Кыргыз гезиттери




Үмүт арттырган бизнес форум
5-март күнү, Нарын шаарында губернатор Канатбек Муратбековдун демилгеси менен "Теңир-Тоо бизнес форуму" аталыштагы ишкерлик жыйын өттү. Дубандын мыкты чыкма бизнесмендеринин башын бириктирген бул иш-чара тууралуу кеп кезегинен болсун.

Нарын шаарында жана облусунда акыркы 20 жылда чечилбеген маселелер кырмандан үйүлгөндөй үйүлгөнү жазылып эле келет. Топтолгон социалдык- экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, жумушсуздук менен күрөшүү, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, айыл-чарба, соода, мал-чарбачылык, спорт, медицина ж.б. тармактарга көмөк көрсөтүп, инвестиция тартуу маселелерин иретке келтирип, аларды Өкмөткө долбоор катары сунушталганда эле кеминде облуска 22 млрд. сом керек экен.
Бүгүнкү мамлекеттин шартында бул оңбогондой сумманы бюджеттен табуу, чындыгында кыйын. Бирок чечилиши зарыл, жергиликтүү тургундардын жүрөгүн өйүп келген маселелерди Өкмөттү карап отура бербей, өздөрүн облустун каймактарыбыз деп санаган ишкерлердин жардамы менен чечүүгө неге болбосун. Ушундай изги ниет менен бизнес-форумду өткөрүүгө белсенген облус губернатору Канатбек Камбарбекович жыйында сунушталган долбоорлордун бирин өз чөнтөгүнөн бүткөрүүгө сөз берип, келгендерге өрнөк көрсөттү. Ал эми губернатор алган долбоор - Нарын шаарынын кире беришинде "Алма-Бак" сейил паркы. Канатбек Муратбеков аталган сейил парктын четин тосуп, ичин жасалгалап, кичи футбол аянтчасын, теннис кортун куруп берүүгө 11 млн. сом короттуга даяр экенин билдирди.
Облус жетекчисинин сөзүнөн кийин, келген ишкерлер кеп кезегин алып, өздөрүнүн күчү жеткен долбоорлорго инвестиция кыларын айтып башташты.
Маселен, Нарын облусуна эң көп демөөрчүлүк кылган "Дордой" ассоциациясы шаардын чыгыш аймагына жалпы баасы 2 млн. сомду түзгөн мончо куруп бермей болду. Аскар Салымбековдон кийинки олигарх, Нариман Түлеевдин Бакыт деген өкүлү 7-апрелде шейит кеткен балдардын элесине 1 млн. сомго эстелик курууну моюнга алды.
Нарындык бизнесмендердин ичинен 7-апрель курмандыктарынын үй-бүлөсүнө эң көп жардамды дал ушул Нариман мырза бергенин айта кетпесек болбойт. "Мегаком" компаниясы 30 млн. долларга шаарга нан чыгыаруучу цех ачып берүүнү көздөсө, "Агахан" фонду Ак-Коргон аймагына 100 орундуу бала бакча салып беребиз деп кезектеги убадасын берген. Кезектеги дегенибиз, "Агахан" фонду облустагы ар кандай иш-чараны калтырбайт. Баарына убада берет. Бирок, аткарган иши аз. "Аюу" компаниясы шаарга бокс залын жана Ат-Башыдагы бир айылдан бир айылга барып-келип окуган окуучуларга кичиавтобустардан беребиз дешти.
"Теңир-Тоо бизнес форум" жыйынынын 1-этабы гана өттү. 2-этабында чет элдик инвестициялык компаниялардын келиши күтүлүүдө.
Ал эми, теңиртоолуктар жаңы губернатор Канатбек Муратбековдун бул демилгесин кубануу менен кабыл алууда. Анан да нарындыктар "эгер Канатбек Муратбеков бизнес-форумда көтөргөн долбоорлордун өтөөсүнө чыкса, анда а киши Нарын облусуна мурда-кийин келип иштеп кеткен губернаторлордун ичинен эл үчүн иштеп берген чыныгы патриот жетекчи катары элдин жүрөгүндө кала берет"-деп турушат. Биз дагы жаңы губернатордун ишине ийгилик каалайлы.
Келечек ТАЛАС уулу





