Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Кыргызстан Россияны таң калтырды
Россиянын Руза шаарында өспүрүмдөр ортосунда болуп өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште калыстар 12 алтын медалды Кыргызстандын эсебине ыйгарды. Өлкөбүздөн 11 спортчу катышкан экен, алтындарды араң көтөрүп келатышат. Аттарын атасак, Никита Пауков 4, Владислав Шулико менен Азиз Сансызбаев 3төн алтын, 1 күмүш төш белгиге ээ болушту. Жалпы жонунан эсептегенде, кыргызстандык суучул балдар 21 байгени камсыздашкан. Баракелде, баралына келгенде балык болуп кетишпес бекен!!!

Майрамга карата көркөм гимнастика "сүйлөйт"
12-13 -мартта көркөм гимнастика боюнча айымдардын майрамына карата эларалык турнир өткөнү туру. Буга 1998-жылдан берки бойго жете элек бийкеч спортчулар гана катыша алат. Мелдеш борбор калаадагы "Дастан" спорт мектебинде өтүп, кызыктыруучу белектер берилмекчи болду. Албетте, буга чейин спорттун бул тармагы каралбай калып, далай ийиктей имерилген кыздарыбыздын чет жакаларга кеткендигин эске алсак, бул жакшы саамалык. Быйылкы 8-март, спортчу айымдарга өзгөчө күн катары бир топко эстеринен чыкпай турган болуп калды...

Темир тулпарлар туйлайт
13-мартта Аламүдүн районунун Новопокровка айылында Жазгы -"Жип" автожарыш фестивалы өтөт. Буга каалагандардын баары катыша алат. Мелдеш TR1, TR2, TR3 категориясындагы айланма жолдо болуп, биринчилик үчүн темир тулпардын айдоочулары жан-алакетке түшөт экен. Бул кар-баткагы чачыраган мелдештин күбөсү болуу үчүн ал күнү таңкы саат тогузда аталган жерге баруу керек. Бул убакта картанын схемасы менен таанышуу жана катышууга официалдуу арыз жазуу иштери 10го чейин уланат. Андан кийин атайын коммисия темир тулпарларды техникалык кароодон өткөрүп, "суутуп" дегендей өз камылгаларын көрүшөт. Ошентип, 11:30да салтанаттуу ачылыш болуп, 12:00дө жарыш старт алмакчы. Кыргыздын ат чабышындай болгон унаа жарышында канча автоунаа өз тетиктеринен айрылар экен? Жолтандабас жорголордун канчоосу аласалып, канчоосу кырданып "эс алып" калаары дагы ошондо билинет эмеспи...

Тогуз-Булак. Сноуборд. Чемпионат
Бүгүн Бишкек шаарынан өтө алыс эмес Тогуз-Булак кышкы оюндар базасында сноуборд боюнча Кыргызстандын чемпионаттыгы өтөт. Укканыбызча спорттун бул түрү боюнча чемпионат биринчи жолу. Буга бутуна жылгаяк темирди тагып, ойкуп-кайкый ала тургандын баары каалагандай катыша берсе болот. Бирок, мелдешти уюштуруучулардын айтуусунда, ар бир катышуучунун деңгээлине жараша жарыштырмакчы. Анткени, бул чемпионат атайын машыккан спортчулардан сырткары, каалоочулар ортосунда да өтүп жаткандыктан, мындай ыкманы колдонуу ыңгайлуу. Абайлагыла деги, буту-колуңарды чыгарып албагыла. "Казды туурайм деп карганын буту сыныптыр" болбосун...

"Лилль" акесин эмес атасын утту
Франциянын футбол боюнча өтүп аткан чемпионатында "Лилль" футбол командасы атаандашы "Марсель" тайпасын 2:1 эсебинде утуп кетти. Өткөн кылымды айтасың, тээ 1899-жылдан бери футболдун акесин окутуп келаткан бу команда 1944-жылы түзүлгөн "Лилль" тайпасынан утулуп калуусу күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Көрсө, "күч атасын тааныбайт" деген ушу тура. Оюнга келсек, "лиллчи" Эден Азар оюндун онунчу мүнөтүндө оюн эсебин ачып, өнөктөштөрүнүн шаабайын суутууга жетишти. Экинчи таймда Пьер-Ален Фро экинчи топту дарбазага киргизүү менен атаандаштарын жеңиштен биротоло түңүлттү. Өлкөдө азырынча, жеңишке жеткен "Лилль" менен "Ренна" 49 упай менен алдыда келатат. Ал эми "Марсель" командасы 45 упай менен 4-орунда калды. Ошондо Франциянын чемпиону болуп жүргөн "Марселди" жеңген "лиллчилер", акесин эмес атасын уткандай эле болду. Канткен менен карылык деген карылык да...

Россиялык лыжачы
"уверенно" сүйлөйт да
Норвегияда өтүп аткан кышкы спорттук оюндар боюнча дүйнө чемпионаттыгында орусиялык Максим Вылежкин күмүш байгени өзүнө багындырды. Бул лыжачы жарышта 1 саат,7 секунд аралыгында 50 чакырымды басып өткөн. Жөө күлүктөрдөй эле чуркайт экен да бул, бутунда лыжасы бар экенин унутуп калгансып... Андан кийин норвегиялык Турд Асле Гьордален келип, үчүнчүнү камсыздай алды. Жарышта экинчи келген орусиялык спортчу сүйүнгөнүн жашыра албай, мындан кийин болушунча машыгууну башынан өткөрүү менен биринчиликти камсыз кыларын уверенно айтты, эй! Белгилей кетсек, бул чемпионатта Норвегия 8 алтын, 6 күмүш, 6 коло медалды топтоп, биринчи орунда келатат. "Жер тартат" деген ушу да. Экинчи орунда 7 алтын, 2 күмүш, 1 коло байге менен Австрия мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого тырышууда. Андан кийинкиси Швеция мамлекети. Булар 2 алтын, 2 күмүш, 1 коло төш белгиге ээ болушту.

Улукбек КУТМАНБАЕВ




Хей Кличкого каршы!
Англиялык оор салмактагы кайыш кол капчан мушкер Дэвид Хэй дүйнөнү дүңгүрөтүп келген украиналык боксчу Владимир Кличко менен бетешүү үчүн атайын келишимге кол койду. Түзүлгөн келишимге ылайык, Германияда ушул жылдын 25-июнунда же болбосо 2-июлунда көпчүлүк күткөн былчылдашуу орун алмакчы. Азырынча беттештин так күнү белгилене элек. Эки чоң муштум мушкерлер буга чейин беттеште кез келишип, биринде бири утса, кайрадан жеңилип калышмай адаттары бар. Британиялык мушкер болсо Кыргызстанда төрөлгөн украин Кличконун кенжесин "нокаутка чаап салам" деп ишенимдүү айтууда. Ага жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап, күн-түн дебестен жанүрөп машыгуунун үстүндө.
Ал эми Владимир Кличко үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде дагы бир англиялык Дерек Чисорой менен күч сынашмак. Ага ылайык бир эмес эки жолу келишим түзүлгөн. Анан кашайып өтүп кеткен жылдын декабрь айында курсак жагынан жараат алгандыктан, дарыгерлер уруксат бербей коюшкан. Намысына чыдабаган Кличко өз жараатын уруп ойнобостон "Чисоройдун акесин окутуп коём" деп айкырып чыккан. Кыйкырыктан кулагы тунган дарыгерлер, жанүрөп атып, түзүлгөн келишимди бузууга көндүргөн экен. Ошентип, апрелде Владимир Дерек менен кез келишпей калды. Анын ордуна кум салынган мүшөктү койгулап. Эми Хей менен контракт түзгөн Владимир июнь айдын аягына чейин ден-соолугун жакшыртпаса, спорттогу эларалык кадыр-баркы төмөндөп калуу коркунучу бар.
Хей менен Кличконун ортосунда дагы кызыктуу маселе болгон. 2009-жылы да бетешүүгө келишим түзүп, ал учурда Хейдин ден-соолугу талапка жооп бербегендиктен, кайрадан контракт бузулган. Эмки кезек Кличкодо болуп жүрбөсүн. Байкай туралы.




Кулактандыруу!
"Жети Нур" борбору Мухаммад (САВ) Пайгамбары-быздын туулган айына карата Пайгамбар жөнүндө мыкты обонго сынак жарыялайт. Обону да, сөзv да мыкты болгон ырларды дискке жаздырып алып келиңиздер. Сынактын жүрүшү 1-апрелге чейин. Жеңүүчүлөргө: 1-орун 20 000 сом, 2-орун 15 000 сом 3-орун 10 000 сом. Сыйлыктар апрелдеги "мавлют" кечесинде тапшырылат.
Сурап билүү
10-17ге чейин:
0312 32 50 85,
0559 77 11 41.
Объявление
Фрунзенский мехлесхоз обьявляет конкурс на право аренды земель лесного фонда. Земли находятся на административных территориях Аламудунского и Сокулукского районов в радиусе 40 км от черты г. Бишкек, на богарах. Размер участков до 10 га.
Заявки и конкурсные предложения принимаются по 20 марта 2011г. По адресу г. Бишкек ул. Майрам,69.
Тел: (312)529107,
Факс.(312)529105





кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика