Кыргыз гезиттери




тамашасы
Азамат, Камчыбек, Шаймерден, Талант, Абдин, Бакыт, Рамил, Дөөлөт аттуу жалаң мырзалардан турган "Саяктар" командасы Нарын мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган "Нарынский вариант" командасынын базасында түзүлгөн. "Команданын аталышын "Саяктар" деген стереотип бар го, ошондон улам атап койгонбуз. Командабыз жалаң нарындыктар же саяк уруусундагылардан түзүлгөн эмес. Арасында таластыктар да бар",- дешет. Эмесе, "Саяктардын" атынан Кылыч менен Шаймерден аттуу жигиттерден аялдардын 8-март эл аралык майрамына карата тамашаларын тартуулайбыз.


1.XX - кылымдын эң чоң провокациясы: 8- мартты гүл сатуучулар ойлоп тапкан бирок, Клара Цеткинге шылтап коюшкан.



2.8- мартта:
- Жаным, сага бүгүн белекке эмне берейин?
- Ой, мен даже билбейм, даже…
- Анда сага ойлонгонго дагы бир жыл берем.


3.8 -март:
- Жаным, бүгүн 8- март , сага эмне белек берейин?
- Ой, мага белек деле кереги жок, белегиң ошол болсун, бүгүн ичпей келчи ээ?
- Андай болбойт, бул белекти сага былтыр кылбадым беле, танда башка белекти…..


4. Эртең менен. Ашкана. Аялы күйөөсү менен кофе ичип жатышат.
Аялы:
- Жаным, сен унутуп калган жоксуңбу, жакында 8 - март?
Күйөөсү:
- Эмне, дагыбы?


5. Кичинекей бала атасынан сурап жатат:
- Ато-ооу, а эмнеге 8 - март календарда кызыл менен белгиленген?
- Ээ, балам, бул деген сен экөөбүздүн каныбыздын түсү.


6. Март. Азамат жолдо кетип баратса милиция кызматкери кармап калат.
Милиционер: -Та-ак, кайсыл жакка баратасыңар?
Азамат: -Үйгө.
М:- Кайсыл жактан?
А: -Досумдукунан, жаңы жыл тосуп...
М: -Эй, жинди , азыр деген март да..?
А :- Анда коё бериңизчи байке, ансыз деле аялым өлтүрөт.


7.Эки кишинин маегинен:
- Сен билбейсиңби, Айжамалдын туулган күнү качан?
- Жок билбейм, зато мен анын 8 - марты качан экенин билем.


8. Мерген Тургандын атасы:
- Балам, сени карап туруп, мен билбей жатам , сени 23 - февралың менен куттуктайынбы же 8 - мартың менен куттуктайынбы?



9. 23 - февралдагы белектер - бул жөн гана 8 - мартка инвестициялар!



10. Ырчы Динара Акулова концерт коём деп көчөлөргө жарнамаларды илип жүрүп, кокусунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып кетиптир.


11. Эгер көчөдөн сизге тааныбаган эле адам кайрылып ден -соолугуңузду сурап, сүйүүсүн билдирип, акча сунуштай баштаса, анда ал - акмак же депутаттыкка талапкер.



12. Май айындагы "Тамашоунун" финалында "Саяктар" өнөрлөрүн көргөзүү учурунда кызык окуя болгон. Жүздөгөн күйөрмандардын күлгөнүнөн калыстар белдерин шамалдатып алышты.



13. Сенсация! Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында, бир да партия жеңип чыккан жок! Анткени, шайлоочулар шайлоо бюллетендерин таштанды урналарына салышкан.



14. Түнкү жарнамадан: Сен жалгызсыңбы? Сени өз элиң жек көрөбү? Сенин миллиондогон долларларың барбы? Анда чал, 0809. Александр Лукашенко.



15.Таластагы музыкалык мектептерде 2 гана нота колдонулат. Алар - фа жана соль...





"Саяктар" деген популярдуу атты алып жүргөн тамашөкөй жигиттер жакында телеге "Кызык-шоу" деген ат менен көрөрмандарга күлкү тартуулоонун астында турушат. Апрель айына пландалып жаткан кызыктуу "Кызык-шоуну" эфирден көрүп калчу күн да алыс эмес. Учурда балдар демөөрчү издеп, ары-бери "ат чаптырып" жүргөн кездери. Эгерде сиздин жан-дүйнөңүздүн бир бөлүгүн юмор деген позитивдүү нерсе ээлесе, анан капчыгыңыз калың болсо, 0558 584805, 0553 980091 номерлерине чалып, демөөрчү болуп берсеңиз болот. Ансыз да өлкөбүз көп жаман нерсени баштан өткөрүп, позитивдүү нерсеге суусап турган чактары. Андыктан, "Саяктарга" бали дейли!! Баса, "Саяктар" командасы эми корпоративдик кечтер менен тойлордо! Эгер майрамыңыздын шайыр маанайда өтүүсүн кааласаңыз, анда 0558 584805, 0553 980091 номерине байланышка чыгыңыз!





Куттуктоо
Кымбаттуу, урматтуу, сымбаттуу, сулуу, улуу айымдар, апакелер, эжекелер, карындаштар, сиңдилер, кошуналар жана келиндер!
Сиздерди 8 - март эркектин банкрот күнү менен куттуктайбыз!

Ушул жаркыраган жаз айындагы майрамда
бутиктерден башыңар чыкпасын,
ийиниңерден норка шуба түшпөсүн,
бутуңарда Италия ботинкасы болсун,
суйкайган сулуу жүзүңөрдө кымбат макияж тартылсын, түгөйүңөрдүн чөнтөгү кагылсын,
башыңарга балтайган бакыт консун,
үйүңөр гүлгө жык толсун,
жолдошуңар ойношуна караганда силерге кымбатыраак белек кылсын.
Иши кылып колуңарда күрөк, моюнуңарда күйөөңөр, кулагыңарда лапша болбой, колуңарда алтын браслет, моюнуңарда бриллиант колье, кулагыңарда алмаз сөйкө тагылып жүрсүн-
деп терең урматтоо менен сиздер сүйгөн "САЯКТАР" командасы.





кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Яндекс.Метрика