Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Сыртынан криминалга каршы, ичинен ага дос...
Ушу тапта Кыргызстанда криминалдарга каршы ачык күрөш жарыяланып, кримбектер оңду-солду кармалып жаткан убак. Ансайын оппозициялык маанайдагы "Атамекен" партиясы криминал менен азыркы бийликтин айрымдарынын байланышы бар экенин күн сайын кайталап, "кара дүйнөнүн" чыныгы лидерлери ээн-жайкын жүргөнүн кеп кылып келишет. Кээде мен-мен деген чыгаан оперлерден биринчи оперативдүү маалыматтарды айтып чыгып. Кайдан билип калышканы көпчүлүккө табышмак. Бирок, жакында биз бул боюнча жашыруун маалымат угуп, оозубуз ачылды.
Ал так эмес маалыматтарга таянсак, аталган партиянын өзүн "президенттик шайлоого талапкерлигин коём" деген бир депутаты өткөн жумаларда Бишкектин Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мурда Максим Бакиевге таандык деген көңүл ачуу жайларынын биринде "мыйзамдагы ууру" жарлыгы бар Камчы Көлбаев менен жолугушат. Сүйлөшүү учурунда депутат президенттик шайлоодо колдоо көрсөтүүнү Камчыкеден суранып, экөөнүн сөзү бекиген имиш. Ошондон тартып, Көл менен Талас жергесиндеги криминалдык күчтөргө күзгү шайлоодо ошол "атамекенчи" депутатты колдоо тапшырмасы берилиптир дешет... Кыргызда айтылган "мал аласы сыртында, адам аласы ичинде" деген ушулбу?


Коёналиев "Билайнды" басып алганбы?
Турусбек Коёналиев деген күн тийген жерден кетпеген, бийлик тарапты беттеген, Акүйдөн ныпым кетпеген, кошоматчылык менен интриганы эби менен эптеген жигит бар. Азыр президенттик башкармалык деген майлуу жерге чоң болуп, май болгон бармагын жалап турган учуру. Ошол кызматкер билинбегени менен өз кызыкчылыгын мамлекеттин атынан ишке ашырып жүрөт десе, ишенчү эмеспиз. Көрсө, ошондой "опуттары" бар экени маалым болду. Айталы, ушу тапта президенттик башкармалыкта иштеген миңдеген жумушчуларына "Билайн" мобилдик операторунун корпоративдик номерлерин таркатып берип, 200 сомдон кызылдай жыйнап жатыптыр. Албетте, "албасаңар да аласыңар" деген ормон опуза менен. Анын ою боюнча, башкармалыктын баары Туке тараткан номурларды колдонуп, буга чейинки дайын-даректеринен айрылышы керек окшобойбу?! "дагы sim-карта эле таратканына шүгүр, кокус телефонун кошо таратса, дээрлик бир айлык маянабыздан айрылмакпыз",-деп отурушат ушу тапта башкармалыктын кызматкерлери. Ушундан улам биз бир ойго келдик, азыр коомчулук "Мегаком" менен алаксып жатканда, буйткадан чыккан Турусбек мырза "Билайнга" "крыша" болуп алганбы???


" Атажурттан" алтоо ара жолго...
Өткөн жумада "Атажурт" партиясынын депутаты Нариман Түлеев айрым гезиттерге маек куруп, "Мен эч убакта "Атажурт" партиясынын мүчөсү болгон эмесмин. Өзүмдү азыркыга чейин бош депутат сезем",- деп балп эттирген эле. Буга эл эмес, ошо партиялаштары да түшүнбөй, ооздору Ошту караптыр. Бизге жеткен айрым так эмес маалыматтар боюнча, партиянын башкармасы Ташиев, Келдибеков баш болгон бир тобу Ташполот акенин уулун тартипке салып коюу максатында жыйын курушуп, бирок, өз максаттарына жеткен эмес. Себеби, Нариман тарапка Марат Султанов, Динара Исаева, Мыктыбек Абдылдаев, Эльмира Иманалиева, Нарынбек Молдобаев сыяктуу капчыгы да, кадыры да жетишерлик депутаттар ооп кетет. Мындайды күтпөгөн Камчыке менен Акмат ичтеринен тымып, сырты күлүп, ичи ыйлап, "бөлүнбөйлү, антишпейли, ынтымакта бололу",- деп тим болушат.
Антпегенде кантмек? Ачыгын айтканда, өткөн президенттик шайлоо учурунда бишкектиктердин добушун Нариман мырза "Атажуртка" алып бергени сокурга деле маалым эмеспи...


Темикенин темингени куру бекерби?
Парламенттик шайлоого "Мекен ынтымагы" деген партиянын лидери болуп чыгып, ары курч, ары жүйөлүү сүйлөп, өзүнүн билими, буга чейин жасап келген иштери туурасында саймедиреген Темирбек Асанбеков деген жигитти эсиңерден чыгара элексиңерби? Ошол жигит бир-эки жерде "президенттикке атсалышам" деп шымаланганы бар. Бүгүнкү күндөрү Темике Бишкекте жүрү. Чындап эле президенттик шайлоонун камын жеп. Бирок, кыргыздагы "көңдөй челектин үнү катуу чыгат" деген макал Темикеге куп жарашарын, анын айланасында жүргөндөрдөн эшиттик. Темике бир кездери шайлоого чогуу аттанган аттуу-баштуу жигиттер менен ысыгы сууп, кер-мур айтышып, акыры эки ача жолго түшүп тынганы бар. Коколой жалгыз калып. Айрым маалыматтардан уксак, "мен миллиардермин" деген Темике беш өрдөктү учуруп койгон дешет. Ашынган деле байлыкка туйтунбаган бул мырза, коңшу казактардын айдамасы менен келип, парламенттик шайлоого катышканы, эми да ошол тараптын түртмөлөөсү менен ажолукка атсалышмакчы болуп атканы айгине болду. Кызыгы, кыргызга өз башы, өз күчү менен качан бирөө бийлик жүргүзөт болду экен, ыя? Анан да партиялаштарынын астында сөзү өлүп, кадыры кетип, бир кезде өзү лидерлик кылган партиясынан да айрылып калган соң бул мырза коколой башы менен кантип ажолукка аттанмакчы?


Жаш министр жаңылганда
Өткөн жумада, тагыраагы 3-мартта Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленди. Демилгени колго алган КРнын Жаштар министрлиги болуп, бул күн мурда боло элек жакшы маанай менен коштолуп турду. Ошто, Таласта да, Көлдө, Нарын менен Баткенде да, борборубуз Бишкектин көчөлөрүндө да мамлекеттик туубузду желбирете көтөрүп, ак калпак кийген жаштар "Биримдик" урааны менен тынчтык жүрүштөрүн жасашты. Албетте, бул оозго аларлык демилге. Бирок, ошол эле маалда жаңы түзүлгөн Жаштар министрлигинин кадрларынын жоруктары ичти муздатып туру. Айталы, аталган министрлик мөөрү жок эле, министрдин орун басары М. Нуралиев дегендин колу коюлган каттарды Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын ректорлоруна жөнөтөт. Албетте, Мамлекеттик Туу күнүн белгилөө иш-чарасына катышуу суранычы менен. Бирок, аталган каттын ичиндеги катасы ондоп саналат. Мисалы, Эл аралык Башкаруу, Каржы, бизнес жана укук Академиясынын директору К. Назарматовага жолдонгон катында туура 11(он бир) ката бар экен. Баарынан орой жери Касира Мукашевна Назарматованы бир жерде "Назарматовго" деп мырзага айлантып жиберсе, бир жерге "Кассира" деп тиштенип жазышыптыр. Башкаруу академиясын "башкарма академиясы" кылып жибергендери да күлкүңдү келтирет. Айтор, мындай осолдук үчүн министр Алиясбек мырза көпчүлүктөн кечирим гана сурабастан, ошол чала сабат кызматкерлерин тезинен иштен алса, өзүнүн эле өсөрүнө жакшы демекчибиз...


Салгылашта Садык Шер
Президенттик шайлоо деген бир балээ болду го. Дегеним, "кыргызга хан болом" дегендер күн санап көбөйүп атыры. Аттуусу деле, жөөсү деле, тончону деле, жылаңачы деле дегендей. Президенттикке шымалангандардын катарына "Айтыш" коомунун негиздөөчүсү, экс- маданият министри, кинорежиссер Садык Шер-Нияздын да ысымы кошулду. Албетте, бул мырза атсалышса болот. Курулай популисттик менен алектенип, жетим балдар, кары-картаңдарга бирден печенье, бирден бетаарчы бере салып, "элге жардам берип атам" дегендерден кыйла бийик турат. Ишти кандай алып барарын, ал баштаган иш кандай деңгээлге көтөрүлөрүн эбак эле далилдеп койгон. Журтсүйөр, патриоттуулугунда шек жок. Болгону бир чоң кемчилиги бар. Саясаттан алысырак жүрөт. Саясый вирус менен ооруп, атын булгаган эмес. А бизде саясый жактан бузулбаган адамдын бийликке келиши түшкө кирбеси анык эмеспи. Андыктан Сакемдин деле шансы бар деп айтыш кыйын.





кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика