Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Өзөктү өйүгөн мектеп зомбулугу
Өткөн жылы Юнисеф Кыргыз-стандын мектептериндеги криминал жана мыкаачылык боюнча 7 ай изилдөө жүргүзгөн. Ал изилдөөгө жалпы республика боюнча 55 мектеп, 1333 адам тартылган. Сурамжылоонун жыйынтыгында, окуучу балдардын 83,4%ы, ата-энелердин 53,1%ы орто билим берүү системасында балдарга орой мамиле жасоо, рэкетчилик, физикалык, психалогиялык кыйноо бар экендигин жана анын залакасы тийгендигин белгилешкен. Ушул өңүттө 4-март күнү өспүрүмдөрдүн "Сейтек" борборунда мектеп директорлорунун , тарбия жетекчилеринин жана бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген мектеп окуучулары арасындагы зордук-зомбулук, рэкетчиликтин өсүшү тууралуу жыйын өткөрүлдү. Бул жыйынга Билим жана илим министрлиги, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы, Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, "бул көйгөйдү канткенде жоё алабыз"деген маселени көтөрүп чыгышкан. Жыйында окуучу кыздардын топтошуп алып бир кызды ургандыгы тууралуу интернетке жайылган видео тасмалары көрсөтүлгөн. Ушул кыздардагы мерестик, мынчалык мыкаачылык, агрессивдүүлүк кайдан келип жаткандыгы, коомго сырттан караган адамды ойлондурбай койбойт. Себеби, бүгүн кошунаңдын баласын арбаган кесел эртең бизге келбейт деп ким кепилдик берет, келечек муундардын ушул жол менен чоңоюшу мамлекетибиздин келечегине чабылган балта эмеспи. Өспүрүмдөр арасындагы мындай "разборкадан" түбөлүк майып болуп калган окуучулар да кездешет. Топ балдардын тепкисине калган баланын ата-энесинин абалын ким эске алат? Мындай уруш-талаш, түшүнүк менен чоңойгон кыздар-балдар келечекте коомдон кандай ордун табышат? Ушул көйгөйдүн бардыгы биздин жашап аткан коомубуздун ырбаган жарасы. Билим жана илим министри Канат Садыков акыркы кездерде окуучулар арасында рэкетчилик күчөп, буга кыздар да активдүү катышып жана бүгүнкү билим уяларынан келечектин кылмышкерлери жетилип аткандыгын өкүнүү менен белгиледи. Айрым учурларда мугалим окуучуларга кол көтөрүп койгондугун айтып да келатышат. Илгери, ээн баштык кылган окуучуларды мугалим какыс-кукус кылып коюп эле, андай шартта ата-энелер бүгүнкүдөй мектепке жулунуп барбастан "кана, эмне тартип буздуң, эмнеге анттиң?" деп балдарын үйдөн тыйып турган. Эмнегедир ошол мезгилде мектеп окуучуларынын арасында тарбия, ыймандын болгондугу белгилүү. Бул темага улай эле биз Билим жана илим министринин орун басары, Сооронкулов Гүлжигит агайды кепке тарттык:




Гүлжигит Сооронкулов, Билим жана илим министринин орун басары:
"Окуучу кыздар да рэкетке айланды"
- Бүгүнкү иш-чаранын максаты тууралуу айта кетсеңиз?
- "Сейтек" улуттук өспүрүмдөр борборунда Бишкек шаарынын мектептеринин директорлорун жана тарбия боюнча орун басарларын чогултуп, шаардын ичинде тарбия маселелеринин солгундап бараткандыгы тууралуу сөз кылдык. Себеби, өзүңүздөр билгендей интернетте акыркы кезде бир топ видео тасмалар жүрүүдө. Эң жүрөктү өйүгөн нерсе, видео тасмада башка улуттун кыздары эмес, жалаң кыргыз кыздарынын сөгүнүп, бири-бири менен мушташып, тепкилешип, үчөө-төртөө бир жаңы келген кызды баса калып, аны жерге чекеси менен койгулап аткандыгын көрдүк. Анын бардыгы адам айткыс сөздөр менен коштолуп турду. Ошонун негизинде чакырып алып, ушул маселени мектеп директорлорунун алдына койдук. Билим жана илим министри да бул тууралуу олуттуу ойлорун айтты жана Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан бир топ жакшы-жакшы сунуштар да айтылды. Анын негизинде, ата-энелерге да бала-чакасын кичине катуурак кармоого милдеттендирген өзүнчө бир мыйзам иштелип чыкты. Биз билгендей көп ата-энелер өздөрүнүн балдарын калтырып коюп, чет жактарда иштеп жүрүшөт. Ал дагы бир чоң көйгөй болуп атат.
- Мектептерде акыркы кезде зордук-зомбулук көбөйүүдө. Бул маселеде ата-эне мугалимге, мугалим ата-энеге шылтайт. Дегеле, бул маселеге жоопкерчиликти ким алышы керек жана тез өсүшүнүн себеби эмнеде?
- "Жить в обществе, и быть свободным от общества нельзя" деп илгери орустар айткандай, кайсы коомдо жашасак, ошол коомдун ырын ырдап, таасирин көрүп атабыз. Телевидение, радиолорду айтпай эле коёюн. Президенттер баш болуп өз элин тоноп атканын көргөн балдар, коомдон башкача кандай тарбия алышы керек эле? Ошол себептен ата-энелер мугалимдерге, мугалимдер ата-энелерге күнөөнү койгонду токтотуп, азыр бардыгыбыз ушул маселени чогуу чечкенге аракет кылбасак, он жылдан кийин бүгүнкү күндүн кесепетин көрөбүз. Мектептеги советтик маалда тарбияланган мугалимдер, он жылдан кийин кетет, алардын ордуна азыркы окуучулар баргандан кийин, көйгөйлөрдүн баары ошондо козголот.
- Класс жетекчилеринин негизги иши тарбия, билим берүү болбостон, окуучулардан акча чогултууга көп убакыт коротуп атышкандай. Акыркы кездерде ата-энелерден мыйзамдуу да, мыйзамсыз да чогулган акчалардын эсебинен мектептерде миллиарддаган акча айланып жүргөндүгүн айтышууда. Буга эмне дейсиз?
- Чынында эле Бишкек шаарында ата-энелердин мектептерге кошумчасы абдан эле өсүп баратат. Мектепке баланы киргизиш үчүн беш миң сомдон 25 миң сомго чейин төлөшү керек. Министрлик тарабынан былтыр 6-майда мыйзамсыз төлөмдөрдү токтотуу боюнча өзүнчө буйрук чыгарганбыз. Бирок, ал буйрукка анча көңүл бурулбай жатат. Себеби, ушул өңдүү фактылар менен коңгуроо кагылганда биз мектептерди текшерүүгө чыкканда эле "ошондой чечимдер бар"деп ата-энелер комитетинин, кеңештердин чечими экендиги айтылган, ага директорлордун, мугалимдердин тиешеси жоктой болуп калып атат. Эгер бул ата-энелердин чечимдери болсо, анда чогулган акчаларга мугалимдерди катыштырбай өздөрү чогултушу керек. Бирок, тилекке каршы андай болбой, бир-эки күн сабакка келбей, кечигип калган балдарга 300сом, 800 сомго чейин айына ата-энелер төлөп атат. Менимче Өкмөт тарабынан медицина тармагына кошумча төлөм киргизгендей эле билим берүү тармагында да ата-энелерден кошумча болмоюнча болбойт. Аны Өкмөттүн деңгээлинде эле чечип, айыл мектептеринде ремонтко 100 сомдон, взноско 60 сомдон чогултчу элек, ошону кайрадан колго алып, шаардын мектептеринин шартын эске алып гимназия, лицейлерге кошумча төлөмдөр болушу керек. Ошондой эле окуу китептерине ата-энелер жардамдашпаса, ага көп каражат бөлүп берүүгө мамлекет чыдай албайт.
- Былтыр мектепти аяктагандарга шаан-шөкөттү кыскартуу керектиги айтылып аткандай болду эле. Бул жагы жыйынтык бере алдыбы?
- Биз январь айында эле буйрук чыгарганбыз, Кыргызстан боюнча бүтүрүү кечелерин 9-класстар күндүзү 20-июндан кийин өткөрүшөт жана 11-класстардын да ата-энелерин күндүз эле чогултуп, коштошуу кечесин мектепте эле өткөргүлө дедик. Болбосо, ата-энелер чоң ресторандарды ижарага алып, 3-7миңге чейин чогултушуп, кыйналса да түнү менен кечени өткөрүшчү да. Анын үстүнө көп балдарыбыз ичимдик ичип, баңгизат пайдаланып калгандары көп болгондугунан, ушундай буйрук чыгарганга аргасыз болдук.
Бүгүнкү күндө жашы жетелек балдар арасындагы кылмыштуулуктун канча пайызын мектеп окуучулары арасындагы зордук-зомбулук, салык салуу түзөт? Ошондой эле, сиздерде бул багытта кандай фактылар катталган деген тейде ИИМдин балдар менен иш алып баруу башкармалыгынан маалымат алып берүү сунушу менен басма сөз кызматына кайрылып, эч оңдуу жооп алалбай койдук. Негизи эле кыргыз тилдүү гезиттер арасында ИИМдин басма сөз кызматына нааразычылык бар.
Нурайым РЫСМАМБЕТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Лозунг"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика