Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Абакта
сулуулар конкурсу
Жылына бир келчү 8-март- Аялдардын эл аралык майрамын ар бир аялзаты өзгөчө толкундануу менен кабыл алат эмеспи. Анткени, ушул күнү ал айланадагы адамдардан, жакындарынан, жандай көргөн жарымынан жакшы сөз угуп, жагымдуу маанай алат. Так ушундай жылуулукту башкалардан айырмаланып зарыга күткөн айымдар- абактагылар. Алар үчүн ал-акыбал сурап, абак ичине адам барган күн да майрам. Кайсы майрам болбосун, абактагы айымдарыбызды унутпай, алардын жүрөгүнө жылуулук,эртеңки келечегине үмүт, ишеним тартуулап келген бир айым бар. 11 жылдан бери түрмөлөрдү түрө кыдырып, маданий азык тартуулап, ар кандай концерт, кече, конкурстарды өткөрүп келе жаткан продюсер Назгүл Насиеванын бул эмгегин башкалар "ии" деп коюшар, бирок билгендер "бали!" дешет. Назгүл айым бул жылы да майрам алды 4-мартта ырчы мырзалар менен, белек-бечкегин камдап алып Степной айылындагы №2 түрмөнүн босогосун аттады. Бул күнү абак ичинде "Мисс-2011" -сулуулук конкурсу өтүп, 4 отряддан бирден сулуу тандалып, ар бир отряд өз сулуусун колдоп-коштоп, аял -абакта да аял экен, сулуулукту даңазалашты. Көз көрүп күлүңдөгөн, кулак угуп кубанган бул конкурс 3 турдан турду. Алгач өздөрүн айга, күнгө, гүлгө теңеген айымдардын өздөрүн тааныштыруусу болсо, экинчи этабында сахналаштырылган оюн көрсөтүшүп, үчүнчүсүндө, ар бири өз өнөрлөрүн көрөрмандарга тартуулашты. Башка шартта өтүп келаткан сулуулук конкурстардан бирден-бир өзгөчөлүгү-айымдардын ар бир кийген, кооздугу көз жоосун алган кийимдери атайын дүкөндөрдөн сатылып алынган эмес, көздүн майы кеткен кол эмгектери болду. Ушундан эле, айымдарыбыз убактыларын текке кетирбей, пайдалуу иш жасап жүрүшкөнүн баамдасак болот. Дагы бир жагымдуу жагдай- айымдарды куттуктап "Ишкер айымдар клубунун" айымдары да келишкен. Басымдуу бөлүгү чет элдик бул айымдар да куру кол келишпептир. Өзгөчө ал жердегилер Диля деген айымдын келишине кубангандарын сездим. Анын себеби бар экен. Анткени, Диля айым бир кезде алар ичкенди ичип, кийгенди кийип, кейигенде кейип, ыйлаганда ыйлап, муздак дубалдарды тиктеп, далай уйкусуз түндөрдү бирге өткөрүшкөн . Абактан бошогон айым кечээги тагдырлаштарын унутпай, жолдошу экөө келиптир. ЖАМКнын штаб жетекчиси Тургунбек Токтосунов мырза Диля айымды мисал кылып, "Эртеңки эркиндикке чыккан күнү силер да Дилядай болуп жакшы жар күтүп, ишиңер ийгиликтүү болуп, турмушуңардан өз ордуңарды табаарыңарга эч качан күмөн санабагыла. Силерди күткөн адамдар бар..." деп тилектерине тирек, үмүттөрүнө шоола чачты. Абак жетекчи болуп келгенине эки гана күн болгон Акылбек Ибраев мырза айымдарга "амнистия" тиледи эле, зал жаңыра түштү. Ал эми концерттик программаны куйкум сөздүү Эркин менен Чолпонай алып барып, Максат Бегалиев, Азат Болотбек, Омар, Мелис Абдрашитов мырзалар ыр десте тартуулашкандан тышкары, калыстар тобунда орун алышты. Ошондой эле калыстар тобунун катарын Тургунбек Токтосунов, ЖАМКнын пресс-катчысы Эркин Көңүлкулов, НБТ каналынын режиссеру Мирлан Муратов, администратор айым Астра, чет элдик айым Мария болду. Ал эми Назгүл айымдын "Я люблю тебя до слёз" деген популярдуу ырды аткаруусу, отургандардын көөдөнүн сыгып, көздөрүн жашка толтурду. Ошентип, жыйынтыгында "Мисс-2011" болуп Феруза Жумабаева аттуу айым алдыга озуп чыкты. Гүлчехра Каримова 2- орунду, Рахат Арыкбаева 3- орунду, Динара Барпиева 4-орунду алып, ар бир айымдын колуна белектер жык толду. Буюрса, айымдар Назгүл айым уюштуруп, алып барган нан бышыргычтан ысык нан жешет. Чет элдик айымдар менен Диля айым алып келген корзина толгон косметика каражаттарына ажарын огобетер арттырып, сулууланышат.
Эльмира МАДИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика