсо алда канча жеңил болмок. Ошол бойдон кийин Майрамды алмаштыруу ойго да келбеди, анткени, аялымды кайра сүйүп калдым.
- Эже чыгармачыл адамдын аялы болуу оңой бекен?
Гүлмайрам
- Оңой деп айтыш кыйын, анткени, өзүнүкүн бербейт, абдан таарынчаак, сезимтал келишет. Бул таарынган кезде күлүп кутулам.
Маматибраим
- Же, качып кетет да, айланып-айланып кайра келет Биз кайра жаралсак деле бири-бирибизге жолукмакпыз, анткени, биз бири-бирибиз үчүн жаралганбыз.
- Эже, эгерде, Мамат агай "Майрам кечирип кой мен башканы сүйүп калдым" десе эмне дейт элеңиз?
- Бул баардык аял үчүн эң оор, жагымсыз абал. Кыргызда андай менталитетке туура келбейт. Кыз-күйөө, куда-сөөк, тууган-урук деген бар. Ошолордун алдында шагың сынып, жашыңан тапкан адамыңдан айрылып кичирип отурсаң мындан оор нерсе жок. Бирок, башка келсе, макул болот белем ким билет. Анткени, эркекти меники деп энчилеп алган болбойт. Ар бир адамдын өз ааламы бар.
А.ЭРГЕШОВА