Көлбаев, Акматбаев сыяктуу
киши колдуу болушу мүмкүн
22-февралда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева кылмыштуу авторитет Камчы Көлбаев мамлекет тарабынан издөө салынган кылмышкерлердин тизмесине киргизилгенин айтып чыкты. Көлбаевдин кылмыштуу иштери тууралуу Кыргызстанда көп эле киши билгенине карабастан, Отунбаеванын бул билдирүүсү кылмыш дүйнөсүн ордуна койгусу келген кыргыз милициясынын аракетинен кабар берип турат. Бирок мындай аракеттер натыйжа береби-жокпу, азырынча арсар.
Президент бүгүнкү күнгө карата уюшкан кылмыштуу топтордун 80дей мүчөсү кармалганын айтты. Отунбаева уюшкан кылмыштуулукту алсыратыш үчүн дагы көп иштерди жасаш керек экенин, ал эми кылмыштуу топтордун негизги анабашылары дагы эле эркиндикте жүргөнүн моюнга алды.
Акыркы жылдары Көлбаев өлкөдөгү эң таасирдүү кылмыш төбөлүнө айланды, ал камактан коркпой-үркпөй эле баңгизат ташып, каракчылык менен алектенет деген божомолдор бар. Бул жерде кылмыш топторунун өкүлдөрү саясый чөйрөгө дайыма катуу таасир көрсөтүп келген. Курманбек Бакиев президент болуп турганда кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Өкмөт менен парламенттеги кызматтарды ээлеп келишкен. Мамлекет менен кылмыш дүйнөсү ушунчалык тыгыз чырмалышкандыктан, кимиси ким экенин айырмалап билиш кыйын болуп калган. Мамлекеттик ишмерлер өлкөдөгү негизги кылмыштардын демилгечиси болушкан. Андыктан, Бакиев бийлигинин тушунда Кыргызстан баңгизаттардын өткөөлүн камсыз кылган өлкөгө айланып, ал боюнча мыйзамсыз келишимдер укук коргоо органдарын кыйгап өтүп, эң жогорку мамлекеттик деңгээлде түзүлүп калганына таң калып деле кереги жок.
Бакиевдин тушунда деле Көлбаев издөөдө жүргөн (чын-чынына келгенде Бакиевдин тушунда Көлбаевдин туулган күнүндө ага издөө салган жарыя алынып салынган - "Zpress.kg" агенттиги). Ошого карабастан, мурдагы президент аны кармаганга же кызыккан эмес, же колунан келген эмес. Кыргыз маалымат каражаттарынын жазганы боюнча Көлбаевди орусиялык кылмыштуу төбөлдөр катуу колдоп турушат. Көлбаевдин жердеши жана атаандашы Рысбек Акматбаев 2006-жылдын май айында парламенттин депутаты болууга жетишкен. Бирок саналуу күндөрдөн кийин аны атып кетишкен. Кыргыздардын көбү Бакиев бул кылмыштуу авторитетти укук коргоо органдары аркылуу жазалагандын ордуна биротоло көзүн тазалаганды туура тапты окшойт деп эле ойлоп калышты.
2010-жылдын апрелинде режим алмашкан соң мамлекет менен кылмыш дүйнөсүнүн мамилеси кескин өзгөрдү. Бир жагынан, мамлекет милицияны толук көзөмөлдөй элек, айрыкча бул өлкөнүн түштүгүнө тиешелүү. Башка жагынан, бийлик уюшкан кылмыштуулукка каршы чоң өнөктүк баштаганы тууралуу Өкмөттүн билдирүүлөрү укук коргоо органдарынын акырындап күчүнө кире баштаганынан кабар берип турат. Көлбаев Ошто 2010-жылдын июнь айында болгон улут аралык кагылышуудан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бирок ошол кезде арты эмне болот деп сестенгенби, айтор милиция кылмыштуу авторитетти камакка алуудан баш тартып коё берген. Мурун Көлбаевди эки кишини өлтүрүп, түрмөдөн качты деп айыптап келишкен.
Президент, балким, чындап эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкүсү келген болушу мүмкүн, бирок өлкөдөгү эң таасирдүү кылмыш төбөлдөрүн басууга Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин мүмкүнчүлүгү жетер-жетпеси күмөн. Ички иштер министрлигинин кылмыш дүйнөсүнө каршы өнөктүгү ар кайсы партиялар тескеп турган ар кайсы мамлекеттик институттардын ортосундагы саясый күрөштүн белгиси болушу да ыктымал. Президенттин уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан жок кылабыз деген убадасы, жаңы өкмөт өлкөнү көзөмөлгө алганын көрсөтүү аракети болушу да мүмкүн. Отунбаева ушул тапта эмне үчүн Көлбаев негизги бута болгонун түшүндүргөн жок.
Көмүскө экономикада өз ордун сактап туруш үчүн азыр кылмыш дүйнөсүнүн айрым анабашылары айрым өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары жана Өкмөттөгү айрым саясый топтор менен кызматташууда. Бүгүн мамлекет менен кылмыш чөйрөсүнүн өз ара мамилесине эки жагдай таасир этип турат. Биринчиден, айрым эски коррупциялык схемалар мурунку Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн ордун баскан бийликтеги жаңы адамдар тарабынан өзгөртүлгөн. Экинчиден, мамлекеттик бийлик ич ара бөлүнүп, беш саясый партиянын өкүлү болгон 120 депутат менен Өкмөттүн колунда турат. Ошого карабастан, Көлбаевдин жакын арада кармалышы күмөн. Дагы бир сценарий боюнча ал Акматбаев сыяктуу эле киши колдуу болушу мүмкүн. Көлбаев көмүскө экономикадагы өз ордун сактап калыш үчүн Өкмөттөгү чиновниктер жана депутаттар менен байланышты күчөтүүнү оң көрүшү мүмкүн.
Бирок Көлбаевдин кармалышы деле Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуулуктун маселесин чечпейт. Көп учурда мамлекеттик кызмат адамдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери көмүскө экономикадан киреше алып туруш үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун иши жүрүшүп турушуна өздөрү кызыгат. Жогорку кызматтагы чиновниктердин чөйрөсүндөгү коррупция жок кылынмайынча Көлбаев сыяктуу адамдар ээн-эркин өз билгенин кыла берет.
Эрика МАРАТ
"Jamestown", 28-февраль, 2011-жыл
Которгон - "Zpress.kg"




кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика