Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Коалицияны ыдыратуунун артында Нураке турабы?
Акыркы учурларда коалициянын ыдырашы тууралуу узун сабак кептер арбыды. Бул бирикменин иштен чыгып, иттей тытышып калышына өзгөчө кызыкдар күчтөр катары "Атамекен" партиясы менен "Ар-Намыс" партиясы абдан кызыкдар экендиги маалым. Ошол эле убакта коалицияда турганына карабай, "Атажурт" партиясынын айрым лидерлери дагы тымызын оппозициялык күчтөр менен жолугушуп, түпкүлүгү коалицины чачыратып, ушул үч партиянын бийлиигин алып келүүгө камынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар деле элге жаңылык болбой калды. Бирок, биз бул саясый шойкомдун артында алардан да чоң күч бар экенин эшиттик. Болгондо да аны кыргыздардан эмес, коңшулаш мамлекеттин элитчөйрөсүнөн угуп отурабыз. Ал кандай маалымат экенин ачыктоо менен, бул маалыматты жүз пайыз чындык дегенден алыс экенибизди эскертебиз.
Эсиңиздерде болсо, 7-апрелдеги кландык бийликти кулатуу окуясынан кийин негедир биз бир боор эсептеген казактар кыргыздарга сактануу менен мамиле жасап, керек болсо бизди душман тутуп, чегара пункттарынын баарын жаптырып салган. Ал тургай мобу Чүй-Кемин тараптагы мурдатан ачык жаткан чектерин зым менен зымылдатып тостуруп салышты. Натыйжада Кыргызстанда соода-сатык солгундап, азык-түлүк боюнча талаптардын саны өсүп, Убактылуу өкмөт Нурсултан Назарбаевдин бул кадамына түшүнө албай түкшөмөлдөп калат. "Өзүң тийишпе, тийиштиңби, ыйлаба" демекчи, ошол оор кырдаалда азыркы Өкмөт башы Алмаз Атамбаев чечкиндүүлүк менен демилге көтөрүп, Казакстандын даркан талааларына жан киргизип турган Таластагы Киров суу сактагычын жаптырып, тамчы суу бердиртпей коёт. Сугат маалында казактарга мындан өткөн кордук барбы? Айлалары куруп, казактын бийлиги өз кылганы өзүнө муш болгонуна жаны кашаят. Ачуусу менен оор согуш техникаларын Кыргызстандын чегарасына алдырып келет. "Сес көрсөтөм" десе керек го? Анан кечке жуук Алмаз Атамбаевге Нурсултан мырза телефон чалып, "Кировду сыйың менен ачтырып кой, антпейт экенсиң, азыр аскерлерим каптап кирип, күч менен ачып алат" сыяктуу ормон опузага өтөт. Ойлосо керек, кыргыздын баш көтөргөндөрүнүн баары эле Акаев менен Бакиевдей коркок, мажирөө немелер деп. Жок, анын тилеги таш кабат. Алмаз мырза да өзүнө жараша катыгын берип, "Сизди казактын башы десем, кайдагы кепти айтасыз? Согушам десеңиз, биз корко тургандардан эмеспиз. Сиз кыргыздардын баатыр эл экенин билбейсизби? Керек болсо 200 эле кыргыз Астанаңа туу сайып коё алат!"-деп жооп кайтарат. Муну укканда байланыштын аркы учундагы Назарбаевдин оозунан келмеси ыргып, ындыны өчөт да, эртеси чегараларды ачууга буйрук берет. Ошону менен эки тарап элдешти болуп, Киров суу сактагычы ачылып, маселелер өз ордуна келгенсийт. Бирок?!
Бирок, ошондогу телефондук сүйлөшүү Нуракенин эсинен кетпей, Алмаз Шаршеновичке болгон кеги жүрөгүн өйүп, "сениби, шашпа" таризинде кекенип калат. Аңгыча Кыргызстанда парламенттик шайлоо башталып, партиялар көрүнгөн жактан колдоо издеп чуркаганда, Нураке да айрым партия башчыларын кабыл алып, "КСДПны" парламентке өткөрбөөгө жанүрөйт. Бирок, Атамбаевдин командасы шайлоодо жеңип чыгып, коалицияга кирип, ал тургай Өкмөт башы болгону коңшулаштардын "атакеси" кайрадан ичим тап болуп, санаасы санга бөлүнөт. Бирок, ал ичиндеги кегин ишке ашыруу үчүн тымызын аракетин токтотпой, өткөн айдын башында Кыргызстандагы үч "А" арибинен башталган партиялардын айрым лидерлерин жашыруун кабыл алып, "Атамбаевди бийликтен оодарсаңар, 120 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берем. Биргелешип шайлооңорду өткөрүп аласыңар, бийлигиңерди бекемдеп аласыңар",- деп жем таштаптыр. Албетте, бул оңой сумма эмес. Муну укканда, "Ар-Намыс", "Атамекен" партияларынын баштыктары шымалана ишке киришсе, "Атажурттун" Акмат Келдибеков баштаган бир тобу "Койгула, элге тынчтык керек, эркекче кол алыштык эле, сөзүбүзгө туралы, коалицияны бузбайлы",-деп жигиттик кылып жатышыптыр. Арийне, "атажуртчулардын" Камчы Ташиев баштаган экинчи тобу Нуракеге берген убадалары үчүн жогорку кадамга барарын кыйытып келатышкан имиш.
Эмне дейли, улуттун кызыкчылыгынан, элдин тынчтыгынан ошол акча артык болсо, булар албетте, кайрадан саясый башаламандыкты жаратышат. А балким элдин убалы менен тилегинен коркуп калгысы да бардыр?! Ал эми биз сыйлап келген Нуракенин бул мурда билинбеген жоруктарына жол болсун...




Кримдүйнө лөктөрүнө берилген 500 000 доллар
Кыргыз бийлиги криминалга каршы согуш ачып, коомду криминалдардан арылтууга батыл киришип жаткан чакта, ошо бийликтеги адамдардын, жогорку кызматтагы чиновниктердин издөөдөгү криминалдар менен тымызын байланышып жаткандыгы да калкып чыгууда. Айталы, өткөн айларда, кайсы бир мамлекеттик бийик даражалуу чиновник "Каприз" аттуу жайда "мыйзамдагы ууру" жарлыгы бар Камчы Көлбаев менен жолукканы тууралуу маалыматтар коомчулукка тараган. Буга УКМК жооп кылып, Камчы Көлбаев ал күнү "Капризде" болбогонун кыйыткан. Бирок, бул факты боюнча айрымдардын колунда тастыкоочу материалдардын бар экендиги да таң калтырат. Кыскасы, чындыктын кай тарапта экенин далилдөөгө азыр мезгил эртелик кылып тургандай. Ошого карабай, коомчулукта түркүн пикирлер орун алып, көңүл бурдурат. Анын бири төмөнкүдөй жаңылыкты өзүнө камтып турат.
Биз уккан, бирок, тастыктала элек имиштерге караганда, ошол жолугушуу мындай негизде өтөт. Ошол мамлекеттик чиновниктин партиясы өткөн парламенттик шайлоодо көпчүлүк добуш алуу үчүн кримавторитеттен жардам сурап, акысына 500 000 (беш жүз миң) АКШ долларын убада кылат. Шайлоо учурунда аталган сумманын 300 миңи төлөнөт. Калган 200 миңи ошол "Каприздеги" жолугушууда чемодан менен берилет. Мындан тышкары ал чиновниктин партиясы кримавторитеттин тапшырмасын аткарып, Чүйдүн Жаңы-Жер айылына мечит куруп берет. Мунун баарынын отчету жогорку жолугушууда берилмек экен. Кызыгы, негедир бул жолугушууга "Бишкектин смотрящийи" аталган Алтуха да катышат.
Ошентип, "шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" болуп, шектүү маалыматтар улам калкып чыгууда. "Кыңыр иш кырк жылда билинип" калгычакты, абийир алдында чындыкты моюнга алышса кандай болмок?!




Көк-Асабаңа кайт, Кыргыз!
Карганбек Самаков деген мырзабыз бар. Улуттук баалуулуктар, баба мурастары туурасында катуу күйүп, шымалана киришип келет. Ошол мырза канчадан бери тартышып келаткан желек маселесин дагы бир ирет көтөрүп чыкты. "Кыргыз желегинин туусу кызыл болгон эмес. Кызыл кандын түсү. Ортосундагы түндүктүн элесин берген күнкараманын мааниси да туура эмес. Маани берген адамга ал түндүктү өрттөп аткан жалынга окшош. Атургай өлкөбүздө болуп жаткан кайгылуу, кандуу окуялар да мындан көзкаранды болушу толук мүмкүн. Андыктан биз бабалардын байыркы көк түстөгү туусуна кайтуубуз керек"-дейт Самаков. Карганбек мырзанын пикирин колдогон жаштар, коомчулук катмары калыңдап баратканы ырас. Демек, али да кеч эмес деп баатыр бабабыз Манастын, байыркы кыргыздын асман түстүү, көк желегин желбиретүүгө мезгил жеттиби?







кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика