Кыргыз гезиттери



ЖАМКнын начальниги Шейшенбек БАЙЗАКОВ:
"Өмүр бою соттолгондорду чачыратып кармоого мажбурбуз"
- Шейшенбек Калилбекович, ЖАМК түрмөнүн сыртын гана карайт, ал эми ички тартибине кийлигише албайт - дешет. Чын эле ошондойбу?
- Бул сурооңуз чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азыр эки департаменттен турат:
- Жазаларды аткаруу департаменти (ЖАД). Анын негизги милдети - соттор чыгарган өкүмдөр мыйзамдуу күчүнө кирген соң, аларды аткаруу, ЖАДдын тутумуна кирген мекемелерде мөөнөттөрүн өтөп жүрүшкөн айыпкерлердин жүрүм-турумдарына көзөмөлдүк жүргүзүү, аларды тийиштүү жашоо шарты менен камсыздап, түзөтүү.
Камактагыларды кайтаруу жана конвойлоо департаменти (ККД) - ал түзөтүү мекемелерин тышынан кайтарат жана камалгандар менен соттолуп мөөнөт алган адамдарды күзөтүп, конвойлоп (кыргызча айтканда "кайтарып") жүрүүнү ишке ашырат.
ЖАДдын мекемелеринин тийиштүү кызматтары айыпкерлерди тарбиялоо, оперативдүү-режимдик ж.б. көп милдеттерди аткарышат.
Ушундай иштердин натыйжасында 2010-жылы айыпкерлер ишке ашырууга камынган 569 кылмыштын алдын алып, болтурбай коюуга жетишкенбиз. Мекемелердеги кылмыштуулук эки эсеге кыскартылган.
Мекемелерде 783 ирет типтүү-издөө иштери жүргүзүлүп, алардын натыйжасында:
- 7 кило 705 грамм баңгизаттары;
- 1068,74 литр спирттик ичимдиктер;
- 567,5 литр киричме (брага);
- 208714 сом акчалай;
- 1228 чөнтөк телефондору;
- 9642 даана кесүүчү-саюучу куралдар тартылып алынган.
Мекемелерге тыюу салынган нерселерди мыйзамсыз түрдө алып кирүүнү токтотуу үчүн атайын иш- чараларды өткөрүүнү уланта беребиз.
- Биздин укук коргоочулардын "Криминалдын башында турган адамдарды түрмөгө камаган менен алар каалаган учурда сыртка чыгып-кирип жүрө беришет" деп айткандары бар. Эгерде чын болсо, эки жак бул боюнча (ЖАМК менен кримадамдары) кантип сүйлөшүп алышат, же буга жогору жактын тааасири барбы? Дегеле азыр ИИМ тарабынан айрым кримчөйрөнүн башында турган адамдарга издөө салынганы жыйынтык бере алат деп ойлойсузбу?
- Бул сурооңуз да чындыкка дал келбейт. Эч бир криминалдык мыкчыгер (лидер) каалашынча кирип, чыга албайт. Камалдыбы - олтурат. Мындай каңшаар сөздөрдү таратуучулар маселенин чын-төгүнүн аңдабастан, эптеп эле бизге көө жабууну көздөгөндөр деп түшүнгөнүбүз туура болот деп ойлойм.
- 2005-жылы экс-депутат Т.Акматбаев менен ЖАМКнын ошондогу начальниги И. Полотовдун түрмөдөгү өлүмү эл арасында ажиотаж жаратты эле. Учурунда коомчулукка жарыяланбай калган бирок, түрмө ичинде болгон "разборкалардын" негизинде каза тапкан фактылар барбы?
- № 31 мекемеде болуп өткөн кайгылуу окуядан кийин көрүлгөн иш-чаралар менен аракеттердин натыйжасы ага окшогон жагымсыз окуялардын алдын алды. Себеби, андан бери, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, "криминалдардын чекишүүсүнө" жол берилген жок.
Бирок, бизди түйшөлткөн, тез арада чечүүнү талап эткен маселелер да жок эмес. Анын бири деп өмүр бою камакка алынгандарды кармоону атайт элем. Күнү бүгүн 232 адам ушундай соттоого тушугушкан. Алар мыйзам боюнча, өзгөчө режимдеги мекемеде кармалууга тийиш. Бизде бул режимдеги мекеме жок. Ар түрдүү мекемелерде чачыратып камап турабыз. Бул - мекемедеги жалпы абалга, ал түгүл, кызматкерлерибиз менен айыпкерлердин ден-соолуктары менен өмүрлөрүнө коркунуч туудурары бышык. Андай окуя дагы болгон. 2008-жылдын 14- августунда өмүр бою соттолгон К.Абдышев № 16 мекемеде майор С.Жуматаев менен кенже лейтенант Д.Аденовдордун өмүрүн кыйган.
Мен жана айткандай, өмүр бою соттолгондорду чачырата кармап, тергөө абактары менен түзөтүү мекемелериндеги айыпкерлерден бөлүнүп, өзүлөрүнчө кармалып тургандары менен коркунуч дагы эле бар.
Ошондуктан мындай соттолгондорду кармоочу атайын режимдеги мекемени курууну, мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү эң орчундуу маселе. Ошону чечүүнүн үстүндө аракеттенип жатабыз.
- Өзүңүз түрмө ичиндеги акыбал менен канча мөөнөттө бир таанышып турасыз?
- Мекемелердеги абалдын кандай экендигин даана билем. Ишим ошол эмеспи. Бардык мекемелердин ар бирине бир нече жолудан барып, жеринен да таанышам. Алардын көйгөйлүү маселелерин да билем, аларды чечүү үчүн аракеттенип жатабыз. Дээрлик бардык көйгөйлөрүбүз барып-келип эле каржы маселесине такалат. Өлкөбүздөгү экономикалык абал - "мына" деп эле каражат бере салууга кедерги. Ошондуктан өкмөттүк эмес жана эл аралык МКК, ОБСЕ сыяктуу уюмдар менен колмо-кол иштешип, каражаттын айрым маселелерин чечип жатабыз.
- Түрмөдө ооздорун тигип, төөнөгүч менен төөнөп алган протесттик акциялар көбүнчө кайсы маселенин айынан чыгып турат?
- Оозун төөнөп, тигип алган окуялар болгон. Бирок, бул жалпы таралбаган, бирин-экин окуя. Көбүнчө айыпкерлер анын үстүнөн сот чыгарган өкүм менен макул эместигин ушул жол менен билдиргилери келишет. Алар менен тарбиялык иштерди жүргүзүп, түшүндүргөн соң, тигүүлөрүн алып салышат.
- "Мамлекеттик акча жеткиликтүү болбогондуктан, түрмө ичиндегилер кримавторитеттердин КамАЗ-КамАЗ берип жиберген тамак-аш, кийим-кечектерин алууга муктаж" деген кепке кошуласызбы? Аларга кандай сүйлөшүүлөрдүн негизинде уруксат берилип, ичкери киргизилет?
- Жок. Криминал мыкчыгерлери биздин мекемелерди тамак-аш менен камсыздап турушат деген болбогон, имиш сөз. Мамлекет тарабынан азыр айыпкерлер толугу менен камсыздалат. Өзүбүздүн чарбалар бар. Алар айыл чарба продукцияларын өндүрүшөт. Ал түгүл айыпкерлерге сүт азыктары менен жумуртка берип турушат.
- Түрмөнүн ичи кургак учук оорусуна бай экенин билебиз. Биздин угушубузча сиздерден да 5 кызматкер бул оору менен учурда жабыркап, дарыланып жатыптыр...
- Айыпкерлердин кургак учук оорусу менен күрөш жүргүзүүчү 3 оорукана бар. Бүгүнкү күндө алардын эсебинде 231 адам турат жана дарыланып жатышат.
Тилекке каршы дейбизби, же кызматтары айыпкерлер менен иштөөгө байланыштуу дейбизби, кызматкерлерибиз бул ооруну жугузуп алган учурлар бар. Мисалы, 2009-жылы - 7, 2010-жылы - 2, быйылкы 2 айда 1 кызматкерибиз кургак учук менен ооруп калышкан. Алардын жетөө каксыз айыгып кеткенине кубандык. Үчөө дарыланып жүрүшөт.
Кургак учук оорусунун алдыналуу жана эрте таап чыгуу үчүн бардык кызматкерлерибиз менен айыпкерлерди жылына - жазда, күздө эки жолудан флюрографиядан өткөрүп турабыз.
- Сиздер өткөргөн ар кандай концерт, кече, мелдештер кызматкерлерге да, түрмө ичиндеги адамдарга да стимул болуп берери талашсыз. Кандай иш-чаралар салтка айланып өткөрүлүп турат?
- Мөөнөт өтөп жаткандар да биздин мекендештерибиз. Алардын маданият, адабият сыяктуу руханий байлыктардан ажырап калуусу туура болбойт. Ошол себептүү ар түрдүү кечелер, мелдештер, конкурстар менен концерттерди уюштуруу дайыма колго алынган. Ошону менен бирге орто мектептин жана кесиптик-техникалык даярдыктардын көлөмдөрүндө окутушун да кайра жандандырдык.
Ушул урунттуу учурдан пайдаланып, продюсер Назгүл Насиевага агалык да, жетекчилик да рахматымды айткым келип турат. Ал акыркы беш жыл ичинде биздин мекемелерге ырчыларды алып барып, миңге чукул концерт уюштурган.
Кызматкерлерибиз республикалык маданий иш-чараларга катышып турушат. Азыр "Жоокер ыры" жана "Погончон мисстер" деген эки конкурска катышып жатышат.
Маектешкен Эльмира МАДИЕВА





  [ Кримбрюле ]

Унушча бооруң таш беле???
Койну кенен Россияда эмгектенип жүргөн кыргыз кызы өзүнүн канынан жаралган кызын 7-кабаттан ыргытып, оо дүйнөгө аттандырган. Бул окуя былтыр сентябрь айында болуп, жүрөктү дүркүрөткөн эле. Эми анын үстүнөн Россиянын Новосибирск облусуна караштуу Дзержинск райондук судялары тарабынан 3 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечими кабыл алынды. Тергөөдө белгилүү болгондой, кылмыш жасалган 2010-жылдын 9-сентябрь күнү бул кыргыз келининин нерв системалары чыңалып, жини шакардай кайнап, өз кызын ыргытып жиберүү менен бардык маселеси чечилчүдөй абалга келет да, ыргытып жиберет. Ошентип оор турмуштун айынан оокат издеп кеткен кыргызстандык кыйла кыз-келин "жаштык-мастык" абалында кош бойлуу болуп, айлалары куруп турган фактылары ондоп саналат. Кейиштүү болгону менен кылар аргабыз канча? Өздөрү эле сак болбосо...

Милиция менен күзөтчүлөр жаңжал чыгарышты
"Жунхай" базарында милиционер менен күзөтчүлөр ортосунда жаңжал чыгып, эки күзөт кызматкери жеңил жаракат алып ооруканада жатат. Окуя 6-март күнү болгон. Аталган ИИМ өкүлдөрү базарды кайтарууга алып турган кызматкерлерден кандайдыр бир шектенүүлөр менен документтерин сурашат. Ой-бойго келбеген күзөтчүлөр электрошокер менен каршылык көрсөтүп киришкен. Анан не болот? Кармаш башталат. Бир топко чейин катуу салгылаш болуп, өз "өнөрлөрүн" көрсөтүшөт. Анын жыйынтыгында "Жунхайдын" эки кароолчусу буттарынан, колдорунан жараат алып, бейтапканада өхүлөп жаткан кербездери. Милиция кызматкерлери мас болуп алып, акча "сындыруу" амалы экен десек, соо экендигин судмедэкспертиза тастыктады. Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Кофе алсаң абайла
"Чудо 26 худое кофе" деген жазуусу бар бат таасир берүүчү кофе сатып, шугулданган жаран кармалды. Ал борбор калаадагы Ош базарында 3 банка мындай кофени сатып жаткан жеринен колго түшкөн. Такталган маалыматтарга караганда кофенин курамында казеин, кофеин жана сибутрамин кошулмасы болгондуктан, адам ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Андан коркунучтуусу, сибутрамин заты ар бир кутучада 10 граммдан салынган. Аталган зат атайын дарылар үчүн пайдаланылат. Дарыгерлердин айтымдарында кан басымын көтөрүп, конвульций, инфаркт жана инсульт илдеттерин алып келет экен. Буга чейин да "Москва-Бишкек" темир жолунан мыйзамсыз түрдө бат таасир берүүчү кофе алып бараткан жеринен Кыргызстандын жарандары кармалган эле.

Улукбек
КУТМАНБАЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика