Кыргыз гезиттери




Токтош ТОЛКУНОВ
Арзуу аудиториясы
- Далай адамдар Каракөлгө атайын эс алганы барып, ал жактын сулуу кыздарына ооздору ачылып, суктангандарын жашыра албай "Каракөлдүн кыздары" деген ырды озондоп келишчү. Деги ушу силерде бир касиет бар, эркектин баарын тартып турасыңар?! Сатарбековдун минтип демейдегиден башкача жумшак болуп, ар нерсени сүйлөп жатканына таң калып отурган кыз, эми анын оюнун ары жагында эмне бар экенин билгендей денесин жыйрып, ичинен ичиркенип алды. Сатарбеков болсо байкаары менен кайра баягысына өттү. Кыздын маңдайына келип отурду да, журналын шарактатып ачып кирди.
- Кана эмесе, Каракөлдүн аккуусу, эмнеге даярсың?!
Кекээр аралаш угулган бул суроо кызды кайрадан чочутуп, баягы эки күндөн бери окугандарын заматта эсинен чыгарды. Бети кызарып, кол дептерин улам барактап, отурган орундугуна батпай, жанын коёрго жер таппай калды. Ансайын Сатарбековдун жүзүнө жылмаюу кирип, бу маңдайындагы кыз акыры анын ыгына көнүп берерине көзү жеткендей кенен дем алды да, ордунан туруп, кыздын жанына келди. Далысынан акырын таптай, кыздын кулагына шыбырады:
- Зуличка, эмне мынча коркуп жатасың, эмне сага менин сабагым ушунча эле түшүнүксүз болуп жатабы?
Кыз башын жерге салган бойдон акырын ээгин ийкегиледи. Үнү чыкпай, көзүнөн жаш тегеренет.
Анысы ого бетер агайынын чырагына май тамызып, ал эми андан жумшак үн менен шыбырады:
- Эмне ыйлайсың, окуудан чыгып калам деппи? Же менден уялып жатасыңбы? Коркпо каражан, эгер менин кичинекей өтүнүчүмдү аткарсаң, ушул филфакты кызыл менен аяктап, керек болсо ушул жерге аспирантурага каласың...
Кыз деле оңой кыздардан эмес. Агайынын "кичинекей өтүнүчү" эмне экенин ичинен сезип турду. Мен деген жигиттерге боюн салбаган, ушул агайга өзүн кантип ыраа көрөт? Бирок, антейин десе окуудан биротоло чыгып калса, эне-атасына эмне дейт? Бир заматта ушунун баарын ойлоп, аргасы түгөнүп турду.
Сатарбеков өзүнүн аракетин токтоткон жок, эңкейип кыздын мойнунан жыттады. Кыз болсо мойнун жашырган болду, бирок, үн чыгара албады. Агайы ансайын кулагынын түбүнө шыбырайт.
- Коркпо, Зуличка, экөөбүздүн мамиле тууралуу жан адам билбейт. Мен деле ар кимдин убалына калган аягы суюктардан эмесмин. Просто, сүйүү деген ар бир адамга ар кайсы убакта келет экен. Мен сени чындап сүйүп калдым. Сени жактырып, кыйналып жүргөнүмө эки жыл болду. Бирок, өтүп кетээр деп отуруп, акыры ушул абалга келдим. Түшүнсөң сен эми. Экөөбүздүн ортобуз 15 жашка айырма болгону менен сезимдер ага баш ийбейт тура... Агайынын андан аркы сөздөрү кыздын кулагына деле кирген жок, башы айланып, мындайды күтпөгөн кыз дендароо абалда отура берди. Бир топто келип эсин жыйды да, калтыраган үн менен:
- Агай, сиз мени кыйнап койдуңуз, бирок, айлам канча?! Жок дегенде мага убакыт бериңизчи, ойлоноюн.
Мындай далай жалооруган сөздөр менен көздөрдү каршы алган Сатарбеков башын аста ийкеген болуп, сумкасын көтөрдү да, аудиториядан чыгып кетти. Себеби, ал бул кыздын эми эч жакка кача албасына көзү жеткен, бирок, дароо эле төшөккө сүйрөп жөнөгөнгө эрте. Андан көрөкчө убакытты текке кетирбей, кечки тамакка чакырган досуна барган оң эмеспи.
Досу демекчи, Сатарбековдун бул досу колуна комуз ойнотуп, коңгуроодой үн менен элдик далай күйдүм-секет ырларды ырдап чыгып, азыркынын тили менен айтканда эчак эле "популярдуу" болгон ырчы неме. Жылдыз болуп жарк эткени, келин-кыздардан колу бошобой, берки ачкыл суунун да акесин таанытып жүрөт. Муңдар экөө далай келиндердин койнун тердетип, баштарын тегеретип алган. Бүгүн дагы ошондой кечтердин бири болчу. Досу экөө эч убакта алмаштырбаган көндүм кафеге кирип келсе, тээ төрдө кашка маңдай досу отурат. Ашказандарына 200 грам арак кирип кеткенби, бакылдап, маңдайындагы эки сулуучумак келиндер шаңкылдап калыптыр. Муңдар болсо бирөөсүн жазбай тааныды. Өткөн жайда бу келин филфакка сиңдисин тапшыртканы келип, аягында өзү Муңдарга "экзамен" тапшырган эле. Бирок, саат басып, чөнтөк телефонун уурдатканы бул келинди таппай калган. Эми минтип бул жерден кезикти. Сыр бербей саламдашып, кол алышып таанышкан болуп, маңдайына отура кетти. Эски тааныш келиндин жанындагысы болсо жаштар театрында иштеген, 30га чыга элек, бой-сымбаты келишкен аккуу моюн, аркар төш сымбатуу неме экен. Муңдар аны көргөнү эки көзү кадалды да калды. Демек, бүгүн бу келинди "байкелетпесе", Муңдар Муңдар эмес да....




  Жөө жомок 1.

Бу томолок жердин бетинде алакандай болгон жери, азганактай болгон эли бар мамылекет болгон экен. Азганактай болгону менен аларды ошо томлок жердин аркы бети да, берки бети да таанычукен. Тааныганда да алыстан эле, өңүнөн эле жаземдебей таанышчукен. Анткени, ошол кымындай болгон элдер кайсы бир кылымдарда тоону томкоруп, ойду омкоруп, кыжылдаган элдерди кылыч менен эле кырып салган баатырлардан болгонкен. Ошого жараша алар абдан акылдуу эл болуп, дүйнө таанымы алдыда болуп, маданияты менен башка элдердин оозун ачырып турушчукен. Томолок жердин эң эле кыйыныбыз деген ербей эли да ушу азганактай болгон элди таратып, тоноп, талкалап, акыл-эсинен ажыратмайын болбой томолок жерди топтой башкара албастарын жакшы билчү. Ошондуктан ар убак тиш кайрап, колтуктарына котур таштарын жашырып алып, бирок, эч шек-шооратын билгизбей, чыркыз элине күйгөн киши болуп, аларды аяган киши болуп, күлү менен кирип, оту менен чыкчукен. Чыгып баратканда байлыгын да, бийлигин да ала чыкчукен. Кээде уурдап чыкса, кээде аппачык эле көтөрүп чыкчукен. Өздөрү көтөрүп жинди беле, так ошол эле чыркыз элинин күнкарама, колжалама, чачтарама, бутбайлама адамдарына көтөртүп чыкчукен. Көчүккө тээп туруп. Анткени алар бийлик менен байлык деген эки буюмду абдан жакшы көрүшчү да, көрсөтүп койсоң көздөрү кызарып, моюндары узарып, калчукен. Көздөрү кызаргандан кийин алардын көзүнө чыргыз эли кул катары көрүнүп, аларды отко деле, чокко деле, керек болсо бокко деле айдап ийчүкен. "Бокко барбаймын" деп кыйшаңдагандарын сотко айдап ийчүкен. Соттору болсо соттогонду эле эмес, поктогонду да кыйын өздөштүрүшкөн боёкчулар эле. Боёкчулар дегеним, алар тиги бийлик деген буюмдун ээлеринин оозу ачыла электе оталып кетишчү. Оталганда алеки саатта акты карага боёп ийишер эле. Кокус тайып, бийликтин ээлери "андаймес" десе, боёкчу соттор төөнүн өркөчүндөй болгон өчүргүчтү колго алып, баягы кара деген кишини заматта аппапак кылып коюшчу. Караларынын баарын өчүрүп салышчу. Ушунакай болуптур. Чыркыз эли аты айтып тургандай эле ченде жок чыр эл болуптур. Ырдаганынан чырдаганы көпкен. Ырдап отуруп эле аягын чырга айланткандар көп кезигипир. Бирок негедир ошо чыр немелер көп иштерди бүтүрчүкен. Чырдап атып эле бийликтегилерин чымылдатып кууп ийчүкен. Чырлап атып эле өздөрү бийликти басып алышчукен. Мындан кийин алар өздөрү менен өздөрү, бири менен бири чырлашып калчукен. Чырдын аягы келип чоң чатакка айланып, мамылекет чырлардын саны дагы көбөйүп, чырбаштар менен чыртамактардын мекенине айланып калчукен. Алар антип чырлашып жаткан чакта, чуңкурда бугуп жаткан мурдагы безекачарлардын калганы, күчтөрүн жыйнап чоң күчкө айлана калчу да, бийликти кайра курсак тойгузуу жана куру убада берүү ыкмасы басып калчу. Ошону менен чыркыздардын мамылекети кайрадан чөнтөкаккычтар менен соргоктордун бийлигине өтчүкен. Соргоктордун болсо сыры белгилүү, көзүнө көрүнгөндүн баарын өздөрүнө менчиктеп, колуна кармалгандын баарын чет өлкөгө ташып, буту басканды бүт бойдон тууган-туушкандарына энчилеп жиберчүкен. Ошол ошентип улана берчүкен. Баягы чырлар бул арада чылымдан күчүн чыгарып, мурундан түтүн чыгарып, акыры бир жерден бүтүм чыгарып чоң күчкө айланууга аракет кылчукен.

Эштек ШАКЕН баласы




кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика